1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи

Жалал-Абад колледжи

Бариса Майлыевна

Педагогика илимдеринин кандидаты, доцент

Телефон:

077 245 369

Каттоо:

25.09.2023

Акыркы сапар:

10 месяцев назад

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин кыскача тарыхы

  • Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы индустриалдык-педагогикалык техникум катары, Билим берүү жана илим министрлигинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамына жана ЖАМУнун уставына ылайык 1999-жылдын 11-февралындагы №41 буйругунун негизинде уюшулган.
  • 2008-жылдын 28-майында ЖАМУнун Окумуштуулар Кеңешинде каралып, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин2008-жылдын 8-августундагы №487/1 буйругунун негизинде индустриалдык-педагогикалык техникуму Жалал-Абад колледжи болуп өзгөртүлгөн.

Алгач индустриалдык-педагогикалык техникумунун директорлугуна ЖАМУнун «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасынын ага окутуучусу Эшкожоев Топчалы Ибраимович дайындалып, 2003-жылдын декабрь айына чейин окуу жайды жетектеген

  • 2004-жылдын январынан май айыначейин техникумду ЖАМУнун «Физика» кафедрасынын ага окутуучусу Темиркулова Клара Тазабековна жетектеген.
  • 2004-жылдын май айынан 2011-жылдын май айына чейин «Эл агартуунун отличниги», ага окутуучу Матанбаева Зымырат Эркуловна жетектеп, колледждин өнүгүү тарыхына өзүнүн зор салымын кошкон.
  • 2011-жылдын 17-майынан колледждин директорлугуна х.и.к., доцентАдышева Азизбү Адышевна дайындалып, 2013-жылдын сентябрь айына чейин үзүрлүү эмгектенди.
  • 2013-жылдын сентябрь айынан баштап азыркы күнгө чейин, п.и.к.,доцент, Турдубаева Бариса Майлыевна жетектеп, бир катар алгылыктуу реформаларды ийгиликтүү ишке ашырып келүүдө.

ЖАКтын миссиясы

Жогорку сапаттагы кесиптик орто билимге ээ болгон, конкуренцияга чыдамдуу, компетенттүү, коомдук процесске активдүү катышкан, тандап алган кесиби боюнча жөндөмдүү, лидерликке умтулган кадрларды даярдоо

ЖАКтын баалуулугу

  • КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 05.09.2019-ж. 1056/1 буйругунун негизинде “Алдынкы тажрыйба борбору” деп аталды;
  • «Ырыс алды - ынтымак», биздин жамаат бири – биринин сөзүн таштабайт;
  • Студенттердин инсандык сапатынын, социалдык көндүмүнүн өнүгүшүнө күн сайын салым кошуунун үстүндө иштейбиз;
  • Окутуучулар өз сабагына окутуунун жаңы техногогияларын колдоно алышат;
  • Окуу жайыбыз өз бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанат;
  • Социалдык өнөктөштөрдүн колдоосу бизди шыктандырат;
  • Окутуучулардын жана студенттердин санариптик сабатуулугу жетиштүү;
  • Биз студенттердин сүйүктүү, ишенген устаттары болобуз;

ЖАКтын иштөө принциптери

  • Улам жаңылануунун натыйжасын көрө билүү;
  • Окуу жайдын өнүгүшүнө кошкон жеке салымыбыз-жааматтын ийгилигине өбөлгө түзөт;
  • Студенттерге жагымдуу чөйрө түзүп, эркин ой жүгүртүүсүн, ачык айтуусун камсыз кыла алабыз;
  • Өзүбүздүн кесиптик чөйрөбүздө устат катары таанылууга аракеттенебиз;
  • Студенттер биздин коногубуз,ар күн сайын жаңы конокторду тоскондой болобуз;
  • Айкындуулук, объективдүүлүк, чынчылдык, бардык маселелерди кеңешүү жолу менен чечебиз;

ЖАК тын келечектеги максаттары

Алдыңкы тажрыйба борбору катарында:

  • Өлкөнүн социалдык-экономикалык талабына ылайык узак мөөнөттөгү стратегиялык планды натыйжалуу ишке ашыруу;
  • Компетенттүүлүккө негизделген билим берүү программасын жүргүзүү;
  • Ишкердикти окутуу боюнча программаны жүзөгө ашыруу;
  • Социалдык өнөктөштүк механизмин активдүү жайылтуу жана имиджди бекемдөө;
  • Коопсуз билим берүү чөйрөсүн, гендердик теңчилик жана социалдык инклюзияны эске алып түзүү;
  • Студенттердин карьердик өнүгүшүн пландоо жана социалдык-экономикалык шарттарды кароо;
  • Окутуучулардын профессионалдык өнүгүүсүнүн борбору болуу;

ЖАКтын артыкчылыгы

  • Жогорку деңгээлдеги заманбап материалдык-техникалык базанын болушу;
  • Студенттерди жумушчу ордунда окутууну ишке ашыруу;
  • Студенттин практикалык көндүмүн өнүктүрүп, өндүрүш менен байланыштырган, окуу өндүруштүк комплексттердин болушу;
  • Окуу жайыбызда карьера бөлүмү иштеп, патенциалдуу абитуриенттер, студенттер, бүтүрүүчүлөр, социалдык өнөктөштөр чынжырчасын түзүп, эмгек рыногунун талаптарын анализдейт;
  • Студенттерибиз жана окутуучуларыбыз бардык деңгээлдеги конкурстарда байгелүү орундарга жетишишет;
  • Бардык адистиктерге “Ишкердик курсу” окутулат. Студенттерибиз окуу жайды бүткөндө жеке ишкер катары өзүлөрүнүн бизнесин ачат;
  • Жаңы пайдалуу демилге жааматка дароо жайылтылат;

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин штаттык бирдиктери

Кызматы Ставка Иштин түрү Эскертүүлөр
1           Директор 1,00 бюджеттик Турдубаева  Бариса
2           Окуу иштери боюнча директордун орун басары 1,00 бюджеттик Маматумаров Абубакир
3           Мамлекттик тил жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары 0.5                    0.5 бюджеттик  контракттык Беков Элмурат
4           Өндүрүштүк окуу боюнча директордун орун басары 1,00 контракттык Кайкиева Үлпат
5           Дене тарбия жана аскерге чейинки даярдык жетекчиси 1,00 контракттык Сыдыков Уланбек
6           Өндүрүштүк практика  жетекчиси 1,00 бюджеттик Режапова Эльмира
7 Карьера башчысы жана маркетолог 1,00 контракттык Кочкорбаев Асылбек Акимбаевич
8 Окуу-өндүрүштүк комплекстин менеджери 1,00 контракттык Даткаев Руслан
9 Методикалык иштер боюнча инспектор 1,00 контракттык Сопукулова Айкөкүл
10 Социалдык педагог 1,00 контракттык Эгембердиева Рабия
11 Өндүрүштүк окуунун мастери 1,00 контракттык Мадашова Насиба
12 Өндүрүштүк окуунун мастери 1,00 контракттык Сайназаров Элеман
13       Өндүрүштүк окуунун мастери 1,00 контракттык Ташиев Эдил
14 Өндүрүштүк окуунун мастери 1,00 контракттык Жумабеков Алымбек
15       Өндүрүштүк окуунун мастери 1,00 контракттык Хурсанов Султанмурат
16     Инженер-программист 1,00 контракттык Асилбек уулу Курсантбек
17      Иш кагаздарын жүргүзүүчү 1,00 бюджеттик Тешекулова Назира
18 Лаборант 1,00 бюджеттик Абдыкадырова Айжамал
19     Лаборант 1,00 контракттык Акматова Махабат
20     Лаборант 1,00 контракттык Сузакбаева Чынара
  Жалпы 20    

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин уюштуруу структурасы

Жалал-Абад колледжинде даярдалган адистиктер

Адистиктердин коду Адистиктердин аталышы Адистин дасыгы   Жалпы орто билим берүүнүн базасында окуунун мөөнөтү Негизги жалпы билим боюнча окуунун мөөнөтү
1 111201 Ветеринария Ветеринардык фельдшер 1 жыл 10 ай 2 жыл 10 ай
2 050721 Дене тарбия Дене тарбия боюнча педагог 1 жыл 10 ай 2 жыл 10 ай
3 050709 Башталгыч класста окутуу Башталгыч класстын мугалими 1 жыл 10 ай 2 жыл 10 ай
4 050704 Мектепке чейинки билим берүү Мектепке чейинки мекемелердин тарбиячысы 1 жыл 10 ай 2 жыл 10 ай
5 050303 Чет тили (Кытай тили) Кытай тили 1 жыл 10 ай 2 жыл 10 ай
6 050303 Чет тили (Англис тили) Англис тили окутуучусу 1 жыл 10 ай 2 жыл 10 ай
7 190605 Автомобил унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо Техник 1 жыл 10 ай 2 жыл 10 ай
8 220206 Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча) Техник 1 жыл 10 ай 2 жыл 10 ай
9 140212 Электр менен жабдуу Техник 1 жыл 10 ай 2 жыл 10 ай
10 280105 Өзгөчө кырдаалдардан коргоо Техник 1 жыл 10 ай 2 жыл 10 ай
11 140026 Электр станциялар түйүндөр жана тармактар Техник 1 жыл 10 ай 2 жыл 10 ай
12 260903 Тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы Модельер- конструктор 1 жыл 10 ай 2 жыл 10 ай
13 230109 Автоматташтырылган системаларды жана эсепөө техникаларын программалык камсыздоо Техник-программист 1 жыл 10 ай 2 жыл 10 ай
14 190503 Транспорттун электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо (суу транспортунан башка транспорттун түрлөрү боюнча) Техник-электромеханик 1 жыл 10 ай 2 жыл 10 ай

Жалал-Абад колледжиндеги негизги билим берүү программаларынын көз карандысыз аккредитациядан өтүүсү боюнча маалымат

Мекеме Аккредитациядан өткөндүгү жөнүндө сертификат Буйругу Шифр/Адистиги
“БИЛИМ СТАНДАРТ” көз карандысыз аккредитациялоо агенттиги 18.05.2018ж. Сертификат №VK180000183 Колдону мөөнөтү 18.05.2023ж. чейин Буйрук №3/007 18.05.2018г. Каттоо №061 140212 Электр менен жабдуу (тармактар боюнча); 190604 Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо; 220206 Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча); 050709 Башталгыч класста окутуу; 050721 Дене тарбия; 111201 Ветеринария; 080110 Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча); 080106 Каржы (тармактар боюнча); 260903 Тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы; 280105 Өзгөчө кырдаалдардан коргоо;
“БИЛИМ СТАНДАРТ” көз карандысыз аккредитациялоо агенттиги Сертификат № VK190000530 Колдону мөөнөтү 08.05.2024ж. чейин Буйрук № 019/2а 08.05.2019ж Каттоо.№ 010 050704 Мектепке чейинки билим берүү 140206 Электр станциялар түйүндөр жана тармактар 080107 Салык жана салык салуу 030503 Укук таануу 040101 Социалдык иш
“БИЛИМ СТАНДАРТ” көз карандысыз аккредитациялоо агенттиги” Сертификат № VK200000343 Колдону мөөнөтү  29.05.2025ж чейин Буйрук № 020/2а от 29.05.2020г Каттоо. № 071 050303 Чет тили (Англис тили) 
“БИЛИМ СТАНДАРТ” көз карандысыз аккредитациялоо агенттиги Сертификат № VK210000157 Колдону мөөнөтү 23.04.2026ж чейин Буйрук № 3а /2021 от 23.04.2011г Каттоо № 113 050303 Чет тили (Англис тили); 230109 Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо;
IAAR Аккредитация жана рейтинг боюнча көз карандысыз агентсво Күбөлүк№ LD170000045 Колдону мөөнөтү 12.11.2023ж чейин НААР Аккредитациялык кенкештин Протоколу№53 от 13.11.2020 Каттоо.№ АА0193 Эл аралык институционалдык аккредитация
Директор, директордун орун басарлары, бөлүм башчылары жана ПЦК башчылары
Директор, директордун орун басарлары, бөлүм башчылары жана ПЦК башчылары

ЖАКтын курамында 11 предметтик циклдык комиссия (ПЦК) бар

Ар бир ПЦКны ПЦК башчылары жетектейт.

ЖАКтын окутуучулук курамы

ЖАКта жалпысынан штатта жана айкалыштыруучу 207 кызматкерлер эмгектенет. Анын ичинен 11 администрация, 13 көмөкчү кызматчылар, 182 окутуучулар анын ичинен 9 айкалыштыруучу, 8 магистр окутуучулар, бирөө доцент.

ЖАКтын окутуучулары өз билимин өркүндөтүү боюнча системалуу иш алып барышат. Окутуунун интерактивдүү методдору боюнча түрдүү семинарларга катышат. ЖАКта 10 улуттук тренерлер жана 2 эл аралык тренерлер иштейт.Республикалык жана облустук түрдүү конкурстарга катышышат.

Республикалык деңгээлде өткөрүлгөн “Мугалим-коомдун күзгүсү” конкурсуна октуучулар Маматумаров Абубакир жана Назаров Жусуптар катышышып байгелүү орундарга ээ болушкан. ЖАМУнун аймактык колледждер арасында өткөн “Мыкты усулчу” конкурсунда 4 жыл катары менен 1 орунду ЖАКтын окутуучулары ээледи.

ЖАМУнун 95 жылдыгына карата өткөрүлгөн окутуучулар арасында “Мыкты окутуучу” конкурсунда математика окутуучусу Нурматова Майрам 1 орунду, педагогика окутуучусу Маматумаров Абубакир 2 орунду ээлешти. Психология окутуучусу Досалиева Мунай ЖАМУнун “Ардак грамотасы” менен сыйланды.

ЖАКта 2018-2019 - окуу жылында сыйлыкка татыктуу болгондор

Талипова Динара Салимовна -  “Билим берүүнүн мыктысы” (отличник) төш белги наамына.

Эмилова Гулнара –  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин “Ардак грамотасына”

Мамбетова Мирагул - КР өкмөтүнүн Жалал-Абад областтык өкүлчүлүгүнүн “Ардак грамотасына”

Кайкыева Үлпат – Жалал-Абад шаардык мэриянын “Ардак грамотасына”

2018-2019 окуу жылында ЖАМУда өткөрүлгөн конкурстарда ЖАКтын окутуучулары төмөндөгүдөй сыйлыктарга ээ болушту

1. Разаков Мазакбай-“Мыкты окуу- усулдук колдонмо” конкурсунда 1-орун

2. Акматбеков Мар Зулпуевич-“Мыкты окутуучу” конкурсунда 1-орун

3. Эсенкулова Назгул Бөрүбаевна-“Мыкты окутуучу” конкурсунда 1-орун

4. Омуралиева Мухабат Ишеновна -“Мыкты окуу- усулдук комплекс” конкурсунда 1-орун

5. Полотова Алима Закировна-“Мыкты окуу- усулдук комплекс” конкурсунда 2-орун

6. Тукуева Назгүл Таштановна-“Мыкты окуу- усулдук комплекс” конкурсунда 2-орун

7. Кушубакова Рахат Шукуровна -“Мыкты окутуучу” конкурсунда 2-орун

8. Нурматова Майрамгул Нарбековна- Окуу -усулдук колдонмодо 2-орун

9. Калдарова Динара Калкназаровна-“Мыкты окутуучу” конкурсунда 3-орун

10. Шамшиев Канат Алимбекович-“Мыкты окуу- усулдук комплекс” конкурсунда 3-орун

11. Досалиева Мунайым Молдалыевна -“Мыктыокуу- усулдук комплекс” конкурсунда 3-орун

12. Эсенова Нуска Маматкуловна-“Мыкты окуу- усулдук комплекс” конкурсунда 3-орун

13. Жусупбекова Бурул Жусупбековна -“Мыкты окутуучу” конкурсунда 3-орун

Андан сырткары,алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларын жайылтуу багытында ЖАМУнун аймактык билим берүү мекемелеринин арасында жыл сайын өткөрүлүүчү “Мыкты усулчу” конкурсу быйылкы окуу жылында ЖАКта жогорку деңгээлде уюштурулуп, ага колледждин педагогика бөлүмүнүн окутуучусу Н.Айылчиева катышып, 1-орунга ээ болду.

ЖАКта иштеген мугалимдердин рейтингин чыгаруу менен жамаатты чыгармачылык менен иштөөгө көнүктүрүү максаты ишке ашырылат.

2016- жылдан бери төмөндөгүдөй жыйынтык чыкты:

«Студенттин сүйүктүү мугалими» - 50, «Жылдын чыгармачыл мугалими» - 21;

«Жылдын жаратман мугалими»- 9, «Жылдын коомдук ишти мыкты аткарган мугалими»- 11, «Мыкты насаатчы»- 9, «Мыкты куратор»- 20, «Мыкты тайпа»- 10;

«Мыкты лаборатория»- 5, «Мыкты окуу кабинети» - 6;

Студенттерди сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча окутуучуларга 2018-2019-окуу жылында төмөндөгүдөй номинациялар ыйгарылды

“Студенттин сүйүктүү мугалими” - 59 окутуучуга;

“Новатор мугалими” - 10 окутуучуга;

“Мыкты насаатчы” - 17 окутуучуга“, Демилгелүү мугалим” - 13 окутуучуга;

2018-2019 - окуу жылындагы жетишкендиктер

5 адистик “Билим стандарт” көз карандысыз агенттиктен аккредитациядан ийгиликтүү 5 жылга өттү.

1-Республикалык “Кесиптердин чемпионаты” конкурсуна 3 адистик катышып, 3-орунду ээлешти. (Электр менен камсыздоо, Модельер -конструктор, Өзгөчө кырдаалдардан коргонуу)

Оштогу Түштүк аймактагы экономикалык багыттагы адистиктер боюнча предметтик олимпиадада 3-орунга ээ болушту.

Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата ЖАМУда өткөрүлгөн конкурста 2-орун

Аймактык колледждер арасында предметтик олимпиадада командалык 1-орун

Аймактык колледждер арасында “Мыкты окутуучу-2019” конкурсунда 1-орун

Аймактык колледждер арасында спартакиадада командалык 1-орун

Аймактык окуу жайларарасында өткөрүлгөн студенттик олимпиадаларда 4 жыл катары менен 1-орунду ээлешкен. Республикадагы колледждер арасындагы спартакиадада дагы 4 жыл катары менен 1-орунду ээлешти.

Жогорудагыдай конкурстарды системалуу жыл сайын уюштуруу аркылуу атаандаштыкты жаратып, чыгармачылык чөйрө түзө алдык.

2020-2021-окуу жылында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде уюшулуп жаткан «Аралыктан окутуудагы мыкты сабак» сынагына ЖАКтын төмөнкү окутуучуларды катышып төмөндөгүдөй сыйлыктарга ээ болушту:

“Санарип окутуучу” сынагына – “Башталгыч класстарда окутуу жана кыргыз тили” ПЦКсынын окутуучусу- Досалиева Мунайым 1-орун

“Экономика” ПЦКсынын башчысы -Тукуева Назгүл 2-орун

“Чет тили жана орус тили” ПЦКсынын окутуучусу-Айылчиева Назгүл 3-орун

“Чет тили жана орус тили” ПЦКсынын окутуучусу-Малабекова Сонунбү 3-орун

“Мыкты видео сабак”

“Автоматташтырылган системалар жана математика” ПЦКсынын окутуучусу-Мусакулова Назгүл 1-орун

“Башталгыч класстарда окутуу жана кыргыз тили” ПЦКсынын окутуучулары- Ажикулова Актилек, Таштанова Кайринса 2-орун

“Автоматташтырылган системаларр жана математика” ПЦКсынын окутуучусу-Полотова Алима 3-орун

Жалал-Абад колледжинин директору Турдубаева Бариса Майлыевна 2021-жылы Мугалимдер күнүндө “Новатор директор” наминациясын алды
Жалал-Абад колледжинин директору Турдубаева Бариса Майлыевна 2021-жылы Мугалимдер күнүндө “Новатор директор” наминациясын алды

2021-2022-окуу жылында мугалимдер күнүнө карата Кыргыз республикасынын Билим берүү жана илим министрилигинин “Ардак громатасы” менен кыргыз тили мугалими Мамарасулова Гулмира жана орус тили мугалими Арзыматова Венера сыйланышты. Ал эми Жалал-Абад шаарынын Мэриясынын “Ардак громатасы” менен бөлүм башчы Кочкорбаев Асылбек, окутуучулар Баймырзаева Батма жана Оморкулов Абдурасул сыйланышты

2021-2022-окуу жылында мугалимдер күнүнө карата “Эл агартуунун атличниги” наамы жана төш белгиси менен Таштанова Кайриниса сыйланды
2021-2022-окуу жылында мугалимдер күнүнө карата “Эл агартуунун атличниги” наамы жана төш белгиси менен Таштанова Кайриниса сыйланды

2021-жылы Мугалимдер күнүндө“Мыкты окутуучу” номинациясына ээ болгон окутуучулар:

Джалилова Анаргүл Айтиевна-“Жалпы билим берүүчү” бөлүмдүн окутуучусу

Кыргызбаева Айсулуу Кимсановна-“Педагогика жана социалдык иштер” бөлүмдүн окутуучусу

Тобокелова Саламат Амановна-“Педагогика жана социалдык иштер” бөлүмдүн окутуучусу

Акматбеков Мар Зулпуевич-“Жалпы билим берүүчү” бөлүмдүн окутуучусу

Токтосунова Чүрөк Турдалиевна-Жалпы билим берүүчү” бөлүмдүн окутуучусу

Кочкорова Айжан Аскаралиевна-Жалпы билим берүүчү” бөлүмдүн окутуучусу

Жусупбекова Бурул Жусупбековна-“Экономика жана юридикалык” бөлүмдүн окутуучусу

Маманова Бүсадат Аттокуровна-“Табигый-техникалык” бөлүмдүн окутуучусу

Мамажунусова Нуркан Сатыбалдиевна-“Табигый-техникалык” бөлүмдүн окутуучусу

Шаимкулова Сабира Амангелдиевна-“Табигый-техникалык” бөлүмдүн окутуучусу

Курманкулова Махабат Арстанбековна-“Табигый-техникалык” бөлүмдүн окутуучусу

Нурматова Майрам Нарбековна-“Педагогика жана социалдык иштер” бөлүмдүн окутуучусу

ЖАМУнун Ардак грамотасына:

1.Асилбек уулу Курсантбек - ЖАКтын инженер–программисти

2. Бостонова Айнура Абдимиталиповна - Чет тили адистигинин мугалими

3. Маткаримова Эльнура Жаныбековна - Кыргыз тили мугалими

4. Омуралиева Каныкей Кекебаевна - Информатика мугалими

5. Орозалиева Мээрим Раттановна - Өзгөчө кырдаалдардан коргонуу

6.Кадырова Сайибжамал Дыйкановна - Тигүү буюмдарын конструкциялоо адистигинин мугалими

7. Айдарова Бубухатыча Момуновна - Экономика адистигинин мугалими

Студенттер

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад колледжинде жалпысынан күндүзгү жана сырттан окутуу формасында 2800 студент билим, тарбия алып жатышат. Алардын саны жылдан-жылга өсүүсү байкалууда. Колледждин абитуриент алуудагы акыркы саясаты – сандан сапатка өтүү. Алыскы райондордон келген жана муктаждыгы бар студенттердин баары жатакана менен камсыз болгон. Студенттерге окуу үчүн бардык шарттар каралган.Экзамендердин бардыгы AVN программасында компьютердик тест түрүндө тапшырышат.

2020-2021 - окуу жылыны 5-6 – семестрлеринде Жалал-Абад колледжинин 3–курсунун педагогикалык жана педагогикалык эмес багыттагы студенттерге АБР тарабынан киргизилген “Ишкердиктин негиздери” курсун 646 студенттер окушту.

“Ишкердиктин негиздери” предметинин жыйынтыгында КМШТИ-01-19 группасынын студенттери Анарбаева Аксана, Кыралиева Неля, Низамидинова Феруза өздөрүнүн тигүү цехтерин ачышкан.

“Бизнес галерея"-бул иш-чара студенттердин аталган предмет боюнча алган билимдерин бышыктоо, ишкердикке болгон кызыгуусун арттыруу студенттер бири-биринин идеяларын угуп, тажрыйба алмашып өздөрүнө чоң мотивация алышты, өздөрүнүн ой-пикирлерин айтып, өзгөчө болгон ишмердүүлүгүнө басым жасап, максаттарына жетүү.

Жалал- Абад колледжинин Экономика ПЦКсы менен К.Ш. Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин окутуучулары менен биргеликте уюштурулган “Аймактагы ишкерлер менен жолугушуу” өткөрүлдү.

ОсОО “Ready to go” тур компаниясы, “Bema” сулуулук салону ошондой эле электрондук биржада дилер боюнча ишкананын кантип иштетип баштаганы жана тарыхы боюнча маалымат алышты. Иш чарананын жыйынтыгында студенттер кызыккан суроолорун беришип, пикир алмашуу болду ошондой эле ишкерлер студенттерге багыт берүү боюнча кайрылса болоорун баса белгилешти.

Ишкердиктин негиздери предметинен конок лекция К.Ш.Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин окутуучу А.М.Умаров ишкердикке түрткү берүү (мотивация) максатында студенттерге кызыктуу мисалдар, видео роликтер менен студенттерге маалымат берүү менен биргеликте аларга дем күч берди.

Практикалык сабактарды аймактагы ишкерлер, тажрыйбалуу мугалимдер менен иш-чараларды көбүрөөк уюштуруу менен өтүүдө студенттердин кызыгуусу пайда болорун байкадык. Жеке ишкерлердин ишканаларына экскурцияларды уюштуруу да чоң дем күч берет.

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин Социалдык өнөктөштөр менен иш алып баруусу боюнча жана карьера боюнча окуу жайдын иш планы түзүлгөн жана бекитилген. Ар бир адистиктер боюнча потенциалдуу өнөктөштөрдү аныктоо жана алар менен иш алып баруу жолго коюлган. ЖАКта жалпы 52 потенциалдуу соц. өнөктөштөрдүн электрондук базасы түзүлгөн. Окуу жай менен иш берүүчү мекеме ишканалардын ортосундагы байланышты чыңдоо максатында эки жактуу келишимдер түзүлүп, 80ден ашуун келишимдерге кол коюлду.

Социалдык өнөктөштөр менен төмөндөгүдөй иш чаралар өтүлдү:

Бардык адистиктерде иш берүүчүлөр менен жолугушуу өтүп, окуу пландары, жалпы кесиптик билим берүү программалары, бүтүрүүчүнүн моделин, өндүрүштүк практиканын бардык түрүнүн жумушчу программалары жана жол карталары, жумуш берүүчүлөр тарабынан сунуш кылынган компетенттүүлүктөр талкууланды. (сүрөттөр менен тастыкталат).

Ошондой эле практикалардын жол карталарындагы студенттин жана мугалимдин милдеттерине жана өндүрүштүк жетекчилердин жол карталарына өзгөртүүлөр киргизилди.

Өндүрүштүк жана диплом алдындагы практикада студенттер өндүрүшкө жана ишкана, мекемелерге барып жумушчу орундарын таап, ишке жайгашып келүүдө. Ошондой эле иш берүүчүлөрдүн талап кылган компетенцияларына дал келген көндүмдөрдү үйрөнүп, ишкердик предметинен алган шыктарын ишке ашырууда

2020-2021-2022-окуу жылында ЖАКтын бардык бүтүрүүчүлөүнөн регионалдык эмгек рыногунда суроо-талапты жана сунушту талдоо методологиясында көрсөтүлгөн формадагы анкетаны алып бүттүк.

Б.Осмонов атындагы ЖАМУда факультеттер арасында өткөрүлгөн “Мыкты санарип практикант” конкурсунда ЖАКтын АТк-2-18 тайпасынын студенти М.Абдуллаева,жетекчиси Н.Айылчиева (3-орун), БКМк-4-18 тайпасынын студенти З.Байзакова, жетекчиси Э.Маткаримова (2-орун), БКМб-3-18 тайпасынын студенти А.Мамашарипова, жетекчиси К.Таштанова (1-орун) 1-даражадагы дипломдор менен сыйланышты. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттеринен ашып колледждин студенттери 1-2-3-орундардын бардыгын алышты.

Даярдап жаткан адистиктердин сапатын,окуу жайдын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн иш –чаралардын пайдалуулугун аныктоо боюнча жетекчилик мониторинг жүргүздү;

Облустун бардык мектептерине атайын топ профориентациялык иштерди заман талабына ылайык жүргүзүшүп, Жалал-Абад колледжи боюнча даярдалган буклеттерди жана атайын баракчаларды таркатып мектептерге алып барып илишип окуучулар менен жолугушуу өткөрүп келишти.

Мектеп окуучуларына кесиптик багыт берүү боюнча “Кесиптердин парады” күнү өткөрүлдү.

ЖАКтын студенттерине жана ата-энелери менен “Сенин тандооң – келечектеги өнүгүшүнө өбөлгө” аттуу тегерек стол өткөрүлдү.

Коомчулукка Жалал-Абад колледжиндеги адистиктери боюнча видео-роликтер, маалыматтар социалдык тармактарда (Фейбукта, Инстаграмда, Ютубда, Ютуб каналы)

Окуу жайда карьера борбору түзүлүп,ал соц.өнөктөштөр менен иш алып барууда. Иш берүүчүлөр менен окуу программаларына жаңылыктарды киргизүү жана тиешелүү компетенттүүлүктөрдү, окутуунун жыйынтыктарын иштеп чыгуу үчүн көптөгөн тиешелүү иш берүүчүлөр менен түрдүү форматтагы жолугушууларды өткөрүштү.

Жалал-Абад колледжинде 19 адистикте 30га жакын конок лекциялар өтүлдү, лекция өтүү үчүн негизинен соц.өнөктөштөр чакырылды. Ал эми мугалимдик кесиптеги адистиктерге башка окуу жайлардан дагы лекторлор келип окуду, пикир алышуу талкуу болду.

Жалал-Абад шаарында уюштурулган “Бош жумуш орундар” жарманкесине Жалал-Абад колледжи уюштуруучу болуп катышты, студенттер жумуш табуу үчүн түрдүү маалыматтарды алышты, көргөзмөлөрдү жана концерттик программа уюштурушту.

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин 230109 Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо, 220202 Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылга системалары жана башкаруу (тармактар боюнча), 111201 Ветеринария, 140112 Электр менен жабдуу (тармактар боюнча), 140026 Электр станциялар, тармактар жана системалар, 190604 Автомобиль унааларды техникалык тейлөө жана оңдоо адистиктери менен Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин Кыргызтелеком ААКнын Жалал-Абад филиалы жана Жалал-Абад областтык китепканасы, Жалал-Абад шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгы, Жалал-Абад электро ААК, Осмонов Раззак ЖИ менен биргеликте меморандумга кол коюу аземи болуп өттүү.

Салтанаттуу аземде студенттердин алган билими, ээ болгон компетенттүүлүгү боюнча 4 адистиктин презентациясы жана модельер-конструктор адистигинин подиуму уюштурулду. Аталган ишкана-мекемелер менен тиешелүү адистиктер боюнча окуу жайдын жетекчиси менен меморандумга кол коюлду.

Кол коюу же биргелешип иштөөнүн максаты- эмгек рыногунун суроо талаптарына ылайык келүүчү кадрларды биргелешип даярдоо. Салтанаттуу кечеде иш берүүчүлөр окуу жайыбыздын жетишкендиктери менен таанышышты жана мындан нары биргелешип иштөөнүн планы түзүлүп, студенттерге татыктуу билим берүүнүн жана иш менен камсыз кылуунун иш-чаралары мерчемделди.

Эки тараптуу кызматташуу үчүн кол коюу аземине АБРдин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун координатору С.З. Сейдахматова,Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун окуу иштери боюнча проректору А.П.Алибаев, Жалал-Абад областындагы өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн жооптуу кызматкери Э.К.Бөрүбаев, шаардык мээриянын экономика бөлүмүнүн башчысы С.М.Умаров катышты жана №63,69 кесиптик-лицейдин жетекчилери да катышышты.Андан кийин калган адистиктерде дагы кол коюу аземи өткөрүлдү.

Жалал-Абад колледжиндеги 19 адистик боюнча 80 ден ашуун мекеме-ишканалар менен келишимдер түзүлдү жаңы окуу жылында жеке жана мамлекеттик мекеме-ишканалар менен дагы келишимдерди көбөйтөбүз.

Эки тараптуу кызматташууга(меморандумга) кол коюуда адистиктер менен биргеликте иш берүүчүлөр тарабына бир жылдык иш-пландар түзүлдү.

Иш берүүчүлөр тарабынан төмөндөгүдөй көмөк көрсөтүлө турган болду:

  • Студенттердин өндүрүштүк,мамлекеттик практикаларын өтөөдө мекеме тарабынан мүмкүнчүлүктөрдүн жакшыртылышы,практиканын программаларын аткаруу үчүн керектүү шарттарды түзүү;
  • Студенттердин окуу жайды аяктагандан кийин мүмкүн болушунча иш орундар менен камсыз болушу;
  • Окуу жайдын практика жетекчилери тарабынан даярдалган практиканын жумушчу программаларына өндүрүш жетекчилери тарабынан сунушталган ой-пикирлерди эске алуу;
  • Эки тарап үчүн тең акуталдуу болгон багыттар боюнча биргелешкен конференцияларды жана семинарларды өткөрүүнү уюштуруу, ал иш-чарага окуу жайдын окутуучуларын студенттерди, ошондой эле үчүнчү тарапты да катышууга тартуу;
  • Жаш адистерди мекеме-ишканада иштөөгө багытталган атайын программаларды ишке ашыруу;
  • Жаш адистердин мекеме-ишканада натыйжалуу ыңгайлашуусун уюштуруу;
  • Жаш адистерди жогорку квалификациялуу адистердин жетекчилиги алдында стажировкадан өтүүнү уюштуруу;
  • Практикага барган студенттер үчүн методикалык кабинеттерди уюштуруу.

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад Мамлекеттик Жалал-Абад колледжинин №11/20 буйрутмасынын негизинде “Алдыңкы тажрыйба борборунун эксперттик группасы “ жөнүндөгү жобонун негизинде 19 адистик үчүн тектеш адистиктер бириктирилип 13 эксперттик группалар түзүлдү

Эсперттик группалардын курамын түзүүдө гендердик баланс эсепке алынган, 60% иш берүүчүлөр.

Эксперттик группа түзүүнүн максаты-адистиктердин окуу пландарын, жалпы кесиптик билим берүү программаларын, жумушчу программаларды, бүтүрүүчүлөрдүн моделин, практикага студенттердин жана окутуучулардын ошондой эле өндүрүштөгү жетекчилердин жол карталарын экспертизадан өткөрүү, окуу үчүн керектүү жабдууларды тандоого көмөктөшүү, бүтүрүүчүлөрдүн аттестациясына катышуу, ОПОПтогу окутуунун жыйынтыгын компетенттүүлүкө ылайыкташтырып түзүлгөн матрицанын өндүрүш менен байланышын аныктоого катышуу.

Учурда Жалал-Абад колледжинде иштеген эксперттик топ төмөндөгүдөй сунуштарды берди:

  • Эмгек рыногу талап кылган, учурдагы заманбап адистерди ачуу;
  • Окуу процессин заманбап жабдуулар менен камсыздоо;
  • Иш ордунда окутууну ишке ашыруу;
  • Окуу материалына практикалык иштерди көбүрөөк киргизүү;
  • Мамлекеттик стандарт менен биргеликте профессионалдык стандарттарды иштеп чыгууну бардык адистиктерде ишке ашыруу;
  • Окутуунун жыйынтыгы боюнча бүтүрүүчүлөргө талкуу уюштуруу жана жыйынтыкка жетүүчү компетенциаларды калыптандыруу боюнча тапшырмаларды бүтүрүүчүлөрдүн аттестациясына киргизүү;
  • Адистиктен берген окутуучуларды өндүрүштөн алуу.

АТБнын 7 аспектисине жетишүү үчүн кандай кошумча иштер аткарылды:

1.ЖАКтын стратегиялык планынын өлкөбүздүн социалдык-экономикалык керектөөсүнө жараша түзүлгөн, бекитилген акыркы өткөн көз карандысыз агенттиктиктин кредитациясында жактырылды;

2. Компетентүүлүккө багытталган окутуу боюнча бардык окуу нормативдик документтер түзүлгөн. ЖАМУнун окутуучулары үчүн “Компетентүүлүккө багытталган окутуу” боюнча билимин өркүндөтүү курсу колледжде өтүлүп жатат. Бул курсту өткөрүү үчүн колледждин 3 окутуучусу тартылган (Б.М.Турдубаева; А.Т.Маматумаров; С.А.Тобокелова). Андан сырткары турдүү мастер класстар өтүлөт (онлай, офлайн);

3.Ишкердикти окутуу программасы бардык адситиктерге киргизилген;

4. Соц.өнөктөштөр менен иштөө жогоруда көрсөтүлдү;

5. Коопсуз окуу чөйрөсүн түзүү боюнча окуу корпусубуз жана жатакана толук ремонттон өткөрүлүп жатат, ал жерде инклюзивдик билим берүү боюнча шарттар каралган;

6. Студенттердин карьералык өсүшү боюнча социалдык- экономикалык шарттарды түзүү пландаштырылууда;

7. Окутуучулардын квалификацияалык өнүгүүсүн жогорулатуу боюнча колледжде окутуулар жүргүзүлөт жана АБРдин жардамы менен окутуучулардын билимин жогорулатуу жакшы жолго коюлган.

ЖАКтын илимий иштери:

2015-2022-жылга чейин жалпы 82 илимий статьялар, 2 окуу куралы 11 окуу-усулдук көрсөтмө, ар бир предмет боюнча окуу-усулдук комплекстер жазылды жана 9 аспирант изденүүчү бар.

ЖАКтагы илимий кружоктор:

1. «Жаш финансист» кружогу, жетекчиси окутуучу Тукуева Н.

2. «1С бухгалтерия» кружогу, жетекчиси Калымбетова Э.

3. «Кездемеден буюм жасоо технологиясы» кружогу, жетекчиси окутуучу Адуманап кызы Дамира

4. ”Макраме” кружогу жетекчиси Мамажунусова Н.

5. “Балдар ыры” кружогу жетекчиси Орунбаев К.

Эл аралык донорлор менен иштөө:

READ-“Билим сапатын жакшыртуу үчүн баалоо”долбоорунан 57 000 сомдук китеп.

Наристе(480саат) “Глобальное портнерства по образовании” долбоорунан 47000 сомдук китеп.

GIZ Германия кызматташтыгы долбоорунан 3500 евро технология мугалимин даярдоо үчүн мастерской.

2000 евро Табигый илимдер үчүн лаборотория алынды.

GIZ Германия кызматташтыгы долбоорунан 190000 сомдук предметтер жана башталгыч класстын мугалими адистигиндеги студенттер үчүн китептер алынды.

АБР-2 долбоорунан 9000 долларлык компьютердик класс келди.(интерактивдүү доска,проектор)

АБР-2 долбоору боюнча 254308 (эки жүз элүү төрт миң үч жүз сегиз ) сомдук мебель келди (электроснабжения жана модельер-конструктор адистигине).

АБР-2 долбоорунан Электр менен камсыздоо жана модельер -конструктор адистигине 256421 (эки жүз элүү алты миң төрт жүз жыйырма бир) сомдук окуу китеби келди.

АБР-2 долбоорунан Лабораториялык жабдуулар боюнча модельер- конструктор адистигине 48000 (кырк сегиз миң) сомдук портативный проектор 57879 (элүү жети миң сегиз жүз жетимиш тогуз) сомдук плоттер 1.736384 (бир миллион жети жүз отуз алты миң үч жүз сексен төрт) сомдук 25 штук компьютерлер, Грация САПР программасы 192931 (жүз токсон эки миң тогуз жүз отуз бир) сомдук жана сайма саюучу машина MEIJIA 760257 (эки жүз алтымыш миң эки жүз элүү жети) миң сомдук жабдуулар келди.

АБР дин 2-долбоорунан Моделер-конструктор адистигине 2,5 млн сомдук 5 тигүү цехи келди.

АБР дин 2-долбоорунан электр менен камсыздоо адистигине 2,5 млн сомдук 1 лаборатория келди.

КРнын Билим берүү министрлигинин 1056/1 05.09.2019-ж буйругунун негизинде ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи “Алдыңкы тажрыйба борбору” наамына ээ болду. АБРдин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр” АБРдин 3-долбоорунун алкагында 1 млн. доллар каржылоого ээ болду.

АБРдин 3-долбоорунан:

44 млн сомдук ремонт иштери, 100000$ ОРГ техника, 500000$ лабораториялык жабдуулар келди. (Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо, Электр менен камсыздоо, Ветеринария, Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо адистиктерине жана эки окуу өндүрүштүк комплекске)