- Колледждер
- Жалал-Абад колледжи
- Ветеринария ПЦКсы
Ветеринария ПЦКсы

ПЦКнын башчысы
Телефон:
Email:
jolonbaevabegimai@gmail.ruТуулган күн:
December 23, 1988
Каттоо:
26.02.2024
Акыркы сапар:
3 недели назад
Резюме:
Жүктөп алуу РезюмеДаярдаган адистиги:
- 111201 Ветеринария
нормативдик окуу мөөнөтү:
- 2 жыл 10 ай, негизги жалпы билим берүү базасында (9- класс);
- 1 жыл 10 ай, жалпы орто билим берүүнүн базасында (11-класс);
окутуу формасы: күндүзгү;
квалификациясы: ветеринардык-фельдшер
111201 Ветеринария адистиги боюнча окутуунун күтүлүүчү натыйжалары:
Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы 1: Дарылоо-профилактикалык иш-чараларын уюштурат, аны заманбап жабдуулар, биопрепараттар жана медикаменттерди колдонуу менен өткөрөт, өндүрүш бөлүмүндөгү ташып келүү, союу копсуздугун камсыз кылууга жөндөмдүү;
Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы 2: Дарылоо-профилактикалык иш чараларды замандын талабына жооп бере ала турган деңгээлдеги ыкмалары менен уюштурат;
Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы 3: Негизги технико-экономикалык көрсөткүчтөрдү эсептейт, өндүрүштүк ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун баалайт, техника коопсуздук эрежелеринин абалын анализдейт жана баалайт, айлана чөйрөнүн жана экологиялык коопсуздук боюнча талаптарды аткарат;
Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы 4: Календардык профилактикалык иш чараларды жүргүзөт.
ПЦКнын иштөө багыты:
Студенттерге окуу процессинде төмөндөгү көндүмдөрдү калыптандыруу:
· Малдын ден-соолугу: Малдарды текшерүү, диагноз коюу жана дарылоо.
· Вакцинация: Вакциналарды жана профилактикалык чараларды жүргүзүү.
· Жабыркаган малды кароо: Жабыркаган малды жардам берүү жана калыбына келтирүү.
· Азыктарды контролдоо: Мал азыктарын текшерүү жана сапатын баалоо.
· Клиникадагы жардам: Ветеринардык клиникаларда фельдшердик жардам көрсөтүү.
сактоо.
Натыйжаларды жакшыртуу үчүн эмне кылуу керек?
· Практикалык көндүмдөр: Теорияны практика менен байланыштырган көндүмдөрдү үйрөтүү. Студенттерге реальдуу кырдаалдарда малды карап чыгуу, диагноз коюу жана дарылоо процессин көрсөтүү.
· Көрсөтмөлөр жана визуализация: Видеолор, сүрөттөр жана диаграммалар аркылуу билимди жакшыраак жеткирүү. Анатомияны жана физиологияны үйрөнүүдө визуалдык материалдар пайдалуу.
· Тестирлөө жана кайтарым байланыш : Сабактан кийин тестирлөө, анкета аркылуу студенттердин пикирлерин алуу. Бул ыкма сабактарды жакшыртууга жардам берет.
· Мотивация жана кызыгууну арттыруу: Студенттердин кызыгуусун жогорулатуу үчүн натыйжалуу жана кызыктуу методдорду колдонуу.
ПЦКнын ишмердүүлүгү
Ветеринария ПЦКсында 6 окутуучу эмгектенет. 6 жогорку билимдүү жана 1 бакалавр бар. Окутуучулар тажрыйбалуу, көптөгөн ардак грамоталардын ээлери. Алар дайыма өз билимдерин өркүндөтүп, сертификаттарды алып турушат. Компетенттүү адистерди даярдап чыгаруу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Адистик алдыңкы материалдык база– УЗИ аппараты, рентген аппараты, кургатуучу шкаф, центрифуга, таразалар, диагностикалык коюуучу жабдуулар, реактивдер, көчмө жана стационардык дезинфекциялык жабдуулар менен жабдылган жана виртуалдык лабаротория менен камсыздалган. Азыркы учурда ветеринария ПЦКсында 113 студент билим алууда. Биздин бүтүрүүчүлөрүбүздүн 90 пайызы өз кесиби боюнча ишке орношуп, эмгектенишүүдө
Ветеринария ПЦКсынын окутуучулар курамы
№ | Ф.А.А. | Билими | Кызматы |
1 | Абдыкалыков Канатбек Абдырахманович | Скрябин атындагы айыл чарба институту 1992 ж, «Ветеринардык врач» дипломдуу адис, 1992ж., дипломдун сериясы ТВ-1 №130616, рег.№53553 от 25.06.1992 | Окутуучу |
2 | Адилбек уулу Кадырбек | ЖАМУ 2021 ж., Ветеринардык врач» дипломдуу адис, дипломдун сериясы УВ № 210141325, рег. №10229, 23.07.2021 | Окутуучу |
3 | Болотов Медербек Арапбаевич | ЖАМУ 1998ж., «Ветеринардык врач» дипломдуу адис 1998ж., дипломдун сериясы ГВ № 10878, рег.№ 731, 2.06.1998 | Окутуучу |
4 | Жумабеков Алымбек Канатбекович | ЖАМУ 2018 ,“Ветеринардык врач» дипломдуу адис, дипломдун сериясы № ШВ180109464, рег.№8354, 16.06.2018 | Окутуучу |
5 | Жолонбаева Бегимай Жунусбековна | ЖАМУ 2012ж., «Георграфия мугалими» дипломдуу адис, дипломдун сериясы СD 120032727, рег.№ 3706 3706, 15.06.2012. | Окутуучу |
6 | Умарбаев Азизджан Умарджанович | ЖАМУ 2001 ж., «Ветеринардык врач» дипломдуу адис, дипломдун сериясы № СD040163066,рег№796, 20.08.2001 | Окутуучу |
7 | Курманкулова Махабат Арстанбековна | ЖАМУ 1998ж., «Ветеринардык врач» дипломдуу адис 1998ж., дипломдун сериясы ГВ № 10883, рег.№ 736, 2.06.1998 | ПЦК төрайымы |
Кесипке багыт берүү
Бизди тандооңуздун 5 себеби
- Бизди бүтөр замат ишке жайгашасың, облусубузда ветеринардык кызматка муктаждыктар көп;
- Эмгек акы жогору, жеке ветеринар болуп иштөөгө мүмкүнчүлүгүң бар;
- Жеке ишкер боло аласың, өзүндүн ишиңе өзүң иштөө графигин түзсөң болот;
- Бизде гана заманбап жабдылган, студенттер өз алдынча билим ала турган ветеринардык окуу өндүрүштүк комплекс бар;
- Айыл чарбасы боюнча чет мамлекеттерде иштегенге мүмкүнчүлүк болот.
Адистикке ээ болгондон кийин, төмөндөгүдөй тармактарда иштей аласыз!
- Аптекарь;
- Фельдшер;
- Ветеринар;
- Осеменатор;
- Вет техник;
- Вет санитар;
- Лаборант

Биздин адистиктерге келиңиз – мыкты билим алыңыз!
Окуу жайдын дареги:
Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад Мамлекеттик университети
Жалал-Абад шаары, Түмөнбай Байзаков проспектиси №57
Жалал-Абад колледжи
Жалал-Абад шаары, Токтогул көчөсү №16/1
факс: (03722) 5-03-33, тел.: (03722) 5-59-68, +996 772 453 696
Email: rector@jagu.kg, barisa08@mail.ru; сайт: jagu.edu.kg
Зарыл болгон документтер:
• Абитуриенттин арызы;
• Орто билими жөнүндө аттестат;
• Толук эмес орто билими жөнүндө күбөлүк;
• 3х4 өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт;
• 086/У формасындагы мед.тактама;
• Паспорттун көчүрмөсү, паспорт алууга жашы жете электерге туулгандыгы
тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
• Аскердик билети же ыйгарылган (приписной) күбөлүгү.