- Колледждер
- Жалал-Абадский колледж
- «Энергетика жана Өзгөчө кырдаалдарда коргонуу» ПЦКсы
«Энергетика жана Өзгөчө кырдаалдарда коргонуу» ПЦКсы
Энергетика ПЦКсынын башчысы
Телефон:
Email:
shaimkulovas@inbox.ruТуулган күн:
January 16, 1972
Каттоодон өтүү:
28.12.2023
Акыркы кириш:
2 года назад
Резюме:
Жүктөп алуу РезюмеДаярдаган адистиктер:
140212 Электр менен жабдуу (тармактар боюнча);
140206 Электр станциялар түйүндөр жана тармактар;
280105 Өзгөчө кырдаалдардан коргонуу, квалификация: Техник
нормативдик окуу мөөнөтү:
2 жыл 10 ай, негизги жалпы билим берүү базасында (9- класс);
1 жыл 10 ай, жалпы орто билим берүүнүн базасында (11-класс);
окутуу формасы: күндүзгү;
квалификациясы: техник-электрик.
140212 Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча)
140206 Электр чордондору, түйүндөрү жана тармактар
280105 Өзгөчө кырдаалдарда коргоонуу
адистиктери боюнча окутуунун күтүлүүчү натыйжалары:
Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы 1: Кесиптик ишмердүүлүктө математикалык, табигый, гуманитардык, экономикалык илимдердин негизги жоболорун пайдаланууга, өз алдынча жаңы билимдерге ээ болууга жөндөмдүү жана өз ишмердүүлүгүнүн натыйжасын баалай алат;
Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы 2:Өз оюн логикалык жактан туура, жүйөлүү жана ачык мамлекеттик тилде билдире алат, социалдык мамилелер денгээлинде чет тилдердин биринде сүйлөй алат;
Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы 3: Электр жабдуу түзүлүштөрүн ондоонун түрлөрүн жүргүзөт, электр орнотмолорунда авариялык жумуштарды пландоодо анын коопсуз шарттарын камсыз кылууга жөндөмдүү;
Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы 4: Наряддарды, оперативдүү журналдарды толуруу, эмгек коопсуздугун сактоо боюнча билимин текшерүү журналын, нормативдик, укук-ченемдик жана ресурстарды эсепке алуудагы жетектөөчү материалдар менен эсептөө документтерин жүргүзүү боюнча усулдарды жетекчиликке алууга жөндөмдүү;
Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы 5: Электр жабдууларын ремонттоо, алардын электр схемаларын тейлөө, трансформаторлорду жана бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн жабдыктарын техникалык жактан тейлөө менен аларды сапаттуу ремонттоо ыкмаларына ээ болот;
Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы 7: Жумуштарды коопсуз жүргүзүү орундарын түзө алат жана электр жабдууларын монтаждоого жөндөмүү.
Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы 8: Наряд-уруксат укугун берүү, оперативдүү, эмгек коопсуздугун сактоо боюнча билимин текшерүү журналдарын толтура алат жана мында нормативдик, укук-ченемдик жана ресурстарды эсепке алуудагы жетектөөчү материалдар менен эсептөө документтерине таянат, усулдарын колдонууга жөндөмдүү;
Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы 9: Долбоор-конструкциялык, технологиялык жана башка техникалык документтерди колдонуудагы ченемдик базага ылайык формага келтирүүгө жөндөмдүү;
Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы 10: Электр жабдууларын ремонттоо, алардын электр схемаларын тейлөө, трансформаторлорду жана бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн жабдыктарын техникалык жактан тейлөө менен аларды сапаттуу ремонттоо ыкмаларына ээ болот;
Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы 11: Жумуштарды коопсуз жүргүзүү орундарын түзө алат, электр берүүлөр чубалгыларына, электр түзүмдөрүнө жана электр жабдууларын монтаждоого киришүү укугуна ээ болуу уруксат-наряд документтерин толтура алат.
280105 Өзгөчө кырдаалдардан коргонуу адистиктери боюнча окутуунун күтүлүүчү натыйжалары:
Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы 1: Кесиптик ишмердүүлүктө математикалык, табигый, гуманитардык, экономикалык илимдердин негизги жоболорун пайдаланууга, өз алдынча жаңы билимдерге ээ болууга жөндөмдүү жана өз ишмердүүлүгүнүн натыйжасын баалай алат;
Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы 2: Өз оюн логикалык жактан туура, жүйөлүү жана ачык мамлекеттик тилде билдире алат, социалдык мамилелер денгээлинде чет тилдердин биринде сүйлөй алат;
Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы 3: Кесиптик тапшырмаларды аткаруу усулдары менен ыкмаларын тандоону, алардын натыйжалуулугу менен сапатын баалай алат, көйгөйлөрдү чечет жана стандарттык, стандарттык эмес кырдаалдарда демилгени жана жоопкерчиликти колго алуу менен чечим кабыл алууга жөндөмдүү;
Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы 4: Өзгөчө кырдаалдарда маалыматтарды чогултат, жагдайды баалайт, жаратылыш объектилерине мониторинг жүргүзөт, кесепеттери менен тоболкелчиликтерин болжолдойт;
Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы 5:Авариялык-куткаруучу жабдуулар менен техниканы пайдаланууну жана регламенттик тейлөөнү уюштурууга жөндөмдүү;
Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы 6: Өзгөчө кырдаалдардагы аймактарда жабыр тарткан калкка биринчи кезектеги жардам берүүнү уюштурууга жөндөмдүү;
Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы 7: Түрдүү өзгөчө кырдаалдарда жабыр тарткандар менен өздүк курамдын толук жашоосун калыбына келтирүүнү камсыздандыра алууга жөндөмдүү
Энергетика ПЦКсынын Окутуучулар курамы
| № | Ф.И.О. | Билими | Кызматы |
| 1 | АлимбаеваГулмайрам Жакшыбаевна | Жогорку, 2004-2009ж ОшМУ, Адистиги –“Байланыш тармактары жана коммуникация системалары” Инженер. | Окутуучу |
| 2 | Атамбеков Таирбек Кадырович | Жогорку, 1983-1990-ж. ХИРЭ М.К.Янгел атындагы Адистиги – «Радиотехник». Инженер | Окутуучу. |
| 3 | Акматалиева Бусалима Асановна | Жогорку, 2008-2013ж. ЖАГУ, Адистиги – Электрэнергетикалык түйүндөрү жана тармактары». Инженер | Окутуучу |
| 4 | Бэков Элмурат Анарматович | Магистр, 2017-2021ж.ОшМУАдистиги – «Электр менен камсыздоо» (тармактар боюнча). Электроэнергетика жана электротехника | Окутуучу |
| 5 | Исмаилов Бакытбек Абдимиталипович | Жогорку, 1992 – 1997 ж. КТМИ, адистиги – “Инженер-эколог”. | Окутуучу |
| 6 | Маматалиева Хонзода Сидикалиевна | Жогорку, 2006 – 2011 ж. ЖАГУ,Адистиги «Электрэнергетикалык түйүндөрү жана тармактары». Инженер. | Окутуучу |
| 7 | Орозалиева Мээрим Раттановвна | Жогорку, 2005-2010 ж. ЖАМУ, адистиги - “Биология мугалими”. | Окутуучу |
| 8 | Сайназаров Эламан Камалович | Жогорку, 1974 – 1982 ж. ФПИ,Адистиги – «Электр кыймылдаткыч жана өнөр жай ишканаларын автоматташтыруу». Инженер-электрик. | Окутуучу |
| 9 | Паязова Жыпаргүл Нурмагаматовна | Жогорку, 1992 – 1997 ж. ОШТУ Адистиги – Айыл чарбасын электрлештрүү жана автоматташтыруу». Инженер-электрик | Окутуучу |
| 10 | Шаимкулова Сабира Амангельдиевна | Жогорку, 1996-1997г КТУ И.Раззакова, Адистиги Электр менен камсыздоо ( тармактар боюнча) Инженер-электрик | Энергетика ПЦК төрайымы |
| 11 | Эшбаев Абилазиз Аматович | Жогорку, 1975-1980 г. ТЭИС, Адистиги –“Байланыш тармактары жана коммуникация системалары” Инженер | Окутуучу |
Кесипке багыт берүү
Заманбап адамдын жашоосунда электр энергиясысыз элестетүү өтө кыйын – турак жайлар, көчөлөр, транспорт системасы (мисалы, светофор, метро поезддери, троллейбустар), телефон станциялары электр энергиясына муктаж. Ошондуктан, электриктин кесиби эң көп талап кылынган кесиптердин бири - анын иши көптөгөн тармактарда, мисалы, курулушта, өндүрүш ишканаларында керек. Ошондуктан бизге келип окугула, анткени:
- Заманбап энергетикалык лабораториялар, электр жабдуулары жана интернет менен жабдылган компьютердик класстар;
- Биздин бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуу көрсөткүчү жогору;
- Энергетика ПЦКда тажрыйбалуу окутуучулар өндүрүш менен байланышып окутушат;
- Биздин бүтүрүүчүлөр дипломдорун Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да колдоно алышат;
- Сиз ишкердик курсунан өтүп, өзүңүздүн бизнесиңизди ачсаңыз болот.
Бүтүрүүчүлөрдүн ой пикирлери
Абдыганиев Исламбек Нурбекович ЭСк-2-16 тайпасынын бүтүрүүчүсү Окуу процессинде колледж тууралуу жакшы таасирлер болду. Ынтымактуу мугалимдер толук бойдон сабак беришет. Окуучуларга түшүнүү жана урматтоо менен мамиледе болушту. Окуу процессинде теориялык материалдардын дээрлик бардыгын үйрөндүм. Рационалдуу ой жүгүртүүгө, билимди иш жүзүндө колдонууга үйрөндүм. Практиканын мезгилинде практикалык жактан өндуруштө тажрыйба топтодум. Колледжде спорттук иш-чаралар өткөрүлөт - бул спорттук оюндар, колледж, шаардык жана областтык деңгээлдеги курстар арасындагы мелдештер болуп өтөт. ЖПВЭС СПСтин Жалал-Абад Подстанциянын тобунда иштейт 3-разряд 3-группасынын электр слесары.
Таштемиров Темирлан ЭСк-2-15тайпасынын бүтүрүүчүсү Биздин адистиктин бүтүрүүчүсү үчүн жумушка орношуу келечеги зор. Колледжди техник-электрик адистиги боюнча бүтүргөнүмө бир нече жыл болду. Бул убакыттын ичинде менин жашоомдо көптөгөн окуялар болду, бирок мен өзүмдүн окуган колледжимди, мугалимдеримди жана курсташтарымды эстеп баратам деп ойлоп кетем. Окуу убактысы тууралуу өзүмдүн сезимдеримди айтып, таасирлерим менен бөлүшкүм келет, анткени сиз коп убакыттан кийин гана өткөн убакытты баалайсыз. Колледжге, бардык мугалимдерибизге рахмат! Кесибин сүйгөнүңүз үчүн рахмат. Түшүнгөнүңүз, чыдамкайлыгыңыз жана колдооңуз үчүн чоң рахмат! ААК Жалал-Абад Электронун бөлүмү ВВС ЦРП 4 группа 4 категорияда иштейт
Ашуралиев Кубаныч ЭСк-2-12 тайпасынын бүтүрүүчүсү Колледж абдан жагымдуу эскерүүлөрдү жаратат. Жалал-Абад колледжинде алган билими келечекте жакшы база болуп калды. Алган билими үчүн бардык мугалимдерге рахмат. Колледжди артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Мага бул кесип абдан жагат, азыр адистигим боюнча жеке бизнесимди ачтым. Бардык окутуучулар жамаатына терең ыраазычылык билдирем! Жеке ишкер, «ВОЛТ» ЖЧКсынын директору
280105 Өзгөчө кырдаалдардан коргонуу адистиктерине
Кесипке багыт берүү
Бул кесиптин өзгөчөлүгү
- Дүйнө жүзүндөгү эң керектүү жана талап кылынган адис бул куткаруучу. Ал биринчилерден болуп жардамга келет;
- Куткаруучунун негизги максаты: сактоо, жардам, коргоо;
- Заманбап материалдык-техникалык база, тренажерлор, полигондор Сизди кайдыгер калтырбайт;
- Аскер кызматкерлери болгондуктан толугу менен мамлекеттик камсыздоодо болосуз. ӨКМдин кызматкерлери бардык кошумчалары менен 30-50 миң айлык акы алышат;
- Бүтүрүүчүлөрүбүз толугу менен жумушка жайгашат. Бул кесип ээлери Республикада жетишсиз;
- туденттерибиз ӨКМдин Жалал-Абад областы тарабынан уюштурулган машыгууларга жана окууларга такай катышып алдыңкы орундарды ээлеп келишет;
- Окуу жайды аяктагандан кийин чоң аскердик карьераңызды түзө аласыз.
Абитуриенттердин ээсине:
Бизди тандооңуздун себеби...
- ӨКМдин областык башкармалыгында
- ӨКМдин шаардык, райондук бөлүмдөрүндө
- Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана болжолдоо жүргүзүү департаменти
- КР ӨКМнин Сел жана селден коргоо мамлекеттик агентиги
- КР ӨКМнин калдыкдыктарды көзөмөлдөө агентиги
- КР ӨКМнин Гидрометеорология агенттиги (Кыргызгидромет)
- КР ӨКМнин алдындагы жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору
- КР ӨКМнин аскер бөлүктөрү
- КР ӨКМнин алдындагы кризистик кырдаалдарды башкаруу борбору
- Мекеме ишканаларда жарандык коргонуу адиси
- Айыл Өкмөттөрдө жарандык коргонуу адиси
- Өрт өчүрүү кызматынын диспетчери
- Жарандык коргонуу инструктору
- Ишкана мекемелерде эмгекти коргоо адиси болул иштей аласыз
Жалал-Абад колледжинде бул адистик 2016-жылдан бери даярдалат, жыл сайын 25 студент окуу жайды ийгиликтүү аяктап дипломго ээ болот. Окуу жайга абитуриенттер контракттык негизде кабыл алынат.
Биздин адистиктерге келиңиз – мыкты билим алыңыз!
Окуу жайдын дареги:
Жалал-Абад шаары, Токтогул көчөсү №16А
Жактын директору, Беков Элмурат Анарматович
тел: +996 774 019 504
Энергетика жана ӨКК ПЦКсынын төрагасы
Шаимкулова Сабира Амангельдиевна
тел: 0777175703
Зарыл болгон документтер:
• Абитуриенттин арызы;
• Орто билими жөнүндө аттестат;
• Толук эмес орто билими жөнүндө күбөлүк;
• 3х4 өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт;
• Паспорттун көчүрмөсү, паспорт алууга жашы жете электерге туулгандыгы
тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
• Аскердик билети же ыйгарылган (приписной) күбөлүгү.