1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жалал-Абад колледжинин карьера башчысы жана маркетолог

Жалал-Абад колледжинин карьера башчысы жана маркетолог

Гулмайрам

Жалал-Абад колледжинин карьера башчысы

Телефон:

Туулган күн:

June 14, 1986

Каттоодон өтүү:

06.11.2025

Акыркы кириш:

3 недели назад

ЖАКтын карьера борбору:

Карьера борбору студенттердин жана бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногунда ийгиликтүү орун алышына көмөк көрсөтүү максатында ар тараптуу иш алып барат. Борбор өз ишмердүүлүгүндө иш берүүчүлөр, студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен тыгыз кызматташат.

Карьера борборунун негизги багыттары төмөнкүлөрдү камтыйт:

Ø  иш берүүчүлөр менен туруктуу байланыш түзүү жана биргелешкен иш-чараларды уюштуруу;

Ø  бүтүрүүчүлөрдү жумушка жайгаштырууга көмөктөшүү;

Ø  жумуш издөө ыкмалары боюнча кеңеш берүү жана кесиптик багыт көрсөтүү;

Ø  аймактагы иш берүүчүлөрдүн программаларынын алкагында кызматташуу;

Ø  бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусун көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү;

Ø  жумушка орношо албаган бүтүрүүчүлөрдүн себептерин талдоо;

Ø  бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын ишмердүүлүгүн координациялоо;

Ø  студенттердин жана окутуучулардын академиялык жана кесиптик мобилдүүлүгүн уюштуруу.

Карьера борбору студенттерге жана бүтүрүүчүлөргө практикалык жардам көрсөтүү максатында ар кандай иш-чараларды өткөрөт. Алардын катарына резюме жана коштоо каттарды даярдоо боюнча тренингдер, ролдук оюндар менен коштолгон маектешүүдөн (интервьюдан) ийгиликтүү өтүү көндүмдөрүн өнүктүрүүчү семинарлар, “тренерге тренинг” программалары, мастер-класстар жана иш берүүчүлөрдүн катышуусунда бош жумуш орундар жарманкелери кирет. Мындан тышкары, бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуу көрсөткүчтөрүнө 3 жана 5 жылдык талдоо жүргүзүлүп, анын негизинде студенттердин эмгек рыногунда талап кылынган көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча иштер системалуу түрдө жүргүзүлөт.

Карьера борбору — студенттердин кесиптик өсүүсүнө багыт берип, алардын ийгиликтүү келечегине бекем негиз түзгөн маанилүү платформа болуп саналат.