1. Башкы бет
  2. Академиялык саясат департаменти
  3. Лицензиялоо жана аккредитациялоо бөлүмү

Лицензиялоо жана аккредитациялоо бөлүмү

Гульшаир Тыныбековна

Техникалык илимдердин кандидаты

Телефон:

Туулган күн:

September 28, 1970

Каттоодон өтүү:

23.10.2023

Акыркы кириш:

2 года назад

Лицензиялоо жана аккредитациялоо бөлүмү

«Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Лицензиялоо жана аккредитациялоо бөлүмү окуу жайдын лицензиялоо, аккредитациялоо жана билим сапатын жөнгө салуу саясатын ишке ашыруу ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ЖАМУнун структуралык түзүмү болуп эсептелет

ЖАМУнун Окумуштуулар кеңешинин 2003-жылдын 8-майындагы чечими жана ЖАМУнун 29-майындагы №221-буйругу менен Билим берүүнүн сапаты башкармалыгы уюшулган. Башкармалыктын жетекчиси болуп ЖАМУнун 2003-жылдын 23-сентябрындагы №3/301 буйругунун негизинде техника илимдеринин кандидаты, доцент Исмаилов Таалайбек Койчуманович дайындалган. Жаңыдан уюшулган башкармалыкта адис катары Г.А.Паничева, К.Саркаров үзүрлүү эмгектенишкен.

ЖАМУнун 2004-жылдын 28-апрелиндеги №1/194 буйругу менен башкармалыкты техника илимдеринин кандидаты, доцент Алибаев Атабек Пахырович 2005-жылдын 22-августуна чейин жетектеген.

Ал эми 2005-жылдын 30-августунан 2007-жылдын 1-сентябрына чейин айыл-чарба илимдеринин кандидаты, доцент Сатканкулов Эргешалы башкармалыктын жетекчиси болуп эмгектенген.

ЖАМУнун 2007-жылдын 30-августундагы №1/435-буйругу менен айыл чарба илимдеринин кандидаты, доцент Орозбаев Болотбек Суюналиевич 2009-жылдын 27-мартына чейин башкармалыкта башчы катары үзүрлүү эмгектенген.

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү мыйзамынын”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин системасынын орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарын бекитүү жөнүндөгү” 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 788 токтомунун жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечиминин жана ректордун 2015-жылдын 15-декабрындагы № 361 буйругунун негизинде билим берүүнүн сапаты бөлүмү окуу-инспекциялык башкармалыктан бөлүнүп өз алдынча структуралык түзүм катары бекитилген.

Университеттин 2015-жылдын 23-декабрындагы №1/315-буйругунун негизинде билим берүүнүн сапаты бөлүмүн философия илимдеринин доктору Токоева Гулдана Самидиновна 2021-жылдын 1-сентябрына чейин жетектеген.

2021-жылдын 3-сентябрындагы №260/1 буйругу менен бөлүмдү техника илимдеринин кандидаты Маматова Гульшаир Тыныбековна жетектейт.

2022-жылдын 30-июнундагы №185 буйругу менен Билим берүүнүн сапаты бөлүмү Лицензиялоо, аккредитациялоо жана билим берүүнүн сапаты бөлүмү болуп өзгөрдү.

Лицензиялоо, аккредитациялоо жана билим берүүнүн сапаты бөлүмүндө инспектордук кызматта техника илимдеринин кандидаты Такеева Анара Раимбердиевна, методистик кызматта Айтикеев Нурланбек Жолдошбекович үзүрлүү эмгектенип келет.

Лицензиялоо, аккредитациялоо жана билим берүүнүн сапаты бөлүмү өз ишмердүүлүгүн КРнын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын, Жогорку окуу жайлары жөнүндөгү жобосунун, ЖАМУнун уставынын, лицензиялоо, аккредитациялоо жана билим берүүнүн сапаты бөлүмү жөнүндөгү жобонун негизинде иш жүргүзөт.

Билим берүүнүн сапаты бөлүмүнүн негизги миссиясы катары университеттеги билим берүү сапатын башкаруу системасын уюштуруу, ишке ашыруу, өнүктүрүү жана жалпы университеттик билим берүү сапатын жогорулатуу саясатын өркүндөтүү болуп саналат. Окуу жайдагы билим берүүнүн сапатына дайыма таасир этүүчү башкаруу системасын түзүү жана өркүндөтүү, билим берүү процессинин сапатынын динамикасына экспертиза жасоо, билим берүүнүн сапатын башкаруу системасынын иш кагаздарын, нормативдик-укуктук, усулдук материалдардын иштелмелерин иштеп чыгуу жана ички университеттик билим сапатына мониторинг жүргүзүү; окуу процессин камсыз кылуучу билим берүүпрограммаларынын кадрдык жактан камсыздалышына, материалдык-техникалык жактан жабдылышына жана башка материалдарга экспертиза жүргүзүү; билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында менеджмент системасын калыптандырууда институттардын, колледждердин, кафедралардын ишмердүүлүгүн координациялоо; жаңыдан ачылып жаткан билим берүү програмаларына лицензия алуу жана иш жүзүнө ашырылып жактан билим берүү програмаларын көз карандысыз жана мамлекеттик аккредитациядан өткөрүү боюнча процедуралык иштерди координациялоо; университеттин сапаттуу билим берүү системасынын ишмердүүлүгүнө ички баа берүү механизмин өркүндөтүү бөлүмдүн негизги милдеттеринен болуп саналат.

Окуу жай Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 243 "Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу2024-жылдын 14-октябрындагы № 295 жарлыгынын негизинде өзгөчө статус алган күндөн тартып лицензиялоо, аккредитациялоо жана билим берүүнүн сапаты бөлүмү билим берүү программалары боюнча лицензияларды алуу, алардын ишке ашышы боюнча координациялоону жана лицензиялардын реестрин түзүүнү автономдуу жүргүзүп келет. Натыйжада жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү программалары боюнча аспирантуранын медициналык илимдер багытынын айыл-чарба илимдеринин, тарых илимдеринин программасына, интернатуранын программасына, жогорку кесиптик билим берүү боюнча бакалавриаттын, магистратуранын программасына, адистик боюнча программаларга жана орто кесиптик билим берүү боюнча билим берүү программаларынын күндүзгү жана сырттан окуу формалары боюнча лицензия берилген.

Бүгүнкү күндө ЖАМУда жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү боюнча аспирантуранын 15 багыты, PhD 2, интернатуранын 1, жогорку кесиптик билим берүүнүн бакалавр квалификациясы боюнча 30 багыт (45 профиль), магистратура боюнча 10 багыт (18 профиль), 5 адистик, орто кесиптик билим берүү боюнча 38 адистик боюнча даярдалууда.

Бөлүм билим берүүнүн сапатын жогорулатууга көмөктөшүү, билим берүү программаларынын көз карандысыз аккредитациялоо талаптарына шайкеш келүүсүн жана көз карандысыз баа берүү механизмдерин үйрөнүү боюнча координациялайт. Билим берүү программаларына ички баалоо процедурасы үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Билим берүү кызматынын мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына, көз каранды эмес аккредитациялоонун талаптарына жана критерийлерине дал келүүсүн талдоо максатында өзүн өзү баалоо жүргүзүлөт.

«Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Окумуштуулар кеңешинин 2026-жылдын 10-сентябрындагы №1 жыйыныны чечими, ЖАМУнун 2026-жылдын 16-сентябрындага №312 буйругунун негизинде Лицензиялоо, аккредитациялоо жана билим берүүнүн сапаты бөлүмүЛицензиялоо жана аккредитациялоо бөлүмү болуп өзгөрдү.