1. Башкы бет
  2. Эл аралык ишкердүүлүк
  3. Ресурсный центр Америка Ордосу

Ресурсный центр Америка Ордосу

Америка Ордосунун тарыхы жана максаттары

«Америка Ордосу» ресурстук борбору Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги жана Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин ортосунда түзүлгөн өз ара кызматташуу меморандумдун негизинде 2003-жылы Март айында ачылган.

Бул борборду АКШнын элчиги керектүү болгон бардык техникалык каражаттар жана окуу-китептери менен камсыз кылып келүүдө. Айта кетсек АКШ Элчилиги Америка Ордосуна 2008-жылдан 2017 –жылга чейин 100 000 доллардан ашык өлчөмүндө гранттык колдоо көрсөттү.

Бул борбордун негизги максаттарынын бири ЖАМУнун студенттерине жана окутуучуларына, ошондой эле Жалал-Абад шаарынын элине заманбап шартта билим алууга шарт түзүү жана Англис тилин үйрөнүүгө көмөк көрсөтүү. Ай сайын 3000 дөн ашык студенттер, окуучулар жана окутуучулар ресурстук борбордун окуу техникалык каражаттарын пайдаланышат.

Америка Ордосу Ресурстук борборунундагы ресурстар

Америка Ордосу ачылган күндөн баштап эле Жалал-Абад шаарындагы университеттердин жана башка окуу жайлардын студентери үчүн англис тилин үйрөнүүчү ресурстук борбор болуп калды. Себеби ресурстук борбордо 2000 ашык түрдүү жанрдагы адабий китептер, англис тилинин грамматикасы, англисче- орусча -кыргызча сөздүктөр, Американын тарыхы, адабияты, экономикасы боюнча көптөгөн окуу куралдары бар. Ангил тилин үйрөнүү үчүн 200 ашык аудио-видео материалдар жана электрондук китептер бар.

Америка Ордосунда 25 компьютер интернет жана WI-FI менен туташтырылган. Окутуучулар жана студенттер интернетти акысыз колдоно алат.

Англис тилинде жанылыктарды “Euronews”, “CNN” телеканалдарын, “National Geographic” жана башка илимий темадагы программаларды, ошондой 200 ашык англистиндеги кинолорду көрүүгө болот.

Бул ресурстук борбордо түрдүү темаларда окутуучуларга жана студенттерге семинар, тренингдер жана On-line конференциялар өткөрүлөт. Азыркы күндө Англис тилин окутуунун усулу боюнча филология факультетинин жана Жалал-Абад колледжинин окутуучулары эл аралык вебинарга катышып жатышат.

Ресурстук борбордо англис тилин өркүндөтүүчүлөр үчүн презентациялар, курстар жөнүндө маалымат.

Азыркы учурда АКШдан келген Тынчтык Корпусунун волонтерлору англис тили боюнча төмөндөгүдөй курстарды уюштуруп өткөрүүдө: «TOEFL», «Movie club», «Writing club», «Talking club».

Студенттер жана окутуучлар үчүн АКШда окуу, тажрыйба алмашуу программалар боюнча презентациялар, тренингдер өткөрүлүп турат. Жыл сайын АКШ Элчилигинен адистер келип студенттер үчүн Global UGRAD аттуу программасы, ал эми окутуучулар үчүн Fullbright Research Fellowship, Fullbright Teaching Assistant Program жана Humphrey Fellowship программалары боюнча тренингдерди өткөрүп турушат.

Чет өлкөдө окууну каалагандар Англис тили боюнча тестерди: TOFEL (аудиокасеталар менен), GRE, GMAT, LSAT, SAT жана IELTS колдонуп, практика кылса болот.

Ошондой эле ресурстук борбор англис тилин окутуунун усулу боюнча окуу китептери жана ай сайын чыгып туруучу “Forum” журналы менен камсыз болуп турат.