- Эл аралык ишкердүүлүк
- Долбоорлор
Долбоорлор
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Erasmus+ программасы боюнча кайра жаралуучу энергетика тармагындагы долбоору грант утуп алды.
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Эл аралык бөлүмү жаңы эл аралык SILKWAY долбоорунун ишке ашырыла баштагандыгын кубануу менен маалымдайт.
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандагы жогорку билим берүү потенциалын жогорулатууга багытталган SILKWAY — «Кайра жаралуучу булактардан электр энергиясын жана жылуулукту өндүрүү үчүн көп тармактуу жана туруктуу көндүмдөрдү өнүктүрүү» долбоору Европа Биримдигинин Erasmus+ программасынын алкагында колдоо тапты.
SILKWAY долбоору Европа Биримдигинин "Жашыл келишими"нин актуалдуу максаттарына жооп берет жана аймактын геосаясий жана энергетикалык туруктуулугуна байланыштуу чакырыктарга жооп кайтарат.
Долбоордун негизги максаты — студенттердин билим деңгээлин, көндүмдөрүн жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу. Бул максатка төмөнкү багыттар боюнча заманбап окуу курстарын киргизүү менен жетишилет:
- Кайра жаралуучу энергетика (RE),
- Энергиянын натыйжалуулугу (EE),
- Айланма экономика (CE),
- Бизнес өнүктүрүү (BD).
SILKWAY долбоорунун негизги багыттары:
- Европа жогорку билим берүү мейкиндигинин (EHEA) стандарттарына ылайык жаңы окуу курстарын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- Окуу процессинде заманбап ыкмаларды колдонуу боюнча окутуучуларды даярдоо;
- Практикалык сабактар үчүн заманбап лабораторияларды ачуу;
- Университеттер менен өнөр жай тармагынын ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү;
- Энергетика секторунун студенттери, окутуучулары, бүтүрүүчүлөрү жана адистери үчүн активдүү катышуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүү.
Мындан тышкары, долбоор аралыктан окутуу формаларын, мастер-класстарды, хакатондорду, сынактарды жана көргөзмөлөрдү өткөрүүнү карайт. Бул иш-чаралар кеңири аудитория үчүн жеткиликтүү болот.
SILKWAY консорциумунун катышуучулары:
🟦 Долбоордун координатору:
- Universidad de Cádiz (Испания)
🟨 Өнөктөш университеттер:
- Sapienza University of Rome (Италия)
- Ош мамлекеттик университети (Кыргызстан)
- Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети (Кыргызстан)
- Бухара мамлекеттик университети (Өзбекстан)
- Абу Райхан Беруни атындагы Ташкент мамлекеттик техникалык университети (Өзбекстан)
- аль-Хоразмий атындагы Ургенч мамлекеттик университети (Өзбекстан)
🟩 Өнөр жай жана эксперттик уюмдар:
- INOMA Renovables S.L. (Испания)
- Studio Santi S.R.L. (Италия)
🟫 Ассоциацияланган өнөктөштөр:
- UNISON коомдук фонду (Кыргызстан)
- Өзбекстандын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлиги
- MIR Solar (Өзбекстан)
- Эл аралык күн энергетикасы институту (Өзбекстан)
- Өзбекстандын Министрлер Кабинетинин алдындагы «El-Yurt Umidi» фонду
- UNEED.IT SRL (Италия)
- Casa Asia (Испания)
2016- жылы ЭРАСМУС + тарабынан ROAD (Regional Objectives of Administrative Development) деген долбоор ишке ашкан. Долбоордун башкы координатору -Instituto Superior Técnico, Лиссабон, Португалия.
Долбоордун максаты - мамлекеттик кызматкерлердин жергиликтүү өнүктүрүүнүн стратегиясын бекемдөө, атап айтканда ЖАМУда окуу жана консультация борборун негиздөө. Борбордо жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана кызматкерлерине жергиликтүү өнүгүү багыттарын эске алуу менен окууларды өткөрүү, жана жергиликтүү өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу боюнча сунуштарды берүү боюнча тренингдерди уюштуруу. КР мамлекеттик кызматкерлерин даярдоо өлкөбүздө күчтүү, заманбап жана натыйжалуу мамлекеттик кызматын түзүүгө жардам берет. Долбоор жогорудагы айтылган максатты, жаңы окуу пландарын иштеп чыгуу жана киргизүү аркылуу аткарат. Долбоор алкагындагы ЖАМУнун өнөктөштөрү:
- Instituto Superior Técnico, координатор – Португалия;
- International University for the Humanities and Development – Туркменистан;
- Turkmen State Institute of Finance – Туркменистан;
- Universitat Politecnica de Catalunya – Испания;
- Universitat Rovira i Virgili – Испания;
- Escola d’Administració Pública – Испания;
- Universidad de Las Palmas de Gran Canaria – Испания;
- Kungliga Tekniska Hoegskolan – Швеция;
- Capacity Building Consulting Group – Бишкек;
- Issykkul State University named after K.Tynystanov – Иссык-Көл;
- Arabaev Kyrgyz State University – Бишкек.
Долбоор алкагында төмөнкү иш чаралар аткарылды:
- 2017 жылы март айында координаторлорду алгачкы жолугушуусу Лиссабондо болуп өткөн. Айтылган конференцияда Эшиев Асылбек катышкан;
- 2017 жылдын апрель айынан баштап долбоор алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү арасында сурамжылоо башталган. Айтылган сурамжылоонун негизинде долбоордун иш-чаралы аныкталган;
- 2017 жылдын июнь айында Бишкек шаарында тренерлер үчүн окуу өткөрүлгөн.