1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Медициналык пункт

Медициналык пункт

Телефон:

771 935 293

Туулган күн:

December 22, 1993

Каттоо:

14.12.2023

Акыркы сапар:

2 месяца назад

Медициналыкпункт  2013-жылы  ЖАМУнун ректорунун   №247 буйругунун негизинде ачылган. Медициналык пунктун негизги максаты университеттин кызматкерлерине жана студенттерине сапаттуу алгачкы медициналык жардам  көрсөтүү болуп саналат.Медициналык пункт университеттин башкы имаратында жайгашкан. Медициналык пункт  биринчи жардамга керектелүүчү жабдыктар, даары дармектер менен камсыздалган.Медициналык пункт озунун тармагына байланышкан ич чараларды өткөрүп келет (семинарларды, конференцияларды, лекцияларды, жолугушууларды, акцияларды ж.б.).

Медициналык  пунктун милдеттери:

  • КР мыйзамына ылайык келет, ушул жобонун талаптарын аткарат;
  • ЖАМУнун аймагында (окуу корпустарында, жатаканаларда, иш-чаралараж.б.) сапатту медициналык жардам көрсөтүү (тизмеде болгон даары дармектерди колдонуу менен);
  • Саламаттык сактоо жаатындагы мыйзамдарды жана нормативдүү доркументтерге ылайык тейлөө аймагында оорунун алдын алуу жана профилактикалык, ден-соолукту чыңдоо иш-чараларын уюштуруп өткөрүү жана жыл сайын кызматкерлер жанастуденттерди медициналык кароодон өткөрүү;
  • Медициналык пунктун негизги максаты университеттин кызматкерлерин жана студенттерин сергек жашоого үндөө, ден-соолугун чындоого үндөө, диагностикалык жана реабилитациялык иш чараларды уюштуруу;
  • Университтеттин кызматкерлерине жана студенттерине медициналык консультация берүү жана бейтаптарды шаардыкклиникаларга жана бейтапканаларга жөнөтүү;
  • Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген  жана өнөкөт оорусу менен оруган кызматкерлерге жана студенттерге диспансердик байкоо жүргүзүү;
  • Университеттин жатаканаларынын, тамактануучу жайлардын санитардык-гигиеналык абалына байкоо жүргүзүү жана текшерүү (жатаканалардын, окуу жайлардын тамактануу жайлары, ж.б.).

Медициналык  пункт өзүнүн ишмердүүлүгүндө тармактар (кафедралар,  институттар, факультеттер, колледждер, канцелярия, кадр бөлүмү) менен  жана медициналык тармактагы  башка ишканалар менен тыгыз кызматташып келет.