1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Маданий - эстетикалык борбор

Маданий - эстетикалык борбор

Email:

info@mail.ru

Каттоо:

15.12.2023

Акыркы сапар:

5 месяцев назад

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин маданий-эстетикалык борбору университеттин  Окумуштуулар кеңешинин 2017-жылдын 24-февралындагы №5 жыйынын чечими менен, ректордун №56 буйругунун негизинде түзүлгөн. Борбордун ишмердүүлүгү ЖАМУдагы тарбиялык, маданий-массалык иштер багытында КРдин “Билим берүү жөнүндө мыйзамынын”, ЖАМУнун Уставынын жана башка укуктук-нормативдик актылардын жана борбордун Жобосунун (ОКнын №7 протоколу, 28.04.17. Маданий-эстетикалык борборунун жобосу негизинде жүргүзүлөт.

Борбордун негизги милдети – университетте окуган студенттерди маданий жана эстетикалык баалуулуктарды аздектөөгө багыттоо менен, маданий-эстетикалык тарбия берип, жаштардын жалпы маданий компетенттүүлүгүн калыптандырууга жана чыгармачыл мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө шарт түзүп берүү.

Борбор өз ишмердүүлүгүн төмөнкүдөй багыттарда алып барат:

Теориялык: университеттеги маданий-массалык жана чыгармачылык иштердин максат, милдеттерин орундатуу үчүн негизги багыттарды жана өңүттөрдү аныктайт, демилгелүү жана такай изденүүдө иш алып барат;

Усулдук: Университеттеги маданий-массалык иш-чараларды, майрамдарды, салтанаттарды, юбилейлик даталарды өткөрүүдө, алардын сценарийин тактоодо усулдук көмөк көрсөтөт.

Уюштуруучулук: академиялык деңгээлде маданий-массалык иштерди уюштурат (фестивалдар, конкурстар, салттуу иш-чаралар, тематикалык жана театралдаштырылган концерттер ж.б.).

Көркөмдүк: Университетте чыгармачыл социомаданий чөйрө түзүүгө, студенттердин көркөм-эстетикалык талаптарын, артыкчылыктарын жүзөгө ашырууга, өнүктүрүүгө шарт түзөт. Университеттин студенттеринин жана жаштарынын арасынан чыгармачыл, шыктуу таланттууларын издеп таап, тарбиялап, өсүүсүнө багыт берет.

Агартуучулук: Маданияттын, искусствонун жана башка тармактагы белгилүү, көрүнүктүү инсандар менен кызыктуу жолугушуу кечелерин уюштурат.

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун маданий-эстетикалык борборунун түзүлүү тарыхы

2003-жылы ЖАМУнун ректору, профессор Ж.Бөкөшовдун колдоосу менен университеттин алдындагы маданий-эстетикалык борбордун базасында көркөм академия түзүлүп, директорлугуна З.О.Команова дайындалган. Көркөм академиянын курамында “Сайма” бийчилер тобу, ”Беш ыргай” (кыздар), “Аска”(жгиттер) вокалдык топтору, “Беш бармак”, “А-ха-ха” сатиралык топ, студенттик театр, “Перекресток” КВН командасы, этнографиялык ансамбль, “Жез оймок” чеберлер тобу жана “Азадабегим” тобу иш алып барган. Көркөм академия 2015-жылы жоюлган.

2017-жылы ЖАМУнун маданий-массалык багыттагы ишмердүүлүгүнүн абалын эске алуу жана ЖАМУнун Окмуштуулар кеңешинин колдоосу менен “Маданий-эстетикалык борбор” ачылып, бий, вокал жана комуз боюнча жетектөөчү адис кызматтарында Ы.А.Шаимкулов, Ж.Н.Масаитов, Н.Г.Шамуратовдор иштеп келишүүдө.

Маданий-эстетикалык борбордун негизги максаты – университетте өткөрүлүп жаткан маданий-эстетикалык жана маданий-массалык иш-чараларды уюштуруу, университтетте окуган студенттердин окуудан тышкаркы убактыларын максаттуу, сабаттуу өткөрүүсүнө шарт түзүп берүү, студенттердин таланттарын,өз өнөрлөрүн өркүндөтүүсүнө көмөктөшүү.

Маданий-эстетикалык борбор университеттин студенттеринин, профессордук-окутуучулук курамынын жана кызматкерлеринин арасында тематикалык, календардык, массалык майрамдарды, иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө көмөктөшүп келүүдө. Бул университеттин ЖОЖдордун арасында аброюн көтөрүүдөгү, алдыга жылдыруудагы максаттардын бири болуп эсептелет.

Борбордун кызматкерлери жетектеген “Сезим” бий тобу, “Жаш канат” фольклордук-этнографиялык тобу жана вокалдык топ алгылыктуу ийгиликтерге жетишип келишүүдө. Ал үчүн борбордун адистери окуу жылынын башында 1-курска кабыл алынган студенттердин арасында “Таланттарды издейбиз”, “Алтын үн”, “Ойно комуз” аттуу конкурстарды өткөрүшүп, тиешелүү топтордун, ийримдердин мүчөлөрүнүн катарын толуктап келишет. Студенттер окууну аяктаганча тандаган кесибинин ээси болуу менен бирге, кайсы бир музыкалык аспапта ойноп, ырдап, бийлөөнү өздөштүрүшүп, этикалык-эстетикалык тарбиянын негиздерин үйрөнүп чыгышат.

Ийрим мүчөлөрү республикада өткөрүлгөн иш-чараларга активдүү катышып, фестивалдардын лауреаттары, байгелүү орундардын ээси болушууда.  

ЖАМУнун командаларынын жетишкендиктери жана жыйынтыктары

Аталышы жылы орундар шаары
1. “Жалын” КВН командасы 1994 3-орун Ош
2. “Ала-Тоо жазы” 1995 1-орун Бишкек
3. “Ала-Тоо жазы” 1996 Гран-При Бишкек
4. “Ала-Тоо жазы” 1997 2-орун Бишкек
5. “Жалын” КВН командасы 1998 3-орун Бишкек
6. “Эне тилим-эне сүтүм” 1999 2-орун Бишкек
7. Ош азем түндөрү 1999 2-орун Ош
8. Ош азем түндөрү 2000 3-орун Ош
9. “Dream team” КВН 1999 1-орун Бишкек
10. “Dream team” КВН 2000 жеӊүүчү Бишкек
11. “Сайма” бийчилер тобу 2000 3-орун Ош
12. “Ала-Тоо жазы - 2000” 2000 1-орун Бишкек
13. “Аска” тобу 2001 3-орун Ысык-Көл
14. “Жалал-Абад азем түндөрү” 2000 2-орун Жалал-Абад
15. “Ала-Тоо жазы-2003” 2003 Гран-При Бишкек
16. “Ала-Тоо жазы-2004” 2004 Гран-При Бишкек
17. “Ала-Тоо жазы-2006” 2006 Гран-При Бишкек
18. “Айкөл жаз-2016” 2006 Гран-При Бишкек
19. Ырдайлы кыргыз ырларын 2005 1-орун Бишкек
20. Ырдайлы кыргыз ырларын 2006 1-орун Бишкек
21. Ырдайлы кыргыз ырларын 2007 1-орун Жалал-Абад
22. “Эне тилим - менин дилим” кароо-сынак 2015 2-орун Жалал-Абад
23. “Биз СПИД илдетине жана банги заттарына каршыбыз” 2016 1-орун Жалал-Абад
24. “2016 - Тарых жана маданият” жылына карата Барпы театрына көрсөтүлгөн спектаклдерге активдүү катышкандыгы үчүн 2016 2-орун Жалал-Абад
25. “Студенттер билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн” аттуу республикалык ЖОЖдор арасындагы таланттуу студенттердин достук фестивалы 2016 Ардак грамота Ош
26. “Студенттер билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн” аттуу республикалык ЖОЖдор арасындагы таланттуу студенттердин достук фестивалы 2016 Ардак грамота Ысык-Көл
27. “Биз СПИД илдетине жана банги заттарына каршыбыз” 2017 2-орун Жалал-Абад
28. “2017 - Ыйман, адеп  жана маданият” жылына карата Барпы театрына көрсөтүлгөн спектаклдерге активдүү катышкандыгы үчүн 2017 1-орун Жалал-Абад
29. “Студенттер билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн” аттуу республикалык ЖОЖдор арасындагы таланттуу студенттердин достук фестивалы 2017 Ардак грамота Ыссык-Көл
30. “Студенттер билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн” атту республикалык ЖОЖдор арасындагы таланттуу студенттердин достук фестивалы 2018 Ардак грамота Ош
31. “Студенттер билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн” аттуу республикалык ЖОЖдор арасындагы таланттуу студенттердин достук фестивалы 2019 Ардак грамота Талас 

Иш-чаралардын сүрөттөрү 

Шамуратов Нурбек Галмаматович – комузчу, обончу, Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы, “Жаш канат” фольклордук-этнографиялык ансамблинин жетекчиси.

“Жаш канат” фольклордук-этнографиялык ансамблинин курамында сегиз студент бар. Ансамбль “Эргиме” “Ак бакай” “Маш ботой” “Кербезим” күүлөрүн алгылыктуу иш-чараларда ойноп келет. Көптөгөн сынак, фестивалдарга катышып, алдыңкы орундарга жетишишкен

Исмаилов Руслан Боронович – маданий-массалык иш-чараларды уюштуруучу, режиссер, тамашоу боюнча жетектөөчү адис.
Исмаилов Руслан Боронович – маданий-массалык иш-чараларды уюштуруучу, режиссер, тамашоу боюнча жетектөөчү адис.