1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жалал-Абад колледжинин Мамлекттик тил жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары

Жалал-Абад колледжинин Мамлекттик тил жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары

Элмурат

Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары

Телефон:

774 019 504

Туулган күн:

March 31, 1999

Каттоо:

01.12.2023

Акыркы сапар:

8 месяцев назад

Жалал-Абад колледжинде мамлекеттик тил жана тарбия иштери студенттерди мамлекеттин кызыкчылыгын урматтоого, студенттердин жеке өнүгүүлөрүнө жана сергек, активдүү жашоо образын калыптандырууга, аларды демилгелүүлүккө, өзүн-өзү башкаруу процессине аралашууга, жалпы адамзаттык жана улуттук баалуулуктарга, принциптерге тарбиялоого багыттап жүргүзүлөт.

Тарбия иштери маданий-массалык иш чараларды уюштуруу жана студенттердин жекече өнүгүүлөрүнө салым кошуу жумуштары төмөнкүдөй багыттар боюнча жүргүзүлөт:

  • Таанып билүүчү, патриоттук ж.б салтанаттуу иш чаралар;
  • Укуктук нравалык тарбиялоо иш чаралары;
  • Ден соолукту чыңдоо, спорттук иш чаралар;
  • Үгүт-насаат иштери;
  • Куратордук иштер;
  • Окуу жайда студенттер үчүн жагымдуу психологиялык чөйрө түзүү жана кызматташтык;
  • Гендердик теңчилдик жана социалдык инклюзия.

ЖАКта тарбиялык иштер токтобой, күн санап өткөрүлүп турат. ЖАМУнун жана ар кандай шаардык, областык деңгээлдеги иш чараларга активдүү катышып ар дайым байгелүү орундарды ээлеп келет.

Тарбиялык иштердин мазмунун жакшыртуу үчүн ЖАК төмөндөгүдөй багытта иш алып барат:

Студенттер арасында түрдүү маданий-массалык иш чараларды уюштуруу аркылуу жогорку маданиятты калыптандыруу.

Студенттердин арасындагы кылмыштуулук, рекетчилик сыяктуу терс көрүнүштөргө бөгөт коюучу иш чараларды системалуу өткөрүү.

Жалал-Абад колледжинде 2019-2020-окуу жылын “Окутуунун, тарбиялоонун сапатын жогорулатуу жана эмгек тартибин чыңдоо жылы” деп жарыялап, бир нече иш чаралар өткөрүлдү.

Жалал-Абад колледжинде бардык бөлүмдөрдө ата- энелер чогулуштары болуп өттү. Ата- энелер менен “Баланы табиялоодогу ата-эненин жана окучуулардын ролдорун өз өзүнчө бөлүү” жана ЖАКтын жетишкендиктери иш-аракеттерди жакшыртуу үчүн сунуштар боюнча топтук иштер өткөрүлдү. Ар бир тайпанын ата-энелери анкеталарды толтурушуп жана кызуу талкууга чыгышып, активдүүлүгүн көрсөтүштү.

ЖАКта ар бир шаршемби “Ата – энелер күнү” деп жарыяланып, куратордук сааттарга экиден ата- эне атышып, ЖАКтын турмушуна кайдыгер эместигин көрсөтө турган болушту.

Студенттерди кабыл алуу аземи жана 17-ноябрь студенттердин күнүнө карата салтанаттуу кече болуп өттү.
Студенттерди кабыл алуу аземи жана 17-ноябрь студенттердин күнүнө карата салтанаттуу кече болуп өттү.

Жаңы келген студенттерге шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан жүрүм-турум, жол эрежеси тууралуу маалымат берилип,студенттер арасында зордук-зомбулукка каршы күрөшүү жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча мыйзамдар менен тааныштырды.

Мамлекеттик тил күнүнө карата иш чаралар уюштуруп, өткөрүлдү.

Эмгеги сиңген белгилүү юбиляр инсандардын мааракелерин белгилөө, “Өмүрү өрнөк инсандар” программасынын алкагында иш чаралар уюшулуп өткөрүлдү (Т.Усубалиев, А.Орозбеков; С.Каралаев, Д.Садырбаев, ж.б.)
Эмгеги сиңген белгилүү юбиляр инсандардын мааракелерин белгилөө, “Өмүрү өрнөк инсандар” программасынын алкагында иш чаралар уюшулуп өткөрүлдү (Т.Усубалиев, А.Орозбеков; С.Каралаев, Д.Садырбаев, ж.б.)

1-октябрь “Бүткүл дүйнөлүк карылар күнүнө” карата Тигүү буюмдарын конструкциялоо ПЦКсынын окутуучулары менен биргеликте иш чара уюштурулуп, улгайган инсандардан кабар алынды.

2021-2022-окуу жылында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинде Ч.Айтматовдун 93 жылдыгына карата жана башка бир нече иш чаралар студенттер арасында өткөрүлдү. Студенттер өздөрүнүн таланттарын көрсөтүшү Ч.Айтматовдун чыгармарынан үзүндү кармандардын образдарында кыскача көрүнүштөрдү тартуулашты.

Колледждер арасында билим алган талантуу студенттерди бир нече топко бөлүп Ч.Айтматовдун 93 жылдыгына жана Манас баатырга арналган иш чараларды алып барышты, студенттер өздөрүнүн талантарын өнөрлөрун көрсөтүшүп 1-2-3орундарга э болушту

Студенттер арасында түзүлгөн программалардын жыйынтыгында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун проректору Алибаев Атабек Пахырович жана Жалал-Абад колледжинин директору Турдубаева Бариса Майлыевна ар бир студентти талантына жараша баа берип сыйлыктар менен сыйлашты.