1. Башкы бет
  2. Жалпы маалымат
  3. Миссиясы, ниети жана стратегиясы

Миссиясы, ниети жана стратегиясы

ЖАМУнун миссиясы 01.01.2019-ж. ЖАМУнун Окумуштуулар кеңешинин отурумунун №6 протоколу менен кабыл алынган. Миссия ЖАМУнун сайтында кызыкдар тараптар үчүн баарына жетиштүү болуп, үч тилде чагылдырылган. Бардык окуу имараттарындагы баннерлерде, аудиториялардын, лекциялык залдардын жана клиникалык базалардын дубал тактайчаларында чагылдырылган.

Азыркы учурда Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун миссиясы – дүйнөлүк атаандаштыкка багытталган республиканын, аймактын жана чет өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө теориялык жана практикалык салым кошууга жөндөмдүү жогорку квалификациялуу илимий жана кесипкөй кадрларды даярдоо болуп саналат.

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ниети

Университеттин билим берүү, илимий жана инновациялык ишмердүүлүгүн модернизациялоо, өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн жогорку квалификациялуу жана кесипкөй кадрларды даярдоо аркылуу билим берүү мейкиндигинде университеттин позициясын орнотуу. Өзгөрүлүп жаткан эмгек рыногунун талаптарына жооп берген жана бардык багыттар боюнча толеранттуулукка көмөктөшүүчү, ийгиликтүү иштеп жаткан компетенттүү уюм.

СТРАТЕГИЯЛЫК МАКСАТТАР

ЖАМУнун республикада эң престиждүү, заманбап жана азыркы коомдо талап кылынган жогорку окуу жайы катары туруктуу өнүгүшүнө салым кошуу. Жогорку жана орто билимдүү квалификациялуу адистерди, магистранттарды, аспиранттарды, докторанттарды даярдоо. Иш берүүчүлөрдүн талаптарына жана социалдык буйрутмаларга ылайык, университеттин инновациялык өнүгүүсү аркылуу билим берүүнүн сапатын камсыздоо. Заманбап билим берүүнүн жаңы моделдерине шайкеш келүү жана ЖАМУну өнүктүрүүдө “Университет 4.0” моделине трансформациялоо боюнча жол картасын иштеп чыгуу.