- Колледждер
- Жалал-Абад колледжи
- Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсы
Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсы
ПЦК башчысы
Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсында күчтүү, ынтымактуу жана толеранттуу мугалимдер жамааты эмгектенет
Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсында төмөнкүдөй адистиктер даярдалат:
- 220206 Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча) Техник квалификациясы ыйгарылат;
- 230109 Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо. Техник-программист квалификациясы ыйгарылат;
ПЦКда 26 окутуучу эмгектенет: 23 штаттык, 3 айкалыштыруучу окутуучу. Окутуучулар жамааты тажрыйбалуу, 2 окутуучу билим берүүнүн мыктылары жана ар кандай ардак грамоталардын ээлери. Алар педагогикалык жана адистик кесипке багытталган квалификациясын жогорулатуу курстарга, семинарларга катышып, көптөгөн сертификаттардын жана күбөлүктөрдүн ээси.
Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо адистигинде 169 студент, Маалыматты иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу адистигинде 164 студент билим алууда. Компетенттүү адистерди даярдоодо материалдык-техникалык база жогорку деңгээлде камсыздалган жана компьютердик класстарда заманбап программалоо тилдери (JavaScript, Python, SQL, PHP, PL/SQL) менен иштешет. “Жаш программист”, “Робототехника” аттуу ийримдер бар. ПЦКда сабактарды сапаттуу өткөрүү үчүн окуу-методикалык иштер системалуу түрдө жүргүзүлүп келет. Окулган бардык дисциплиналар үчүн окуу-методикалык комплекстер иштелип чыккан, анын ичинде жумушчу программалар, силлабустар, компьютердик программалык комплекстер, мультимедиалык презентациялар ж.б. Студенттер окуу процессинде программалык камсыздоону иштеп чыгуунун заманбап инструменттерин өздөштүрүшөт.
Окуу жана практика мезгилинде жаңы проектер менен иштешип, программаларды иштеп чыгышты жана демонстрациялашты.
№ | Группанын аталышы | Студенттердин аты-жөнү | Иштеп чыккан проектинин аталышы |
1 | ПОВТАСк-2-20 | Оноров Нуристан, Мухтаров Мурат, Маматураимов Улукбек | avto.kg проектиси Кыргызстан боюнча автоунааларды сатуу сайты. |
2 | Жаныбеков Биймырза, Раимбеков Амантур, Алиев Ажибек | “Эверест” мектебине 1-4 класска чейин окуучулар үчүн математика предметинен электрондук китепти түзүү. | |
3 | БАСк-2-20 | Боронов Азилет, Иманов Эмир, Убайдуллаев Аббосходжа, Кошокбаев Таабалды, Жанибек Ясин, Алмазбеков Нурдөөлөт | “Нурбилим” мектебине англис тили сабагынан электрондук үйрөтүүчү программаны иштеп чыгуу. |
4 | ПОВТАСк-3-20 | Джумалиева Лира, Нажиев Азамат | 1-4 класска чейин окуучулар үчүн электрондук китепти иштеп чыгуу. |
5 | ПОВТАСк-01-21 | Токтосунов Кеңеш | Заманбап эл аралык университетинин колледжине электрондук библиотеканы түзүү. |
Автоматташтырылган систем алар жана математика ПЦКсынын окутуучулук курамы
№ | Ф.А.А. | Билими | Кызматы |
1 | Абдыразакова Гулмира Абдыжапаровна | ЖАМУ, 2001ж. “Маалыматтарды иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системасы” дипломдуу адис, 2001 ж., дипломдун сериясы ДВ №12087, рег.№5585 от 10.09.02 | Окутуучу |
2 | Абдуллаев Искендербек Каримбаевич | СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУ,1981ж. Математика адистиги. Сертификат № 8448 "Информатиканы окутуунун теориясы жана усулу". | Окутуучу |
3 | Акматова Махабат Айыповна | ЖАМУ 2008-ж. “Информатика” адистиги боюнча “Информатика мугалими” квалификациясы ыйгарылды. № CD 080302191 | Окутуучу |
4 | Алиев Бексултан Мыктыбекович | ОшМПИ 2017ж. № ШБ180187514 “Физико-математикалык билим берүү” багыты боюнча “Бакалавр” академиялык даражасы ыйгарылды. Профили: Информатика. Каттоо номери 352. Берилген датасы 20.08.2018г.ОшМУ 2020-ж. Дипломго тиркеме УМ № 200131693. “Информациялык системалар жана технологиялар” багыты боюнча “Магистр” квалификациясы ыйгарылды. Каттоо номери: 1957 | Окутуучу |
5 | Алимусаева Нурзат Арзимбаевна | ОшМУ. 1994ж. “Физика жана математика” адистиги боюнча “Математика жана эсептөө техникасы мугалими” квалификациясы ыйгарылды. Серия ФВ-I №122390 рег.№491 берилген датасы 02.07.1994 | Окутуучу |
6 | Арзыматова Чынара Жумалиевна | Арабаев атындагы КМПУ, 1995ж. мугалим "Матемтика кошумча адистиги информатика жана эсептөө техникасы», дипломдун сериясы АВ №02697 рег.№280 04.07.95. | Окутуучу |
7 | Асилбек уулу Курсантбек | ЖАМУ ЖАК, 2016ж. "Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу" адистиги боюнча “Техник” дипломдун сериясы УС №160078325., каттоо номер: 3091 | Окутуучу |
8 | Аскаров Жолон Мухтарович | ЖАГУ, ЖАК 2011ж. "Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу" адистиги боюнча “Техник-дизайнер” СС110118720. ЖАГУ, 2016ж. "Финансы кредит" адистиги боюнча “Экономист” УВ160168754. Сертификат №1935 20.0.2018г. "Окутуучулардын педагогикалык чеберчилигин жогорулатуу", Сертификат 24.11.2018-ж. № LE 140000494 "Окуу процессинде тестирлөөнү колдонуунун теориясы жана усулу", Сертификат 22.02.2019-ж. № LE 140000233 "ЖОЖдо окутуунун эффективдүү стратегиялары", Сертификат 16.11.2022-ж. № LS 90004340 "Программалык камсыздоону иштеп чыгуу технологиясы". | Окутуучу |
9 | Исманова Тынара Кубанычбекона | ЖАМУ, 2003ж. “Маалыматтарды иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системасы” адистиги боюнча дипломдуу адис. Дипломдун сериясы МВ №18967 каттоо номери: 9936 15.01.2004. Сертификат А-1 №0657 | Окутуучу |
10 | Калдарова Динара Калыкназаровна | ОшТУ, 1996ж. “Жалпы техникалык дисциплиналар жана информатика” адистиги боюнча окутуучу, 1996 г., дипломдун сериясы АВ №12647. Каттоо номери: 20 дата: 17.03.97 | Окутуучу |
11 | Маманова Бусадат Аттокуровна | Маяковский атындагы КЖПИ, 1991ж. Математика жана информатика окутуучусу, 1991ж. дипломдун сериясы УВ-1 №162784, рег.№40 от 03.06.91 | Окутуучу |
12 | Мирзакаримова Мадина Махмуджановна | ЖАМУ, 2016ж. Информатика жана эсептоо техникасы багыты боюнча бакалавр № УБ160064885 каттоо номери 7379 дата: 11.06.2016 | Окутуучу |
13 | Мусакулова Назгул Куралбековна | ОшГУ, 2001ж. Математика жана информатика окутуучусу , 2001 дипломдун сериясы ДВ №08405 каттоо номери 649 дата 12.06.2001 | Окутуучу |
14 | Мухтаров Бекназар Алмазбекович | Н. Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети 2016-жыл. “Маалыматтык коопсуздук” багыты боюнча бакалавр, Санкт-Петербург улуттук изилдөө университети 11.04.2002. “Маалыматтык технологиялар, механика жана оптика” Магистр | Айкалыштыруучу окутуучу |
15 | Омуралиева Каныкей Кекебаевна | Арабаев атындагы КМПУ, 2004ж. Математика жана информатика окутуучусу, 2004 г. дипломдун сериясы CD 040041789, каттоо номери 1360 дата 07.08.04. | Окутуучу |
16 | Орункулова Динара Мирабдиллаевна | ЖАМУ, 2000ж. Физика адистиги боюнча дипломдуу адис. М.М.Адышов атындагы ОшТУ 2009ж. Финансы жана кредит адистиги Сертификат 15.04.2022-ж. № 6822 "Информатиканы окутуунун теориясы жана методикасы". | Окутуучу |
17 | Пахридинова Элиза Максытжановна | ЖАМУ, 2013ж. Информатикика окутуучусу. 2013 г., дипломдун сериясы CD №130208175, каттоо номери 5561 | Окутуучу |
18 | Сатимбаева Арзыкан Капаровна | ЖАМУ, 1999ж.Маалыматтарды иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системасы адистиги., “Дипломдуу адис” квалификациясы | Окутуучу |
19 | Имодилаев Фахридин Зухридинович | ЖАМУ, 2016ж. Информатика жана эсептоо техникасы багыты боюнча бакалавр № УБ160064885 каттоо номери 7379 дата 11.06.2016 | Окутуучу |
20 | Дарбанов Эльстан Калдарович | Укук бизнес жана билим берүү академиясы 2015-ж. № УВ150292448 "Экономикадагы колдонмо информатика" квалификациясы | Айкалыштыруучу окутуучу |
21 | Юлдашев Айбек Мукумжанович | ЖАМУ 2006ж. Маалыматтарды иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системасы адистиги боюнча инженер | Окутуучу |
22 | Токтогулова Гульназ Абдуманабовна | КМУУ, 1994ж. Математик. Окутуучу, 1994 г., дипломдун сериясы ШВ №742294, каттоо номери 1863 дата 30.06.94. | Окутуучу |
23 | Эсенбаева Назгул Сабырбековна | ОшМУ, 2002ж. Математика жана информатика окутуучусу, 2002ж. дипломдун сериясы ЕВ №52820, каттоо номери 750 дата 03.09.2002ж. | Окутуучу |
24 | Полотова Алима Закировна | ЖАМУ, 2000-жыл "Математика" адистиги боюнча “Дипломдуу адис” квалификациясы ыйгарылган. №28297 | Окутуучу |
25 | Хурсанов Султанмурат | ЖАМУ 2019-жыл Маалыматтарды иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системасы адистиги | Окутуучу |
26 | Эргашбаев Мыктыбек | ЖАМУ, 2022-жыл “Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо” адистиги | Айкалыштыруучу окутуучу |
Бүтүрүүчүлөр жогорку деңгээлде иш менен камсыз болот
Ар кандай тармактарда иштөөгө мүмкүнчүлүктөр бар
Кесип тандоо багыты
Бул кесипти тандоо менен Сиз:
- Жогорку деңгээлде иш менен камсыз болосуз;
- Жогорку кесипкөйлүк жана компетенттүүлүк негизде окуй аласыз;
- Мыкты материалдык-техникалык базада билим аласыз;
- Заманбап программалоо тилдердин билимине ээ болосуз:
- JavaScript, Python, SQL, PHP, PL/SQL;
- Графикалык дизайн;
- WEB дизайн;
- Локалдык жана корпоративдик тармакты башкаруу:
- Компьютердик техниканы тейлөө жана оңдоо;
- Глобалдык санариптештирүү.
Бүтүрүүчүлөрүнүн ой пикирлери
Ильясова Мээрим Мен, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинин ПОВТАС адистигинин бүтүрүүчүсү катары мен дал ушул колледжге окуганыма абдан кубанычтамын деп айта алам! Биздин колледж сонун, дал ушул колледжде келечекте пайдалуу боло турган билим берилет! Бул билим берүү мекемесинин окутуучулар жамааты мыкты. Колледждин мугалимдери компетенттүү, кайрымдуу, сабаттуу жана өз ишин билишет. Алар бизге берген билим чындыгында менин ишиме чоң жардам берет. Бүткүл педагогикалык жамаатка алар бизге ачкан сонун дүйнө үчүн чоң ыраазычылык билдиргим келет. Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун МТжКТО бөлүмүнүн инженер-программисти
Разыкова Гулиза Талантбековна Жалал-Абад колледжинин БАС адистигинде окуганыма сыймыктанам. Сабактар түшүнүктүү мыкты деңгээлде өтүлөт. Мугалимдерге терең ыраазычылык. Колледжде жалпы студенттерге ийгилик каалайм ИСУО системасы боюнча адис
Абдиллаева Акылай Сайдиахматовна Мен, БАС тайпасынын студенти. Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинде билим алганыма өкүнбөйм. Мугалимдердин бизге берген билими, алдыга карай жол ачып берүүсү, адистикке мыкты деңгээлде даярдоосу, талыкпай өзүнүн билимин терең бөлүшүсүнүн жыйынтыгы менен азыркы учурда иштеп жаткан ишиме окутуучуларыбыздын салымы өтө чоң. Билим алуу үчүн бизге мүмкүнчүлүк жаратып берген жана окутуп тарбиялаган Жалал-Абад колледжинин жалпы жамаатына ыраазычылык билдирем. Техникалык оператор
Ата-энелердин ой-пикири
Жокобаева Чынара Мен, Жокобаева Чынара ПОВТАСк-3-20 тайпасында окуган Адишалиева Айтурганжын эжесеи болоом. Ушул окуу жайдын билим денгээли жакшы, мугалимдери сабакты жакшы беришет жана баардык нерсеге уйротушкону учун ыраазычылык билдирем. Колледждин билим денгээли кучтуу, заманбап адистер иштешет, студенттерге терен билим бергендиги учун ыраазычылык билдирем! ПОВТАСк-3-20 тайпасындагы Адишалиева Айтургандын эжеси
Мамажунусова Нурхан Мен, Мамажунусова Нурхан ПОВТАСк-2-20 тайпасыда окуган Абдыкеримов Темирландын апасы боломун.. ЖАМУдагы Жалал-Абад колледжинин ПОВТАС адистиги азыркы мезгилдин талабына ылайык даярдалган адис. Бул адистикти даярдоодо Мусакулова Назгуль, Исманова Тынар, Арзыматова Чынара, Полотова Алима эжекелер өздөрүнүн чоң тажрыйбасы менен жаштарга билим тарбиясын берип жатышат. ПОВТАС адистигин бүткөн техник-программисттерге жумуш ордун табуу жеңил болот. Заманбап адис болуп чыгышат. ПОВТАСк-2-20 тайпасыда окуган Абдыкеримов Темирландын апасы
Мамутова Жанаргүл Максутовна БАСк-2-20 тайпасынын студенти Мансурбеков Элмирдин апасы Мамутова Жанаргүл Максутовна. ЖАМУдагы Жалал Абад колледжинин БАС адистиги азыркы заманда өтө керек. Акыркы он жылда дүйнөдө информациялык технология өркүндөп, өсүп келүүдө. Бул адистикти даярдоодо колледждин коллективи чоң салымын кошуп жатышат. Бардык сабактарды жогорку деңгээлде өтүп, студенттердин билимин кеңейтип жатышат. БАС адистигин аяктаган уул кыздарыбыз келечекте жумуш ордун жеңил табышат. Ата-энелердин атынан коллективке ыраазычылыгымы билдирем. Ишиңерге ийгилик, чыгармачылык каалаймын. БАСк-2-20 тайпасында окуган Мансурбеков Элмирдин апасы
Биздин адистиктерге келиңиз – мыкты билим алыңыз!
Окуу жайдын дареги:
Жалал-Абад шаары, Токтогул көчөсү №16А
Жактын директору, п.и.к., доцент Турдубаева Бариса Майлыевна
тел: 0772-453-696
АСжМ предметтик циклдык комиссиясынын төрагасы
Калдарова Динара Калыкназаровна тел: 0770-353-096
Бүгүнкү күндө 320дан ашык студенттер билим алууда жана бүтүрүүчүлөр Жалал-Абад облусунун бардык аймактарында эмгектенишүүдө.
Зарыл болгон документтер:
• Абитуриенттин арызы;
• Орто билими жөнүндө аттестат;
• Толук эмес орто билими жөнүндө күбөлүк;
• 3х4 өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт;
• 086/У формасындагы мед.тактама;
• Паспорттун көчүрмөсү, паспорт алууга жашы жете электерге туулгандыгы
тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
• Аскердик билети же ыйгарылган (приписной) күбөлүгү.