- Академиялык саясат департаменти
- Окуу бөлүмү
Окуу бөлүмү
Окуу бөлүмүнүн башчысы
Телефон:
Email:
aynura.mirzahmedova@mail.ruТуулган күн:
August 14, 1975
Каттоодон өтүү:
30.10.2023
Акыркы кириш:
1 год назад
Резюме:
Жүктөп алуу Резюме- Жоболор
- Буйруктар, буйрутмалар
- Окуу процессинин графиги
- Окуу-усулдук кеңеш
- Бөлүмдүн иш пландары
- Маалыматтар
Окуу бөлүмү жөнүндө
Окуу бөлүмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мыйзамдарынын мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде окуу процессин пландаштырууну жана уюштурууну камсыз кылуучу түзүмдүк бөлүм болуп саналат.
Жалал-Абад мамлекеттик университетинде билим берүүнүн жаңы технологияларын колдонуу менен өзүн өзү өнүктүрүү окуу-усулдук жана сапаттык көрсөткүчтөр боюнча алдыга жылып, алгылыктуу жыйынтыктарга жетишти. Окуу иштеринин процессин өркүндөтүүгө төмөнкү проректорлор: Жайлообаев Н.(1993-2004), Боркоев Б.М. (2004-2005), Алыбаев. К.С. (2005-2009), Усенов К.Ж. (2009-2016) 25 жыл ичинде иштеп, өз салымдарын кошушкан. 2016-жылдан бери техника илимдеринин доктору, профессор Алибаев Атабек Пахырович окуу иштери боюнча проректор болуп эмгектенип келет.
Окуу процессин өркүндөтүү үчүн тажрыйбалуу жетекчилер: А.Каримов, Б.Орозбаев, Э.Сатканкулов, У.Кудайназаров, М.Бабакулов, А.Эгембердиева, Ч.Исмаилова, З.Ажибаева, К.Ураимов, З.Сакбаева, Т.Уметов, өз салымдарын кошушкан. 2025-жылдын октябрь айынан баштап окуу бөлүмүн Мирзахмедова Айнура Абдухалиловна жетектеп келет.
Бөлүмдө 7 тажрыйбалуу адистер (Эргешова Т., Мавлянов Н., Эргешов Б., Ирисова Г., Суюнбаева З., Султаналиева К., Сулайманова Г.) иш алып барышып, усулдук көрсөтмөлөрдү берип, билим берүүнүн заманбап багыттарын сунуштап келишет.
Окуу бөлүмү кредиттик технологиянын эки баскычтуу билим берүү системасына өткөндүгү боюнча бир катар иштерди аткарып, санариптештирүү жана билим берүүдөгү малыматтык технологиялар бөлүмү (СББМТБ) менен биргеликте профессордук-окутуучулук курам үчүн семинарларды, тренингдерди өткөрөт. ЖАМУда AVN маалыматтык системасы киргизилип, студенттер менен профессордук- окутуучулук курамдын маалымат базалары автоматташтырылды. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн электрондук эсепке алуу киргизилип, тесттер жана студенттердин өз алдынча иштери AVN маалымат системасына жүктөлүп, модуль, тест жана сынактар «Компьютердик тестирлөө» аркылуу өткөрүлүүдө.
Окуу бөлүмүнүн негизги максаты – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө теориялык жана практикалык жактан салым кошууга жөндөмдүү, окуу процессин эффективдүү пландаштырууну, уюштурууну, башкарууну жана контролдоону камсыз кылуучу жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо.
Окуу бөлүмүнүн функциялары
1. ЖАМУдагы окуу процессинин жүргүзүлүшүн уюштурат жана анын эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөйт. Университеттин ченемдик-укуктук документтеринин талаптарына, ЖАМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечимдерине жана окуу иштери боюнча проректордун, академиялык саясат департаментинин директорунун көрсөтмөлөрүнө ылайык иштерди жүргүзөт;
2. Кафедралар жана директорлор тарабынан түзүлүүчү окуу процессинин графиктерин, сабактардын жадыбалдарын, жайкы, кышкы сессиялардын графигин бекитүүнү камсыздайт;
3. Студенттерди курстан курска которууну, ЖОЖдон четтетүүнү, академиялык өргүү берүүнү жана башка ЖОЖдордон которулган студенттердин документтерин көзөмөлдөйт;
4. Экзамендик сессиялардын, АКЖнын жүрүшүн, МАнын уюштурулушун жана алардын иштөө тартибин көзөмөлдөйт;
5. Профессордук курамдын окуу жүктөмдөрүнүн бөлүштүрүлүшүн, штаттык формулярды жана штаттык жадыбалды текшерет;
6. Сабактардын өз убагында өтүлүшүн көзөмөлдөйт жана сабактар үзгүлтүккө учураган учурда тиешелүү чараларды көрөт;
7. Кафедралар тарабынан аткарылган иш-чараларды жана сабактарга өз ара катышууну анализдейт;
8. Документтердин бланкаларынын жаңы формаларын иштеп чыгып, басмаканага буюртма берип, институттарды, кафедраларды жана колледждерди камсыздайт;
9. Жаңы окуу жылына студенттердин контингентин тактоого катышат. студенттеринин жалпы санын, студенттердин окуу жылына карата кыймылын аныктап, ректорго жана окуу иштери боюнча проректорго тиешелүү аналитикалык сунуштарды даярдайт;
10. Студенттердин квалификациялык иштеринин аткарылышына жана алардын жыйынтыктарына анализ жүргүзөт;
11. Окуу жайдан чыгарылган студенттерге берилген академиялык тактамаларды толтуруунун тууралыгын текшерет жана аларды каттайт.