1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Ден-соолук борбору

Ден-соолук борбору

Абдурахимов

“Ден соолук” спорт борборунун директору

Каттоодон өтүү:

10.01.2024

Акыркы кириш:

1 год назад

«Ден соолук» спорт  борборунун жобосу

          Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун алдында түзүлгөн «ДЕН СООЛУК» спорт борбору Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 31-март 2017-жыл № 194  «Региондордо дене тарбия жана спортту өнүктүрүү» мыйзамынын негизинде түзүлүп, дене тарбия жана спорттук иш-чараларын жүргүзүү максатында университеттин чегинде өзүнчө структуралык бөлүм катары кызмат аткарат;

    1.2. «ДЕН СООЛУК» спорт борбору дал ушул Жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын укуктук нормативдик актыларынын жана ЖАМУнун Уставынын негизинде иш алып барат;

    1.3  «ДЕН СООЛУК» спорт борбору курамы жана каржылоо фондусу ЖАМУнун администрациясынын макулдугу менен бекитилет;

    1.4   «ДЕН СООЛУК» спорт борбору коммерциялык эмес  мекеме.

    1.5. Өз алдынча дене тарбия кыймылынын негизин түзүүчүлөр дене тарбиялык жамаат болуп эсептелет. Мындай жамааттар окуу жайларында түзүлүп, окуудан сырткаркы дене тарбиялык жана спорттук массалык иштерди жүргүзүшөт. Ошондуктан окуу жайдын спорттук борбору «Массалык жамааттык уюм» болуп эсептелет.

    1.6.  Жогорку окуу жайдын «ДЕН СООЛУК» спорт борбору - «Массалык жамааттык уюм» болуп эсептелип студенттерди, аспиранттарды, профессордук-окутуучулар жамаатын, университеттин кызматкерлерин, спорттук массалык иш-чаралар менен камсыз кылат жана кызмат көрсөтүп тейлейт.

    1.7. «ДЕН СООЛУК» спорт борбору өз жумушун университеттин ректораты, институттун, колледждердин директорлору, профсоюздук уюму, студенттик  жаштар комитети, «дене тарбия, спорт жана аскерге чейинки даярдык» кафедрасы менен тыгыз байланышта иш алып барат.  Дене тарбия жана спортту окуу жайында кенен жайылтууга көмөктөшүү менен аны өнүктүрүү багытында ар тараптуу кенен иш алып барат.

    1.8. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин «ДЕН СООЛУК» спорт борбору жамааттык турмушта активдүү катышууга, борбордун мүчөлөрүндө окууга, эмгекке жана дене тарбия менен спортко болгон кызыгуусун жана жоопкерчилигин арттырууга тарбиялайт.

«ДЕН СООЛУК» СПОРТ  БОРБОРУНУН ИШ БАГЫТТАРЫ:

·      Университетте жогорку билимдүү адистерди даярдоо менен билим алууда, чыгармачыл эмгектенүүдө дене тарбия жана спорттун жардамы аркылуу Ата Мекенди, ата-энени, элди-жерди сүйүүгө, урматтоого, достукта бекем болууга, башка улуттун өкүлдөрү менен ынтымакта жана толеранттуу мамиледе болууга, жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүгө, ошондой эле ден-соолукту чыңдоо менен сергек жашоого, эрктүүлүккө, чыдамкайлыкка ар тараптуу тарбиялоого көмөктөшүү.

·      Университеттин дене тарбия жана спорт багытындагы студенттеринин жана жалпы жамаатынын ар тараптуу кызыкчылыгын канааттандырууга ыңгайлуу шарттарды жаратуу;

·      Студенттик мелдештерди өткөрүүдө уюштуруу системасын өркүндөтүү;

·      Дене тарбия жана спорт чөйрөсүнүн инфраструктурасын өркүндөтүү (спорттук курулмалар, борборлор, лагерлер, профилакториялар ж.б.);

·      Студенттик спортту Эл аралык, Мамлекеттик, коомдук уюмдарда кызыкчылыгын коргоо менен аны көрсөтө билүү. Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен биргеликте студенттик спорттун өнүгүүсүнө көмөктөшүү;

·      Шаардык, областтык, Республикалык жогорку окуу жайлар аралык уюштурулган спорттук мелдештерге активдүү катышуу жана спорт багытында студенттик башкарууну өркүндөтүү.

«ДЕН СООЛУК» СПОРТ БОРБОРУНУН ЖАЙГАШКАН ЖЕРИ ЖАНА ИШ АРАКЕТТЕРИНИН МӨӨНӨТҮ:

 3.1. Юридикалык дареги: 715600, Кыргыз Республикасы, Манас шаары, Р.Азимова  көчөсү 25. Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун башкы корпусу;

 3.2. «ДЕН СООЛУК» спорт борбору Б.Осмонов атындагы  ЖАМУнун окумуштуулар кеңешинин жыйынында бекитилгенден тартып, окуу жайдын чегинде мамлекеттик дене тарбия жана спорттук иш чараларын жүргүзүү максатында өзүнчө структура катары кызмат аткарат. Ал ЖАМУнун герби түшүрүлгөн расмий бланкын, мөөрүн, штампын колдонууга акылуу өз алдынча структура;

 3.3.  «ДЕН СООЛУК» спорт борбору иштөө мөөнөтү чектелбейт;

 3.4. «ДЕН СООЛУК» спорт борборунунДиректору кызмат орду окумуштулар кеңешинин жалпы жыйынынын отурумунда каралат жана кандидатурасы университеттин ректоруна сунушталып, ректордун буйругу менен дайындалат жана жумуштан бошотулат.

«ДЕН СООЛУК» СПОРТ БОРБОРУНУН ТҮЗҮМҮ, ИШИН УЮШТУРУУ ЖАНА БАШКАРУУ

Спорт борборунун жогорку башкаруу органы директор болуп жана анын жардамчылары катары дене тарбия, спорт жана АЧД кафедрасынын жалпы жамааты саналат;

«ДЕН СООЛУК» спорт борборунункурамы төмөнкүлөрдөн  турат:

·         Директор;

·         Дене тарбия, спорт жана АЧД кафедра башчысы жана дене тарбия окутуучулары;

·         Греко-Рим күрөшү боюнча машыктыруучусу;

·         Эркин күрөшү боюнча машыктыруучусу;

·         Кыргыз күрөшү боюнча машыктыруучусу;

·         Шахмат боюнча машыктыруучусу;

·         Тогуз коргоол боюнча машыктыруучусу;

·         Ордо боюнча машыктыруучусу;

·         Жеңил атлетика боюнча машыктыруучусу;

·         Бокс боюнча машыктыруучусу;

·         Волейбол боюнча машыктыруучусу;

·         Баскетбол боюнча машыктыруучусу;

·         Кичи футбол боюнча машыктыруучусу;

·         Стол үстүндөгү теннис боюнча машыктыруучусу;

ДИРЕКТОРДУН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ:

·      Директор спорт борборунун жалпы ишмердүүлүгүн жетектейт;

·      Борборго жүктөлгөн милдеттердин жана тапшырмалардын аткарылышын директор координациялайт жана жооп берет;

·      Борбордун структурасын иштеп чыгат жана кырдаалга карата өзгөртүүлөрдү киргизет;

·      Борбордун структуралык жетекчилери (дене тарбия кафедра башчылары, машыктыруучулары, спорт сектор башчылары, институттун жаштар комитеттеринин төрагалары) борбордун жобосуна ылайык иштелип чыккан функциялык милдеттери жана укуктары жөнүндөгү жобонун негизинде иш алып барышат;

·      Борбордун спорт секция башчыларын кызматка дайындайт, мыйзам чегинде дисциплиналык жоопкерчиликке тартат жана кызматынан бошотот;

·      Өзүнүн компетенциясынын чегинде борбордун актив-мүчөлөрүнө тапшырмаларды, инструкцияларды жана көрсөтмөлөрдү берет;

·      Спорттук мүлктү сатып алып, белгиленген тартипте борбордун мүчөлөрүнө аларды  пайдаланууга берет;

·      Университеттин спорттук базаларын пайдаланууну көзөмөлдөйт. Окуу жайга пайда   

  алып келүүчү аренда келишимдерин түзөт;

·      Финансылык суроолорду университеттин ректору, башкы бухгалтери менен 

  тастыктап, смета боюнча чечет;

·      Спорттук массалык мелдештерди, спартакиадаларды, универсиадаларды, окуу-

  машыгуу жыйындарын өткөрөт;

·      Университеттин ректору менен тастыктап, бекитилген курама командаларды жана  

  жеке спортсмендерди мелдештерге жөнөтөт.

·      Университеттин ректоратына, профсоюздук уюмуна спортто жетиишкендиктери

  үчүн машыктыруучуларды жана спортсмендерди Диплом, Ардак грамота, баалуу 

  буюмдар, акчалай сыйлыктар менен сыйлоого белгиленген тартипте сунуштама  

  берет:

«ДЕН СООЛУК» СПОРТ БОРБОРУНУН МҮЧӨЛӨРҮ.

АЛАРДЫН МИЛДЕТТЕРИ ЖАНА УКУКТАРЫ.

·      Спорт борборунун мүчөлөрү-студенттер, аспиранттар, окутуучулар, кызматкерлер.

        Спорт борборунун мүчөлөрү төмөнкү укуктарга ээ:

·      спорт борборунун жыйындарында жана конференцияларында катышууга;

·      тандалган дене тарбиялык коомдук кыймылы боюнча чеберчилигин өркүндөтүүгө;

·      борбордун жамааттарында, спорттук ийримдерде, спорттук-окуу тайпаларында, дене тарбия жана спорт менен машыгууга;

·      мелдештерде өзүнүн клубунун атынан катышууга;

·      майрамдык мелдештерде катышууга;

·      Спорт борборго таандык спорттук эмеректерди жана буюмдарды пайдаланууга.

«ДЕН СООЛУК» СПОРТ БОРБОРУНУН КАРЖЫЛОО ТАРТИБИ ЖАНА БУЛАКТАРЫ

      Университеттин ректораты, профсоюздук уюму жана борбордун башкармалыгы тарабынан тастыкталган смета боюнча «ДЕН СООЛУК» спорт борбору өз жумушун жүргүзөт.

Спорт борбордун каражаттары төмөнкү булактардан түзүлүп толукталат:

-Борбордун мүчөлүк төлөмүнүн көлөмү инфляциянын жана спорттук товарлардын бааларынын өзгөрүлүшүнө карап белгиленип, университеттин окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилет;

-өткөрүлгөн спорттук мелдештерден, кечелерден, дене тарбиялык жана спорттук майрамдардан, арендага берилүүчү спорттук материалдар жана машыгуучу залдардан, ошондой эле башка киреше берген иш-чаралардан түшкөн каражаттар менен толукталат;

-студенттер, аспиранттар, профессордук-окутуучулар жана кызматкерлер жамааттары үчүн уюштурулуучу дене тарбиялык жана спорттук иш-чараларга ЖАМУнун профсоюздар уюму администрациясы тарабынан берилген каржылануучу каражаттардан алынып төмөнкүлөр сыйланат:

-Кыргыз Республикасынын универсиадасында жеңүүчү болуп аталган машыктыруучулар:

- 1-орунга 6000 (миң) сом;

- 2-орунга 5000 (миң) сом;

- 3-орунга 4000 (миң) сом акча каражаты менен сыйланат.

- Дүйнөлүк, Азия, чемпиондору жана призер болуп аталган студенттер:

- 1-орунга 4000 (миң) сом;

- 2-орунга 3000 (миң) сом;

- 3-орунга 2000 (миң) сом акча каражаты менен сыйланат.

- КРнын Жогорку лигасында оюн көрсөткөн студенттер татыктуу оюн көрсөтүп, жогорку лигада кала турган болсо, 1000 (миң) сом акча каражаты менен сыйланат.

- спорт борборунун жетекчисинин айлык маянасы окуу жылдын аттестациянын негизинде такталат;

 5.17. Жаштар комитети ЖАМУнун казынасынын жана кесиптик кошундун эсебинен каржыланат;

5.18. Бөлүнгөн акча каражаттарын иш-планга ылайык жана комитетке жүктөлгөн милдеттерди аткарууда жумшай алат;

5.19. ЖАМУнун казынасынан бөлүнгөн акча каражаттарын атайын смета менен иштетүүгө укуктуу.

“ДЕН СООЛУК” СПОРТ БОРБОРУНУН МИССИЯСЫ

Студенттер ортосунда ынтымактуулукту, достукту бекемдөө жана  жогорку деңгээлдеги спортсмендерди даядоо. Студенттерди шаардык, облустук, Республикалык, дүйнөөлүк мелдештерге алып чыгуу менен университеттин атын даңгазалоого салым кошуу.

“ДЕН СООЛУК”  СПОРТ БОРБОРУНУН  БААЛУУЛУГУ

}   “Ырыс алды ынтымак”, биздин жамаат бири – биринин сөзүн таштабайт.

}   Талыкпай өзүнүн үстүндө эмгек кылышат

}   Убакыт менен эсептешпейт.

}   Спортчулардын сүйүктүү устаттары.

 “ДЕН СООЛУК”  СПОРТ БОРБОРУНУН   МАКСАТТАРЫ:

}   Профессордук-окутуучулардын жана студенттерин ден соолугун бекемдөө;

}   Студенттердин бири-бири менен карым-катнашты жана достукту жандандыруу;

}   Студенттерди жаман жолго барбоого (тамеки, спирттик ичимдиктерден ж.б.у.с жаман адаттардан алыс болууга) чакыруу;

}   Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун институттар ортосунда профессордук-окутуучулардын кышкы спартакиадасын уюштуруу;

}   Жыл сайын өтүлүүчү универсиадага студенттерди даярдоо;

}   Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун орто кесиптик билим берүү окуу жайлардын (колледж) ортосунда спартакиада уюштуруу;

“ДЕН СООЛУК” СПОРТ БОРБОРУНУН  АРТЫКЧЫЛЫГЫ:

}   Университеттин медициналык пунктунда спротчулар ар 6 айда дарыгердин көрүгүнөн өтүп турушат;

}   Студенттер тынымсыз машыгуунун негизинде шаардын, областын, республиканын, азиянын жана дүйнөнүн чемпиондору боло алышат;

}   Студенттер машыгууга керектелүүчү инвентарлар (спорттук кийим, топ ж.б.у.с.) университет тарабынан берилет;

}   Эгерде жобонун негизинде шаардык, областык, республикалык спорттук мелдештер болсо, ЖАМУнун студенттери барып катышуу үчүн университет тарабынан жол акы, тамак-ашына акчалай каражат бөлүнөт;  

}   Эгерде азия же дүйнө чемпиону болсо, “Ден соолдук” борборунун жобосунда көрсөтүлгөндөй ошол студент, окуу төлөмүнөн (контракт) 100 % га бошотулат.

Б.ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ, РЕСПУБЛИКА, АЗИЯ ЖАНА  ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДОРУ

БИЗДИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР ЖАНА БИЗДИН СЫЙМЫГЫБЫЗ

СУЛАЙМАНОВ АКЫЛ 

Юк 1-24 тайпасынын студенти

Гирек-рим күрөшү боюнча КРнын спорт чебери

СПОРТТУК ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

Ø 2022-ж Кыргызстан чемпионатында 1-орун;

Ø 2022-ж Бахрейн Манама шаарында болуп өткөн Азия оюндарында 2-орун;

Ø 2022-ж Казакстан республикасында болуп өткөн чоңдор арасындагы Эл аралык турнирде 1-орун;

Ø 2023-ж Иордания мамлекетинин Амман шаарында болуп өткөн U-20 Азия чемпионатында 60кг салмакта 2-орун;

Ø 2024-ж Кыргыз Республикасынын чемпиону, 1-орун;

Ø 2024-ж Казакстан Республикасынын Атырау шаарында болуп өткөн “Oil Capital Cup 2024” Эл аралык мелдешинде 1-орун;

Ø 2024-жыл ЖОЖдор арасындагы Чемпионатта 63кг салмакта 1-орун;

Ø 2024-жылдын 10-11-ноябрь күндөрү Кытай Эл Республикасында болуп өткөн грек-рим күрөшү боюнча Кытай жана Борбор Азиянын беш өлкөлөрү арасындагы ASIAN KUP биринчилине 63 кг салмакта катышып, коло байгенин ээси болду.

Ø 2025-ж  Кыргыз Республикасынын чемпиону;

Ø 2025-ж Польшада (Варшава ш.) өткөн Эл аралык “Pytlasinski” турниринде 60 кг салмакта 1-орун;

ПЛАНЫИш-чаралардын аталышыМөөнөтүЖооптууларӨткөрүү жайы1.      “Ден соолук” спорт борбору жооптуу болгон спорт залдарды, футбол манежин, күрөш залын жана көрнөк жарнактарды жанылоо жана реканструкциялоо;Сентябрь2025-ж“Ден соолук” спорт борбору2.      “Ден соолук” спорт борборунун спорттук секцияларынын графигин түзүү, машыктыруучуларды дайындооСентябрь2025-ж“Ден соолук” спорт борборуЖеринде3.      1-курс студенттер аралык  ЖАМУнун биринчилигиВолейболБаскетболКичи футболСтол теннисШахматТогуз коргоолЖеңил атлетика боюнча мелдештерди уютуруу, өткөрүүОктябрь, ноябрь 2025-ж“Ден соолук” спорт борбору, Дене тарбия, спорт жана АЧД  кафедрасы,ЖАКтын Дене тарбия ПЦКсы,Жаштар комитетиЖАМУнун спорт залы жана аянтчасы4.      Окутуучулардын ден солугун чыңдоо максатында ай сайын жөө жүрүш жана вело жүрүштөрдү   уюштурууЖыл бою“Ден соолук” спорт борбору, Жеринде5.      Баскетбол боюнча түштүк аймактык  “Ынтымак”  лигасына (КБЛ) ЖАМУнун баскетбол курама командасын катыштырууНоябрь 2025-ж“Ден соолук” спорт борбору, Ош, Жалал-Абад6.      Кыргыз Республикасынын калкты дене  бой жактан даярдоо, нормативдик талаптарды аткаруу (Жаштык дирекциясы)Октябрь, ноябрь 2025-ж“Ден соолук” спорт  борбору, Жеринде7.      Жалал-Абад шаарында өтүлүүчү ЖАЛФУТЛИГАнын биринчи двизионуна ЖАМУнун окутуучулары жана студенттери менен биргеликте түзүлгөн футбол курама командасын катыштырууДекабрь,январь,февларь2025-2026-жж“Ден соолук” спорт  борбору, Жеринде8.      Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун профессордук- окутуучулары жана кызматкерлери арасында ай сайын  волейбол жана футбол оюнун уюштуруу, өткөрүү Жыл  бою“Ден соолук” спорт  борбору ЖАМУнун спорт залы жана аянтчасы9.      ЖАМУнун  дене тарбиясы жаатында эмгектенип, көптөгөн ийгиликтерди жараткан маркум агайлардын элесине арналган иш-чараларды уюштуруу, өткөрүү Жыл бою“Ден соолук” спорт  борбору Дене тарбия, спорт жана АЧД кафедрасы,ЖАПКнын Дене тарбия ПЦКсыЖеринде10.  Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун профессордук- окутуучулары жана кызматкерлери арасындагы  кышкы “Ден соолук” спартакиадасын уюштуруу, өткөрүүЯнварь 2026-ж“Ден соолук” спорт  борбору Дене тарбия, спорт жана АЧД кафедрасы,ЖАКтын Дене тарбия ПЦКсыЖаштар комитетиЖАМУнун спорт залдары жана футбол аянтчасы11.  Университеттин профессордук- окутуучулар курамы жана кызматкелери арасында бильярд боюнча ректордун кубогун уюштуруу, өткөрүүФевраль 2026-ж“Ден соолук” спорт борборуЖеринде12.  КРнын жогорку окуу (ЖОЖ) жайлар арасындагы универсиадасына даярдануу, катышуу (Жаштык дирекциясы)Февраль-апрель 2026-ж“Ден соолук” спорт борборуЖеринде13.   “Нооруз” майрамына карата студенттер арасындагы спорттук иш чаралар уюштурууМарт 2026-ж“Ден соолук” спорт борборуЖАМУнун спорт залы жана аянтчасы14.  КРнын билим берүү мекемелеринин ортосундагы “Ден соолук” спартакиадасына даярдануу жана катышуу(Жаштык дирекциясы)Июнь 2026-ж“Ден соолук” спорт борборуЖериндеБ.ОСМОНОВ АТЫНДАГЫЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ, РЕСПУБЛИКА, АЗИЯ ЖАНА  ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДОРУБИЗДИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР ЖАНА БИЗДИН СЫЙМЫГЫБЫЗСУЛАЙМАНОВ АКЫЛ Юк 1-24 тайпасынын студентиГирек-рим күрөшү боюнча КРнын спорт чебериСПОРТТУК ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИØ 2022-ж Кыргызстан чемпионатында 1-орун;Ø 2022-ж Бахрейн Манама шаарында болуп өткөн Азия оюндарында 2-орун;Ø 2022-ж Казакстан республикасында болуп өткөн чоңдор арасындагы Эл аралык турнирде 1-орун;Ø 2023-ж Иордания мамлекетинин Амман шаарында болуп өткөн U-20 Азия чемпионатында 60кг салмакта 2-орун;Ø 2024-ж Кыргыз Республикасынын чемпиону, 1-орун;Ø 2024-ж Казакстан Республикасынын Атырау шаарында болуп өткөн “Oil Capital Cup 2024” Эл аралык мелдешинде 1-орун;Ø 2024-жыл ЖОЖдор арасындагы Чемпионатта 63кг салмакта 1-орун;Ø 2024-жылдын 10-11-ноябрь күндөрү Кытай Эл Республикасында болуп өткөн грек-рим күрөшү боюнча Кытай жана Борбор Азиянын беш өлкөлөрү арасындагы ASIAN KUP биринчилине 63 кг салмакта катышып, коло байгенин ээси болду.Ø 2025-ж  Кыргыз Республикасынын чемпиону;Ø 2025-ж Польшада (Варшава ш.) өткөн Эл аралык “Pytlasinski” турниринде 60 кг салмакта 1-орун;