1. Башкы бет
  2. Билим берүү иш аракети
  3. Социологиялык изилдөө борбору

Социологиялык изилдөө борбору

1. ЖАМУнун социологиялык изилдөө борборунун тарыхы

Социологиялык изилдөө борбору — социологиялык изилдөөлөргө адистештирилген иликтөөчү уюм. Социологиялык изилдөө борборун түзүү идеясы 90-жылдардын аягында “Философия жана гуманитардык илимдер” кафедрасынын башчысы, профессор Ниязалиев Шайлообай Мамасалиевич тарабынан сунушталган. Анын жетекчилигинин алдында кафедранын окутуучулары университетте социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн. Социологиялык изилдөө борборунун идеяларын ишке ашырууга Г.С.Токоева. Р. К. Шамшиев., А.О. Шерматов., Г.Т. Токтогуловалар активдүү катышышты. Алардын баары тез өзгөрүп жаткан коомдун талаптарына көңүл бурууга жөндөмдүү, ийкемдүү изилдөө борборун түзүүнү жана 1990-жылы түзүлгөн Кыргызстандын социологиялык коомуна социологдордун биригүүсүнө көмөктөшүү аракетин тең бөлүшүштү. Социологиялык изилдөө борбору чындыгында 2017-жылы юридикалык каттоодон өткөнгө чейин бир канча жыл мурда пайда болгон. Социологиялык изилдөөлөрдү уюштуруу жана өткөрүү иштери “Философия жана гуманитардык илимдер” кафедрасында жүргүзүлгөн. Изилдөө иштерине “Социалдык иш” адистигинин студенттерин катыштырышкан жана алар кийин изилдөө борборунун мүчөлөрү болуп калышкан. Дал ошол кезде изилдөө борборунун иштөө принциптери калыптанган. Бүгүнкү күнгө чейин, изилдөө борборунун социологиялык коомчулукта ээлеген орду метедологиялык артыкчылыктар менен аныкталат: анын мүчөлөрү конструктивдик, түшүнүүчү социологиянын салтында иштешет жана изилдөөнүн сандык ыкмаларын колдонушат. Социологиялык изилдөө борбору “Философия жана гуманитардык илимдер” кафедрасынын базасында ЖАМУнун Окумуштуулар кеңешинин 2017-жылдын 28-апрелиндеги чечиминин негизинде (№7 протокол) түзүлгөн. Социологиялык изилдөө борборунун негизги максаты болуп, социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана практикалык сунуштарды берүү эсептелет. Социологиялык изилдөөлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү менен бирге Борбор окутуучулар жана студенттер үчүн интеллектуалдык жана ресурстук борбор болуп калат. Бүгүнкү күндө социологиялык изилдөө борбору – бул изилдөөчү жана ресурстук борбор. Анын мүмкүнчүлүктөрүнөн студенттер, аспиранттар, жаш изилдөөчүлөр жана үчүнчү сектордун уюмдарынын өкүлдөрү пайдаланышат. Социологиялык изилдөө борбору университеттин актуалдуу проблемаларын жана социалдык процесстерди окуп үйрөнүүгө багытталган социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө адистешип жатат, ошондой эле коммерциялык, коммерциялык эмес уюмдарга социалдык-экономикалык проектерди иштеп чыгууга, экспертиза жүргүзүүгө, социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жардам берет. Социологиялык изилдөө борборунда жети кызматкер жана төрт студент иштешет, алардын экөө илимдин кандидаттары жана үчөөсү диссертациялык темаларынын үстүндө иштеп жатышат. Социологиялык изилдөө борбору изилдөөлөрдү университеттин ичинде жана андан сырткары дагы жүргүзөт. Бизди университеттин иш жүргүзүүсү менен байланышкан: билим берүүнүн сапаты, абитуриенттердин, ата-энелердин, жумуш берүүчүлөрдүн көз карашындагы университеттин бедели, студенттердин жана окутуучулардын социалдык абалы сыяктуу актуалдуу социалдык маселелер жана ошондой эле азыркы коомдогу жана Кыргыз Республикасындагы чоң социалдык маанилүү маселелер кызыктырат. 2019-жылы университеттин жетекчилигинин буйругу менен төмөнкү темалар боюнча изилдөөлөр жүргүзүлдү: «Окутуучу студенттердин көз карашында», «Жумуш берүүчүлөрдүн ЖАМУнун бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик даярдыгына канааттануусу», «Ата-энелердин университеттеги окуу-тарбия иштеринин сапатына канааттануусу» «Окутуучулардын университеттеги билим берүү процессинин сапатына канааттануусу». 2020-жылы: «Эмне үчүн бул жогорку окуу жайын тандап алдыңыз?», «Студенттердин окуу процессин уюштуруунун сапатына канааттануусу», «Студенттердин ашканадагы тамак-аштын сапатына жана бош убакытты пайдалуу өткөрүүнү уюштурууга канааттануусу», « Жумуш берүүчүлөрдүн ЖАМУнун бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик даярдыгына канааттануусу» «Окутуучу студенттердин көз карашында» «ЖАМУ ата-энелердин көз карашында». Ал эми чоң масштабдагы изилдөөлөрдүн бири бул малайзиялык эл аралык NAMA Foundation уюмунун колдоосу менен жүргүзүлгөн, Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдардын элдин көз карашындагы беделин изилдөө болду. Изилдөө бирдиктүү ыкма менен жүргүзүлүп, 1000ден ашуун респондент катышты. Бул изилдөө Кыргызстандын түштүк регионунда жүргүзүлдү. Социологиялык изилдөө борбору анын мүчөлөрүнүн активдүү катышуусу жана ЖАМУнун ректору тех.и.д. профессор Усенов Кеңешбек Жумабековичтин колдоосу менен өнүгүп, көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзүп келүүдө. Бул изилдөө борборунда көптөгөн тажрыйбалуу сурамжылоочулар иштешет жана керектүү баардык техникалык каражаттар жана заманбап программалар менен камсыздалган. Социологиялык изилдөө борборунун мүчөлөрүнүн илимий потенциалы, кесипкөйлүгү, алардын алдына койгон максатка умтулуусу, региондо социологиялык изилдөө жүргүзүү чөйрөсүндө жетектөөчү ролго ээ болушуна шарт түзөт. Жыл сайын университетте ондон ашык кеңири темадагы социологиялык изилдөөлөр жүргүзүлөт жана анын жыйынтыгында университеттин жетекчилигине социологиялык изилдөөнүн аналитикалык отчету берилет.

2. ЖАМУнун социологиялык изилдөө борборунун жетекчиси: Шерматов Абдыжапар Орунбаевич

  Негизги маалымат Шерматов Абдыжапар ОрунбаевичЭэлеген кызматы: ЖетекчиТелефон: 0779454564Электрондук почта: afganes1964@mail.ru
  Жеке маалымат Туулган жылы, жери: 24.09.1964 ж. пос. Чаңгыр-Таш Сузак р-ну Ош областыЖашаган жери: Жалал-Абад ш. Тарсус чакан көчөсү 5-2Граждандуулугу: КыргызстанУлуту: КыргызҮй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү
  Билими ЖогоркуЖОЖ: Ош Мамлекеттик Педагогикалык ИнститутуФакультет: ТарыхАдистиги: Тарых, коом таануу жана советтик укук мугалими
Кесиптик тажрыйбасы 1985-1986 «Киргизнефть» Ө.Б. оператор1986-1991 Ош Мамлекеттик Педагогикалык Институту1991-1992 Ош Советтик соода техникуму, тарых мугалими1992-1994 Жалал-Абад медициналык окуу жайы, тарых мугалими1994-2020 ЖАМУнун «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасында ага окутуучу
  Кошумча маалымат Армияда өтөгөн кызматы: 1982-1984 жж. Афганистанда Советтик аскерлердин чектелген контингентинде кызмат өтөгөнАйдоочулук күбөлүгү (категория): В,С.
  Тил билүүсү Кыргыз тилиОрус тили (эркин)
   Кошумча билим алуусу  Summer School 2000 программасы боюнча “Качественные методы в социологии” деген темада 2000 ж. 3-17- августта “Сорос-Кыргызстан” Фонду тарабынан уюштурулган окууга катыштым2008-жылдын июнь айында АУЦАда уюштурулган “Методика преподавания курса “Граждановедение” деген темадагы семинарга катыштым.2009-жылдын февраль айында АУЦАда Социалдык изилдөөлөр борборунда уюштурулган “Граждановедение” боюнча курска катыштым
  Жеке сапаттары ЖоопкерчиликтүүКоллектив менен иштей алатТырышчаакПунктуалдуу

3. ЖАМУнун социологиялык изилдөө борборунун мүчөлөрү:

Токтогулова Г.Т. ф.и.к. доцент

Алымкулов Б.Н. саяс.и.к. доцент

Кожоназарова Ы.М, окутуучу

Мурзакметов Т. Т. окутуучу

Куванычбек к. А. окутуучу

Алдозова Н. С. окутуучу

Абдугапарова К. Студент гр. СКк-1-17

Амира к. А. Студент гр. СКк-1-17

Шерматова Ч. Студент гр. СКк-1-17

Нармырзаева М. Студент гр. СКк-1-18

4. Социологиялык изилдөө борборунун 2019-2020 окуу жылындагы иш планы.

 №   Изилдөөлөрдүн аталышы   Өткөрүү мөөнөтү
 1.  I-курстун студенттери үчүн «Почему в качестве вуза был избран?» деген темада жүргүзүлгөн изилдөөгө мониторинг жүргүзүү   ноябрь 2019 ж.
 2.  II-III-курстун студенттери үчүн «Удовлетворенность студентов качеством организации учебного процесса» деген темада жүргүзүлгөн изилдөөгө мониторинг жүргүзүү   ноябрь 2019 ж. 
 3.  «Студенттердин ашканадагы тамак-аштын сапатына жана бош убакытты пайдалуу өткөрүүнү уюштурууга канааттануусу» деген темада жүргүзүлгөн изилдөөгө мониторинг жүргүзүү   январь 2020 ж.
 4.   «Преподаватель глазами студентов» деген темада жүргүзүлгөн изилдөөгө мониторинг жүргүзүү   февраль 2020 ж.
 5. «Жумуш берүүчүлөрдүн ЖАМУнун бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик даярдыгына канааттануусу» деген темада жүргүзүлгөн изилдөөгө мониторинг жүргүзүү   март 2020 ж.
 6. "ЖАГУ глазами родителей" деген темада жүргүзүлгөн изилдөөгө мониторинг жүргүзүү   Апрель 2020 ж.