Жалпы маалымат
ЖАМУнун тарыхы
Жалал-Абад мамлекеттик университети Кыргыз Республикасынын Президентинин 1993-жылдын 2-апрелиндеги Жарлыгы менен мамлекеттик окуу жайы катары электроника, энергетика, курулуш, билим берүү жана башка тармактар боюнча негизги жана толук жогорку билимдүү адистерди, ошондой эле агроөнөржай комплексинин адистерин даярдоону камсыз кылуу максатында ачылган.
Университет Кыргыз техникалык университетинин (мурдагы ФПИ), Жалал-Абад ветеринардык техникумунун, Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын, Майлуу-Суу электромеханикалык колледжинин жана Кочкор-Ата колледжинин, Кара-Көл жана Таш-Көмүр кечки факультеттеринин базасында түзүлгөн.
Жалал-Абад педагогикалык окуу жайы 1926-жылы педагогикалык техникум катары уюштурулуп, өлкөдөгү эң биринчи жана эң ири педагогикалык окуу жайы катары 31 миңден ашуун адисти (1926-1993) даярдаган. Бүтүрүүчүлөр Хусейн Карасаев, Гапар Айтиев, А.Исмаилов, Сабырбек Акылбеков, Жоомарт Бөкөнбаев, Жунай Мавлянов, Түмөнбай Байзаков, Нургазы Бримкулов, Темиркул Үмөталиев, Төлөн Шамшиев, Рахат Ачылова, Мухтар Борбугулов, Малабай Жунусалиев, Муса Адышев жана башка кыргызстандын илим, маданият, адабият жана билим берүүсүнүн көрүнүктүү ишмерлери болгон.
20-кылымдын 90-жылдары (ЖАМУга айланганга чейин) окуу жай жылына 400гө жакын башталгыч класстардын мугалимдерин, мектепке чейинки балдар мекемелеринин тарбиячыларын, дене тарбия мугалимдерин даярдаган.
Жалал-Абад педагогикалык окуу жайы 1993-жылы жабылгандан кийин, көптөгөн кызматкерлер ЖАМУда эмгек жолун улантып, университеттин түптөлүшүнө татыктуу салым кошушкан. (Бул тууралуу кененирээк 2003-ж. жарык көргөн Н.Жайлообаевдин эскерүүлөр китебинин котормосунан караңыз). Ошол эле педагогикалык окуу жайы ЖАМУнун инженердик-педагогикалык факультетин түзүүгө негиз болгон.
Жалал-Абад зооветеринардык техникуму 1947-жылы ачылып, айыл чарбасы үчүн 7846 адис даярдалган. Ал кезде 30 окутуучу иш алып барып, экөө илимдин кандидаты болгон. Манас Бабакулов (учурда ветеринария илимдеринин доктору, билим берүү жана илим министрлигинде эмгектенет) жана Келдибек Исмаилов. Бул техникумдун базасында ЖАМУнун агрардык-технологиялык факультети негизделген.
Кыргыз техникалык университетинин Кара-Көл кечки факультети 1963-жылы Токтогул ГЭСинин "Нарынгидроэнергокурулуш" башкармалыгынын ишканалары үчүн жогорку билимдүү адистерди даярдоо максатында уюштурулган. Факультет 3,5 миң инженерди, механик-энергетик, куруучуларды даярдады. Анын бүтүрүүчүлөрү долбоорлоо-курулуш уюмдарында, электр станцияларын курууда жана эксплуатациялоодо, башка энергетикалык ишканаларда, ошондой эле мурдагы Союздук республикаларда жана алыскы чет өлкөлөрдө эмгектенишет. Белгилей кетсек, бул факультет жогорку билим берүүнүн стандарттарына жооп берген жана Токтогул ГЭСинин энергетиктери курган заманбап лабораториялары жана окуу аудиториялары бар эле.
Жыл сайын кабыл алуу 100 абитуриентти түзгөн. Кара-Көл кечки факультетинде 3 илимдин кандидаттары: Сооронбаев Манас, Сартов Таштан жана Божумбаев Сарсен эмгектенген.
Кыргыз техникалык университетинин Таш-Көмүр кечки факультети КТУнун курамындагы эң жаш факультет болгон. Ал 1990-жылы Таш-Көмүр шаарындагы Майлуу-Суу окуу-консультациялык пунктун которуу жолу менен түзүлгөн. Факультет жарандык курулуш, энергетика, химиялык технология, электрондук материалдар жана буюмдар багыттары боюнча адистерди даярдаган. Факультеттин профессордук-окутуучулук курамы 14 адамдан турган, алардын ичинен бешөө илимдин кандидаттары жана доценттер.
ЖАМУ түзүлгөн учурда факультеттин деканы техника илимдеринин кандидаты, доцент А.Исабеков болгон. Айкалыштырып иштөө боюнча доцент болуп Таш-Көмүр жарым өткөргүч заводунун директору Жумагулов Сагынбек иштеген. Ошондой эле доцент болуп Кудайназаров Ысманалы Узенович иштеген, ал ЖАМУну уюштургандан кийин окуу бөлүмүнүн башчысы болуп которулуп, кийин ЖАМУнун Кочкор-Ата техникалык колледжинин директору болуп эмгектенген. Каримов Абдыкалык кафедра башчысы болуп, андан кийин Жалал-Абад шаарына механика кафедрасынын башчысы болуп которулган.
Майлуу-Суу электромеханикалык техникуму 1965-жылы Майлуу-Суу шаарынын ишканалары үчүн кесиптик орто билимдүү адистерди даярдоо үчүн түзүлгөн. Өз убагында техникум тарабынан жарык берүүчү техника, металл иштетүү багыттары боюнча 4 миңден ашуун адис даярдалган.
Техникумдун директору болуп Ушкаренко Валентина Георгиевна жана директордун орун басары болуп Оморов Анарбек Бакирович иштеп, кийин көп убакыт бою Майлуу-Суу электротехникалык колледжин Оморов Анарбек жетектеген.
Кочкор-Ата электрондук приборлор техникуму 1981-жылы СССРдин электрондук өнөр жай министрлигинин буйругу менен электроника жана микроэлектроника багыттары боюнча адистерди даярдоо үчүн түзүлгөн жана Кыргызстандагы бул багыттагы адистерди даярдоочу жалгыз окуу жай болгон. Техникумдун материалдык-техникалык, окуу-методикалык базасы жана 540 орундуу жатаканасы болгон. Техникумдун ачылышына жана материалдык-техникалык базасынын түзүлүшүнө анын биринчи директору Абдыбакы Мамановдун эмгеги зор.
ЖАМУнун материалдык-техникалык базасынын ачылышына, кийин анын түптөлүшүнө техника илимдеринин доктору, ошол кезде Ош технологиялык университетинин проректору, азыркы Бишкек финансы-экономикалык академиясынын ректору болуп иштеген профессор Мавлянов Абдрахман Суванкулович чоң салым кошкон.
Университетти ачууда, анын материалдык-техникалык базасын түзүүдө, университеттин чакырылган окутуучуларын турак-жай менен камсыздоодо Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатор Тагаев Абдыжапар Абдыкааровичтин, эл депутаттарынын облустук кеңешинин төрагасы Калматов Тойгонбай Зикировичтин, Жалал-Абад шаарынын акими Исманов Касым Мадаминовичтин жана Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы Абылов Нуралынын эмгектерин айтууга болот.
Ошентип 1993-жылдын 2-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин "Жалал-Абад шаарында мамлекеттик университетти ачуу жөнүндө" Жарлыгы чыгып, 5-апрелде Жалал-Абад мамлекеттик университети салтанаттуу түрдө ачылган. Президенттин Жарлыгын ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 10-майындагы токтому, өз кезегинде өкмөттүн токтомун аткаруу үчүн 1993-жылдын 14-майындагы, ошондой эле элдик билим берүү министринин 163/1 буйругу чыккан. Бул буйрукка ылайык, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жогорку билимдүү адистерди энергетика, электроника, айыл чарба, текстиль жана жеңил өнөр-жай, педагогика, тамак-аш технологиясы, химиялык материалдар жана электроника буюмдары багытында даярдоого уруксат берилген. 1993-1994-окуу жылына 635 студент кабыл алынып, алардын ичинен 510у күндүзгү окуу формасы боюнча билим алган. 1993-жылдын 27-майында билим берүү министринин буйругу менен ЖАМУнун алгачкы жетекчилери: ректор - техника илимдеринин доктору, профессор Бримкулов Улан Нургазиевич; окуу иштери боюнча проректор - техника илимдеринин кандидаты, доцент Жайлообаев Нурмат Жайлообаевич; илимий иштер боюнча проректор - техника илимдеринин доктору, профессор Кыдыралиев Сабыржан Кыдыралиевичтер дайындалган.
Андан кийинки ректорлор:
Бекболотов Турсунбек Бекболотович – техника илимдеринин доктору, профессор, 1996-1999-жж. ректор.
Алыбаев Курманбек Сарманович – физика-математика илимдеринин доктору, профессор, 1999-2000-жж. ректор.
Бөкөшов Жамгырбек Бөкөшович – филология илимдеринин доктору, профессор, 2000-2005-жж. ректор.
Аширалиев Абдиумаматкадыр – техника илимдеринин доктору, профессор, 2005-2008 – 2010-2011-жж. ректор.
Кененсариев Ташмамбет Кененсариевич – тарых илимдеринин доктору, профессор, 2008-2010-жж. ректор.
Абдрашев Акунжан Бакасович – саясий илимдеринин доктору, профессор, 2011-2016-жж. ректор.
2016-жылдан бери техника илимдеринин доктору, профессор, КРнын ИАнын академиги, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, КР илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Усенов Кеңешбек Жумабекович ЖАМУнун ректору болуп иштеп келүүдө.
Ар бир ректор, өз учурунда ЖАМУнун өнүгүүсүнө салымын кошуп, материалдык-техникалык базаны чыңдоого аракет кылган. Университеттин аймактык, республикалык жана эл аралык аброюн көтөрүүдө да буга чейин иштеп кеткен ректорлордун жана жалпы жамааттын эмгеги чоң. Ал эми Усенов Кеңешбек Жумабекович жетектеп келе жаткан жылдар аралыгында окуу жайдын илимий-өндүрүштүк-техникалык базасы жогорку деңгээлде жаңыланып, жаңы имараттардын да курулуусу арбын болду.