1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Илим, магистратура, аспирантура жана докторантура бөлүмү

Илим, магистратура, аспирантура жана докторантура бөлүмү

Телефон:

372 221 602

Каттоо:

17.12.2023

Акыркы сапар:

5 месяцев назад

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Илим, магистратура, аспирантура жана докторантура бөлүмү окуу жайдын көп деңгээлдүү билим берүү саясатын ишке ашыруу жана илимий ишмердүүлүгүн жетектеген ЖАМУнун структуралык түзүмү болуп эсептелет.

КРнын Билим берүүсү болондук системага кошулгандыгына байланыштуу, 2018-2019 окуу жылында аспирантурага бардык адистиктерге кабыл алуу токтотулган.

2019-2020- окуу жылында КРнын билим берүү жана илим министрлигинин № 712/1 буйругу менен (2020-жыл, 4-сентябрь, №13-23 протоколу) педагогикалык багыттар боюнча магистратура ачылып, филологиялык багытта: кыргыз тили адабияты, англис тили адабияты; физика-математикалык багытта: математика; педагогикалык багытта: башталгыч билим; табигый билим берүү багытында: химия адистиктеринде магистранттар кабыл алынган. Ушуга байланыштуу Магистратура жана PhD докторантура бөлүмү ачылып (буйрук №192, 2020-жылдын 12-ноябры), ага ф.и.к., доцен Д.М. Чокоева башчы болуп дайындалган (буйрук №195, 2020-жылдын 19-ноябры).

Магистратуранын ачылганына байланыштуу 2021-2022 окуу жылына аспирантура кайра жандандырылган. Аспирантуранын кайра жанданганына байланыштуу Магистратура жана PhDдокторантура бөлүмүнүн аталышы Илим, магистратура, аспирантура жана докторантура болуп өзгөртүлүп (буйрук №262, 2021-жылдын 19-октябры), жогорку деңгээлдеги билим берүүнүн баары бир бөлүмгө чогултулду. Бөлүм башчылыкка ф.и.к., доцент Д.М. Чокоева калтырылды.

Бөлүм ЖАМУнун структуралык түзүмдөрүндө көп деңгээлдүү билим берүү боюнча пландаштырылган иштерди көзөмөлдөйт жана магистранттарга билим берүү, практикадан өткөрүү, илимий иштерин жазууну уюштуруу, көзөмөлдөө жана жактатуу боюнча иштерге жетекчилик кылуу менен аспиранттарды кабыл алуу иштерин жүргүзөт, кандидаттык минимумдарды тапшыруу үчүн курстарды, жылына эки жолу кандидаттык минимум боюнча экзамендерди кабыл алууну уюштурат. Магистратуранын билим берүү программаларынын кадрдык, окуу-усулдук жактан камсыздалышына, материалдык-техникалык жактан жабдылышына кам көрөт. Магистратуранын, аспирантуранын жана илимий иштерди жүргүзүүдө КРнын билим берүү жана илим боюнча нормативдик-укуктук иш кагаздарына таянуу менен ички жоболорду иштеп чыгат. Ошол документтерге таянуу менен илимий долбоорлорду жазууну, илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды, илимий окууларды, тегерек столдорду уюштуруу, илимий журналдарды жана монографияларды чыгаруу иштерин жүргүзөт. Ушул иштердин баары бөлүмдүн башчысы, ф.и.к., доцент Д.М.Чокоеванын көзөмөлүнүн алдында ишке ашырылат.

Ал эми бөлүмдө улуу инспектор болуп 2013-жылдан бери иштеп келе жаткан Абдразакова Гулмира Абдыжапаровна магистратуранын иштерин жүргүзүүгө көмөктөшүү менен катар, аспирантурага тапшырууну каалоочулардын документтерин кабылдоо, кабыл алуу экзамендерин уюштуруу, кандидаттык минимумду тапшыруу боюнча курстарды уюштуруу жана кандидаттык минимумдарды тапшыртуу иштерин уюштурууну жана аспиранттардын отчетторун кабыл алуу, университеттин илим изилдөө боюнча кеңешине сунуштоо иштерин жүргүзөт. Бөлүмдүн экинчи улуу инспектору Сулайманова Гулен Кантороевна магистратуранын документтерин жүргүзүү менен бөлүмгө тапшырылган илимий макалаларды кабыл алуу, даярдоо сыяктуу басмага тапшырууга чейинки иштерди алып барат. Мындан сырткары бөлүмдүн пландагы илимий иштерин (илимий-практикалык конференцияларды, жолугушуу, семинар, тегерек столдорду, ар түрдүү темадагы илимий окууларды) уюштурууга көмөктөшүшөт.

Илим, магистратура, аспирантура жана докторантура (ИМАД) бөлүмү өз ишмердүүлүгүн КРнын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын, Жогорку окуу жайлары жөнүндөгү жобосунун, ЖАМУнун уставынын, илим жөнүндөгү жоболорунун негизинде иш жүргүзөт.

ИМАД бөлүмүнүн негизги максаты катары университеттеги көп деңгээлдүү билим берүүнү жолго коюу, илимий кадрларды даярдоо, магистранттардын билим жана илимий сапатын көтөрүү системасын уюштуруу, ишке ашыруу, өнүктүрүү жана жалпы университеттик билим берүү сапатын жогорулатуу саясатын өркүндөтүү болуп саналат. Ошондой эле илимди өнүктүрүү саясатын түздөн-түз жүргүзүүгө, окуу жайдын кыргызстандын жана дүйнөлүк илимий тенденцияларга интеграциялануусуна, илимий жетишкендиктери аркылуу региондун элинин турмуш-тиричилигинин жакшырышына, социалдык маселелердин оң чечилишине, коомдун философиялык-гуманитардык, маданий жана демократиялык аңдоосунун өсүп-өнүгүшүнө салмактуу салымын кошууну көздөйт.

Бөлүмдүн кызматкерлери:

Абдразакова Гулмира Абдыжапаровна – улук инспектор

Сулайманова Гулен Кантороевна – улук инспектор