1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)

Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)

Бегижан Номанжанович

Директор Центра поддержки и развития бизнеса

Каттоо:

29.10.2023

Акыркы сапар:

6 месяцев назад

Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор) 2022-жылдын 30-июнундагы Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Окумуштуулар Кеңешинин №11 протоколу менен бекитилип, ректордун 30.06.2022-ж. № 187 буйругунун негизинде ачылган. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун (Бизнес-инкубатор) директорлук кызматына ректордун 25.08.2022-ж. №362/1 сандуу буйругу менен 2022-жылдын 26-августунан баштап саясий илимдердин кандидаты, доцент Алымкулов Бегижан Номанжанович дайындалган. Бизнес-инкубатор - бул студенттерге, профессордук-окутуучулук курамга алардын ишкердик ишмердүүлүгүн жана инновациялык идеяларын уюштурууда жана өнүктүрүүдө колдоо көрсөтүү жана көмөктөшүү боюнча каражаттар менен чаралардын жыйындысы. Идеядан иштеп чыгуудан тартып, аны коммерциялаштырууга чейин өнүктүрүүнүн бардык этаптарында бизнес-долбоорду колдоо менен алектенген уюм. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун (Бизнес-инкубатор) иш максаты: - студенттер менен профессордук-окутуучулук курамдын инновациялык жана ишкердик идеяларын коммерциялаштыруу процессин уюштуруу, ошондой эле адистерди базар экономикасынын реалийлерине жана ишкердик ишмердүүлүгүнүн талаптарына даярдоо. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун (Бизнес-инкубатор) негизги милдеттери: - ЖАМУнун студенттеринин жана профессордук-окутуучулук курамдын илимий иштелмелерин коммерциялаштыруу үчүн шарттарды түзүү; - бизнес менен байланыштарды орнотуучу жана студенттер менен профессордук-окутуучулук курамдын инновациялык идеяларын концепциядан ишке ашырууга чейин тездетүүчү ишкердик чөйрөнү түзүү; - студенттер менен профессордук-окутуучулук курамга инновациялык өндүрүмдү жана жаңы технологияларды түзүүгө багытталган илимий-изилдөөчүлүк жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди жүргүзүүгө катышуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берүү; - илимий изилдөөнү талап кылган өндүрүмдү же технологияларды түзүү, иштеп чыгуу жана ишке ашыруу процессине студенттер менен профессордук-окутуучулук курамды тартуу.

Документтер: