1. Башкы бет
  2. Эл аралык байланыштар жана рейтингдер департаменти

Эл аралык байланыштар жана рейтингдер департаменти

Русланбек

Эл аралык байланыштар жана рейтингдер департаментинин директору, ф.-м.и.к., доцент

Туулган күн:

November 05, 1980

Каттоодон өтүү:

12.03.2026

Акыркы кириш:

3 недели назад

Эл аралык байланыштар жана рейтингдер департаменттинин негизги максаты — университеттин эл аралык байланыштарын өнүктүрүү жана анын улуттук жана эл аралык рейтингдеги позицияларын системалуу түрдө жогорулатуу.

Негизги милдеттери

1. Университетти эл аралык деңгээлге чыгаруу стратегиясын түзүү жана ишке ашыруу.

2. Чет өлкөлүк билим берүү жана илимий уюмдар менен эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.

3. Студенттердин, магистранттардын, докторанттардын жана профессордук-окутуучулар курамынын академиялык мобилдүүлүгүн уюштуруу жана координациялоо.

4. Чет өлкөлүк билим берүү уюмдары менен биргелешкен окуу программаларын ишке ашырууну колдоо.

5. Эки диплом жана биргелешкен диплом программаларын уюштуруу жана координациялоо.

6. Университеттин эл аралык билим берүү жана илимий долбоорлорго, гранттарга катышуусун координациялоо.

7. Университеттин улуттук жана эл аралык рейтингдерге катышуусун камсыз кылуу.

8. Университеттин рейтингдеги позицияларына таасир этүүчү көрсөткүчтөрдү мониторингдөө жана анализдөө.

Департаменттин түзүмү

Департаментке төмөнкү бөлүмдөр кирет:

  • Эл аралык байланыштар сектору
  • Эл аралык рейтингдер сектору

Эл аралык байланыштар сектору төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

  • Эл аралык кызматташтык боюнча келишимдерди даярдоо жана коштоо;
  • Партнёрдук байланыштарды өнүктүрүү;
  • Эл аралык иш-чараларды жана визиттерди уюштуруу;
  • Эл аралык уюмдар жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр (анын ичинде АКШ, Жапония, Кытай жана башка өлкөлөрдүн элчиликтери) менен биргелешкен долбоорлорду жана борборлорду координациялоо;
  • Академиялык мобилдүүлүктү координациялоо;
  • Чет өлкөлүк студенттер жана университеттин профессордук-окутуучулар курамы менен иш жүргүзүү;
  • Биргелешкен окуу программаларын жана эл аралык долбоорлорду коштоо жана колдоо.

Эл аралык рейтингдер сектору төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

  • Рейтинг агенттиктерине маалыматтарды чогултуу, системалаштыруу жана текшерүү;
  • Рейтингдерге катышуу үчүн материалдарды даярдоону координациялоо;
  • Рейтинг көрсөткүчтөрүн анализдөө;
  • Университеттин жетекчилигине аналитикалык отчётторду жана сунуштарды даярдоо;
  • Ички негизги көрсөткүчтөрдү мониторингдөө.

Департаменттин жобосу