1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Өзгөчө кырдаалдарда коргонуу жана автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо ПЦКсы

Өзгөчө кырдаалдарда коргонуу жана автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо ПЦКсы

Абдилазиз

ПЦКнын башчысы

Телефон:

777 290 201

Туулган күн:

April 01, 1959

Каттоо:

29.12.2023

Акыркы сапар:

8 месяцев назад

Даярдаган адистиктери:

  • 280105 Өзгөчө кырдаалдардан коргонуу, квалификация: Техник;
  • 190604 Автобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо, квалификация: Техник;
  • 190503 Транспорттун электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо (суу транспортунан башка транспорттун түрлөрү боюнча), квалификация: Техник-электромеханик.

нормативдик окуу мөөнөтү: 

2 жыл 10 ай, негизги жалпы билим берүү базасында (9- класс);

1 жыл 10 ай, жалпы орто билим берүүнүн базасында (11-класс);

280105 Өзгөчө кырдаалдардан коргоо жана 280105 Өзгөчө кырдаалдардан коргонуу адистиктери боюнча окутуунун күтүлүүчү натыйжалары:

Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы 1: Кесиптик ишмердүүлүктө математикалык, табигый, гуманитардык, экономикалык илимдердин негизги жоболорун пайдаланууга, өз алдынча жаңы билимдерге ээ болууга жөндөмдүү жана өз ишмердүүлүгүнүн натыйжасын баалай алат;

Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы 2: Өз оюн логикалык жактан туура, жүйөлүү жана ачык мамлекеттик тилде билдире алат, социалдык мамилелер денгээлинде чет тилдердин биринде сүйлөй алат;

Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы 3: Кесиптик тапшырмаларды аткаруу усулдары менен ыкмаларын тандоону, алардын натыйжалуулугу менен сапатын баалай алат, көйгөйлөрдү чечет жана стандарттык, стандарттык эмес кырдаалдарда демилгени жана жоопкерчиликти колго алуу менен чечим кабыл алууга жөндөмдүү;

Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы 4: Өзгөчө кырдаалдарда маалыматтарды чогултат, жагдайды баалайт, жаратылыш объектилерине мониторинг жүргүзөт, кесепеттери менен тоболкелчиликтерин болжолдойт;

Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы 5:Авариялык-куткаруучу жабдуулар менен техниканы пайдаланууну жана регламенттик тейлөөнү уюштурууга жөндөмдүү;

Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы 6: Өзгөчө кырдаалдардагы аймактарда жабыр тарткан калкка биринчи кезектеги жардам берүүнү уюштурууга жөндөмдүү;

Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы 7: Түрдүү өзгөчө кырдаалдарда жабыр тарткандар менен өздүк курамдын толук жашоосун калыбына келтирүүнү камсыздандыра алууга жөндөмдүү.

Өзгөчө кырдаалдардан коргонуу жана автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо ПЦКсынын окутуучулары

Эшбаев Абдилазиз Аматович, Орозалиева Мээрим, Исмалов Бакыт, Кулушев Каныбек
Эшбаев Абдилазиз Аматович, Орозалиева Мээрим, Исмалов Бакыт, Кулушев Каныбек
Ф.А.А. Билими Кызматы
1 Досматов Нурмамат Эшиевич 1980-1986 ж. ФПИ, Адистиги - «Инженер-механик». Окутуучу
2 Бекешов Марип Атанбаевич Жогорку, 1979-1984 ж. ФПИ, адистиги – «Инженер-механик». Окутуучу
3 Исмаилов Бакытбек Абдимиталипович Жогорку, 1992 – 1997 ж. КТМИ, адистиги – “Инженер-эколог”. Окутуучу
4 Орозалиева Мээрим Раттановвна Жогорку, 2005-2010 ж. ЖАМУ,  адистиги -  “Биология мугалими”. Окутуучу
5 Ташиев Эдилбек Чыныбаевич Жогорку, 2009-2013 ж.  г. ОшТУ, адистиги – «Транспортту башкаруу жана жеткирүүнү уюштуруу иженери». Окутуучу
6 Эшбаев Абдилазиз Аматович Жогорку, 1975-1980 ж. ТЭБИ, адистиги  “Элетробайланыш инженери” ӨКК жана АТТТжО ПЦКсынын төрагасы

Кесипке багыт берүү

Бул кесиптин өзгөчөлүгү

  • Дүйнө жүзүндөгү эң керектүү жана талап кылынган адис бул куткаруучу. Ал биринчилерден болуп жардамга келет;
  • Куткаруучунун негизги максаты: сактоо, жардам, коргоо;
  • Заманбап материалдык-техникалык база, тренажерлор, полигондор Сизди кайдыгер калтырбайт;
  • Аскер кызматкерлери болгондуктан толугу менен мамлекеттик камсыздоодо болосуз. ӨКМдин кызматкерлери бардык кошумчалары менен 30-50 миң айлык акы алышат;
  • Бүтүрүүчүлөрүбүз толугу менен жумушка жайгашат. Бул кесип ээлери Республикада жетишсиз;
  • туденттерибиз ӨКМдин Жалал-Абад областы тарабынан уюштурулган машыгууларга жана окууларга такай катышып алдыңкы орундарды ээлеп келишет;
  • Окуу жайды аяктагандан кийин чоң аскердик карьераңызды түзө аласыз.

Абитуриенттердин ээсине:

Бизди тандооңуздун себеби...

  • ӨКМдин областык башкармалыгында
  • ӨКМдин шаардык, райондук бөлүмдөрүндө
  • Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана болжолдоо жүргүзүү департаменти
  • КР ӨКМнин Сел жана селден коргоо мамлекеттик агентиги
  • КР ӨКМнин калдыкдыктарды көзөмөлдөө агентиги
  • КР ӨКМнин Гидрометеорология агенттиги (Кыргызгидромет)
  • КР ӨКМнин алдындагы жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору
  • КР ӨКМнин аскер бөлүктөрү
  • КР ӨКМнин алдындагы кризистик кырдаалдарды башкаруу борбору
  • Мекеме ишканаларда жарандык коргонуу адиси
  • Айыл Өкмөттөрдө жарандык коргонуу адиси
  • Өрт өчүрүү кызматынын диспетчери
  • Жарандык коргонуу инструктору
  • Ишкана мекемелерде эмгекти коргоо адиси болул иштей аласыз

Жалал-Абад колледжинде бул адистик 2016-жылдан бери даярдалат, жыл сайын 25 студент окуу жайды ийгиликтүү аяктап дипломго ээ болот. Окуу жайга абитуриенттер контракттык негизде кабыл алынат.

Студенттин турмушунан
Студенттин турмушунан

190604 Автобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо адистиги боюнча окутуунун күтүлүүчү натыйжалары:

Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы 1: Кесиптик ишмердүүлүктө математикалык, табигый, гуманитардык, экономикалык илимдердин негизги жоболорун пайдаланууга, өз алдынча жаңы билимдерге ээ болууга жөндөмдүү жана өз ишмердүүлүгүнүн натыйжасын баалай алат;

Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы 2: Өз оюн логикалык жактан туура, жүйөлүү жана ачык мамлекеттик тилде билдире алат, социалдык мамилелер денгээлинде чет тилдердин биринде сүйлөй алат;

Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы 3: Автомобиль транспортторун техникалык тейлөө жана ремонтоо түрлөрүн техникалык-ченемдик талаптарга ылайык жүргүзүүгө, клиенттер менен иштөөгө, стандарттык эмес кырдаалда жумушту пландаштырууда ылайыктуу чечимди тандоого, жумуштардын сапатына жетүүгө жөндөмдүү;

Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы 4: Унаалар менен жабдууларды пайдаланууда, техникалык тейлөөдө, оңдоодо жана сактоодо, өндүрүш участкасында коопсуздукту камсыз кылууда рационалдуу нормативдерди тандоого жөндөмдүү;

Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы 5: Долбоор-конструкциялык, технологиялык жана башка техникалык документтерди колдонуудагы ченемдик базага ылайык формага келтирүүгө жөндөмдүү;

Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы 6: Автотранспорттук мекемелердин пайдалануу жана ремонттоо участкалары менен цехтерин долбоорлоо, авто унааларды пайдалануу процессинде автомобилдердин түйүндөрү менен агрегаттарын тандоо боюнча билимдер менен ыкмаларга ээ болот;

Бул кесиптин өзгөчөлүгү

  • Студенттер өндүрүш менен байланышып сапаттуу билим алчу заманбап автомобилдерди оңдоочу жана тейлөөчү “Окуу өндүрүштүк комплекстер” бизде гана бар
  • Бүтүрүүчүлөрбүз иш берүүчүлөрдүн сынынан жогорку деңгээлде өтүшөт
  • Заманбап лабораториялар, техникалык жабдуулар, жаңы ремонттолгон окуу жайыбыз Сизди кайдыгер калтырбайт
  • Материалдык техникалык база учурдагы автомобилдердин түрүнө жараша жабдылган
  • Жумушчу орундарда окутуу бизде гана ишке ашат.
  • Бизге дагы “Ишкердик” курсуокутулат. Ошондуктан өзүндүн жеке ишканаңды ача аласын

Абитуриенттердин ээсине:

Бизди тандооңуздун себеби...

  • Түрдүү менчиктеги автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо мекеме ишканаларда жетекчилик жана техникалык кызматтарда;
  • Автомобиль транспортунун техниги;
  • Автомобиль транспортундагы конструктордук жана технологиялык ишмердүүлуктөгү кызматкер;
  • Автомобиль транспортун айдоону үйрөтүү;
  • Автомобиль транспортун каттоо органдарында иштей аласыз.

Автоунааларды тейлөө жана оңдоо жаатында жеке ишкердик менен алектенүүгө мүмкүндүк берет.

  Студенттин турмушунан
  Студенттин турмушунан

Биз менен байланышкыла

Урматтуу Абитуриенттер!!!

Сиздерди кызыктырган суроолорго болсо, төмөнкү электрондук почтага: aziz.aziz@internet.ru

же болбосо моб. +996 777 290201 телефон чалып, жооп алсанар болот.

Окуу жайдын дареги:

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад Мамлекеттик университети

Жалал-Абад шаары, Түмөнбай Байзаков проспектиси №57

Жалал-Абад колледжи

Жалал-Абад шаары, Токтогул көчөсү №16/1

факс: (03722) 5-03-33, тел.: (03722) 5-59-68, +996 772 453 696

Email: rector@jagu.kg, barisa08@mail.ru; сайт: jagu.edu.kg

Зарыл болгон документтер:

• Абитуриенттин арызы;

• Орто билими жөнүндө аттестат;

• Толук эмес орто билими жөнүндө күбөлүк;

• 3х4 өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт;

• 086/У формасындагы мед.тактама;

• Паспорттун көчүрмөсү, паспорт алууга жашы жете электерге туулгандыгы

тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

• Аскердик билети же ыйгарылган (приписной) күбөлүгү.