1. Башкы бет
  2. Академиялык саясат департаменти

Академиялык саясат департаменти

Бариса Майлыевна

Педагогика илимдеринин кандидаты, доцент

Телефон:

Каттоодон өтүү:

25.09.2023

Акыркы кириш:

1 год назад

Академиялык саясат департаменти ЖАМУнун Окумуштуулар кеңешинин 2025жылдын 30-июнундагы №10 жыйынынын чечими менен түзүлгөн. Академиялык саясат департаментинин директору кызматына ЖАМУнун ректорунун №258.30.06.2025 буйругу менен п.и.к. доцент Турдубаева Бариса Майлыевна дайындалган.

Департаменттин курамына:

  • Окуу бөлумү;
  • Лицензиялоо, аккредитациялоо жана билим берүүнүн сапаты бөлүмү;
  • Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы үюштуруу бөлүмү;
  • Тест борбору;
  • Атайын жана моблизациялык иштер боюнча бөлүмү кирет.

Академиялык саясат департаментинин иштөө багыты:

1. Педагогикалык кадрлардын билим жана окутуу сапатын жогорулатуу боюнча:

  • Методикалык иштерди жакшыртуу

Максаты: педагогикалык жамааттын педагогикалык жана методикалык жактан деңгээлин жогорулатуу. Иш-чаралар:

  • Заманбап окутуу технологиялары боюнча методикалык семинарларды, тренингдерди, мастер-класстарды үзгүлтүксүз өткөрүү .
  • ЖОЖдун ичинде педагогикалык чеберчилик мектебин же профессордук-окутуучулар курамын академиялык өнүктүрүү борборун түзүү .
  • Билим берүү программаларын, компетенцияларын жана баалоо каражаттарын иштеп чыгуу боюнча методикалык сунуштарды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
  • Окуу-методикалык материалдаргаички аудитжүргүзүп,экспертизадан өткөрүү.
  • Сабактарды талдоо жана тажрыйба алмашуу максатында өз ара сабакка катышууну уюштуруу .

2. Окутуудагы инновациялык технологияларды ишке киргизүү

Максаты: Окуу процессин заманбап, интерактивдүү жана студентке багыттап уюштуруу. Иш-чаралар:

  • Педагогикалык кадрларды санариптик билим берүү инструменттерин колдонуп окутуу (LMS Moodle, Google Classroom, Canvas ж.б.).
  • Окутуунун активдүү ыкмаларын ишке ашыруу : кейс-стади, долбоорлоп окутуу , көйгөйдү чечүү, аралаш окутуу, flipped classroom.ж.б.
  • Электрондук окуу курстарын , видеосабактарды жана санариптик билим берүү ресурстарын өнүктүрүү .
  • Инновациялык ыкмаларды ишке ашырган мугалимдерге дем берүү (сынактар, сыйлыктар, рейтингдер аркылуу).

3. Билим берүүнүн сапатына ички контролдоо системасы

Максаты: Билим берүүгө,сабак өтүүгө ачык,айкын баа берүүнү жана объективдүү талдоону камсыз кылуу. Иш-чаралар:

  • Окутуунун сапатына үзгүлтүксүз ички аудитти киргизүү (өз ара сабакка катышуу, студенттерди сурамжылоо, эксперттик комиссиялар).
  • Педагогикалык кадрлардын ишинин натыйжалуулугун баалоонун рейтингдик системасын иштеп чыгуу (окутуунун сапатын, окутуунун усулдарын, басылмаларды жана инновацияларды эске алуу менен).
  • Билим берүү программаларына ички мониторинг жүргүзүү жана анын жыйынтыгы боюнча оңдоолорду киргизүү.
  • Департаменттин алдында билим берүүнүн сапаты боюнча кеңеш түзүү .

4. Квалификацияны жогорулатуу жана кадрдык ресурстарды өнүктүрүү

Максаты: мугалимдердин квалификациясын тынымсыз жогорулатуу. Иш-чаралар:

Окутуучуларга квалификациясын жогорулатуу боюнча жеке пландарды түздүрүү .

  • Окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуунун ички жана сырткы курстарын уюштуруу (анын ичинде онлайн).
  • Педагогикалык кадрларды окутуугатышкы эксперттерди жана практиктерди тартуу .
  • Окутуучулардын илимий конференцияларга, стажировкаларга, түрдүү гранттарга катышууга жана академиялык мобилдүүлүккөкатышуусуна колдоо көрсөтүү .
  • Тажрыйбалуу жана жаш мугалимдердин ортосунда насаатчылык системасын киргизүү .

5. Окуу пландары жана программалары менен иштөө

Максаты: Окутуунун мазмунун эмгек рыногунун талаптарына жана стандарттарына шайкеш келтирүү. Иш-чаралар:

  • Компетенттүүлүккө негизделген мамилени эске алуу менен билим берүү программаларын кайра карап чыгуу жана жаңылоо .
  • Практикага багытталган дисциплиналарды жана модулдарды окуу программаларга арбын киргизүү.
  • Иш берүүчүлөр менен курстун мазмунун карап чыгуу .
  • Бүтүрүүчүлөр жана иш берүүчүлөр менен окуу процесси боюнча кайтарым байланыш механизмдерин ишке ашыруу .

6. Окутуунун натыйжаларына үзгүлтуксүз мониторинг жана талдоо жүргүзүү

Максаты: окутуунун натыйжалуулугу жана объективдүү баалоо. Иш-чаралар:

  • Окутуу натыйжаларын талдоо менен аралык жана жыйынтыктоочу текшерүүнү жүргүзүү
  • Кафедралардын, институттардын жана окутуучулардын жетишкендиктерине салыштырма анализ.
  • Билим сапатын жогорулатуунуниндикаторлорун иштеп чыгуу жана аналитикалык отчетту жыл сайын сайтка жарыялоо.
  • Окуу процессин жакшыртууүчүн тестирлөөнүн натыйжаларын колдонуу .

7. Студенттер менен иштөө (кайтарым байланыш )

Максаты: Окутуунун сапатын баалоодо окуучулардын пикирин эске алуу. Иш-чаралар:

  • Окутуунун сапаты боюнча студенттерден сурамжылоо жүргүзүү .
  • Билим сапаты маселелери боюнча фокус-группаларды жана студенттик форумдарды уюштуруу .
  • Студенттерди сапатты жогорулатууга активдүү катышууга мотивациялоо системасын иштеп чыгуу (мисалы, кафедралардын рейтингинде).

8. Мотивация жана мыкты мугалимдерди таануу

Максаты: Кесиптик өсүү жана сапатты көтөрүү үчүн шарттарды түзүү. Иш-чаралар:

  • «Жылдын мыкты мугалими», « Жылдын рационализатору», «Жылдын методисти» наамдарын белгилөө.
  • Билим берүүнүн сапаттык көрсөткүчтөрүн профессордук-окутуучулук курамдын сыйлоо системасына киргизүү.
  • Ийгиликтүү тажрыйбаларды жана алдыңкы мугалимдер менен маектерди жарыялоо.

9. Санариптештирүү жана аналитика

Максаты: Башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн маалыматтарды жана технологияларды колдонуу. Иш-чаралар:

  • Билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү үчүн маалыматтык технологиялык системаны өркүндөтүү.
  • Окуу процессин автоматташтырууда жаңылыктарды киргизүү.
  • Сапат динамикасын көзөмөлдөө үчүн АВНдин рейтинг системасын күчөтүү .

10. Академиялык маданият жана мугалимдик этика

Максаты: жогорку академиялык маданиятты өнүктүрүү. Иш-чаралар:

  • Профессордук курамдын академиялык этика кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү.
  • Мугалимдердин кесиптик тажрыйбалары, билим берүүдөгү жоопкерчилиги боюнча талкууларды, тегерек столдорду, мастер класстарды өткөрүү.
  • Академиялык чынчылдык принциптерин колдоо (антиплагиат, туура баалоо, студенттерди сыйлоо).
  • Студентти сүйгөн, баалаган,сыйлаган окутуучулардын чөйрөсүн түзүү

Академиялык саясат департаментинин ЖАМУнун институттары жана колледждери менен иш жүргүзүүсү

Институттарда, колледждерде билим берүүнүн сапатын башкаруу системасын өркүндөтүү

Эмне кылуу керек:

  • Ар бир институткабилим берүүнүн сапатына жооптуу адамды иректордун орун басары же координатор) дайындоо.
  • Ички мониторинг системасын ишке ашыруу: үзгүлтүксүз өзүн-өзү баалоо, ички аудит, студенттер менен иш берүүчүлөрдүн пикирлерин талдоо.
  • Институттардан билим берүүнүн сапаты боюнча жылдык отчетторду талап кылуу (окуудагы жетишкендиктердин анализи, дисциплиналар, профессордук-окутуучулук курамдын жүктөмү, тестирлөөнүн жыйынтыгы ж.б.).

Натыйжа: университет боюнча бирдиктүү сапат стандарттары, объективдүү аналитика жана процессти көзөмөлдөө системасы түзүлот.

2. Академиялык пландоону күчөтүү

Эмне сунуш кылуу керек:

  • Бардык окуу пландарынын жана программаларынын жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана кесиптик стандарттарга шайкештигине баа берүү.
  • Силлабустарды,баалоо каражаттарынын фондун жана дисциплиналардын компетенттүүлүк карталарын,матрицаларын жыл сайын жаңыртуу талабын киргизүү.
  • Академиялык жүктөмдүн жана графиктин кредиттик системага ылайык келишин көзөмөлдөө.
  • Документтин стандарттык шаблондорун иштеп чыгуу (силлабус, окуу куралы, жумушчу дептерлер ,мугалимдин отчету ж.б.).

Натыйжа: билим берүү программаларынын структураланган, ачык-айкын жана салыштырмалуу сапаты.

3. Кафедралардын жана профессордук-окутуучулар курамынын ролун жогорулатуу

Эмнени киргизүү керек:

  • Милдеттүү бөлүм ичиндеги методикалык иштер (ай сайын жолугушуулар, тажрыйба алмашуу, жаңылыктарды талкуулоо).
  • Кафедранын заседаниелеринде методикалык докладдар жана өз ара сабактарга катышуу.
  • Институттардын деңгээлинде профессордук-окутуучулар курамынын рейтингин чыгарууну ишке ашыруу (окутуунун сапаты, басылмалар, инновациялар, студенттер менен иштөө).
  • Мотивация: мыкты мугалимдерди сыйлоо (сертификат, бонустар, квалификациясын жогорулатуу).

Натыйжа: институттардын кесиптик-методикалык жашоосун активдештирүү.

4. Билим берүү процессин санариптештирүүнү күчөтүү

Эмнени ишке ашыруу керек:

  • Бирдиктүү санариптик платформаларды колдонуу (Moodle, Google Classroom, Platonus, ж.б.).
  • Электрондук журналдарды жүргүзүүнү жана отчетторду жүргүзүүнү талап кылуу.
  • Мугалимдер үчүн АВНдеги ички порталды түзүүнү өркүндөтүү - окуу материалдарынын, графиктердин, курстардын жана отчеттордун маалымат базасын жаңылоо.
  • Студенттердин электрондук баа алуудагы жетишүүсүнүн,катышуусунун системасына өзгөртүүкиргизүү (критерийлердин жана рубрикалардын негизинде).

Натыйжа: ачык-айкындуулук, башкаруунун жеңилдиги, тартипти жана эффективдүүлүктү жогорулатуу.

5. Илимий-изилдөө жана долбоордук иштерди өнүктүрүү.

Эмне сунуш кылуу керек:

  • илимий-изилдөө иштеринин жылдык планы жана жыйынтыгы боюнча отчет болушу керек .
  • Институттук гранттарды киргизүү (студенттер жана окутуучулар үчүн чакан илимий долбоорлор).
  • Жарыялоо ишин стимулдаштыруу (ички журналдар, конференциялар, жыйнактар).
  • Студенттик илимий коомдорду (СНС) жана илимий клубдарды ишке киргизүү.

Натыйжа: илимий потенциалдын өсүшү, студенттердин изилдөө компетенциясынын өнүгүшү.

6. Иш берүүчүлөр менен иштөө жана практикага багытталган окутуу.

Эмне уюштуруу керек:

  • Практикалар үчүн келишимдик базаны жаңыртуу.
  • Институттарда иш берүүчүлөр кеңештерин түзүү.
  • Практиктерди дисциплиналарды окутууга жана мастер-класстарды өткөрүүгө тартуу.
  • Долбоорлоп окутууну киргизүү – студенттер чыныгы жашоодогу бизнес көйгөйлөрүн чечет.

Натыйжа: билим берүүнүн эмгек рыногу менен байланышы, бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу.

7. Академиялык этика жана маданият

Эмнени ишке ашыруу керек:

  • Институттарда академиялык чынчылдык (антиплагиат, баалоо этикасы) боюнча тренингдерди өткөрүү.
  • Бардык жыйынтыктоочу жана квалификациялык иштер үчүн плагиатка каршы текшерүүчү жаңы программаларды киргизүү .
  • Академиялык этика кодексин кабыл алуу жана ар бир институттарга жайылтуу .

Натыйжа: жоопкерчиликтүү жана чынчыл академиялык чөйрөнү калыптандыруу.

8. Отчет берүү жана кайтарым байланыш системасы

Эмне талап кылуу керек:

  • Жарым жыл сайын институттардын отчеттору: окутуунун сапаты, окуу пландарын ишке ашыруу, профессордук-окутуучулар курамынын басылмалары, тесттин жыйынтыгы, квалификациясын жогорулатууга катышуу.
  • окутуунун сапаты,
  • окуу пландарын ишке ашыруу,
  • профессордук-окутуучулар курамынын басылмалары,
  • тесттин жыйынтыгы,
  • квалификациясын жогорулатууга катышуу.
  • Жетишкендиктерди жана көйгөйлөрдү талдоо үчүн директорлор жана кафедра башчылары менен жолугушууларды өткөрүү.
  • Институттун рейтингдик системасын киргизүү (сапаттык жана сандык критерийлердин негизинде).

Натыйжа: институттардын ишинин башкаруучулук жана айкындуулугун жогорулатуу.

9. Кадрларды өнүктүрүү

Эмнени ишке ашыруу керек:

  • Профессордук курамдын квалификациясын жогорулатуу жана аттестациялоо боюнча институттардын жылдык пландарды тапшыруу
  • Жаш мугалимдердин кадр резервин өнүктүрүү.
  • Педагогикалык кадрларды өнүктүрүүнүн жеке пландарын киргизүү.

Натыйжа: квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды жаңылоо.

10. Уюштуруу-башкаруу чаралары

Сунуш кылабыз:

  • Институттардын жана кафедралардын структурасын эффективдүүлүктү жана жумуштун көлөмүн эске алуу менен карап чыгуу .
  • Документ жүгүртүүнүн заманбап стандарттарын (бирдиктүү шаблондор, жоболор) киргизүү.
  • Ички байланыш системасын уюштуруу - үзгүлтүксүз жолугушуулар, аткарылган иштер боюнча отчеттор, биргелешкен чечимдер.

Натыйжа: түзүмдөрдүн тартиби, ырааттуулугу жана жоопкерчилиги жогорулады.

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун институттарын 2025-2027-жылдарга өнүктүрүү программасын түзүү, анда:

  • бирдиктүү KPI (негизги натыйжалуулук көрсөткүчтөрү) белгиленет,
  • сапаттуу иш планы,
  • мониторинг жана мотивация системасы.

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун институттарын жаңы талаптарга ылайык өнүктүрүү программасы (2025–2027)

Ишке ашыруу мөөнөтү: 2025–2027-жылдар. Максаты: Университеттин бирдиктүү стратегиясынын алкагында билим берүүнүн, илимий ишмердүүлүктүн жана башкаруу процесстеринин сапатын жогорулатуу.

1. Программанын жалпы максаттары

  • Окуу процессинин сапатын жогорулатуу.
  • Илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүү.
  • Колледждер менен институттарды башкаруу системасын жакшыртуу.
  • Профессордук курамдын жана кызматкерлердин профессионалдык өсүүсүн стимулдаштыруу.
  • Эл аралык кызматташтыкты жана университеттин аброюн чыңдоо.

2. KPI (натыйжанын негизги көрсөткүчтөрү)

Багыт Индикатор 2027-жылга карата максаттуу маани
Билим берүү Мамлекеттик аттестациядан ийгиликтүү өткөн бүтүрүүчүлөрдүн үлүшү 95%
Студенттердин билим сапатына канааттануу деңгээли (изилдөө) 85%
Илим Эл аралык журналдарда жарыяланган макалалардын саны 2025-жылга чейин +30%
Гранттардын жана илимий долбоорлордун саны 2025-жылга чейин +20%
Башкаруу Институттун пландарын өз убагында аткаруу 90%
Мугалимдердин эмгек шарттарына канааттануу индекси 80%
Эл аралык кызматташтык Эл аралык келишимдердин жана алмашуулардын саны 2025-жылга карата +25%