1. Башкы бет
  2. Бүтүрүүчүгө
  3. Иш менен камсыз кылуу
  4. Карьера боюнча кеңештер

Карьера боюнча кеңештер

Карьераны ийгиликтүү баштоо үчүн кеңештер

Карьеранын алгачкы этабы - эң татаал жана жооптуу этап. Эгер сиз бир жерден бир нерсени өткөрүп жиберсеңиз, аны кийинчерээк оңдоо кыйын болот. Ошондуктан биз карьераңызды баштоо үчүн бир нече кеңештерди даярдадык.

1. Сырткы келбетиңиз сиздин келген максатыңызга дал келиши керек. Элдик даанышмандыкта адамды кийими менен тосуп, акылы менен узатат дейт. Сиз бүгүн жумушка орношосуз. Сырткы келбетиңиз өтө эле жаркыраган же кыжырга тиерлик болбошу керек. Өтө ачык кийимдер да күмөн жаратат.

2. Сиздин компетенттүүлүгүңүз жөнүндөалгачкы ой-пикир сиздин жумушка орношуу жөнүндө жазган арызыңыз же резюмеңиз аркылуу жаралат. Арыздарды же резюмелерди катасыз жазыңыз. Эгер кандайдыр бир жерде күмөн санасаңыз, анда бул маселеде сизден артыкчылыгы бар адамдар менен сөзсүз кеңешиңиз.

3. Уюмду тандоо. Сиз иштегиңиз келген уюмдардын тизмесин түзүңүз. Эгерде тизме өтө узун болсо, кабатыр болбоңуз - чыгуунун жолу бар. Жакшысы бул уюмдар жөнүндө, команданын жакшы жана жаман жактары, ошондой эле мансап мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтарды чогултуп, иликтениз. Ошентип, сиз "рухуңузга" эң ылайыктуу уюмду табасыз. Ар бир жумуш күнү сизге ырахат тартуулаган жерде иштеш керек.

4. Эмгек акысы. Айлыкка көңүл бурбаңыз. Кээ бир бүтүрүүчүлөр жумушка орношкондон кийин башына миллиондор куюлат деп ойлошот. Алгач тажрыйба топтоп, көндүмдөрүңүздү жана жөндөмүңүздү өркүндөтүшүңүз керек. Бирок, ошол эле учурда, сиз тандаган иш орду канча айлык акы төлөй турганын башкалар менен салыштырып көрүңүз, анткени сиз алган айлык акысы жок дегенде бир айга жетиши керек.

5. Максат. Так максат коюу үчүн SMART техникасын колдонуңуз. Бул концепцияга ылайык, максаттын төмөнкү критерийлерге шайкештигин текшерүү зарыл: конкреттүүлүк, өлчөмдүүлүк, жетүүгө жөндөмдүүлүк, маанилүүлүк жана убакыттын чектелиши. Ойлонуп, бир жылдын ичинде, мисалы, эмнеге жетүүнү каалап жатканыңызды жазыңыз.

6. Коллективдеги мамилелер. Командаңызды жакшы билиңиз. Тажрыйбалуу кесиптештерден методикалык жардам суроодон тартынбаңыз. Кээде намыстанып, алардын объективдүү жардамынан баш тартабыз. Командада "майда-барат" иштерди жасоону өздөштүрүңүз. Кыргыздардажаш келсе – ишке, кары келсе – ашка деген түшүнүк бар.

7. Билим. Күн сайын окуп, күн сайын билимиңизди кеңейтиңиз. Бул кесибиңбоюнча дегенди билдирет, анткени ар бир адис кийимине эмес, билимине карап бааланат.

Сизге жумуш издөөдө жана карьера боюнча ийгиликтүү көтөрүлүүдө жардам бере турган бир нече басылмаларды окуп чыгууңуздү сунуштайбыз:

  • Румянцева, Е.В. Руководство по поиску работы, самопрезентации и развитию карьеры [Электронный ресурс] / Екатерина Румянцева. — М.: Альпина Бизнес Букс, 2014. — 197 с. Режим доступа: http://znanium.com/catalog.php?item=booksearch&code
  • Студент вуза: технологии обучения и профессиональной карьеры  [Электронный ресурс]: Учебное пособие  / Под ред. С.Д. Резника  -  3-e изд., перераб. и доп.  - М.: НИЦ Инфра-М, 2015. - 509 с. Режим доступа: http://znanium.com/bookread.php?book=373095.
  • Зимняя А.И. Компетентность человека – новое качество результата образования. Проблемы качества образования / А.И.Зимняя. – Уфа, 2003.
  • Технология карьеры: учебное пособие / под. общ. ред. Н.Н.Богдан, Е.А.Могилевкина. – Владивосток, Изд-во ВГУЭС, 2005. – 156 с.
  • 2. Онлайн-этикет, или резюме по e-mail [Электронный ресурс]. – URL: http://www.poranarabotu.ru/articleRubrik/article/2005/
  • 3. Ракова Л.Н., Волкова А.С. Эффективная технология трудоустройства: Интернет-сайты [Электронный ресурс] // Экономические науки. Управление трудовыми ресурсами. – 2013. – № 6. – URL: http://www.rusnauka.com/ 6_PNI_2013/Economics/5_129831.doc.htm
  • 4. Технология карьеры: Учеб. пособие / Т.А. Воробьёва, Е.В. Грудева, М.П. Колесов и др.; Под ред. Е.В. Грудевой. – Череповец: Чере¬повецкий гос. ун-т, 2018. – 183 с.
  • Шнейдер, Л. Б. Психология карьеры : учебник и практикум для вузов / Л. Б. Шнейдер, З. С. Акбиева, О. П. Цариценцева. — 2-е изд., испр. и доп. — Москва : Издательство Юрайт, 2021. — 187 с. — (Высшее образование). — ISBN 978-5-534-06900-6. — Текст : электронный // Образовательная платформа Юрайт [сайт]. — URL: https://urait.ru/bcode/473666
  • Кибанов А.Я. Управление персоналом: конкурентоспособность выпускников вузов на рынке труда: монография / А.Я. Кибанов, Ю.А. Дмитриева. - Москва : Инфра-М, 2011. - 229 с. - ISBN 978-5-16-004751-5. - URL: https://ibooks.ru/bookshelf/24546