1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Р.Абдыкадыров клубу

Р.Абдыкадыров клубу

Султан Жумабекович

Руководитель клуба Рыспая Абдыкадырова

Телефон:

778 521 763

Каттоо:

29.12.2023

Акыркы сапар:

4 месяца назад

Эл аралык Рыспай Абдыкадыров клубу

Эл аралык Рыспай Абдыкадыров клубу универстеттин Окумуштуулар кеңешинин  1994-жылдын 2-майындагы №3 протоколунун чечиминин негизинде ачылган.  Клубдун негизга максаты – жаш муунду тарбиялоодо этикалык жана эстетикалык баалуулуктар, билимдер системасын калыптандыруу. Ошондой эле кыргыз элинин ХХ кылымдагы залкар композитор жана обончусу Р.Абдыкадыровдун музыкалык чыгармаларын окуп үйрөтүү жана жайылтуу менен, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү коомчулук менен иш алып баруу.   Учурда клубдун бөлүмдөрү АКШ,Франция, Кытай, Турция,Россия, республикабызда жана жакынкы, алыскы чет өлкөлөрдө 70тен ашык бөлүмдөр, 1000ден ашуун мүчөсү бар. Алардын арасында  көрүнүктүү коомдук-саясий ишмерлер,академиктер, профессорлор, доценттер, обончу-жазуучулар жана таланттуу сурөтчү-скульпторлор бар.

Жыл сайын Республикалык жана областык телерадиоконпаниялар менен биргеликте “Ырдын пири-Рыспай” кароо сынагы өткөрулуп турду. Учурда клубдун бөлүмдөрү  Республикабызда жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө ачылып, иш жүргүзүүдө.

Клуб ачылгандагы тарыхый көз ирмемдер 11- май 1994-ж.
Клуб ачылгандагы тарыхый көз ирмемдер 11- май 1994-ж.

2003-жылы клубдун негиздөочүсү жана жетекчиси Султан Борошовдун демилгеси менен көрүнүктүү сурөтчү-скульпторлор Б.Жалиев, А.Самидинов, А.Ж.Өмүрзакова, А.Акматов, ж.б.чыгармачылык аракеттери менен Рыспай Абдыкадыровдун өмүрүн жана чыгармаларын чагылдырган “Сүрөт галлереясы” уюштурулган.

Нью-Йорк шаарды жашаган клубдун мүчөсү, композитор-симфонист Антонио –Пааш Р.Абдукадыровдун “Сагынуу” (Miss you) деген чыгармасынын негизинде 4 бөлүктөрү симфония жазылып, аны 2011-жылы Бишкек шаарында өткөн Р.Абдыкадыров 70-жылдык мааракесинде Кыргыз Улуттук симфониялык оркестр аткарылып чыкты

Ушул жылдардын аралыгында жыйналган архивтик материалдардын негизинде Рыспайдын өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча кыргыз,латын англис, кытай жана араб тилдеринде алты томдук жыйнагы басылып чыкты жана анын чыгармачылыгы боюнча төрт сериялуу музыкалык-хроникалык документалдык фильм даярдалды