1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту

Филология институту

Чырашкан Айтмурзаевна

Институттун директору, филология илимдеринин кандидаты, доцент

Телефон:

Каттоодон өтүү:

27.10.2023

Акыркы кириш:

2 года назад

    ФИЛОЛОГИЯ ИНСТИТИТУНУН ТАРЫХЫ

Ректордун 1993-жылдын 14-майындагы №163/1 буйругунун негизинде жана ЖАМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен, Союздук республикаларда белгилүү болгон А.С. Пушкин атындагы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын базасында ЖАМУнун структурасындагы алгачкы факультеттердин бири – инженердик-педагогикалык факультет түзүлгөн. Факультеттин деканы болуп университеттин түзүлүшүнө жана калыптанышына зор салым кошкон ф.и.к., доцент, окумуштуу Э. Уметов дайындалган.

2000-жылдын 12-майында №179 буйрук, №6 протокол менен ЖАМУнун Окумуштуулар кеңешинин жана ректорунун чечими боюнча чет тилдер факультети өзүнчө факультет болуп түзүлгөн.

2000-жылдын 12-майындагы ЖАМУнун Окумуштуулар кеңешинин жана ректорунун чечими менен №179 буйрук, №6 протокол боюнча кыргыз филологиясы жана маданияты факультети түзүлгөн.

Структуралык өзгөрүүлөргө байланыштуу чет тилдер факультети Эл аралык мамилелер жана дүйнөлүк тилдер факультети деп кайра аталган (ЖАМУнун Окумуштуулар кеңешинин 14.06.2009-ж. №9 протоколунун чечими, 28.07.2009-ж. №263 буйрук).

2011-жылы кыргыз филологиясы жана маданияты факультети ЖАМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети деп кайра аталган.

2005-жылдын 2-октябрындагы ЖАМУнун Окумуштуулар кеңешинин жана ректорунун чечими боюнча (№241 буйрук) КМШ элдеринин филологиясы факультети түзүлгөн.

2013-жылы 10-июлда Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен КМШ элдеринин филологиясы, эл аралык мамилелер жана дүйнөлүк тилдер жана кыргыз филологиясы жана журналистика факультеттеринин базасында Филология факультети түзүлгөн.

ЖАМУнун Окумуштуулар кеңешинин 2025-жылдын 30-июнундагы №10 жыйынынын протоколунун негизинде кабыл алынган төмөнкү чечими бекитилген:     ЖАМУнун өзгөчө макамына ылайык, билим берүү жана илимди өнүктүрүү жана кесиптик даярдоо сапатын жакшыртуу, пайдалануу максатында жүргүзүлгөн түзүмдүк өзгөрүүлөрдүн негизинде Филология факультети Филология институту болуп өзгөрүлүп, төмөнкү түзүмдүк бөлүмдөрдү камтыйт:

 1. Англис тили жана адабият кафедрасы

 2. Орус филология кафедрасы

 3. Кыргыз тили жана адабият кафедрасы

 4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы

 5. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы

 6. Чет тилдер колледжи (Англис тили жана Кытай тили адистиктери)

Адистерди даярдоо жөнүндө маалымат

Шифр Багыты, профили Бакалавр, Окуу мөөнөтү Магистр, Окуу мөөнөтү Сырттан окуу, Окуу мөөнөтү
550300 Филологиялык билим берүү (Кыргыз тили жана адабияты) 4 жыл 2 жыл  5 жыл
550300 Филологиялык билим берүү (Орус филологиясы ) 4 жыл 2 жыл  5 жыл
550300 Филологиялык билим берүү (Англис тили жана адабияты) 4 жыл 2 жыл  
550300 Филологиялык билим берүү (Немис тили факультеттер аралык чет тили) 4 жыл    
531100 Лингвистика (Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика) 4 жыл    

Институттун курамы

Институттун курамында 5 кафедра жана институтка караштуу чет тили колледжи иштейт:

  • Англис тили жана адабияты кафедрасы
  • Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  • Немис тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  • Орус филологиясы кафедрасы
  • Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  • Чет тилдер колледжи (Англис тили жана Кытай тили адистиктери)

Материалдык-техникалык база

Институттун материалдык-техникалык базасы 25 каанасынан турат. Анын ичинен: 3 – лекция залдары панелдек доскалар менен, 3 – тил борбору, 2 – компьютердик класстар, 17 – практикалык сабактар үчүн аудитория. Институтта окуу процессин ишке ашыруу үчүн жакшы жабдылган заманбап материалдык-техникалык база бар, окуу процессин башкаруунун автоматташтырылган системасы (AVN) иштейт.

Окуу корпусунда зымсыз интернет (WI-FI) орнотулган жана студенттер интернет шарттарын акысыз жана чексиз колдонушат.

Профессордук-окутуучулук курам

Профессордук-окутуучулук курам 78 окутуучуну камтыйт, алардын 57си штаттык, 21и айкалыштыруучу окутуучу. Анын ичинен: илимдин докторлору – 4 штаттык, илимдин кандидаттары – 18 штаттык. Институтта Кыргыз Республикасынын алдыңкы окумуштуулары, жогорку квалификациялуу окутуучулары жана педагогдору сабак беришет. Алардын арасында КРнын Мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаттары, КРнын билим берүүнүн эмгек сиңирген кызматкерлери жана илим ишмерлери, «Илимий багыттын негиздөөчүсү», «Илимге жана техникага эмгек сиңирген ишмер», «Илим жана билим берүүгө эмгек сиңирген ишмер», «Илим жана билим берүүнүн эмгек сиңирген кызматкери», Россия Жаратылыш таануу академиясынын «Салыштырма лингвоконцептология мектебинин негиздөөчүсү», «Алтай жана сино-тибет тилдеринин лингвоэтногенетикалык биримдиги багытынын негиздөөчүсү» наамдарынын ээлери бар. Айрым дисциплиналар тилди алып жүрүүчүлөрдүн, атап айтканда, Америка, Германия, Түркия, Кытайдан келген ыктыярдуу-окутуучулардын катышуусу менен окутулат. Студенттерге жана окутуучуларга окуу процессинен ажырабастан эл аралык алмашуу программаларына катышууга мүмкүнчүлүк берилет. ФИ бүтүрүүчүлөр жана иш берүүчүлөр менен тыгыз кызматташат, алар менен ар кандай иш-чаралар, жолугушуулар өткөрүлүп, кайтарым байланыш (анкета жүргүзүү, баарлашуу) ишке ашырылат. Факультеттин окутуучулары кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу максатында жыл сайын ар кандай программалар боюнча чет өлкөлүк ЖОЖдордо стажировкадан өтүшөт. Университет жетекчилиги өз кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга, кайра даярдоого жана чет өлкөлүк жана Кыргызстандык билим берүүчү жана илимий уюмдарда стажировкадан өтүшүнө олуттуу көңүл бурат.

Илимий-изилдөө ишмердүүлүгү

Институтта 15тен ашык илимий багыттар боюнча иштер жүргүзүлөт.

Илимий багыттар:

  • Кыргыз адабияты
  • Орус адабияты
  • Чет өлкө элдеринин адабияты (конкреттүү адабиятты көрсөтүү менен)
  • Адабият теориясы. Текстология
  • Фольклористика
  • Кыргыз тили
  • Орус тили
  • Герман тилдери
  • Роман тилдери
  • Түрк тилдери
  • Тил теориясы
  • Салыштырма тарыхый, типологиялык жана салыштырма тил илими
  • Жалпы педагогика, педагогика жана билим берүүнүн тарыхы
  • Окутуу жана тарбиялоонун теориясы жана методикасы (билим берүү тармактары жана деңгээлдери боюнча)
  • Педагогикалык жана Психологиялык илимдер
  • Кесиптик билим берүүнүн теориясы жана методикасы

Институтта ИИИ (илимий-изилдөө иштери) төмөнкү долбоорлордун алкагында жүргүзүлөт:

  • Билим берүү демилгелерин колдоо фонду «Окуу жана жазуу программасы аркылуу сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү»;
  • USAID программасы «Сапаттуу билим берүү»;
  • ЮНИСЕФ программасы «Лидерлер мектеби», «Өзгөчө кырдаалдарда жагымдуу шарттарды түзүү», «Мектепке кош келиңиз»;
  • АӨБ программасы «Улуттук куррикулумду иштеп чыгуу»;
  • Балдарды коргоо фонду «Инклюзивдик окутуу программасы»;
  • Эл аралык уюм IFES;
  • Агахан фонду – «Жарандык билим берүү»
  • Erasmus+ Key action 2 компоненти, жогорку окуу жайлардын потенциалын жогорулатуу

Институтта олимпиада кыймылы жүргүзүлүп жана колдоого алынат.

Жыл сайын студенттер филологиялык багыт, лингвистика боюнча эл аралык, аймактык жана республикалык олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарды ээлешет.

Институттун кызматташуусу

Түзүлгөн келишимдердин негизинде институт төмөнкү уюмдар менен кызматташат:

  • Хоенхайм университети (Германия)
  • БОКУ (Австрия)
  • Виадрина Европа университети, Франкфурт-на-Одере, ГФР
  • Синьцзян айыл чарба кесиптик-техникалык институту
  • ФГБОУ ВПО «Алтай мамлекеттик университети» Россия Федерациясы
  • Тюмень мамлекеттик университети
  • Россия мамлекеттик гуманитардык университети
  • А.С. Пушкин атындагы институт, Москва ш.
  • Казан федералдык университети
  • Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети, КР, Алматы ш.
  • Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университети, КР, Алматы ш.
  • Ташкент мамлекеттик университети
  • АГПУ (Андижан ш.)
  • Фергана мамлекеттик университети
  • Наманган мамлекеттик университети Өзбекстан Республикасы
  • Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университети
  • Андижан мамлекеттик университети
  • Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, КР, Бишкек ш.
  • И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, КР, Бишкек ш.
  • "Манас" Кыргыз-Түрк университети, КР, Бишкек ш.
  • БМУ (Бишкек мамлекеттик университети), Бишкек ш.
  • КР УИА (КР Улуттук илимдер академиясы), Бишкек ш.
  • КРСУ (Кыргыз-Россия Славян университети), Бишкек ш.
  • С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети, КР, Нарын ш.
  • Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, Каракол ш.
  • Ош мамлекеттик университети, КР, Ош ш.
  • Укук, бизнес жана билим берүү академиясы, Жалал-Абад ш.
  • К.Ш. Токтомаматов атындагы МУ, Жалал-Абад ш.

"Ыр-бийге турат кумарым - өзгөчө макам алганым" аттуу ыр кесеси

 Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин профессордук-окутуучулук курамы тарабынан 17-апрелде КРдин Президентинин"Улуттук нарк жөнүндө", "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" Жарлыктарын аткарууга жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн  жылдыгына, ЖАМУнун түптөлгөндүгүнүн жылдыгына карата "Ыр-бийге турат кумарым - өзгөчө макам алганым" аттуу ыр кесеси болуп өттү. Ыр кесенин жүрүшүндө ар түрдүү ыр-бийлер аткарылды. Өзгөчө классикалык ыр аткаруу тапшырмасында кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын профессору Ибраим Абдувалиевдин аткаруусундагы "Нарындан жазган салам кат" ыры калыстардын жогорку баасына татыды. Жаштар бийлеген вальс көпчүлүктүн көнүлүн буруп, гала концертке тандалды. Үй-бүлөлүк манасылардын аткаруусун да баса белгилеп өтүштү. Ошондой эле ЖАМУда билим алган атактуулар жөнүндөгү тапшырма боюнча ф.и.к. Хусейин Карасаевдин үй-бүлөсү тууралуу театрлаштырылган номер да кызыктуу болду. Ыр кесени уюшутуруп, өзүнүн жандуу аткаруусу менен чыккан декан, ф.и.к. Чырашкан Айтмырзаевнага  ыраазычылык билдиришти.