1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы

Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы

Ыкыбал

Кафедра башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты

Телефон:

556 165 372

Туулган күн:

September 20, 1959

Каттоо:

04.01.2024

Акыркы сапар:

2 месяца назад

Кафедранын тарыхы

Жалал-Абад облусунда тилчи, котормочу сыяктуу адистердин жетишсиздигинен филология илимдеринин кандидаты, доцент Сатыбалдиева Г.А. тиешелүү адистиктерди ачууну сунуштаган демилгечи болуп чыкты. 2011-2012-окуу жылында котормо жана котормо таануу адистиги түптөлүп, 22 студент кабыл алынган. Ошентип котормо, котормо таануу жана немис тили кафедрасы ачылып, анда доцент Сатыбалдиева Г.А. жана улуу окутуучу Осмонова К.И. педагогикалык ишмердүүлүгүн башташкан. 

Окумуштуулар кеңешинин 2012-жылдын 6-июнундагы жетинчи отурумунда кабыл алынган чечимдин негизинде №183 буйругу менен кафедра тил илими кафедрасы болуп өзгөртүлүп, анын башчысы болуп фил.и.к., доцент Сатыбалдиева Г.А.

2012-2013-окуу жылында 20 студент кабыл алынып, алардын билим алуусуна улуу окутуучулар Осмонова К., Мырзакулова К., Төрөмаматова М., Керимбердиева А., жана окутуучулар Асилова Н., Койчукулова Ж., Касымова Н. салымдары чоң.

2013-жылы Окумуштуулар кеңешинин жетинчи отурумунда кабыл алынган чечимдин негизинде 2013-жылдын 6-июлундагы №183 буйругу менен чет тилдер кафедрасы жоюлуп, анын профессордук-окутуучулук курамы Тил илими кафедрасына кошулган. Анда окутуучулардын саны 15 адамга жеткен, анын ичинен 1 илимдин кандидаты, доцент, 8 улук окутуучу, 4 окутуучу, 2 стажер-окутуучу жана 1 кабинет башчысы.

Кафедранын улуу окутуучулары Жолдошбаева Ы., Абдыкалыкова Ч. жана Эргашева Д. диссертациясын коргоого даярдап жатышты. Стажер-окутуучу Н.Турдалиева аспирантурада окуп, диссертациянын үстүндө иштеп жаткан.

Башка ага окутуучулар Өскөнбаева С., Асылбекова Д., Кушбакова Ч., Турдалиева Н. жана Эмилбекова Р. жаш мугалимдерге окутуунун инновациялык ыкмаларын колдонууга көмөк көрсөтүү максатында окуу-усулдук иштерин жүргүзүштү.

19,5 позициянын оордугуна байланыштуу маданияттар аралык коммуникация жана лингвистика кафедрасы 11 адамдан турган факультеттер аралык англис тили кафедрасынан бөлүнүп, калган 14 окутуучу  кафедрада калды.

Окумуштуулар кеңешинин 2021-жылдын 2-июлундагы отурумунда кабыл алынган чечимдин негизинде №185 буйругу менен п.и.к., доцент Ы.К. Жолдошбаева жетекчи болуп дайындалды.

Кафедранын билим берүү ишмердүүлүгү

Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы 531100 Лингвистика багытынын маданияттар аралык баарлашуунун теориясы жана практикасы профили (англис тили) боюнча адистерди даярдайт. 531100 Лингвистика багытынын маданияттар аралык баарлашуунун теориясы жана практикасы (англис тили) профили үчүн негизги билим берүүчу программа (НББП) иштелип чыкты.  Аталган профилдин бүтүрүүчүлөрү үчүн бүтүрүүчүнүн компетенттүүлүк модели  түзүлдү. Анда бүтүрүүчүнүн компетенттүүлүк модели жөнүндө түшүнүк, аныктама берилип, моделди иштеп чыгуунун негизи, түзүмү, бүтүрүүчүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн мүнөздөмөсү, бүтүрүүчүдө калыптандырылуучу компетенциялар камтылды. 531100 Лингвистика багытынын окуу планындагы вариативдик бөлүктөгү тандоо курсунун дисциплиналары боюнча каталог түзүлгөн. Кафедранын 2021-2026 жылдар үчүн өнүгүүнүн стратегиялык планы иштелип чыккан.

  Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жөнүндө маалымат  

  Кафедранын илимий багыттары:

1. Маданияттар аралык байланыш

2. Сүйлөө актыларынын теориясы

3. Кыргыз Республикасындагы тилдик кырдаалдын өзгөчөлүктөрү

4. Англис жана кыргыз тил маданияттарындагы речтик актылардын өзгөчөлүктөрү

5. Кыргызстандын хемшилдер тилинин терминологиялык лексикасынын айрым өзгөчөлүктөрү

Кафедранын илимий потенциалы.  Кафедранын улуу окутуучусу, аспирант М.М.Акбуюков  ф.и.д., профессор Б.Е. Дарбановдун жетекчилиги алдында "Теория речевых актов" деген темадагы кандидаттык диссертация үстүндө иштеп жатат. Кафедра башчы, пед.и.к.  Ы.К.Жолдошбаева пед.и.д., профессор С.С.Сакиеванын илимий кеңешчилигинин алдында "Жогорку окуу жайларынын студенттеринин көп тилдүүлүк компетенциясын калыптандыруунун методикасы" деген темада докторлук диссертациясынын үстүндө иштеп жатат. Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы илимий-изилдөө боюнча конференция, семинарларга катышып, диплом жана грамоталарга ээ болушат. Илимий макалалар РИНЦ, SCOPUS, WEB of SCIENCE жана башка жергиликтүү илимий басылмаларда чыгарып келет. Улуу окутуучу М.М.Акбуюковдун жетекчилиги астында «Мен котормочумун» аттуу ийрим иштеп жатат.

Кафедранын окуу-усулдук ишмердүүлүгү

Кафедранын профессордук-окутуучулар курамы «Маданияттар аралык байланыштын теориясы жана практикасы» профилинин студенттери үчүн адистик дисциплиналар боюнча силлабустарды, лекциялык курстарды жана окуу-методикалык комплекстерди түзгөн. Лингвистика боюнча 5 монография, 7 окуу китеби, 6 окуу куралы, дисциплиналар боюнча 50дөн ашык илимий-методикалык комплекстер, 200гө жакын макалалар жазылган.  Бир сөз менен айтканда, кафедранын окутуучулары квалификациясын жогорулатуу үчүн ар кандай окууларга, семинарларга активдүү катышып, дипломдордун жана сертификаттардын ээлери болуп келишет.

Билим берүү тармагындагы сиңирген эмгеги жана жетишкендиктери үчүн маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын окутуучулары мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты:

1.КР Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак Грамотасы – 3 окутуучу

2.Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги – 2 окутуучу

3.ЖАМУнун Ардак грамотасы – 4 окутуучу

Кафедранын коомдук-тарбиялык ишмердүүлүгү

Кафедранын профессордук-окутуучулар курамы студенттер жана ата-энелер менен тарбия иштерин активдүү жүргүзүп келет. Кафедранын коомдук-тарбиялык ишмердүүлүгү ЖАМУнун нормативдик документтериндеги тийиштүү жоболорго ылайык жүргүзүлөт.  Студенттердин ата-энелери НББП жана кафедранын окуу планын иштеп чыгууга кызыгуу менен катышышат. Учурда 4 тайпа бар, ар бир тайпада 12 ден 20 га чейин студент бар. 

531100 Лингвистика профили «Маданияттар аралык коммуникациянын теориясы жана практикасы (англис  тили)» багыты боюнча бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу

Маданияттар аралык коммуникациянын теориясы жана практикасы» адистигинин бүтүрүүчүлөрүн жумушка орноштуруу максатында кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер жыл сайын бош орундардын жарманкелерине катышып турушат. Бош орундардын жарманкелеринде иш берүүчүлөр тиешелүү адистик боюнча бош орундарды жарыялайт, окуусун аяктагандан кийин жана жогорку билими тууралуу диплом алгандан кийин жумушка орношуу үчүн иш берүүчүлөр менен жолугушууларды уюштурат. Кафедранын студенттери шаардын мекемелеринде жана котормо борборлорунда практика өтөшөт. Иш берүүчүлөр менен тыгыз байланыш түзүлдү. Иш берүүчүлөр НББПны, бакалавриаттын окуу планын жана ЖАМУнун бүтүрүүчүнүн компетенттүүлүгүнүн моделин иштеп чыгууга жана талкуулоого активдүү катышат.