1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы

Гүлжан

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы

Телефон:

Туулган күн:

November 11, 1961

Каттоодон өтүү:

05.03.2025

Акыркы кириш:

1 месяц назад

Кафедранын тарыхы                           

1993-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университети ачылганда инженердик-педагогикалык факультетинде тил илимдер кафедрасы уюшулуп, 1993-1994-жылдары пед.и.к., доцент М.Е.Дарбанов башчылык кылган.

1994-жылы сентябрь айында кыргыз тили жана адабияты кафедрасы бөлүнүп, ага филол.и.к. К.Б.Калчекеев кыргыз тили кафедрасы кайрадан түзүлгөн. 1998-жылы кыргыз тили кафедрасы өзүнчө бөлүнүп, аны филол.и.к., доцент А.Кадырова жетектеген.

2008-жылы кыргыз тили кафедрасы менен мамлекеттик тил жана практикалык курстар кафедрасы биригип, кафедра башчылыкка филол.и.к., доцент З.А.Ажыбаева көрсөтүлгөн. ЖАМУнун окумуштуулар Кеңешинин 2011-жылдын 17-январындагы чечиминин эки кафедра бириктирилип, кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы болуп ф.и.к., доцент Оморов Айтмамат дайындалды.

2016-жылдын апрель айынан бери кыргыз тили кафедрасын филол.и.к., доцент Г.К. Бакирова, кыргыз, дүйнөлүк элдер адабияты жана журналистика кафедрасынын башчысы болуп доцент, ф.и.к. Д.М.Чокоева конкурстук негизде шайланган.

2021-жылдын 30-июнунда ЖАМУнун Окумуштуулар Кеңешинин кезектеги жыйынынын №9 протоколуна ылайык кафедра башчылыгынын бош ордуна шайлоо өткөрүү боюнча сынак жарыяланган. 2021-жылдын 18-майында “Аймак” коомдук-саясий гезитине жарыяланган сынактын жыйынтыгы менен ф.и.к., доцент А.Кадырова кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы болуп дайындалды.

2023-жылдын сентябрь айынан баштап ф.и.д., профессор и. Абдувалиев жетектеп келди.

2025-жылдын 26-август айынан ф.и.к., доцент Г.К. Бакирова кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы болуп дайындалды.

КАФЕДРАНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы 550300 филологиялык билим берүү багытынын кыргыз тили жана адабияты профили (бакалавр жана магистр) боюнча адистерди даярдайт.

    550300 Филологиялык билим берүү багытынын кыргыз тили жана адабияты профили үчүн негизги билим берүү программасы бакалавр даражасы үчүн, негизги билим берүү программасы магистр квалификациясыүчүн (НББП) иштелип чыкты. Негизги билим берүү программасы аталган профилдеги студенттердин жана бүтүрүүчүлөрдүн бардык ишмердүүлүгүн камтыйт. Аталган профилдин бүтүрүүчүлөрү үчүн Бүтүрүүчүнүн компетенттүүлүк модели бакалавр үчүн , бүтүрүүчүнүн компетенттүүлүк модели магистрлер үчүн иштелмеси түзүлдү. Анда бүтүрүүчүнүн компетенттүүлүк модели жөнүндө түшүнүк, аныктама берилип, моделди иштеп чыгуунун негизи, түзүмү, бүтүрүүчүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн мүнөздөмөсү, бүтүрүүчүдө калыптандырылуучу компетенциялар камтылды.    

КАФЕДРАНЫН ПРОФЕССОРДУК-ОКУТУУЧУЛУК КУРАМЫ

к/№ Профессор-окутуучулардын аты-жөнү Ээлеген кызматы Илимий даражасы Диссертациялык ишинин темасы, адистиги Илимий ишинин коргогон убактысы Илимий жетекчиси, кеңешчиси
1. Абдувалиев Ибраим профессор Филология илимдеринин доктору, профессор Кыргыз тилинин кесиптик лексикасы языка 10.02.01 – кыргыз тили 2008 Ахматов Т.К. Филология илимдеринин доктору, профессор.
2. Кадырова Анара доцент Филология илимдеринин кандидаты, доцент, профессордун м.а. Кыргыз поэзиясындагы гуманизм идеялары (60-80 жж.) 10.01.02 – азыркы улуттар адабияты 1994 А.Садыков Филология илимдеринин доктору, профессор, академик
3. Бакирова Гүлжан Көккөзовна доцент Филология илимдеринин кандидаты, доцент Кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин функционалдык жана структуралык өзгөчөлүктөрү 10.02.01 – кыргыз тили 2013 Эгембердиев Р.Филология илимдеринин доктору, профессор
4. Чокоева Дилбар Маматкуловна доцент Филология илимдеринин кандидаты, доцент Т.Касымбековдун тарыхый романында тарыхты көркөм аңдо опроблемалары10.01.01 - азыркы кыргыз адабияты 1997 .Асаналиев Филология илимдеринин доктору, профессор
5 Көчөрова Гүлүмкан Осмоновна доцент Филология илимдеринин кандидаты, доцент Т.Касымбековдун “Сынган кылыч” романындагы фразеоогизмдердин стилистикалык коннотациясы 10.02.01 – кыргыз тили  2015 Маразыков Т.С.Филология илимдеринин доктору, профессор
6. Оморов Айтмамат доцент Филология илимдеринин кандидаты, доцент Ж.Мамытовдун ырларындагы айрым поэтикалык өзгөчөлүктөрү 10.02.01 – кыргыз тили, 10.01.01 – кыргыз адабияты  2004 Аширбаев Т. Ф.и.д., профессор.
7. Шерипбаев Амангелди Рахманович улуу окутуучу       
8. Каленбекова Гулбарчын Тайырбековна улуу окутуучу       
9. Омурзакова Уулкан Тагайбековна улуу окутуучу       
10. Кудайкулова Гүлмира Орозбаевна окутуучу       

                                                            АЙКАЛЫШТЫРУУЧУЛАР

 1.   Калчакеев      Кубанычбек Бекболотович профессор Филология илимдеринин доктору, профессор м.а. “Манас” эпосунун түштүк вариантынын сюжеттик өзгөчөлүгү 10.01.01 - 1993 Кыдырбаева Р.Филология илимдеринин доктору, профессор
2. Мирзахидова Миясар Инамжановна профессор Филология илимдеринин доктору, профессор Өзбек жана кыргыз тилдериндеги атооч категорияларынын табияты 10.02.06 – түрк тилдери 2010 Мусаев С.Ж.Филология илимдеринин доктору, профессор
3. Абдырахманова Гульчехра  Батырбековна доценттин  милдетин аткаруучу Экономика илимдеринин кандидаты Совершенствование и тенденция развития страхования в условиях рыночной экономики  08.00.05 – экономика народным хозяйством 2019 Зулпукаров А. З. экономика илимдеринин доктору, профессор
4. Шакирова Мавлюда Рысбаевна доцент Филология илимдеринин кандидаты, доцент К.К.Юдахиндин “Кыргызча-орусча сөздүгүндөгү” чектелген лексиканын колдонулушу10.02.01 – кыргыз тили 2014 Абдувалиев И. Филология илимдеринин доктору, профессор
5. Хурибаева Элмира Хайдаровна доцент Филология илимдеринин кандидаты, доцент Кыргыз тилинин түштүк говорлорундагы пахтачылык лексикасы10.02.01 – кыргыз тили 2017 Абдувалиев И. Филология илимдеринин доктору, профессор
6. Ырысбай к. Салима окутуучу        
7. Турсунбаева Жазгул Акылбековна окутуучу        
                               Кафедранын жалпы проценттик катышы  66%

                                        КАФЕДРАНЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан 60тан ашуун окуу-усулдук иштер, 50дөй илимий макалалар, 15тен ашуун окуу китептери даярдалган жана жарык көргөн.

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучуларынын билим берүү тармагында кызматы жана жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктар берилген:

- КР ББИМнин Ардак грамотасы 7 окутуучуга;

- КР Билим берүү мыктысы 7 окутуучуга;

- Жалал-Абад шаарынын Ардак грамотасы 6 окуучуга ыйгарылган,

- КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым өкүлчүлүгүнүн Ардак грамотасы 6 окутуучуга;

- КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын “Кыргыз тили” медалы 7 окутуучуга;

- КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамотасы 6 окутуучуга;

- “ЖАМУнун эмгек сиңирген кызматкери” медалы 5 окутуучуга.

КОНКУРСТАРДЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ:

1. 2009-2011-жылдары кафедра мүчөлөрү «Орто кылым эстеликтери жана кыргыз тили, тилдик байланыштар» аттуу илимий долбоордун үстүндө иштешип, анын алкагында профессор И.Абдувалиевдин, доценттер А.Оморовдун, Г.Бакированын илимий макалалары, «М.Кашгари – орто кылымдардын улуу аалымы” (Б-Ж-А, 2011) деген илимий басылма жарык көргөн. ЖАМУнун профессору И.Абдувалиев, доцент А.Оморов, КУУнун доценти И.Султаналиев, КР УИАсынын улуу илимий кызматкери М.Толубаевдер тарабынан М.Кашгаринин «Дивану лугати т-түрк» сөздүгүнүн 3 томдугу кыргыз тилине которулуп, бардык томдору жарыкка чыгарылды. 2020-2021-жылдары кафедра мүчөлөрү тарабынан “Эр Табылды” эпосунун сюжеттик-тематикалык көрсөткүчтөрү” деген аталыштагы долбоордун үстүндө илимий иш алып барышты. Профессор К.Б.Калчекеев жана ага окутуучу Р.Т.Келдибаеванын илимий макалалары “ЖАМУнун Жарчысы” (2021) илимий жыйнагына жарыяланган.

2. 2013-жылы окуу жайдын түптөлгөндүгүнүн 90, ЖАМУнун 20 жылдык юбилейине арналган конкурстта «Мыкты жаш окутуучу» номинациясында окутуучу Н.К.Жалилова 1-орунду, «Мыкты куратор» номинациясында Н.К.Жалилова 1-орунду камсыздаган.

3. 2016-жылы «Азадабегим» ийрими (жетекчиси Кадырова А.) «Эң мыкты илимий ийрим» сынагында жеңүүчү болгон (диплом);

4. 2017-2018-окуу жылында кыргыз тили жана адабияты адистигинин 4-курсунун студенти Каныбек кызы Алина (КТ-1-14) Президенттик стипендиянын ээси болду.

5. 2017-жылдын 21-22-апрелинде Бишкек ш. К.Карасаев атындагы БГУнун ”Дүйнө тилдеринин жана маданиятынын (“Көп түрдүүлүктөгү биримдик”) 1-эл аралык фестивалында” кыргыз тили жана адабияты адистигинин командасы 1-орунду ээлешти. Жетекчиси - ф.и.к., доцент Шакирова М.

 6. КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, КР ББИМнин, Улут СОФТ” ООО, инновациялык технологиялар эл аралык университетинин 2018-жылынын 4-октябрында өткөн “Маалыматтык технологияларда кыргыз тилинин колдонулушу” аталышындагы студенттер аралык республикалык ачык конкурсунда факультеттердин студенттери 1-орунду ээлешти. Жетекчиси – окутуучу Жалилова Н.

7. 2019-жылда КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы жана Кыргыз радиосу уюштурган “Тилим менен улутмун” темасындагы ЖОЖдор аралык республикалык радио викторинада факультеттер аралык студенттерден түзүлгөн команда 2-орунду жеңген. Жетекчиси – окутуучу Жалилова Н.

8. 2019-жылдын 25-апрелинде КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы, Ош шаарынын мэриясы, М. Адышев атындагы ОшТУ тарабынан “Мамлекеттик тилди окуп-үйрөнүүдө цифровизация технологиялары боюнча мыкты сынак” долбоорлорду иштеп чыгуу конкурсунда “Мамлекеттик тилди окуп-үйрөнүүдө цифровизация технологияларын колдонуу” долбоору менен факультеттердин студенттери 2-орунду ээлешти. Жетекчиси – окутуучу Жалилова Н.

9. ЖАМУ ар жылы Окумуштуулардын ишмердүүлүгүнүн рейтингдик баасын чыгарат. 2017-2018-2019-жылдардагы илимий ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча профессордук-окутуучулар арасында профессор И.Абдувалиев 3-орунду (690 балл), доцент Г.К. Бакирова 410 балл менен активдүү катышты. ЖАМУнун структуралык бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнүн рейтингин баалоодо 23 кафедранын жана 2 колледждин арасында кыргыз тили жана адабияты кафедрасы башкы 2-орунду ээледи.

10. 2020-2021-окуу жылынын жыйынтыгы менен “Мыкты монография” наамы боюнча кафедранын профессору, ф.и.д., М.Мирзахидова 1-орунду, “Мыкты аспирант” наамы боюнча окутуучу

Н. Жалилова 1-орунга жетишишти.

 Бүтүрүүчүлөр - билим берүүнүн сапатынын реалдуу көрсөткүчү катары

1. Кыргыз тили жана адабияты адистиктигинин бүтүрүүчүсү А.Шаимкулова – “Сармерден” республикалык теледолбоорунун алып баруучусу

2. М.Шербаев – Ала-Бука районунун акиминин 1-орун басары

3. А.Маданова – Жалал-Абад ш. билим берүү башкармалыгынын башкы адиси

4. Н.Осмонова – Ж.Баласагын атындагы КМУнун салыштырма грамматика кафедрасынын доценти, ф.и.к.,

5. А.Турдубаева - Борбор Азиядагы эл аралык медициналык университети, ф.и.к., доцент

6. М.Р.Шакирова – ф.и.к, доецент, Конфуций институтунун директору.

7. Г.Көчөрова – кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти ф.и.к.

8. Ураимов К.М. - п.и.к. педагогика кафедрасынын д.м.а.

  Бүтүрүүчүлөрдүн арасында “Жылдын мугалими” конкурсунун жеңүүчүлөрү 

  • Тойчиев Максат – Жалал-Абад ш.М.Бабкин атындагы №1 мектептин мугалими “Жылдын мугалими – 2016” конкурсунда 1-орунду ээси;
  • Н. А.Оморова - Сузак районунун “Ынтымак” орто мектебинин мугалими, “Жылдын мугалими – 2017” конкурсунун жеңүүчүсү;
  • Р. Абдылдаева - Жалал-Абад ш. М.Бабкин атындагы №1 мектептин мугалими, “Жылдын мугалими – 2019” конкурсунун жеңүүчүсү;
  •  Каленбекова Гулбарчын Тайырбековна - КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, КР Билим берүү жана илим министрлиги жана И.Арабаев атындагы КМУ менен биргеликте «Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору” аталышындагы  жогорку жана орто кесиптик окуу жайлары арасындагы республикалык сынакта  жогорку окуу жайлар арасындагы мамлекеттик тилди чет тили катары окутуу багытында 2-орун.

                     Аймактык олимпиаданын жеңүүчү студенттери

1. 2014-2015-окуу жылында кыргыз тили жана адабияты адистигинде окуган 3 студент ЖОЖдор аралык республикалык олимпиадада 1-орунду, 2015-2016-окуу жылында 1 студент 3-орунду ээлешти.

2. 2015-жылы Оштогу кыргыз-өзбек университетинде өткөрүлгөн IV аймактык олимпиадада кыргыз тили дисциплинасы боюнча (баштоочу тайпадан) Махамаджанова М. (М-1-14) 1-орунду,(улантуучу тайпадан) Кубанычбек кызы Э. (М-1-14) 3-орунду ээледи. Жетекчиси: окутуучу Н.К.Жалилова.

3. 2016-жылы Кызыл-Кыя шаарынын КПИ БатМУнун базасында V аймактык студенттик олимпиадасында кыргыз тили жана адабияты боюнча Сагындык кызы А. (КТ-1-13) 3-орунду ээледи. Жетекчилери: ф.и.к., доцент Бакирова Г.К., ага окутуучу Шерипбаев А.

Кыргыз тили дисциплинасыбоюнча (улантуучу тайпадан) Алишерова Ж. (М-1-15) 2-орунду ээледи. Жетекчиси: окутуучу Н.К.Жалилова.

4. 2017-жылы Жалал-Абад шаарындагы К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин базасында өткөн VI Аймактык студенттик олимпиадасында: кыргыз тили жана адабияты боюнча Бахтияр кызы Толгонай (КТ-1-15) 3-орунду ээледи. Жетекчилери: ф.и.к., доцент Бакирова Г.К., ага окутуучу Шерипбаев А. Манас таануу предмети боюнча Рыскелди у. Б. – (КТ-1-16) 1-орунду жеңди. Жетекчиси – ф.и.к., доцент Кадырова А.

Кыргыз тили боюнча (баштоочу тайпадан) Тиллаева Н. (Ф-1-16) 2-орунду, (улантуучу тайпадан) Бегалиев А. (Ф-1-16) 1-орунду ээледи. Жетекчиси: окутуучу Н.К.Жалилова.

5. 2018-жылы Ош шаарындагы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун базасында өткөн VII аймактык студенттик олимпиадасында: кыргыз тили жана адабияты боюнча Бахтияр кызы Толгонай (КТ-1-15) 1-орунду, Тууганбай кызы Лира (КТ-1-15) 2-орунду ээледи. Жетекчилери: ф.и.к., доцент Бакирова Г.К., ага окутуучу Шерипбаев А. манас таануу предмети боюнча Эргешова М.. – (КТ-1-15) 3-орунду жеңген. Жетекчиси – ф.и.к., доцент Кадырова А.

Кыргыз тили дисциплинасы боюнча (улантуучутайпадан) Шерматова М. (Ф-1-16) 2-орунду ээледи. Жетекчиси: окутуучу Н.К.Жалилова.

6. 2019-жылы Ош шаарындагы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун базасында өткөн Аймактык студенттик олимпиадасында: манас таануу предмети боюнча Кубанычбек к.У. – (КТ-1-15) 2-орунду жеңген. Жетекчиси – ф.и.к., доцент Кадырова А.

7. 2017-2018-окуу жылында кыргыз тили жана адабияты адистигинин 4-курсунун студенти Каныбек кызы Алина (КТ-1-14) президенттик стипендиянын ээси болду.

8. 2017-жылдын 21–22-апрелинде Бишкек шаарында өткөн БГУ атындагы Карасаев университетинде уюштурулган «Дүйнө элдеринин тилдери жана маданияттарынын I эл аралык фестивалында» («Ар түрдүүлүктөгү биримдик») кыргыз тили жана адабияты адистигинин командасы 1-орунду ээлеген. Жетекчиси — филология илимдеринин кандидаты, доцент Г. К. Бакирова.

9. 2018-жылдын 4-октябрында студенттер факультет аралык республикалык «Маалыматтык технологияларда мамлекеттик тилди колдонуу» аттуу конкурста 1-орунду алышкан. Бул иш-чараны Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Билим берүү жана илим министрлиги, «Улут Софт» ЖЧКсы жана Эл аралык инновациялык технологиялар университети биргелешип уюштурган. Жетекчи — окутуучу Н. Жалилова.

10. 2022-жылы окуу жайыбызда ѳткѳрүлгѳн IX олимпиадада кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча баштоочу тайпадан МЧББ-1-21 тайпасынын студенти Тохтасинова Шахло 1-орунга (жетекчиси - окутуучу Жалилова Нуржана Кадыровна), манас таануу предметинен адистик боюнча КТ-1-21 тайпасынын студенти Карыпбаева Таңсулуу 2-орунга (жетекчиси - ф.и.к., доцент Кадырова Анара), манас таануу предметинен адистик боюнча КТ-1-21 тайпасынын студенти Кубатбек кызы Элиза 3-орунга (Жетекчиси - ф.и.к., доцент Кадырова Анара), манас таануу предметинен адистиктик эмес боюнча ФМББм-1-20 тайпасынын студенти Маратбек кызы Айдана 3-орунга (жетекчиси - ф.и.к., доцент Кадырова Анара), кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча улантуучу тайпадан ЛАК-1-21 тайпасынын студенти ЭргешоваАйгүл 3-орунга (жетекчиси - ф.и.д., профессор Мирзахидова Муяссар Инамжановна), кыргыз тили жана адабияты адистиги  боюнча КТ-1-18 тайпасынын студенти Осмонбекова Айкөкүл 3-орунга (жетекчилери -  ф.и.к., доцент Бакирова Гүлжан Кѳккѳзовна жана улук окутуучу Шерипбаев Амангелди Рахманбердиевич) жетишишти. 

11. 2022-2023-окуу жылы кезектеги X аймактык олимпиада Ош мамлекеттик университетинде манас таануу (адистик) – 1-курс, 1-орун КТ-1-22, Жаныбек кызы Үрбү,  (жетекчиси - Кадырова Анара), 2-орун. Манас таануу (адистик эмес) – 1-курс, ЧТк-1-22, Артыкбаева Кызжибек (жетекчилери – Кадырова Анара, Омурзакова Уулкан) 

3-орунду Кыргыз тили жана адабияты (баштапкы денгээл) – 1-курс, ЧТк-2-22, Кадирова Нодирахан (жетекчиси - Кочорова Гулумкан) ээлешти.

12. 2023-2024-окуу жылы XI аймактык олимпиада Ош техникалык университетинде аймактык ЖОЖдор арасында студенттик олимпиада өткөрүлүп, кыргыз тили жана адабияты адистик тайпадан Кт-1-21 Сапарбоева Үпөл 3-орун (жетекчиси – ф.и.к. Бакирова Г., улуу окутуучу Шерипбаев А.) кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча улантуучу тайпа П-1-23 Асанова Тахмина 1-орунга (жетекчиси – Бакирова Г.), кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча баштоочу тайпа М-1-23 Арсланбек кызы Хайтхон 3-орун (жетекчиси – Омурзакова У.Т.) жетишишти.

13. 2024-2025-окуу жылында XII олимпиадада кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча Б.Сыдыков атындагы Ош кыргыз-өзбек эл аралык университетинде аймактык ЖОЖдор арасында студенттик олимпиада манас таануу предметинен КТ-1-23 тайпасынын студенти Сайкал Парпибаева 1-орун, (даярдаган ф.и.к. доцент Анара Кадырова), кыргыз тилин баштоочулар үчүн ПОВТАС-24 тайпасынын студенти Рабия Маматкаримова 1-орун, (даярдаган: ф.и.к., доцент Гүлүмкан Кочорова), кыргыз тили жана адабияты предметинен КТ-1-22 тайпасынын студенти Мухаммадкосим кызы Асия 1-орунду (даярдагандар - улук окутуучу Амангелди Шерипбаев жана ф.и.к., доцент Гулжан Бакирова) ээлешти.

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасына тиешелүү кааналар жана лабораториялар

ЖАМУнун филологиялык факультетинде кыргыз тили жана адабияты кафедрасына 500300 филологиялык билим берүү (профили: кыргыз тили жана адабияты,орус тили жана адабияты) багыты боюнча окуган студенттердин сабактарынын жүргүзүлүшү үчүн 9 аудитория бекитилген.

Ар бир аудитория кесиптик дисциплиналар боюнча окуу көргөзмөлөрү менен жасалгаланган. Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы сабактарын техникалык жабдуулар менен жабдылган (интерактивдүү доска, проектор, компьютер) жүргүзүшөт.

Кафедранын керектүү заманбап техникалары менен жабдылган лабораториялары, борборлору, аудиториялары:

Кыргыз тилин жана адабияты кафедрасына тиешелүү кааналар жана лабораториялар  

     Мамлекеттик тил каанасы - 3 / 301 

     Сүйлөө кеби каанасы – 3 / 303 (проектор)

     Грамматика каанасы - 3 / 304 (панель)

     К.К. Юдахин атындагы илим-изилдөө лабораториясы (Э. Уметов атындагы Педагогика институту   1/118 (компьютер, принтер ))

Кафедранын илимий багыттары:

1. Азыркы кыргыз тилинин актуалдуу проблемалары

2. Түркология жана тилдин тарыхы

3. Кыргызстандагы орус адабияты

4. Кыргы адабиятынын тарыхы

5. Адабият таануу илиминин учурдагы маселелери

Кафедранын окуу-усулдук иштери

Кафедранын профессордук-окутуучулар курамы кыргыз тили жана адабияты профили боюнча студенттер үчүн бардык дисциплиналар боюнча силлабустар, лекциялардын курсу, окуу-усулдук комплекстер даярдалган. Ай сайын усулдук семинарлар, адабий кечелер, ачык сабактар ж.б.у.с. жүргүзүлөт.

Кафедранын базасында “Түрколог”, “Лингвист”, "Мамлекеттик тил" атындагы чыгармачыл жаштардын ийрими жана У.Абдукаимов атындагы “Майдан” адабий чыгармачылык ийримдери активдүү иштейт.

Кафедранын тышкы байланыштары

1. КР УИА Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту

2. И.Арабаев атындагы КМУнун профессор Т.К.Ахматов атындагы кыргыз тил илими жана окутуунун технологиялары, кыргыз адабияты кафедралары

3. Ж.Баласагын атындагы КУУнун тил илими, кыргыз адабияты кафедралары

4. ОшМУнун кыргыз тили, кыргыз адабияты кафедралары

5. К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун кыргыз тили, кыргыз адабияты кафедралары

6. С.Наматов атындагы НМУнун кыргыз тили, кыргыз адабияты кафедралары

7. Талас мамлекетик университетинин кыргыз тили, кыргыз адабияты кафедралары

8. А.С.Пушкин атындагы орус тили институту (Москва мамлекеттик тил илими университети)

9. Г.Р. Державин атындагы Тамбов мамлекеттик университети

10. Элдер достугу Россия университети

11.Тегеран университети (Иран)

12. Синьцзян университети (Кытай)

13. Андижан мамлекеттик педагогикалык институту. (Өзбекстан)

Республикалык конкурстардын жеңүүчүлөрү

1. 2021-жылдын 14-декабрында КР “Мамлекетик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына карата Бишкек шаарында Эл аралык жогорку медициналык мектеби тарабынан уюштурулган «Кыргыз ырлары чет элдик студенттердин аткаруусунда» аталышындагы республикалык фестивалга Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун медицина факультетинин чет элдик студенттеринин тобу  катышып,

2-орунду жеңип алган. Жетекчилери – окутуучулар Каленбекова Г., Адыкулова А.

2.  2022-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын  "Мамлекеттик тили жѳнүндѳгү" мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына арналып, Ош мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган II республикалык  «Кыргыз ырлары чет ѳлкѳлүк студенттердин аткаруусунда» аттуу фестивалында « Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун медицина факультетинин чет элдик студенттеринин тобу  катышып, 2-орунду жеңип алган. Жетекчиси – окутуучу Каленбекова Г. Т.

3. 2024-2025-окуу жылында  Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистигинин 3-4-курстарынан түзүлгөн “Кут билим” тобу  КР Улуттук телерадиоберүү корпорациясы, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын республикалык ЖОЖдор арасында өткөн студенттердин “БИЛГИ” интеллектуалдык теледолбоорунун 5-туруна чейин катышып, жыйынтыгында  2-орунду ээледик жана катышкан студенттер 150000 сомдук сертификат, ар бири 2-даражадагы диплом менен сыйланышты. Даярдаган улуу окутуучу А.Шерипбаев.

4. 2025-жылдын май айында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, КР Билим берүү жана илим министрлиги жана И.Арабаев атындагы КМУ менен биргеликте «Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору” аталышындагы  жогорку жана орто кесиптик окуу жайлары арасындагы республикалык сынакка Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улук окутуучусу Каленбекова Гүлбарчын Тайырбековна катышып, жогорку окуу жайлар арасындагы мамлекеттик тилди чет тили катары окутуу багытында 2-орунду ээлеп, грамота менен сыйланды.

            Академиялык мобилдүүлүк боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар

Профессор И. Абдувалиев М. Акмулла атындагы Башкырстан мамлекеттик педагогикалык университетинде конок лекцияда (27.05.2025)
Профессор И. Абдувалиев М. Акмулла атындагы Башкырстан мамлекеттик педагогикалык университетинде конок лекцияда (27.05.2025)
Ф.и.к., доцент Г.К. Бакирова Ж. Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультетинде конок лекцияда (17.04.2025.)
Ф.и.к., доцент Г.К. Бакирова Ж. Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультетинде конок лекцияда (17.04.2025.)

            Эл аралык конференциялар

  “Кыргыз тили – кыргыз көркөм адабиятынын тили” аттуу илимий-тажрыйбалык республикалык конференция (14.03.2025. ЖАМУ)
  “Кыргыз тили – кыргыз көркөм адабиятынын тили” аттуу илимий-тажрыйбалык республикалык конференция (14.03.2025. ЖАМУ)
Кыргыз тили кафедрасынын доценти Г. К. Бакирова Туркиянын Ниде шаарында өткөрүлгөн "XII Эл аралык Түрк дүйнөсү изилдөөлөрү" симпозиумуна катышты (20-24.05.2025)
Кыргыз тили кафедрасынын доценти Г. К. Бакирова Туркиянын Ниде шаарында өткөрүлгөн "XII Эл аралык Түрк дүйнөсү изилдөөлөрү" симпозиумуна катышты (20-24.05.2025)
Кыргыз-Түрк Манас университетинде V Эл аралык түрк цивилизациясы (түрк цивилизациясынын орток баалуулуктары конгресси (18.04.2025.)
Кыргыз-Түрк Манас университетинде V Эл аралык түрк цивилизациясы (түрк цивилизациясынын орток баалуулуктары конгресси (18.04.2025.)
Башкортстанда  “XXI кылымдагы фольклор жана фольклористика” деген темада ф.и. д., профессор Р.А.Султангариеванын 70 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияда профессор И.Абдувалиев “Эр Төштүк” жана “Урал баатыр” эпосторундагы мифтик мотивдер” деген темада баяндама жасады. (28.05.2025)
Башкортстанда  “XXI кылымдагы фольклор жана фольклористика” деген темада ф.и. д., профессор Р.А.Султангариеванын 70 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияда профессор И.Абдувалиев “Эр Төштүк” жана “Урал баатыр” эпосторундагы мифтик мотивдер” деген темада баяндама жасады. (28.05.2025)

  Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жөнүндө маалымат