1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы

Англис тили жана адабият кафедрасы

Ыкыбал

Кафедра башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты

Телефон:

Туулган күн:

September 20, 1959

Каттоодон өтүү:

04.01.2024

Акыркы кириш:

1 месяц назад

Англис тили жана адабияты кафедрасы тууралуу маалымат

1993-жылы ЖАМУнун инженердик-педагогикалык факультетинин курамында чет тилдер кафедрасы негизделип, 6 тажрыйбалуу окутуучу жумушка кабыл алынган жана  50 студент бюджеттик негизде окууга кирген. Чет тилдер кафедрасынын башчысы болуп филология илимдеринин кандидаты  А.Жумашев дайындалган.

1998-жылы чет тилдер кафедрасынын негизинде эки кафедра түзүлгөн: англис тилин окутуунун усулу кафедрасы, кафедра башчысы – Л.С.  Кочкорбаева жана англис тилинин фонетикасы жана лексикасы  кафедрасы, кафедра башчысы – Б.Н.Курманакунов.

2001-жылы ЖАМУнун Окумуштуулар кеңешинин 163 «А» чечими менен англис тилинин грамматикасы кафедрасы түзүлүп, кафедра башчысы болуп филология илимдеринин кандидаты А.Ж. Шамурзаев дайындалган.

2006-жылы филология илимдеринин кандидаты, доцент А.О. Калмуратова англис тилинин грамматикасы  кафедрасынын башчысы болуп дайындалган.

2011-жылы структуралык өзгөрүүлөргө байланыштуу жогоруда аты аталган үч кафедра бириктирилип англис тили жана адабияты кафедрасы болуп түзүлүп, филология илимдеринин кандидаты, доцент А.О. Калмуратова кафедра башчысы болуп дайындалган.

Ал эми 2025-жылдын сентябрынан англис тили жана адабияты кафедрасына п.и.к., доцент Ы.К.Жолдошбаева кафедра башчы болуп дайындалды.

Азыркы учурда англис тили жана адабияты кафедрасында 19 окутуучу  эмгектенет. Анын ичинен 3 филология илимдеринин доктору, профессор, 4 филология илимдеринин кандидаты, доцент; 8 улуу окутуучу жана 4 окутуучу. Кафедранын окутуучулары сабак окутуу менен гана чектелбестен, окутуучуларга арналган долбоорлого катышып, чет өлкөлөргө барып келишти. Атап айтсак, Г.А.Орозбаева Венгрия, А.А.Сопукулова Индия жана башка мамлекеттерде болушкан.

Г.А.Орозбаева 2011-жылы, Ы.К. Жолдошбаева 2017-жылы, Н. Э. Арсланбекова 2022-жылы кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү коргошту. Кафедранын окутуучулары  Г.А. Жороева, А. Д. Керимбердиева, А. А. Сопукулова, Г. Ч. Алымкулова жана Н. А.Ташиева ЖАМУнун аспирантура бөлүмүн аякташып, илимий иштерин коргоого даярданып жатышат.Н. А. Жумабекова Кыргызстан Эл аралык университетинде PhD  багытында, ал эми Ж.Б.Сатывалдиева  Заманбап Эл аралык университетинде магистратура бөлүмүндө окуп жатышат.

Илим изилдөө иштерин өнүктүрүү максатында студенттер менен биргеликте филология илимдеринин кандидаты, доцент Н.Э.Арсланбекова "I-Science"- innovative science research” лабораториясын алып барат. Улук окутуучу Н. А. Жумабекованын жетекчилиги астында “English Drama Club” ийрими, З.Т. Жолдошеванын жетекчилиги астында “Bridge” ийрими иштейт.

Кафедранын профессордук-окутуучулар курамы дайыма илимий-педагогикалык деңгээлин жана квалификациясын жогорулатуунун үстүндө иш алып барышат. Окутуучулар улуттук жана эл аралык семинар, конференцияларга катышып, сертификаттарга ээ болушкан.

“Фулбрайт” программасы боюнча АКШдан келген Аурелиям Ван дер Вайлд студенттердин англис тилинде сүйлөө жана жазуу көндүмдөрүн калыптандырууга жигердүү салым кошууда.

Бул кафедрада окутуучулар  санарип көндүмгө ээ болуп, билим берүү процесси санариптик технологиялар менен интеграцияланган. ЖАМУнун профессордук-окутуучулук курамына англис тилин үйрөтүү курсунда активдүү иштеп келишет.

         Англис тили жана адабияты  кафедрасы төмөндөгү ЖОЖдор менен тыгыз байланышта: ОшМУ, ОшТУ, ЭАУ, ЭАЗУ жана МОМУ, КННУ, АКШнын “Тынчтык” корпусу ж.б.

Кафедранын мугалимдер жамааты тарабынан 5 монография, 30 окуу-усулдук комплекс, 15 окуу-усулдук колдонмо, 10 лекция жыйнактары жана  100дөн ашуун илимий макала басмадан чыгарылган.

Англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучуларынын сыйлыктары:

1.КРдин билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы-11

2.Билим берүүнүн мыктысы – 9

3.Жалал-Абад областынын губернаторунун Ардак грамотасы-3

4.Жалал-Абад шаарынын мэринин Ардак грамотасы-6

5.ЖАМУнун Ардак грамотасы-15

6.ЖАМУнун төш белгиси – 5

7.Филология факультетинин Ардак грамотасы-2

Англис тили жана адабияты кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы жөнүндө маалымат

Аты-жөнү Ээлеген кызматы
 1 Абдыкалыкова Чынара Казыбековна улуу окутуучу
 2 Абдырахманова Гүлчехра Осмоновна э.и.к.,доцент
 3 Арсланбекова Насыйкат Эркинбаевна ф.и.к.,доцент окутуучу
 4 Алымкулова Гүлжан Чодуевна улуу окутуучу
 5 Дарбанов Беркут Ерматович филол.и.д., профессор
 6 Жолдошева Зарипа Токторовна окутуучу
 7 Жолдошбаева Ыкыбал Капаровна пед.и.к., доцент, кафедра башчы
 8 Жороева Гулбара Анарбаевна улуу окутуучу
 9 Жумабекова Насиба Акимжановна улуу окутуучу
10 Керимбердиева Айсалкын Дуйшоевна улуу окутуучу
11 Мамбеталиева Айкүл Божуевна Улуу окутуучу
12 Мирзахидова Миясар Инамжановна ф.и.д.,профессор
13 Нышанбай кызы Байыма окутуучу
14 Орозбаева Гулбарчин Абдимажитовна ф.и.к., доцент
15 Сопукулова Айкөкүл Абдыракмановна окутуучу
16 Төрөмаматова Миргүл Мыктарбековна улуу окутуучу
17 Ташиева Нуржамал Абдиллаевна окутуучу
18 Эргашева Дилафруз Ибрахимовна улуу окутуучу
19 Эшиев Асылбек Мирзатилаевич филол.и.д., профессор 

Англис тили жана адабияты кафедрасы 550300 филологиялык билим берүү багытынын чет (англис) тили профили боюнча англис тили мугалимдерин  даярдайт. 2024-2025-окуу жылында кафедрада 550300 Филологиялык билим берүү багытынын чет (англис) тили магистрдик программасы боюнча магистрлер кабыл алынган. Азыркы мезгилде 300 студент жана 22 магистрант билим алып жатышат.

Кафедранын окуу иштери

Англис тили жана адабияты кафедрасында окуу процесси мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде жүргүзүлөт жана ар тараптуу өнүккөн жана квалификациялуу бакалавр жана магистрантты даярдоого багытталган. Жогорку кесиптик билим берүүнүн  негизги билим берүү программасынын негизинде иш алып барат.  550300 Филологиялык билим берүү багытынын  чет тили (англис) тили профили боюнча бакалаврларды даярдоонун  нормативдик мөөнөтү  4 жыл.

Окуу-усулдук иштер

Англис тили жана адабияты кафедрасында окуу-усулдук иштер үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Кафедрада бекитилген графикке ылайык, жуманын ар ишемби күнү “Методикалык күн” деп жарыяланган. Ал күнү окутуучулар тажрыйба алмашуу максатта окуу-усулдук мастер-класстарды  уюштурушат. Мындан сырткары, англис тилин окутуудагы  медиа сабаттуулук,  инновациялык технологияларды колдонуу боюнча семинар-тренингдер, конок лекциялар, жетекчилер менен жолугушуулар байма-бай өткөрүлөт. Кафедранын окутуучулары ар бир дисциплина үчүн окуу куралдарды, сөздүктөрдү, окуу китептерин иштеп чыгышат. Окуу-методикалык комплекстер, кафедралардагы ар бир дисциплинанын силлабустары жыл сайын системалуу түрдө жаңыланып турат. Дээрлик бардык сабактар боюнча ОУК жана силлабустар иштелип чыгып, AVN порталына жайгаштырылган.

Илимий-изилдөө иштери

Кафедранын илимий ишмердүүлүгү эки багыттын алкагында иш алып барат: окутуучулардын илим изилдөө иштери жана студенттер менен илим изилдөө иштери. Жыл сайын профессордук-окутуучулар курамынын, аспиранттардын илимий эмгектеринин натыйжалары РИНЦ, Web Science и Scopus кирген журналдарга жарыяланып, магистранттар жана студенттердин илимий иштери жаш окумуштуулардын эмгектеринин атайын жыйнактарында басылып чыгат.

Кафедра башчы,п.и.к.,доцент  Ы.К.Жолодошбаевва В.Н. Татищев атындагы Астрахан мамлекеттик университети тарабынан чыгарылган илимий макалалар жыйнагынын уюштуруу комитетинин жана редакциялык коллегиясынын мүчөсү.

Студенттердин илим изилдөө иштери университетте илимий иш-чараларды уюштуруунун маанилүү багыты болуп саналат. Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы студенттердин илимий иштерине илимий темалар боюнча консультация беришип, илимий макалаларды даярдоого жетекчилик кылышат жана илимий конференцияларды уюштуруу түрүндө жетектейт.

Коомдук-тарбиялык иштер

Кафедранын коомдук-тарбиялык иштери бекитилген тарбиялык иштеринин планына ылайык жүргүзүлөт. Кураторлор тарабынан студенттерге тарбия иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат. Куратордук сааттар, дебаттар, юбилейлерге, маанилүү даталарга арналган ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт, ошондой эле студенттерге патриоттуулук сезим, аналитикалык өз алдынча ой жүгүртүү көндүмдөрү, заманбап дүйнөнү улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарга багыттоо менен баалоо үйрөтүлөт. Кафедранын окутуучулары жана студенттери университетте өткөрүлүп жаткан спорттук иш-чараларга, шаардык жана университеттик масштабдагы ишембиликтерге активдүү катышышат. Студенттер ар кандай сынактарда, университеттин жана шаардын масштабында өткөрүлгөн мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп, кураторлордун жана студенттердин чыгармачылык ишинин далили болуп саналат.

Кафедранын окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу

Кафедранын окутуучулары билимин өркүндөтүү,  усулдук тажрыйбасын  байытуу жана тажрыйба алмашуу максатында  Индия, Малайзия, АКШ, Австрия мамлекеттеринин    жогорку окуу жайларына барып келишкен.

Кафедранын окутуучулары эл аралык, республикалык илимий-практикалык конференцияларга, университеттик семинарларга активдүү катышып, дайыма чыгармачылык изденүүдө.

Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында инновациялык окуу-методикалык ресурстарды, методдорду, формаларды жана технологияларды колдонуу

Кафедранын окутуучулары окуу жана тарбия маселелерин чечүү үчүн чет тилдерди окутуунун интерактивдүү ыкмаларын колдонушат: сынчыл ойлом стратегиялары, коммуникативдик окутуу ыкмалары, интерактивдүү формалар сыяктуу: тегерек стол, мээ чабуулу, дебаттар, бизнес жана роль оюндары ж.б. Окутуучулар студенттерди өз предметтерин тийиштүү педагогикалык деңгээлде окутушат, бул студенттердин предметке болгон кызыгуусун арттырат. Студенттерди даярдоонун бардык шарттары бар. Ошондой эле кафедранын окуу жылына бекитилген графиги боюнча ачык лекциялар жана ачык практикалык сабактар өткөрүлөт, кафедраларда өткөрүлгөн ачык лекцияларды жана окутуучулардын ачык практикалык сабактарын деталдуу талдоо менен протокол жүргүзүлөт.

Өндүрүштүк практика

Практикалык тажрыйба алуу үчүн чет (англис) тили профилинин студенттери окуу учурунда үч практикадан өтүшөт. Студенттердин практикасы окуу процессинин графигине ылайык жүргүзүлөт. Чет (англис) тили профилинин студенттери окуу планы боюнча адаптациялык-педагогикалык практиканы 2-курста,  кесиптик – базалык практиканы 3-курста жана кесиптик-профилдик практиканы 4-курста өтүшөт жана милдеттүү түрдө окуу процессинин графигине киргизилет.Педагогикалык практикадан өтүү үчүн ЖАМУ менен Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгынын, Сузак райондук билим берүү башкармалыгынын ортосунда кызматташуу жана кафедранын студенттери үчүн шаардын мектептеринде практиканын бардык түрлөрүн өткөрүү жөнүндө келишимге кол коюлган. Практика өтүүнүн жыйынтыгы боюнча кафедрада конференциялар өткөрүлөт, анда студенттер практика боюнча өз ой-пикирлерин билдиришет. Магистранттар бекитилген окуу планы боюнча башкаруу жана илимий-педагогикалык практикасын өтүшөт

Академиялык мобилдүүлүк

Биздин кафедрада академиялык мобилдүүлүк эки негизги багыт боюнча ишке ашырылат – Кыргыз өнөктөш ЖОЖдорунда студенттерди окутуу жана чет өлкөлүк ЖОЖдордо окутуу. Мобилдүүлүк программалары өнөктөш ЖОЖдордун ортосундагы келишимдердин алкагында ишке ашырылат. Академиялык мобилдүүлүк программалары боюнча окуу биздин студенттерге жана магистранттарга чет тилин билүү деңгээлин жогорулатууга, теориялык билимди жана практикалык көндүмдөрдү тереңдетүүгө, өлкөнү жакшыраак билүүгө, башка маданиятты билүүгө, ар кайсы шаарлардан, өлкөлөрдөн, континенттерден досторду табууга мүмкүндүк берет.

Профессордук-окутуучулук курамдын мобилдүүлүгү билимди байытуу, биргелешкен илимий-изилдөө жана окуу программаларын ишке ашыруу, чет өлкөлүк университеттерде тажрыйба алмашуу, башка өлкөлөрдүн маданий коомчулугуна кошулуу ж. б. максатында кафедранын эл аралык жана билим берүү ишинин маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.

Мектептерде кесипке багыт берүү иши

Кафедранын окутуучулары потенциалдуу студенттер менен иштөө формаларын өркүндөтүүнүн алкагында мектептерде кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүшөт, анын ичинде 11-класстын окуучулары менен кесипке багыт берүүчү сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.