1. Башкы бет
  2. Жалпы маалымат
  3. Туруктуу өнүгүүнүн максаттары

Туруктуу өнүгүүнүн максаттары

Б. ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ ЖААТЫНДАГЫ САЯСАТЫ

Саясат ESG (экологиялык, социалдык жана башкаруу) тармагындагы негизги глобалдык принциптерди, ошондой эле БУУнун 17 Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) жана БУУнун Глобалдык келишиминин принциптерин эске алат. 

Университеттин туруктуу өнүгүү жаатындагы максаты – Кыргызстандын жана жалпы Евразия аймагынын гүлдөп-өнүгүшүнө көмөктөшүүчү атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо үчүн туруктуу өнүгүү принциптерин билим берүүнүн, илимий-изилдөө жана чарбалык ишмердүүлүктүн бардык аспектилерине интеграциялоо.

Университеттин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

•        туруктуу өнүгүү принциптерин билим берүү программаларына жана илимий изилдөөлөргө интеграциялоо;

•        «жашыл» экономика жана туруктуу өнүгүү жаатында компетенцияларга ээ болгон кадрларды даярдоо;

•        айлана-чөйрөгө терс таасирди азайтуу;

•        гендердик теңчиликти, инклюзивдүүлүктү жана билим алууга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;

•        башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана коррупцияга каршы аракеттенүү механизмдерин киргизүү.

Университет төмөнкү принциптерди жетекчиликке алат:

•        Мыйзамдуулук жана улуттук салттарды сыйлоо;

•        Академиялык чынчылдык жана эркиндик;

•        Экологиялык жоопкерчилик;

•        Социалдык адилеттүүлүк жана инклюзивдүүлүк;

•        Ачык-айкындуулук;

•       Коррупцияга каршы күрөшүү.

Университет адам укуктары, эмгек, айлана-чөйрө жана коррупцияга каршы күрөшүү жаатында БУУнун Глобалдык келишиминин принциптерин колдойт.

Б. ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ТУРУКТУУ САТЫП АЛУУЛАР САЯСАТЫ

Туруктуу сатып алуулар саясаты  университеттин сатып алуу ишмердүүлүгүнө туруктуу өнүгүү принциптерин киргизүү, каржы каражаттарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу, айлана-чөйрөгө терс таасирди минималдаштыруу, ошондой эле аймактын социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү максатында иштелип чыккан.

Б. ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ТУРУКТУУ ИНВЕСТИЦИЯЛОО САЯСАТЫ

Саясат Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин каржылык ресурстарын (эндаумент-фонддор, атайын каражаттар, гранттар) башкаруу боюнча экологиялык, социалдык жана башкаруучулук факторлорду (ESG-критерийлерди) эске алуу менен принциптерди жана ыкмаларды аныктайт. Негизги максаты - ЖАМУнун узак мөөнөттүү каржылык туруктуулугун камсыз кылуу менен бирге Жалал-Абад облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана Кыргызстандын жаратылыш мурасын сактоого көмөктөшүү.

Б. ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН  ТЕҢ УКУКТУУЛУК, АР ТҮРДҮҮЛҮК ЖАНА ИНКЛЮЗИВДҮҮЛҮК (EDI) САЯСАТЫ

Саясаттын максаты: билим берүү процессинин бардык катышуучулары үчүн тең укук жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, инклюзивдүү, коопсуз жана дискриминациясыз билим берүү чөйрөсүн түзүү, окуучулар менен кызматкерлердин академиялык, илимий жана социалдык ишмердүүлүгүнө толук катышуусун колдоо, ошондой эле ESG принциптерине жана QS World University Rankings Sustainability талаптарына ылайык социалдык жоопкерчилик, гендердик теңдик жана туруктуу баалуулуктарды өнүктүрүү.

Б. ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК  УНИВЕРСИТЕТИНИН ПАРАКОРЧУЛУККА ЖАНА КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ САЯСАТЫ

Саясат Университетте коррупциялык укук бузууларды алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча чаралардын тутумун белгилейт. Документ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, коррупцияга каршы башкаруунун эл аралык стандарттарына, ошондой эле академиялык ак ниеттүүлүк жана башкаруунун ачык-айкындуулук принциптерине ылайык иштелип чыккан.