1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы

Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы

Айчүрөк Гайназаровна

Немис тили жана факультет аралык чет тилдер кафедрасынын башчысы

Телефон:

Туулган күн:

January 18, 1975

Каттоодон өтүү:

13.10.2025

Акыркы кириш:

1 месяц назад

Немец тили  жана факультеттер аралык чет тили  кафедрасы

           КРдин  Билим жана илим министирлигинин 14.05. 1993 жылындагы № 163/1 буйругунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2-апрель 1993 жылкы Указынын, КРдин  Өкмөтүнүн 10-май 1993 жылкы № 197 токтомунун негизинде Жалал-Абад мамлекеттик университети түзүлгөн. Ошол эле жылы ЖАМУнун инженердик-педагогикалык факультетинде тилдер кафедрасы түзүлгөн. Кафедрага кыргыз, англис жана орус тилдери кирген. ЖАМУнун филология факультетинин кафедраларынын бири болуп факультеттер аралык чет тили кафедрасы 1995-жылдын 1-мартында негизделген.

Немец тили адистиги 2001-жылы профессор А. Мырзакуловдун демилгеси менен ачылган. 2001-жылы алгач 7 студент конракттык негизде кабыл алынган.

Котормо, котормо таануу адистигин  2011-жылы ф.и.к. доцент  Г.Сатыбалдиева негиздеп, ошонун негизинде котормо, котормо таануу жана немец тили кафедрасы 2011-жылдын 17-майдагы №190 буйругунун негизинде ачылган. 1-сентябрынан жаны ачылган кафедрага №1/169 буйругунун негизинде кафедра башчысынын милдетин аткаруучу  болуп  шайлоого чейин  Ч.Асылбекова дайындалган. Алгач  кафедрада 1 илимдин доктору, 3 илимдин кандидаты, 6 окутуучу  жана  1 лаборант эмгектенген.

2012-жылдын  сентябрь айынан  баштап  немец тили жана адабияты кафедрасы болуп кайрадаган түзүлгөн. Кафедрада 1 илимдин доктору, 5 илимдин кандидаты, 3 улук окутуучу, 5 окутуучу эмгектенген. Кафедра чет (немец) тили  адистиктерин  даярдайт.

            2015-жылдын  сентябрь айынан  баштап  кафедра кайрадан  немец тили, адабияты жана аймак таануу кафедрасы  болуп  түзүлгөн.  2016-жылы 30-марттагы  ЖАМУнун окумуштуулар кеңешинин  жыйынында  67 добуш менен кафедра башчысы болуп доцент  м.а.Ч.Асылбекова шайланган.

            Кафедранын биринчи башчысы болуп билим берүүнүн отличниги А.Б.Жолдошалиева дайындалган. ЖАМУнун №278 буйругунун негизинде лингвистика кафедрасынан бөлүнүп, 2016-жылдын 30-августунан 2021-жылдын апрелине чейин кафедраны доцент Жолдошбаева Ы.К. жетектеген.

            2021-жылдын 2-июлунан 2022-жылдын 1-сентябрына чейин ЖАМУнун № 185 буйругунун негизинде Абдыкалыкова Чынара Казыбековна факультеттер аралык чет тили кафедрасынын башчысы болуп дайындалды. Абдыкалыкова Чынара Казыбековна 2000-жылдан бери ЖАМУда окутуучу болуп иштейт. Ал ЖАМУнун аспирантурасын аяктаган жана азыр диссертациясын коргоонун алдында турат.

2022-жылдын 1-сентябрында ЖАМУнун №226 буйругунун негизинде немец тили жана адабияты кафедрасы менен факультеттер аралык чет тили кафедрасы бириктирилип, немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы болуп түзүлдү.

            2022-жылдын 1-сентябрында ЖАМУнун №379/1 буйругунун негизинде Асылбекова Чырашкан Айтмурзаевна – ФФнын немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын кафедра башчысы кызмат ордуна дайындалды.

            2023-жылдын 1-сентябрынан конкурс болгонго чейин ЖАМУнун №426/1 буйругунун негизинде Бекиева Нуркан Калмаматовна -  ФФнын немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын кафедра башчысынын милдетин аткаруучу кызматына дайындалды.           

2025-жылдын 26-августунан тартып № 378/1 буйругунун негизинде Эсенова Айчурок Гайназаровна немис жана факультет аралык чет тилдер кафедрасынын башчысы болуп дайындалды.

             Кафедра  Германиянын  «ДААД» долбоорунун негизинде программаларга катышып  окутуучулар, студенттер да Германияга жайында бир айга барып өз билимдерин өркүндөтүшүп сертификаттарга ээ болушат. Ушул программадан өтүп алган  студенттер  Германиянын  баардык  штаттарында билимин өркүндөтүү боюнча  тилдик  курстарда акысыз  окуп  келүүдө.

Негизги миссиясы - немец тилин өркүндөтүү жана түштүк (анын ичинен Жалал-Абад областына) аймагына  жайылтуу. Кафедранын негизги милдети-окутуучулук-профессордук курамдын  окуу-усулдук ишмердүүлүгүн жана илимий потенциалын өнүктүрүү. Кафедранын алдына койгон максаты - татыктуу жана сапаттуу билим берүү. Кафедранын окутуучулары тарабынан бир нече окуу усулдук колдонмолор,илимий макалалар жарыкка чыккан.

Кафедранын окутуучулары үзгүлтүксүз түрдө квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүп, жакын жана алыскы чет өлкөлөрдүн кесиптештери менен активдүү кызматташат. Ошондой эле алар илимий семинарларга, конференцияларга жана форумдарга катышып турушат. Мисалы, жыл сайын немец тили мугалимдеринин союзу мугалимдердин съездин өткөрүп, анда кафедранын окутуучулары активдүү катышып, квалификациясын жогорулатуу боюнча сертификаттарга ээ болушат.

Кафедранын жамааты илимий-педагогикалык чеберчилигин өркүндөтүү үстүндө тынымсыз иштеп, өлкөнүн жана чет өлкөлөрдүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын басылмаларында илимий макалалар менен методикалык иштелмелерди жарыялап, илимий-изилдөө иштерин активдүү жүргүзөт.

Кафедранын улук окутуучусу Эсенова А. Г. кандидаттык диссертациясынын үстүндө илимий иш алып барып, учурда кафедраны жетектейт. Кафедранын курамында 12 штаттык окутуучу жана 2 кошумча окутуучу иштейт. Алар немец жана англис тилдери боюнча жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого зор салым кошушууда.

Кафедранын окутуучусу Г.Маткалыкова  «Boschtiftung» (Бош) долбоорун  жеңип алып, ушул долбоордун  негизинде  жыл  сайын  Германиядан   лекторлор, волонтерлор  келип окутуучулар  менен биргеликте  студенттерге сабак өтүп жатышат жана студенттер менен ар түрдүү ийримдерди өтүшүп,биздин студенттердин тилинин өркүндөтүүгө өз салымын кошуп жатышат. Азыркы  учурда кафедрада 301-каана «Немец тили борбору» ачылган жана бул борборду Казакстандын Алматы  шаарындагы  Гете Институту каржылап 15 мин доллардык китептер   менен камсыздаган. Кафедранын окутуучулары тарабынан түзүлгөн окуу-усулдук колдонмолорду да студенттер пайдаланууда.

Кафедранын окуу иши

Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы 550300 Филологиялык билим берүү (профилдик чет (немец) тили ) багыттары  боюнча окутууну жүргүзөт.

550300 Филологиялык билим берүү багытындагы  чет (немец) тили  профилинин негизги билим берүү программасы иштелип чыккан. (ООП). Негизги билим берүү программасы ушул профилдердеги студенттердин жана бүтүрүүчүлөрдүн бардык аракеттерин камтыйт.

 550300 Филологиялык билим берүү багыты боюнча немец тили жана адабияты профили боюнча бүтүрүүчүлөрдүн компетенттүүлүк моделиништеп чыгуу. Бүтүрүүчүлөрдүн компетенттүүлүк моделинин аныктамалары жана түшүнүктөрү, бүтүрүүчүнүн компетенттүүлүк моделинин негиздери жана түзүмү, иштин милдети, кесиптик иштин мүнөздөмөлөрү, бүтүрүүчүлөрдүн калыптанган компетенциялары келтирилген.

2023-жылдын июнь айында 550300 Филологиялык билим берүү багытынын  чет (немец) тили профили боюнча Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин 6В017 филология факультетинин тил жана адабият мугалимдерин даярдоо багыты менен окуу планы түзүлгөн.

Кафедранын негизги миссиясы - немец тилин өркүндөтүү жана түштүк (анын ичинен Жалал-Абад областына) аймагына  жайылтуу.

Кафедранын негизги милдети -  окутуучулук-профессордук курамдын окуу-усулдук ишмердүүлүгүн жана илимий потенциалын өнүктүрүү .

Кафедранын алдына койгон максаты -татыктуу жана сапаттуу билим берүү. Окутуучулар инновациялык –технологиялык усулдарды колдонуп студенттерге сабактар өтүшөт.

 Кафедранын мүчөлөрү өздөрүнүн билимдерин жогорулатуу үчүн чет өлкөлөргө тажрыйба алмашууга чыгышат жана ар түрдүү илимий семинарларга, конференцияларга жана форумдарга байма-бай катышып келишет.

Кафедранын окутуучулары тарабынан бир нече окуу-усулдук колдонмолор,илимий макалалар жарыкка чыккан.

         ЖАМУнун аспирантурасынын күндүзгү бөлүмүн бүтүтүрүп, изденүүчү Д.И.Эргашева илимий  темасынын  үстүндө  иштеп, эки жогорку окуу жайдын кеңейтилген   кафедранын    жыйынында  талкуудан  өттү.

Ч.Асылбекова 2022-жылдын 27-майда ”Лингвосемантические аспекты соматических фразеологизмов в немецком и кыргызском языках” (10.02.20-сравнительно-историческое, типологическое и сопоставительное языкознание)  деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоду.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын чечими менен Асылбекова Чырашкан Айтмурзаевнага 27-апрель 2023-ж. (протокол № 4к-1-6) негизинде филология илимдеринин кандитаты окумуштуулук даражасы берилди.

Кафедра тарабынан   2 монография, 12 окуу-усулдук колдонмолор, 15 окуу куралдар, 7 лекциялык курстар жана 65 илимий макалалар жарыкка чыккан.

      Кафедрада студенттер үчүн бардык  шарттар түзүлгөн. А.Р.Мырзакулов атындагы окуу- усулдук канаа жана Немец тилинин борбору- лабораториясы Казакстандагы Гёте Институтунан келген китептер менен камсыз болгон.  Кафедра  немец  тили  жана   адабияты    адистиктерин  даярдайт. Биздин кафедра Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар менен тыгыз байланышта иш алып барат. Ж.Баласагын атындагы улуттук университети, Нарын мамлекеттик университети,Ош мамлекеттик  университтети,Бишкек гуманитардык университети, Россия –Кыргыз-славян университтети ж.б. ЖОЖдор жана Кыргызстандагы немец тилчилер уюму менен тыгыз байланышта.

        «Немец тили жана адабияты» кафедрасынын окутуучуларынын сыйлыктары

1. КРдин Илим жана билим министрлигинин Ардак Грамотасы- 5

2. КРдин Илим жана Билим министрлигинин кесиптик уюмунун мыктысынын төш  белгиси жана Ардак грамотасы- 1

3. КРдин немец тилчилер уюмунун Ардак Грамотасы -5

4. Обл.кесиптик уюмунун  Ардак Грамотасы- 6

5. Шаардык мэриясынын Ардак Грамотасы -6

6. ЖАМУнун Ардак Грамотасы -14

7. ЖАМУнун кесиптик уюмунун Ардак Грамотасы- 9

8. Факультеттин Ардак Грамотасы -20

  Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы

Аты-жөнү Окумуштуулук наам Бүтүргөн окуу жайы, жылы
1 Асылбекова  Дамира Улуу окутуучу ОГПИ, англис жана немис тилдеринин мугалими, 1979-ж.
2 Асылбекова Чырашкан Айтмырзаевна Филология илимдеринин кандидаты, ЖАМУнун доценти И.Арабаев атындагы КМПУ,  немец тили мугалими 1995-ж
3 Алибаева Сайракан Тайкадыровна Окутуучу КЖПИ, англис жана немис тилдеринин мугалими, 1981–1986-жж.
4 Бекиева Нуркан Калмаматовна Улуу окутуучу ОшМУ, чет тили мугалими 2010-ж
5 Дарбанов Беркут Ерматович Филология илимдеринин доктору,  профессор ОшМУ , орус тили жана адабияты,1985-ж
6 Мамбетова Замира Кыдырмышевна Мамбетова Замира Кыдырмышевна КМУ  немец тили жана адабияты мугалими, 1990-ж
7 Молдобаева Бактыкан Үрүсбековна Улуу окутуучу ОшМУ, немец тили мугалими 1994-ж
8 Мыктарова Гулсана Абдыкашымовна Окутуучу ЖАГУ, чет тилдер жана адабият (англис тили) мугалими, 2002-ж.
9 Садыкова Сымбат Зарылкановна Филология илимдеринин доктору, профессордун м.а. ККПИ, чет тили мугалими, 1990-ж
10 Тургунбаева Нурия Тургунбаевна Улуу окутуучу ОшМУ, чет тили мугалими 1981-ж
11 Эсенова Айчүрөк Гайназаровна Улуу окутуучу ОшМУ, чет тили мугалими, 1999-ж
12 Ураимова Нуриза Тайырбековна Тажрыйбадагы окутуучу ОшМПУ, англис тили жана адабияты окутуучусу, 2023-ж. (бакалавр), ЖАГУ – 2025-ж. (магистр)
13 Толубаева Молмол Орозбековна Тажрыйбадагы окутуучу  ЖАГУ, англис тили жана адабияты окутуучусу, 2023-ж. (бакалавр), ЖАГУ – 2025-ж. (магистр)
14 Досиева Динара Асанбековна Окутуучу  ЖАГУ, “Чет тили жана адабият” адистиги боюнча диплом алган, 2000-ж. (магистр)
15 Абдыллаева Тансулуу Лаборант