- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Тарых кафедрасы
- Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы
- Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
- Физика жана информатика кафедрасы
- Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
"Педагогика" факультетинин 90 жылдык узак тарыхы бар. Союздук республикаларга белгилүү болгон Жалал-Абад шаарындагы А.С.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайынын базасында ЖАМУнун Окумуштуулар Кеңешинин 1993-жылдын 14-майындагы чечиминин жана ректордун №163/1 буйругунун негизинде университеттин структурасындагы алгачкы факультеттердин бири катары “инженердик-педагогикалык факультет” аталышында түзүлгөн. Факультеттин декандыгына университеттин ачылышына жана калыптанышына чоң салым кошкон окумуштуу, ф-м.и.к, доцент Э.Уметов дайындалган. Алгачкы учурда, 1993-жылы факультетте математика физика, англис тили, кыргыз тили, башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана усулу адистиктери боюнча бюджеттик негизде кабыл алынган 150 студент жана педагогикалык окуу жайынын 320 студенти билим алышкан.
Адистике болгон муктаждыктарды, материалдык техникалык базаны жана кадрлардын квалифкациясынын деңгээлин эске алуу менен 2002-жылдын 24-январдагы Окумуштуулар кеңешинин чечими менен ректордун №117 буйругунун негизинде «Маалыматтардын жаны технологиялары факультети» түзүлгөн. Факультеттин уюштуруучу деканы болуп техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович дайындалган. К.Ж.Усеновдун жетекчилиги менен факультетте окуу-усулдук жана илимий иштер уюштурулган.
2013-жылдын 10-июлдагы ЖАМУнун Окумуштуулар Кеңешинин №5 протоколунун негизинде №155 буйрук менен "Педагогика" жана "Маалымат-комуникация технологиялары" факультеттери биригип Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын Жалал-Абад шаарындагы филиалы жабылгандыгына байланыштуу "Педагогика жана маалымат технологиялар" факультети болуп түзүлүп, факультетке айыл-чарба илимдеринин доктору, профессор Аманкулова Талчакан Кайыпжановна декан болуп дайындалган. 2016-жылдын май айында факультеттин декандык кызматына конкурс жарыяланып, шайлоодо Раев Замирбек Жолчуевич факультеттин профессордук окутуучулар жааматынын тандоосу менен декан болуп шайланган. 2017-жылдын январь айында Раев Замирбек Жолчуевич мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу, 2017-жыл 24-январда ректордун №1/22 буйругунун негизинде педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Ажыкулов Сапарбек Мажитович "Педагогика жана маалымат технологиялар" факультетинин деканы болуп дайындалган.
2018-жылдын май айында факультеттин декандык кызматына конкурс жарыяланып, шайлоодо ф.и.к, доцент Шамшиев Расул Кенешович (№1/135, 2018-жылдын 29-майы) факультеттин профессордук-окутуучулар жааматынын тандоосу менен декан болуп шайланган.
Окумуштуулар Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы №181 буйругу менен Педагогика жана маалымат технологиялар факультети Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети деп өзгөртүлдү.
Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинде п.и.к., доцент Ажыкулов Сапарбек Мажитович декандык кызматты аркалап турган учурда бир топ алгылыктуу иштер ийгиликтүү ишке ашырылган.
Атап өтсөк, түштүк аймагы боюнча 2017-жылдын 15-апрелинде Экономика жана ишкердик университетинде студенттердин “6-аймактык университеттик олимпиадасы” өткөрүлдү.
Олимпиадага Ош, Жалал-Абад, Баткен областындагы ЖОЖдордун студенттери катышып, ПМТ факультетинен 13 студент байгелүү орунга жетишишкен.
Ал эми, 2018-жылдын 14-апрелинде Ош гуманитардык педагогикалык институтунда жогорку окуу жайлар арасында өткөрүлгөн студенттердин “VII аймактык олимпиадасында” ПМТФдан барган студенттер 1-2-3 орундарды ээлеп, жалпы 11 байгелүү орунду багындырып кайтышкан.
Орто Азия мамлекеттеринин арасында көп тилдүүлүк боюнча өткөрүлгөн кароо сынакта I даражадагы диплом алышкан.
Илимий иштер боюнча факультетте тарых кафедрасынан 2 диссертациялык иш корголду: Мырзабаева Нуржамал Сасалимовна жана Анарбекова Венера Эркинбековна.
Академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу боюнча ПМТФнын студенттери өлкөбүздүн ОШМУ, ОШТУ, БГУ окуу жайларына, андан сырткары Кытай Эл Республикасынын, Казахстан Республикасынын окуу жайларына барышып алты айлык, бир жылдык курстарга катышып, билимдерин өркүндөтүп келишкен.
С.М.Ажыкулов ЖАМУнун профессордук-окутуучулар курамы менен бирге тажрыйба алмашуу максатында Үрүмчү шаарына Циньзянь университетине, Циан шаарына педагогикалык, техникалык университеттерине кызмат сапары менен барып келген.
“Тарых” багытындагы Т-1-15 тайпасынын студенттери Астана шаарындагы Л.Н.Гумелев атындагы Евразия Улуттук Университетинде IV семестр ийгиликтүү окуп билим алышып, диплом, алкыш кат менен сыйланууга жетишип кайтышты.
ЖАМУда өткөрүлгөн факультеттер аралык кароо сынакта ПМТФ 1-орунду багындырып, "Мыкты факультет" номинациясына ээ болушуп, дипломдор жана акчалай сыйлык менен сыйланышкан.
- Мыкты кафедра: I орун – профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы “Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасы”;
- Мыкты илимий монография: I орун - Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасы.
- Мыкты ийрим: I орун - “Епсилон” ийрими, жетекчиси Шарапов Сардарбек Тургунович - Жогорку математика жана математиканы окутуунун технологиясы кафедрасынын окутуучусу жеңип алышкан.
- Математика адистигинин студенттери онлайн режими менен эл аралык олимпиадада активдүү катышкандыгы үчүн Урал педагогикалык университеттинин диплому менен сыйланышкан.
ПМТФнын окуу корпусунун биринчи кабатындагы фойеде "Факультеттин жетишкендиктери" аталышындагы көргөзмө стенкасы жасалып, 1 даана модулдук чоң монитор (сабактардын жадыбалы, экзамендик, модулдук графиктер үчүн) жана 1 компьютердик класс, декан С.М.Ажыкуловдун демилгеси жана ЖАМУнун ректору К.Ж.Усеновдун колдоосу менен ишке берилген.
Факультеттин деканы Р.К. Шамшиевдин жетекчилигинде бардык окуу программалары 2019-2020-ж.ж. Улуттук жана Эл Аралык Аккредитациялардан ийгиликтүү өттү.
Татыктуу табия жана сапаттуу билимдин талабы менен факультет 2018-2022-жылдары үзгүлтүксүз Президенттик стипендияга татыктуу болду.
Алар: Усенов Адилет-2017-ж, Султанова Курманжан-2018, Эсенбаева Клара-2019-ж, Султанова Клара-2020-ж, Казыходжаева Барчиной-2021-ж, Амираева Бибигүл-2022-ж.
“Ооган согушунун Ардагерлеринин күнү”, “Мекен коргоочулардын күнү”, “Аялдардын эл аралык күнү”, “Карылар күнү”, “Эл аралык балдарды коргоо күнү”, “Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнү” ж.б. даталуу күндөрдү белгилөө боюнча иш-чараларды өткөрүү жолго коюлган.
Сузак районунун Октябрь айылындагы балдар үйү жана Социалдык стационардык мекеме “Карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелгендердин үйү” менен тыгыз байланыш түзүлүп, майрамдарда жана андан сырткары күндөрдө да такай кабар алуу, бир катар белектерди берүү, концерттик программаларды тартуулоо, ишембилик өткөрүү колго алынган.
Спортогу жетишкендиктер
Асанов Эсен ДТ-1-15 тайпасынын студенти - Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери, Эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болду.
Абдурахманов Абдурахман ДТк-1-16 тайпасынын студенти - КРнын бокс боюнча мүчөсү, Чечен республикасынын жана Казакстан республикасынын Караганда шаарында болуп өткөн турнирде бокс боюнча 1-орундун ээси болду.
Сексенбаев Элдияр ДТк-2-16 тайпасынын студенти - Эл аралык турнирлердин “Алыш” күрөшү боюнча жеңүүчүсү, КРнын бир нече жолку чемпиону жана спорт чебери аталды.
Тилебалдиев Кахраман ДТк-1-16 тайпасынын студенти - 2017-жылы Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын арасындагы өткөрүлгөн Универсиадасынын II лигасынын жеңил атлетика мелдеши боюнча эки жолку чемпиону болду.
Анарбаев Касым ДТ-1-19 тайпасынын студенти 2022- жылы XXI Эл аралык Ыссык-Көл "Алыш" спорттук оюндарында чемпион.
Азыркы учурда факультте "физика", "математика", "информатика", "башкаруунун автоматташтырылган системалары", "тарых", "дене тарбия", "башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы", жаатында жогорку квалификациядагы адистиктерде заман талабына ылайык компотентүү адистер даярдалып жатат.
Кадрларды даярдоо боюнча маалымат төмөнкү таблицада келтирилген:
Коду/Шифри | Адистик | Квалификация деңгээли | Окуу мөөнөтү | Окуу формасы |
550200 | Информатика | Бакалавр | 4 жыл | күндүзгү |
7100100 | Маалыматтарды иштетүү жана башкаруунун автоматташтырылган системалары | Бакалавр | 4 жыл | күндүзгү |
550000 | Башталгыч класстарды даярдоо | Бакалавр | 4 жыл | күндүзгү |
550200 | ФМББ математика | Бакалавр | 4 жыл | күндүзгү |
55400 | Тарых | Бакалавр | 4 жыл | күндүзгү |
550200 | Физика | Бакалавр | 4 жыл | күндүзгү |
521900 | Дене тарбия | Бакалавр | 4 жыл | күндүзгү |
Магистр илимий даражасына
2020-2021-окуу жылынан баштап магистратураны алуу үчүн факультет педагогикалык жана физика-математикалык билим берүү программасы боюнча магистранттарды даярдай баштады. Учурда педагогика багытында башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы, ошондой эле физикалык-математикалык билим берүү программасы боюнча математика профили боюнча окутуу жүрүп жатат. Магистранттардын окуу процессин уюштуруу боюнча лекцияларды жана практикалык сабактарды уюштурууга педагогика илимдеринин кандидаттары жана докторлору тартылып, илимий-педагогикалык ишмердүүлүк өркүндөтүлүп жатат. Магистранттардын илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулат. Базалык билим берүү программасын талкуулоо үчүн иш берүүчүлөр жана магистранттар менен түрдүү иш-чаралар өткөрүлөт. Педагогика жана маалыматтык технологиялар факультетинде магистранттардын илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында тегерек столдор, илимий семинарлар, илимий конференциялар уюштурулуп келет.
Факультеттин курамында учурда 6 кафедра иш алып барат
- "Жогорку математика жана математиканы окутуунун технологиясы" кафедрасы;
- "Физика жана информатика " кафедрасы;
- "Педагогика , психология жана окутуунун технологиялары" кафедрасы;
- "Дене тарбия жана спорт" кафедрасы;
- "Башкаруунун автоматташтырылган системалары" кафедрасы;
- ."Тарых" кафедрасы;
Материалдык-техникалык база
Факультеттин техникалык базасы студенттердин техникалык дисциплиналарды терең билим берип өздөштүрүүсүнө жана факультеттин окумуштууларынын жетекчилиги менен фундаменталдык жана колдонмо илимий-изилдөө иштерин аткаруусун камсыздаган 35-окуу аудитория, 7-компьютердик класс, 4-интерактивдик доска, 26-принтер 5-проектор, 125-компьютер жана 7 окуу-илимий лабораториялар колдонулат.
Профессордук-окутуучулук курам
Профессордук-окутуучулук курам 93 окутуучудан турат, алардын ичинен штаттык - 93, илимдин докторлору -6, илимдин кандидаттары -20, улук окутуучу-21, окутуучу-43, үйрөнчүк окутуучу-3.
Илимий-изилдөө ишмердүүлүгү
Факульеттин илимий багыттары:
- Педагогика;
- Психология;
- Тарых;
- Дене тарбия;
- “Математика жана математиканы окутуунун проблемалары” (жетекчиси – ф.-м.и.д., проф. Алыбаев К.С.);
- Болон системасынын шартында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоону өркүндөтүү (жетекчиси – п.и.к., доцент Аванова Ж.А.);
- Дистанттык окутуунун технологияларын өнүктүрүү;
- Геомеханикалык кубулуштардын компьютердик моделдештирүүсү;
2018-жылы 2 кандидаттык диссертация корголду.
2018-жылы 25 монография, 82 илимий макала, 7 окуу китептери жана колдонмолору жарык көргөн, анын ичинен КР ББжИМ грифи менен 4, 2- ЭВМ үчүн программалар, маалымат базасы, микросхемалардын типологиясы боюнча автордук укукту мамлекеттик каттоо боюнча күбөлүктөр, 3 патент катталган.
ЖОЖдун кызматкерлери түрдүү деңгээлдеги 38 конференцияларга катышышты, 12 конференция университеттин базасында уюштурулган, эл аралык деңгээлде өткөрүлгөндөрү да бар. Илимий иштерге студенттер да тартылат. Студенттердин конференцияларга илмий макалалар менен катышуусуна 1-курстан баштап эле шарт түзүлөт. Студенттер курстук жана дипломдук иштерин аткарууда милдеттүү түрдө эсептөө техникасын колдонушат. Көпчүлүк иштер фундаменталдык жана колдонмо мүнөздө болот. Факультеттин студенттеринин дипломдук иштердин жарымынан көбү практикалык багытта жүргүзүлөт жана ишканалардын, мамлекеттик мекемелердин сунушу менен аткарылат.
Факультетте олимпиадалык кыймыл алып барылат жана колдоого алынат
Факультеттин студенттери жыл сайын ЖОЖдор аралык жана Эл аралык олимпиадаларга катышып, алдыңкы орундарга жетишишет. Ал үчүн бардык шарттар каралган.
Эл аралык кызматташтык
- Урал педагогикалык мамлекеттик университети (Россия),
- Л.Н.Гумилёв атындагы Евразия улуттук университети (Казакстан),
- Аль-Фараби атындагы Казакстан улуттук университети,
- Низами атындагы медагогикалык университети (Ташкент).
- Россиянын мабигый илимдер академиясы
- Ташкент мамлекеттик университети
- Абай атындагы казак медагогикалык университети
- Тажикстан мамлекеттик педагогикалык университети
КРдеги ЖОЖдор аралык байланыштар:
- КРнын Улуттук илимдер академиясы
- Кыргыз Билим берүү академиясы
- Кыргыз техникалык Университети;
- Славян университети;
- Кыргыз улуттук университети;
- И.Арабаев атындагы кыргыз мамалекеттик университети;
- Бишкек гуманитардык университети;
- Ош мамлекеттик университети;
- Талас мамлекеттик университети;
- Кыргыз – Турк Манас университети
- Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
- Х. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети
- С. Наматов таындагы Нарын мамлекеттикуниверситети
- К.Тыныстанова атындагы Ыссык-Көл мамлекеттик университети
- Ош Кыргыз-Өзбек университети
- Ош Гуманитардык-педагогикалык институту
- Ош технологиялык университети
- Баткен мамлекеттикуниверситети
Студенттер
Факультетте жалпы 705 студент билим алат, алардын ичинен 397 бюджеттик негизде, 308 студент келишимдик негизде окушат.
Факультет түзүлгөнүнөн тарта Кыргыз Республикасынын билим берүү стандарттарына боюнча 17000 миңден ашык адистерди даярдады. Алардын өндүрүштө, Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн административдик, билим берүү жана маданият чөйрөсүндө талап кылынуусу жаш адистердин жогорку деңгээлде даярдалып жаткандыгынан кабар берет. Студенттердин практикасы Кыргыз Республикасынын эң алдыңкы мекеме - ишканаларында өткөрүлөт.