- Институттар
- Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
- Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
Кафедра башчы Педагогика, психология окутуунун технологиялары
Телефон:
Email:
muktarbek.1968@gmail.comТуулган күн:
November 07, 1968
Каттоодон өтүү:
23.05.2024
Акыркы кириш:
1 неделю назад
Резюме:
Жүктөп алуу РезюмеПедагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
“Педагогика, психология” кафедрасы 1993-жылы негизделген. Анын алгачкы кафедра башчысы болуп п.и.к., доцент К.Т.Турдубаев дайындалган. 2000-жылы “Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы” болуп бөлүнүп чыккан. 2003-жылы кафедра кайрадан “Педагогика” деп аталган. Ал эми 2012-жылы “Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы”, 2022-жылдын 1-сентябрынан баштап кафедра “ Педагогика, психология жана окутуунун технологиясы” деп аталып калды. 2000-жылдан 2024-жылдын февраль айына чейин п.и.д., проф. Сакиева Сайипжамал Салайдиновна жетектеген. 2024-жылдын февраль айынан баштап 2025-жылдын июль айына чейин п.и.к. доцент м.а Маатазимова Гулзат Эрмаматовна жетектеди. Ал эми 2025-жылдын июль айынан баштап кафедраны п.и.к. доцент Найманбаев Муктарбек Жумашович жетектеп келе жатат.
Билим берүү ишмердүүлүгү
Азыркы мезгилде “Педагогика , психология жана окутуунун технологиялары” кафедрасы 550700 Педагогика багыты боюнча “Башталгыч билим берүү” жана “Мектепке чейинки билим берүү” профили боюнча адистерди даярдайт.
550700 багыты боюнча “Башталгыч билим берүү” профилине ылайык ата-энелердин, иш берүүчүлөрдүн жана кызыктар тараптардын кызыкчылыгын эске алуу менен “Башталгыч билим берүүнүн” негизги билим берүү программасы (НББП) жана бүтүрүүчүнүн модели (БМ) белгилүү билим берүү максатына жана окутуунун күтүлүүчү натыйжаларына ылайык иштелип чыкты.
Кафедрада магистранттарды даярдоонун күндүзгү жана сырттан окуу формасы ишке ашырылып жатат.
“Педагогика , психология жана окутуунун технологиялары” кафедрасынын студенттери “Башталгыч билим берүү” профили боюнча окуу планындагы томөндөгү дисциплиналарды окуп үйрөнүшөт:
1. Педагогика
2. Психология
3. Дисциплинанын окутуу методикасы
4. Жаны билим берүү технологиялары
5. Инклюзивдик билим берүү
6. “Мен жана дүйнө” интегралдык курсун окутуу методикасы
7. Балдар адабияты
8. Балдарды мектепке даярдоо
9. Каллиграфия боюнча практикалык курсу менен тил илимине киришүү
10. Кенже мектеп окуучуларына эстетикалык тарбия берүүнүн теориясы жана технологиясы
11. Этнопедагогика
12. Башталгыч класстарда этиканы окутуунун методикасы
13. Грамматикалык талдоо боюнча практикум
14. Түшүндүрүп окутуунун теориясы жана методикасы
15. Дүйнөлүк көркөм адабият жана Балдар риторикасы
16. Башталгыч класстарда кыргыз/орус тилдерин окутуунун методикасы
17. Көркөм окууда практикалык машыгуу менен кепти өнүктүрүүнүн теориясы жана методикасы
18. Башталгыч математиканы окутуунун методикасы
19. Болочок башталгыч класстын мугалимдеринин математикалык компетенцияларын өнүктүрүүнүн методдору
20. Башталгыч класстардын окуучуларынын жетишкендиктерине мониторинг жана баалоо
21. Адистикке киришүү
22. Башталгыч билим берүүнүн дидактикасы
23. Башталгыч мектепте окуу көндүмдөрүн өнүктүрүү
24. Кенже класстардагы тарбия иштеринин методикасы
25. Педагогикалык чеберчилик
26. Башталгыч мектепте математиканы инсанга багыттап окутуу
27. Башталгыч класс окуучуларын окутуунун жана тарбиялоонун инновациялык методдору.
Профессордук-окутуучулук курам
Азыркы мезгилде “Педагогика , психология жана окутуунун технологиялары” кафедрасында 16 профессордук -окутуучулук курам эмгектенет. Анын ичинде: 2 педагогика илимдеринин доктору, профессор, 7 педагогика илимдеринин кандидаты, 2 доцент, 5 доценттин м.а., 5 улук окутуучу, 2 окутуучу.
Уметов Т.Э.- п.и.д., профессор, Сакиева С.С.- п.и.д., профессор, Найманбаев М.Ж.-п.и.к., доцент, Рыскулова Г.У. – п.и.к., доцент, Ураимов К.М. – п.и.к., доценттин м.а., Нусупова Р.С.- п.и.к., доценттин м.а., Тажибаева Ж.К. - п.и.к., доценттин м.а., Маатазимова Г.Э.- п.и.к., доценттин м.а., Осмоналиева С.Ч. - п.и.к., доценттин м.а., Аданова Д.А. –улук окутуучу, Акматов А.А. - улук окутуучу, Шишкараева А.К.- улук окутуучу, Темирбаева Г.К. - улук окутуучу, Мокуева Н.Ш. - улук окутуучу, Нишанбаева Ж.М.- окутуучу, Тороева К.О. –окутуучу.
Педагогика , психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамынын жогорку билими жөнүндө маалымат.
| № | ФАА | Билими | Кызматы |
| 1 | Аданова Дарикан Арапбаевна | Жогорку, ЖАМУ 1998. Педагогикалык факультет. Адистиги: Математика мугалими. | Улук окутуучу |
| 2 | Акматов Айдарбек Адилбекович | Жогорку, ОшМУ 1997. Көркөм искусство факультети. Адистиги: ИЗО мугалими. | Улук окутуучу |
| 3 | Маатазимова Гулзат Эрмаматовна | Жогорку, ОшМУ 1994. Педагогикалык факультет. Адистиги: Педагогика жана МНО | П.и.к., доцент м.а. |
| 4 | Мокуева Нускайым Шарабидиновна | Жогорку, ЖАМУ 2001. Педагогикалык факультет. Адистиги: Педагогика жана МНО | Улук окутуучу |
| 5 | Найманбаев Муктарбек Жумашович | Жогорку, Адистиги: немец тили мугалими кошумча адистиги менен педагогика | П.и.к., доцент |
| 6 | Нишанбаева Жанылай Манасовна | Жогорку, ОшМУ 2018. Педагогикалык факультет. Адистиги: Башталгыч класстардын мугалими Педагогика багыты боюнча магистр 2020. | Окутуучу |
| 7 | Нусупова Роза Сарыпбековна | Жогорку, КМУУ 1988. Физика факультети. Адистиги: физика мугалими | П.и.к., доцент м.а. |
| 8 | Осмоналиева Сабира Чоеновна | Жогорку, ЖАМУ. Педагогикалык факультет. Адистиги: Педагогика жана МНО | П.и.к., доцент м.а. |
| 9 | Рыскулова Гульзат Уметкуловна | Жогорку, КЖПИ 1995. Педагогикалык факультет. Адистиги: Педагогика жана МНО | П.и.к., доцент |
| 10 | Сакиева Сайипжамал Салайдиновна | Жогорку, КЖПИ 1982. Педагогикалык факультет. Адистиги: Педагогика жана МНО | П.и.д., профессор |
| 11 | Тажибаева Жаркын Кадыркуловна | Жогорку, ОшМУ. Педагогикалык факультет. Адистиги: Педагогика жана МНО | П.и.к., доцент м.а. |
| 12 | Темирбаева Гулзад Козоновна | Жогорку, ЖАМУ 1997. Адистиги: Мектепке чейинки мекемелердин тарбиячысы. Адистиги: Педагогика жана МНО 2001.ОшМУ магистр психолог 2021. | Улук окутуучу |
| 13 | Тороева Кайринса Омошовна | Жогорку, ОшПИ 1980. Педагогикалык факультет. Адистиги: Педагогика жана МНО | Окутуучу |
| 14 | Ураимов Кубанычбек Мамазакирович | Жогорку, ЖАМУ 2000. Филологиялык факультет.Адистиги: Кыргыз тили жана адабияты мугалими | П.и.к., доцент м.а. |
| 15 | Уметов Таалайбек Эгембердиевич | Жогорку, КМУУ 1984. Тарых факультети. Адистиги: тарыхчы. Тарых жана коом таануу окутуучусу | П.и.д., профессор |
| 16 | Шишкараева Ажар Козубаевна | Жогорку, ОшМУ 1997. Педагогикалык факультет. Адистиги: Мектепке чейинки мекемелердин тарбиячысы кошумча адистиги менен логопед. | Улук окутуучу |
Кафедранын окуу-методикалык иштери. (2015-2025)
Кафедранын окутуучулары тарабынан төмөндөгү окуу-методикалык иштер аткарылды.
1. Сакиева С.С. – Методика обучение литературному чтению в начальной школе: теория и методика. –Бишкек, 2017.
2. Сакиева С.С. – Учебно-методическое пособие по методике преподавания родного языка в начальной школе. –Бишкек, 2017.
3. Найманбаев М.Ж. – Мектеп окуучуларына акыл жана адеп-ахлактык тарбия берүүнүн этнопедагогикалык негиздери. Монография. – Жалал-Абад , 2015.
4. Найманбаев М.Ж. – Педагогикалык практика учурундагы психологдун иш-аракеттери. Окуу-усулдук колдонмо. –Жалал-Абад, 2021.
5. Маатазимова Г.Э. - Учебно-методическое пособие по педагогике. – Бишкек, 2018.
6. Маатазимова Г.Э. - Учебно-методическое пособие по психологии. – Бишкек, 2019.
I. Кафедранын бардык дисциплина боюнча тестирлөө АВН программасына киргизилген.
II. Бардык курстардын студенттери үчүн АВН программасында дисциплиналар боюнча окуу-методикалык комплекстер иштелип чыккан.
III. Кафедрада ай сайын методикалык семинарлар өткөрүлүп турат. Анда окуу- методикалык материалдар жумушчу программалар, силлабустар, дисциплиналар боюнча илимий-изилдөө иштерин уюштуруу каралат.
IV. Бекитилген окуу планына ылайык, лекциялык жана практикалык сабактарга даярдануу, жумушчу прораммаларды иштеп чыгуу, студенттердин учурдагы билимдерине мониторинг жүргүзүлүп турат.
V. Кафедранын окуу процессин компьютердик рейтинг программасына киргизүү, бардык дисциплиналар боюнча тестирлөө АВН программасында иштелип чыккан.
VI. Бардык курстардын студенттери үчүн АВН программасы боюнча университеттин окуу-методикалык кенеши тарабынан бекитилген окуу –методикалык комплекстер иштелип чыккан.
VII. Шаардык жана райондук мектептер менен Педагогикалык практиканы откөрүү боюнча келишимдер түзүлгөн. Практика мезгилинде мугалимдер жана практиканттар менен биргеликте илимий-методикалык семинарлар өткөрүлөт.
VIII. Мектептин мугалимдери, бүтүрүүчүлөр, ата-энелер жана иш берүүчүлөр менен биргеликте негизги билим берүү программаларын талкуулоолор болуп турат.
IX. Окуу планы боюнча жакынкы жана алыскы ЖОЖдор менен талкуулоолор, дискуссиялар уюштурулат.
2018-2026-окуу жылдарындагы илимий-изилдөө иштери.
Кафедранын окутуучулары кандидаттык жана доктордук диссертацияларды жактоого даярданышууда. Улук окутуучу Осмоналиева С.Ч. 2025-ж., улук окутуучу Темирбаева Г.К. 2026-ж., окутуучу Нишанбаева Ж.М. 2026-ж. Доцент Найманбаев М.Ж., доцент м.а Ураимов К.М, доцент м.а. Нусупова Р.С., доцент м.а Маатазимова Г.Э., доцент Рыскулова Г.У.
Профессор Сакиеванын жетекчилигинде “Окутуунун инновациялык технологиялары” аталышындагы илимий лаборатория иштейт - 308.
Лабораториянын мүчөлөрү: Найманбаев М.Ж., Темирбаева Г.К., Осмоналиева С.Ч., Ураимов К.М., Нусупова Р.С., Маатазимова Г.Э. Рыскулова Г.У., Аданова Д.А., Акматов А.А., Мокуева Н.Ш., Нишанбаева Ж.М., Тороева К.О., Тажибаева Ж.К., Шишкараева А.К.
Илимий-изилдөө лабораториясынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары
1. Окутуунун инновациялык технологияларын колдонуунун формаларын жана методдорун иштеп чыгуу.
2. Жогорку окуу жайларында окутуунун инновациялык технологияларын колдонуу боюнча окуу-методикалык колдонмолорду даярдоо.
Эл аралык илимий-конференцияларга катышуу
Международная научно-практическая конференция “Актуальные вопросы духовного нравственного развития и физического воспитания молодежи”, организованная Ошским государственным педагогическим университетом (Маатазимова Г.Э 2021).
Международная научно-практическая конференция “Актуальные вопросы духовного нравственного развития и физического воспитания учащейся молодежи”, организованная Ошским государственным педагогическим университетом (Сакиева С.С. 2021).
Международная научно –практическая конференция, посвященная 60-летию доктора педагогических наук, профессора Сияева Таштанбека Монолдоровича” Университет 4:0 -направления развития системы высшего образования " (Сакиева С.С. Нарын, 2022 ).
Международная научно - практическая конференция на тему: « Проблемы и перспективы технологий обучения естественно-математическим наукам в условиях цифровизации " (Сакиева С.С., 2022 ).
Кафедра тарабынан уюштурулган конференциялар
Научно –практическая конференция” Бекбоевские чтения – 2019: в контексте современного образования в условиях цифровизации общества " (2019);
“Каратай Сартбаев - өз заманынын биринчи мугалими”. Илимий-практикалык конференция 2020.
К 100-летию со дня основания и 30-летию со дня образования Джалал-Абадского государственного университета известный ученый, в рамках “Сартбаевских чтений-2022”, посвященного светлой памяти профессора Каратая Сартбаева: международная конференция «Начальное образование: теория, практика и тенденции развития» (2022 ).
Студенттердин жетишүүсү
2022-жылы Элвира Асылбек кызы регионалдык студенттик илимий-практикалык конференцияда 1-орунду алды.
2022-жылы Казыходжаева Барчынай Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына ээ болду.
2022-2023-окуу жылында кафедранын өзгөчөлөнгөн 3 студенти Каратай Сартбаев атындагы стипендияга ээ болушту.
1. Тургуналиева Таншола группа: МЧББ-1-19
2. Султанбаева Гулиза группа: П-1-20
3. Бакыт кызы Айзирек группа: Пк-2-21
Эл аралык мамилелер, байланыштар
1. Ош мамлекеттик университети
2. И.Арабаев атындагы мамлекеттик университет
3. Кыргыз мамлекеттик улуттук университети
4. Ош мамлекеттик педагогикалык университети
5. Андижан мамлекеттик педагогикалык университети (Озбекстан, Андижан)
6. Бишкек гуманитардык университети
7. Борбордук Азиядагы инновациялык университет (Казахстан, Шымкент)
8. Нарын мамлекеттик университети