- Институттар
- Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
- Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
Табигый-илимий билим берүү кафедрасынын башчысы
Телефон:
Email:
jeenbekova_2015@mail.ruТуулган күн:
March 04, 1981
Каттоодон өтүү:
26.08.2024
Акыркы кириш:
2 недели назад
Кафедранын кыскача тарыхы.
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун ректорунун буйругуна ылайык. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы 2022-жылдын 31-январында биология, география жана химия кафедраларын бириктирүү жолу менен түзүлгөн. 2023-жылдын 10-октябрынан баштап (589/1) буйруктун негизинде кафедраны б.и.к., доцент Эгембердиева Алтынай Дуйшоевна жетектеген. 2024-жылдын 7-февралынан (буйрук 64/1), кафедра башчысы кызматына шайлоонун жыйынтыгынын негизинде табигый-илимий билим берүү кафедрасын а-ч.и.к., доценттин м.а. Жээнбекова Бурулай Жолболдуевна жетектеп келет.
КАФЕДРАНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ
Учурда табигый-илимий билим берүү кафедрасы 55010 Табигый-илимий билим берүү (бакалавр жана магистр) багыты боюнча кадрларды даярдайт. Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде (Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы №1578/1 “Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген) жана эмгек рыногунун жана башка кызыкдар тараптардын керектөөлөрүн эске алуу менен, 55010 Табигый-илимий билим берүү профилдик биология, география жана химия (бакалавр жана магистр) квалификациясы үчүн (НББП) иштелип чыкты. Негизги билим берүү программасы аталган профилдеги студенттердин жана бүтүрүүчүлөрдүн бардык ишмердүүлүгүн камтыйт. Аталган профилдин бүтүрүүчүлөрү үчүн бүтүрүүчүнүн компетенттүүлүк модели бакалавр жана магистр үчүн иштелмеси түзүлдү. Анда бүтүрүүчүнүн компетенттүүлүк модели жөнүндө түшүнүк, аныктама берилип, моделди иштеп чыгуунун негизи түзүмү, бүтүрүүчүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн мүнөздөмөсү, бүтүрүүчү үчүн тиешелүү компетенциялар камтылды.
Негизги билим берүү программасыНББП бакалавр:
Бүтүрүүчүнүн компетенттүүлүк модели
Негизги билим берүү программасы НББП магистр:
КАФЕДРАНЫН ПРОФЕССОРДУК-ОКУТУУЧУЛУК КУРАМЫ
Бүгүнкү күндө кафедранын курамына шаттык негизде 17 окутуучу иштеп келүүдө. Алардын ичинде: 1 илимдин доктору, 8 илимдин кандидаты, доцент, 4 улук окутуучу, 3 окутуучу жана 1 лаборант. Сапаттык көрсөткүч- 56,25 %. Кафедрада жогорку квалификациялуу, тажрыйбалуу, илимий-практикалык иш тажрыйбасы мол, кесиптик базалык билими бар профессордук-окутуучулар эмгектенишет.
Кафедранын курамы төмөнкү кызматкерлерден турат:
1. Арстанбекова Нуржан Батыровна п.и.к., доценттин м.а.
2. Артыкбаева Күмүшай Нишанбаевна улук окутуучу
3. Абдисалам кызы Нурзат лаборант
4. Болотбеков Азирет Орозбаевич окутуучу
5. Болотова Алтынай Сатыбалдиевна улук окутуучу
6. Дамирова Айпери Бакытовна окутуучу
7. Жусупбаева Гулсара Исмаиловна б.и.к., доценттин м.а.
8. Жээнбекова Бурулай Жолболдуевна а-ч.и.к., доценттин м.а. каф. башчысы
9. Керимбекова Анара Жеенмырзаевна окутуучу
10. Кенжебаев Советбек Кайыпович б.и.к., доценттин м.а.
11. Маматураимова Назгуль Абдулмиталиповна х.и.к., доценттин м.а.
12. Молдомусаева Асем Жолдошевна улук окутуучу
13. Нурманбаев Мухтар Жакыпович б.и.к., доценттин м.а.
14. Сатканкулова Мунара Эргешалиевна улук окутуучу
15. Сакбаева Зульфия Исраиловна б.и.д., профессордун м.а.
16. Турдубаева Бариса Малыевна п.и.к., доцент
17. Эгембердиева Алтынай Дуйшоевна б.и.к., доцент
КАФЕДРАНЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ
Кафедранын профессордук-окутуучулар жамааты тарабынан 50дөн ашык окуу-методикалык эмгектер жана 200гө жакын илимий макалалар, 10дон ашык окуу китептери жарык көргөн. Билим берүү тармагындагы сиңирген эмгеги жана жетишкендиктери үчүн табигый-илимий билим берүү кафедрасынын окутуучулары мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты: 2 окутуучу КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды. Кафедранын профессордук-окутуучулар курамынын ичинен 8 окутуучу Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги наамына ээ болушкан. Кафедранын 8 окутуучу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты. 4 окутуучу КРдин Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы менен сыйланышты.
КАФЕДРАНЫН ОКУУ-ИЛИМИЙ ЛАБОРАТОРИЯЛАРЫ, КАБИНЕТТЕРИ ЖАНА БОРБОРЛОРУ.
550100 Табигый-илимий билим берүү багытынын биология, география жана химия профили (бакалавр жана магистр) боюнча 10 аудитория бекитилген.Аудиториялар кесиптик дисциплиналар боюнча окуу көргөзмөлөрү менен жасалгаланган. Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы сабактарын техникалык жабдуулар менен (интерактивдүү доска, проектор, компьютер) жүргүзүшөт.
1. Лекциялык залы (өсүмдүктөрдүн анатомиясы жана морфологиясы, өсүмдүктөрдүн систематикасы) №301
2. Химияны окутуу технологиясы лабораториясы №302
3. Органикалык эмес химия жана жаңы заттарды синтездөө боюнча окуу-изилдөө лабораториясы №202
4. Органикалык химия жана биохимия лабораториясы №305
5. Кыргызстандын географиясы боюнча практикалык кабинет №306
6. Профессор Т.К. Кайыпжановнанын студенттер үчүн илимий изилдөө окуу канаасы №307
7. Лекциялык залы (адамдын жана жаныбарлардын физиологиясы / зоология) №308
8. Химиялык лаборатория №309
9. Аналитикалык химия лабораториясы №310
10. Өсүмдүктөрдүн физиологиясы, генетика, цитология жана микробиология лабораториясы №311
11. Картография, дүйнөнүн экономикалык жана социалдык географиясы боюнча практикалык кабинет №313
12. Органикалык эмес химия жана жаңы заттарды синтездөө боюнча илимий лаборатория №202
13. Окуу-методикалык кабинет “Химиктер ордосу”.
КАФЕДРАНЫН ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ (ИИИ)
Кафедранын тарыхында 2005–2025-жылдар аралыгында 11 кандидаттык жана 1 доктордук диссертация корголгон. Алардын катарында: Эгембердиева А.Д. (2005-ж.), Кенжебаев С. К. (2005-ж.), Нурманбаев М.Ж. (2008-ж.), Арстанбекова Н.Б. (2014-ж.), Сакбаева З.И. (2015-ж.), Жусупбаева Г.И. (2015-ж.), Жээнбекова Б.Ж. (2018-ж.), Маматураимова Н.А. (2019-ж.).
КАФЕДРАНЫН ИЛИМИЙ БАГЫТТТАРЫ:
Кафедранын илимий долбоорлору
Кафедрада илимий коференциялардын уюштурулушу.
1. Токой калдыктарын кайра иштетүүдө азык-түлүк коопсуздугу
2. Климаттын өзгөрүшү.
3. Суунун шордуулугун аныктоо.
4. Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо.
https://www.facebook.com/share/p/19yhMC3C5B/
КАФЕДРАНЫН ОКУУ-УСУЛДУК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ
Кафедранын профессордук-окутуучулар курамы биология, география жана химия профили боюнча студенттер үчүн бардык дисциплиналар боюнча силлабустар, лекциялардын топтомдору, окуу-усулдук комплекстер даярдалган.Ай сайын усулдук семинарлар, биологиялык, географиялык жана химиялык кечелер, ачык сабактар жүргүзүлөт. Ачык сабактар кафедранын окуу процессинин түзүлгөн графиги боюнча өтөт.Ошондой эле кафедрада «Көрсөтмө каражаттарды даярдоо», «Геоид», «Аналитик» жана «Олимп» ийримдери боюнча ийримдин жетекчилери студенттер менен биргеликте иш алып барат.
БҮТҮРҮҮЧҮ ЖАНА ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУЛАР
550100 Табигый-илимий билим берүү багытынын биология, география жана химия профилдеринин негизги билим берүү программасы (НББП), тандоо курстары, боюнча кафедранын бүтүрүүчүлөрү жана иш берүүчүлөрү менен биргеликте тегерек үстөлдөр жана конференциялар уюштурулуп турат.
https://www.facebook.com/share/p/17grLo14vj/
https://www.facebook.com/share/p/16x7zvicWL/
550100 Табигый илимий билим берүү багытынын биология, география жана химия профилдери боюнча бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу.
Биология, география жана химия профили боюнча бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруу максатында кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер жыл сайын бош орундардын жарманкелерине катышышат. Бош орундардын жарманкелеринде жумуш берүүчүлөр тиешелүү адистик боюнча бош орундарды жарыялап, окуусун аяктап, жогорку билими тууралуу аттестат алгандан кийин жумуш берүүчүлөр менен жолугушуулар уюштурулат. Жогорку окуу жайларынын студенттери шаардагы жана райондогу орто мектептерде, гимназияларда, лицейлерде практикадан өтүшөт. Окууну аяктагандан кийин көптөгөн бүтүрүүчүлөр практиканы өткөн окуу жайларынан чакыруу алышат. Иш берүүчүлөр менен түз байланыш түзүлдү. Иш берүүчүлөр бакалавриат жана магистратуранын билим берүү программаларын иштеп чыгууга жана талкуулоого активдүү катышат.
КАФЕДРАНЫН ТАРБИЯЛЫК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ
Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери университеттин маданий-массалык иш-чараларына, спартакиада, мелдеш, сынак жана башка иш-чараларга активдүү катышат. Кафедрада жылдык иш пландын негизинде куратордук сааттарды жана тарбиялык иш-чараларды өткөрүшөт.
Кафедранын тышкы байланыштары
Табигый-илимий билим берүү кафедрасы Кыргыз Республикасынын көптөгөн ЖОЖдору менен илимий кызматташтыкта: Ош мамлекеттик университети (ОшМУ), Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (КНУ), К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети (БГУ), Кыргыз-түрк «Манас» университети, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети (КГУ), Ош технологиялык университети (ОшТУ) М. Адышев атындагы, Кыргыз улуттук университети (КУУ), Баткен мамлекеттик университети (БатГУ). Ошондой эле Кыргыз Республикасынын коңшу өлкөлөрү менен да кызматташтык жүргүзүлөт: Өзбекстандын Андижан мамлекеттик университети, Фергана мамлекеттик университети, Самарканд мамлекеттик университети, Ташкент мамлекеттик университети, Наманган мамлекеттик университети. Мындан тышкары кафедра Астана шаарындагы Н. Гумилёв атындагы Евразия улуттук университети менен кызматташат.
КОНОК ЛЕКЦИЯЛАР
Табигый-илимий билим берүү кафедрасы Кыргызстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын көптөгөн ЖОЖдору менен илимий кызматташтыкта конок лекцияларды уюштуруп келет.
Кафедранын коомдук-маданий ишмердүүлүгү
Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер институт, университет жана шаардагы бардык коомдук иш-чараларда активдүү катышышат. Студенттер шаар жана университеттеги бардык ишембиликтерге чоң жоопкерчилик менен катышышат. Ар жыл сайын кафедранын окутуучулары жана студенттери өз инициативалары менен кайрымдуулук менен алектенишет. 1-июнда «Балдарды коргоо күнүндө» Манас шаарындагы балдар психоневрологиялык борборуна барышат. Балдар үчүн зарыл окуу китептери жана мектепке керектүү канцелярдык буюмдар сатып алынат, ошондой эле студенттик топ тарабынан куттуктоо жана концерттик программа даярдалат.1-октябрда «Улуулар күнүндө» студенттик жана окутуучулук топ кайрымдуулук миссиясы менен кары адамдар үйүнө барышат. Кары адамдар үчүн концерттик программа жана майрамдык тамак-аш берилет. https://www.facebook.com/share/p/19yhMC3C5B/
КАФЕДРАНЫН ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ
Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы сабак берген дисцплиналары боюнча лабораторияларда, Манас шаарынын жалпы орто билим берүү мектептеринде жана талаа шартында студенттерге жумуш ордунда окутууну ишке ашырат.