1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы

Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы

Абубакир

Доктор физико-математических наук, профессор , член Финансового комитета Международного математического союза

Телефон:

222 310 161

Email:

ajrv@mail.ru

Туулган күн:

January 31, 1961

Каттоо:

28.02.2024

Акыркы сапар:

1 месяц назад

Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы

Кафедранын сайты:                  https://sites.matemmatematikalykmodeld/

1.     Кафедранын тарыхы

 «Жогорку математика» кафедрасы 1993-жылдын август айында негизделип, 2012-жылга чейин кафедра башчысы болуп ф.-м.и.к., доцент Болотбаев Каримбек Болотбаевич дайындалган.  2000-жылы кафедранын аталышы «Алгебра жана анализ» кафедрасы болуп өзгөргөн. 2010-жылдан баштап кафедранын аталышы кайрадан «Жогорку математика» кафедрасы болуп өзгөртүлгөн. 2012-2016-жылдары «Жогорку математика» кафедрасынын башчысы болуп п.и.к., доцент Аванова Жылдыз Авановна эмгектенген. 2015-жылдын 19-майындагы ЖАМУнун ректорунун №250 буйругунун негизинде кафедранын аталышы «Жогорку математика жана математиканы окутуунун технологиялары» кафедрасы болуп аталган. 2016-жылдын май айында ф.-м.и.к., доцент Нарбаев Мирсадык Рахимбердиевич кафедранын башчысы болуп дайындалган. 2019-жылдын ноябрь айынан баштап 2020-жылдын сентябрь айына чейин «Жогорку математика жана математиканы окутуунун технологиялары» кафедрасынын башчысы болуп ф.-м.и.к., доцент Мурзабаева Айтбү Бусурманкуловна эмгектенип келген. 2020-жылдын сентябрь айынан баштап кафедранын башчысы болуп п.и.к., доцент Ураимхалилова  Аширхон эмгектенип келүүдө. 

2023-жылдын сентябрь айынан баштап ЖАМУнун ректорунун буйругунун негизинде «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасы болуп өзгөртүлдү жана ф.-м.и.д., профессор Джураев Абубакир Мухтарович кафедра башчысы милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

2024-жылдын 31-январында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Окумуштуулар кеңешинде           Джураев А.М. «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын башчылыгына шайланды жана ректордун буйругунун негизинде кафедра башчы болуп дайындалды.

2.     Билим берүүдөгү ишмердүүлүгү

Азыркы мезгилде «Жогорку математика жана математиканы окутуунун технологиялары» кафедрасы 550200-«физика математикалык билим берүү» багытында “Математика” профилиндеги бакалавр жана магистр даражадагы бүтүрүүчүлөрдү  даярдайт.

Ата-энелердин, жумуш берүүчүлөрдүн жана башка кызыктар тараптардын кызыкчылыктарын эске алып 550200-«физика математикалык билим берүү» багытында “Математика” профили боюнча так аныкталган билим берүүчү максаттары бар жана окутуунун күтүлүүчү натыйжалары ачык белгиленген негизги билим берүү программасы (НББ) жана бүтүрүүчүнүн модели (БМ) иштелип чыккан.

 «Жогорку математика жана математиканы окутуунун технологиялары» кафедрасы беш факультет жана бир институт менен билим берүү иш аракеттерин жүргүзөт:

·        табигый-техникалык;

·        филологиялык;

·        юридика-экономикалык;

·        медициналык;

·        Э. Уметов атындагы педагогикалык;

·        үзгүлтүксүз билим берүү институту;

«Жогорку математика жана математиканы окутуунун технологиялары» кафедрасы төмөндөгү дисциплиналар боюнча билим берет:

·        Математикалык анализ;

·        Дифференциалдык теңдемелер;

·        Ыктымалдуулуктар теориясы жана математикалык статистика;

·        Алгебра;

·        Геометрия;

·        Жогорку математика;

·        Математиканын жалпы курсу;

·        Мектеп курсундагы математиканын илимий негиздери;

·        Математикалык логика;

·        Дискреттик математика;

·        Алгоритмдер теориясы жанасандык методдор;

·        Математикалык билим берүүдөгү изилдөөнүн негиздери.

3.     Профессордук-окутуучулук курамы

Азыркы учурда кафедранын илимий-педагогикалык курамында 12 окутуучу эмгектенет, алардын ичинде: 2 профессор, 3 доцент, 2 ага окутуучу жана 5 окутуучу бар. Эки окутуучу илимдин доктору (К.С. Алыбаев, Тампагаров К.Б.) жана 3 окутуучу илимдин кандидаты (Аванова Ж., Ураимхалилова А жана Куваков С.Ж) даражаларына ээ.

4.     2015-2022-жылдар аралыгындагы окуу-усулдук иштери:

Кафедранын окутуучулары тарабынан төмөндөгүдөй окуу-усулдук колдонмолор даярдалган:

1.     Математикалык анализ боюнча лекциялар (Алыбаев К.С., Аванова Ж.А.)

2.     Математикалык анализ боюнча маселелер жыйнагы (Алыбаев К.С., Аванова Ж.А., Пахирдинов М.)

3.     Окутуунун интерактивдүү методдору (Аванова Ж.А)

4.     Математиканы окутуунун усулдары (Аванова Ж.А)

5.     Математика (Алыбаев К.С., Аванова Ж.А.)

6.     Планиметрия курсун интерактивдүү олкутуу (Алыбаев К.С., Аванова Ж.А., Пахирдинов М.А.)

7.     Жогорку математика (Алыбаев К.С., Аванова Ж.А.)

8.     Дифференциалдык теңдемелер (Алыбаев К.С., Аванова Ж.А., Нурматова М.Н.)

9.     “Математикалык анализдин кошумча бөлүмдөрү” дисциплинасы боюнча магистранттар үчүн окуу усулдук колдонмо (Алыбаев К.С.)

10.            “Мектепте математиканы окутуунун психологиялык-педагогикалык негиздери” дисциплинасы боюнча магистранттар үчүн окуу усулдук колдонмо (Аванова Ж.А., Сулайманова М)

11.            “Профилдик мектептерде математиканы окутуунун методикасы” дисциплинасы боюнча магистранттар үчүн окуу усулдук колдонмо (Аванова Ж.А.)

12.            “Жогорку окуу жайларында математиканы окутуунун методикасы” дисциплинасы боюнча магистранттар үчүн окуу усулдук колдонмо (Ураимхалилова А., Нурматова М.Н)

I.                   Жогорку математиканын бөлүмдөрүнүн, бардык дисциплиналар боюнча тестирлөө окуу процессинин компьютердик рейтинг жүргүзүү программасына киргизилген жана «AVN»  программасы иштелип чыккан.

II.                Бардык курстардын студенттери үчүн «AVN» программасында окуу-усулдук комплекттер иштелип чыккан.

III.             Кафедрада ай сайын усулдук семинарлар өткөрүлүп турат, мында керектүү окуу-усулдук материалдар: жумушчу программалар, силлабустар, дисциплиналар боюнча СӨИин уюштуруулар каралат.

IV.           Лекцияларга жана практикалык сабактарга даярдануу, студенттер үчүн жумушчу программаларды кайрадан карап чыгуу жана иштеп чыгуу, текшерүү иштер үчүн иштелмелер, студенттердин учурдагы билимин көзөмөлдөө жана экзамендин суроолорун түзүү сыяктуу жумуштар алдын-ала каралган жана бекитилген  окуу планы боюнча окуу жүктөмдөрүнө ылайык  жекече окуу методикалык иштери аткарылат.

   5. 2015-2023-окуу жылдарындагы илимий-изилдөө иштери

4 окутуучу кандидаттык диссертацияны коргоого даярданууда:

·        ага окутуучу Маткеримова М.Ш.- 2023ж.

·        окутуучу Шарапов С.Т.- 2023ж.

·        окутуучу Нурматова М.Н.- 2023ж.

·        окутуучу Мусакулова Н.- 2023ж.

ЖАМУнун структуралык бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн баалоо рейтинги боюнча ЖМ жана МОТ кафедрасы 2017-2019-окуу жылдары  23 кафедра жана 2 колледждин арасында алдыңкы 2-орунга (2035балл) жетишти.

ЖМ жана МОТ кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы 2017-2022-окуу жылдарында өлкө аймагындагы жана чет элдик илимий басылмаларда эмгектерин жарыялаган.

Физика-математика илимдеринин доктору, профессор Алыбаев К.С. тарабынан РИНЦде 22 макала жана 5 тезис жарыяланган, бардык макалалар нөл эмес импакт-фактор менен жарык көргөн https://www.elibrary.ru/author_profile.asp?authorid=869205;

https://doi.org/10.1063/1.5049070/;

http://jagu.kg/C:/Users/Kaf_Matematiki/Desktop/%0Dhttps:/research-journal.org%20;

http://www.sciencepublishinggroup.com/j/ml.

Ошондой эле  ф.-м.и.д., профессор ЖАГУ жарчысы жана ОшМУнун жарчысы илимий басылмалардын редакциялык кеңешинин мүчөсү.

Илимий лабораториялар:

Ф-м.и.д., профессор К.С. Алыбаевдин жетекчилиги алдында “Асимптотикалык, топологиялык жана компьютердик методдор жана математиканы окутуунун технологиялары” аталышындагы 2/214 лабораториясы бар.

Лабораториянын мүчөлөрү: ф.-м.и.д., проф. К.Б. Тампагаров, ф.-м.и.к.,

ф.-м.и.к., доцент М.Р. Нарбаев,ф.-м.и.к., доцент А.А. Талиев,Т.К. Нарымбетов, А.Козукеева, Ш.М. Матанов, С.Т. Шарапов, Нурматова М.Н., Мусакулова Н., Эрматалы уулу Баяман, Анарбеков Адилет.

 Илим изилдөө лабораториясынын ишинин негизги багыттары:

1.     «Дифференциалдык теңдемелерди чыгарууну изилдөөнүн асимптотикалык, компьютердик, топологиялык методдорун иштеп чыгуу».

2.     Жогорку окуу жайларда, орто окуу жайларда жана орто мектептерде математиканы окутуунун инновациялык технологияларын түзүү жана окуу методикалык колдонмолорду даярдоо.

Акыркы беш жылдын ичинде лабораторияда: 1 илимдин доктору, 4 илимдин кандидаты даярдалды.

Эл аралык илимий конференцияларга катышуу

2015-2022-жылдар аралыгында Эл аралык илимий конференцияларга кафедранын окутуучулары 25 доклад даярдашкан (анын ичинде 8 доклад чет өлкөлөрдө):

1.     Бүткүл дүйнөлүк түрк тилдүү өлкөлөрдүн математикалык коомунун V конгресси,с. Булан-Соготту, Кыргызстан, 2014-жыл. (Алыбаев К.С., Тампагаров К.Б., Мурзабаева А.Б, Сулайманова М);

2.     XLVII Эл аралык илимий-практикалык конференция, Москва, Россия, март, 2016-жыл (Ураимхалилова А.);

3.     Академик М.И. Иманалиевдин 85-жылдыгына арналган V эл аралык илимий конференциясы, Бишкек шаары, 2016-жыл (Алыбаев К.С., Тампагаров К.Б.);

4.     Академик А.Жайнаковдун 75 жылдыгына арналган эл аралык илимий конференциясы, Бишкек, 2016 (Тампагаров К.Б., Мурзабаева А.Б.);

5.     XLVII эл аралык илимий-практикалык конференциясы, Новосибирск 2016 (Тампагаров К.Б.);

6.     «Бөрүбаевдик окуулар II» аталышындагы эл аралык илимий конференция, Бишкек шаары, 2018-жыл (Алыбаев К.С., Тампагаров К.Б., Мурзабаева А.Б).

7.     Эл аралык илимий-практикалык конференция MADEA-8, Ысык-Көл, 17-23 июнь , 2018 (Алыбаев К.С., Тампагаров К.Б., Матанов Ш., Мурзабаева А.Б.).

8.      Анализ жана колдонмо математика боюнча эл аралык конференция Mersin 10, 06-09 сентябрь 2018ж.(Алыбаев К.С., МурзабаеваА.Б.)

9.      2019-жылдын 16-октябрынан 19-октябрына чейин өткөрүлгөн (EMJ-2019) журналдын чыгарылышынын 10 жылдыгына арналган «Анализдеги, дифференциалдык теңдемелердеги жана алгебрадагы актуалдуу проблемалар»  аталышындагы эл аралык конференциясы, Нур-Султан шаары (Алыбаев К.С., Тампагаров К.Б.);

10.                      2019-жылдын 16-октябрынан 19-октябрына чейин өткөрүлгөн (EMJ-2019) журналдын чыгарылышынын 10 жылдыгына арналган «Анализдеги, дифференциалдык теңдемелердеги жана алгебрадагы актуалдуу проблемалар»  аталышындагы эл аралык конференциясы, Нур-Султан шаары (Алыбаев К.С., Нарымбетов Т.К.);

11.                      VIII Эл аралык илимий-практикалык конференциясы "Инновациялык менеджмент жана Глобалдашуу доорундагы технологиялар", Бирмингем (Улуу Британия) 6-8-январь, 2021-ж. (Ураимхалилова А., Маткаримова М.);

12.                      “Сингулярно возмущенное уравнение Бернулли теряющая единственность решений при вырождении” (доклад). Колдонмо математика боюнча эл аралык конференциясы. Icaam 2021. Индонезия. 31.03.2021ж. (Алыбаев К.С., Мурзабаева А.Б.);

13.                      Академик А.Бөрүбаевдин 70 жылдыгына арналган “Заманбап математиканын проблемалары”  аталыштагы эл аралык илимий конференциясы (тезиз доклад), Бишкек ш., 2021ж. (Алыбаев К.С., Нурматова М.Н.);

14.                      Академик А.Бөрүбаевдин 70 жылдыгына арналган “Заманбап математиканын проблемалары”  аталыштагы эл аралык илимий конференциясы (тезиз доклад), Бишкек ш., 2021ж. (Тампагаров К.Б., Нарымбетов Т.К., Мурзабаева А.Б.);

15.                      Евразия илимий ассоциациясынын 84-эл аралык илимий-практикалык конференциясы “Орто мектеп окуучулары үчүн математика боюнча окуу иш-аракеттерин жогорулатуу ыкмалары”.  Москва ш., 2022ж. (Ураимхалилова А., Бекназарова М.К.).

2021-жылдын июль айында Россиянын жана Беларуссиянын Билим берүү министрликтери менен биргеликте уюштурган «Чек арасыз илим» аталышындагы магистранттардын жана аспиранттардын илимий-изилдөө иштеринин эл аралык конкурсунун жыйынтыгы боюнча Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун аспиранты, окутуучу Нурматова Майрамгүл Нарбековна “Бурулуш чекиттери бар сингулярдуу бузулган теңдемелер” илимий макаласы үчүн Гран-при жеңүүчүсү болду. Ошондой эле илимий жетекчиси ф.-м.и.д., проф. Алыбаев Курманбек Сарманович сынактын жеңүүчүсүн ийгиликтүү даярдагандыгы үчүн ыраазычылык  кат алды.

2015-2022-жылдардагы илимий семинарлар

«Жогорку математика жана математиканы окутуунун технологиялары» кафедрасы квартал сайын ф.-м.и.д., профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти К.Алымкуловдун жетекчилиги астында математиктердин Түштүк илимий-усулдук семинарын өткөрүп турат. Бул семинарга окумуштуулар, аспиранттар, өз алдынча илим изилдөөчүлөр жана ОшМУнун, ЖАМУнун, ОМПИнун, ОшКУУнин, БатМУнин студенттери катышышат. Мында өз алдынча илим изилдөөчүлөрдүн кандидаттык жана докторлук иштери, илимдин кандидаттарынын жана докторлорунун окумуштуулук даражалары талкууланат.

13.           Студенттердин илим изилдөө иштери

«ЖМ жана МОТ» кафедрасынын окутуучуларынын жетекчилиги астында студенттер менен илим изилдөө иштери жүргүзүлөт.

1996-жылы «Епсилон» илимий ийрими негизделген. Азыркы учурда «Епсилон» ийримин окутуучу С.Шарапов жетектеп келүүдө. 2016-2017-окуу жылында университеттин деңгээлинде «Мыкты ийрим» конкурсу өткөрүлүп, «Епсилон» ийрими кафедралар арасында биринчи орунду ээлеген. Кафедра ЖАМУнун диплому жана акчалай сыйлык менен сыйланган. «Епсилон» ийриминин иш планы кафедрада талкууланып бекитилет. «Епсилон» ийримине катышкан бардык студенттер жыл сайын университеттин деңгээлинде, регионалдык жана эл аралык деңгээлде өткөрүлгөн олимпиадаларга, мындан сырткары студенттер аралык илимий-техникалык конференцияларага жана семинарларга катышып турушат.

Конференциялар

Ар жылы студенттер аралык университеттик жана регионалдык  илимий конференциялар өткөрүлүп турат. 2014-2019-жылдар аралыгында көптөгөн студенттер конференцияларга катышып, байгелүү орундарга ээ болушкан.

2017-жылы Махаматжан кызы Мафтуна студенттер аралык регионалдык  конференцияда  1-орунга ээ болуп, Ардак грамота менен сыйланган.

2019-жылдын 30-ноябрында ОшМУда өткөрүлгөн 6-регионалдык студенттер аралык илимий конференцияга ФМББ(М)-1-16 тайпасынын студенти Эрматалы уулу Баяман доклады менен катышып, экинчи даражадагы диплом менен сыйланган.

Олимпиадалар

2015-жылдын 20-октябрында Урал мамлекеттик педагогикалык университетинде (Россия, Екатеринбург шаары) математика боюнча эл аралык онлайн-олимпиаданын туру өткөрүлгөн. «Жогорку математика жана математиканы окутуунун технологиялары» кафедрасынын  студенттеринин атынан К.С.Борубаева  жана Н.К.Тойгомбаевалар катышышкан. М-1-14,      М-1-17 тайпаларынын ичинен Н.Абдимажитова, Шермахамат кызы М., Ибрагим кызы А., Б.Абсаламова, Ш.Садыков, Ч. Айтиева, Г. Жамолдинова, Б. Бегалиевалар жогорку математика жана элементардык математика боюнча эл аралык онлайн-олимпиадада (Урал мамлекеттик педагогикалык университи, Екатеринбург шаары РФ, 2017-ж.) командалык 2-3-орундарга ээ болушуп, грамоталар менен сыйланышкан.

2018-жылдын 5-декабрында Урал мамлекеттик педагогикалык университетинде (РФ, Екатеринбург шаары)Эл аралык математикалык онлайн-олимпиада  өткөрүлүп, ага «Жогорку математика жана математиканы окутуунун технологиялары» кафедрасынан 2 команда элементардык жана жогорку математика боюнча катышып,  3-орунду ээлешкен жана ардак грамоталар менен сыйланышкан.

2017-2019-окуу жылында регионалдык студенттик олимпиадага биздин студенттер катышып төмөндөгүдөй байгелүү орундарга ээ болушкан:  ФМО(М)-1-17 тайпасынын студенти Нурбекова Диана 2-орунду, ФМО(М)-1-16 тайпасынын студенти Эсенбаева Клара 2-орунду ээлешкен жана 2-даражадагы диплом менен сыйланышкан.2019-жылдын 13-апрелинде ФМББ(М)-1-17 тайпасынын студенттери алгоритмалык тил жана программалоо боюнча 3-орунду ээлешкен. 2019-жылы ФМО(М)-1-16 тайпасынын студенти Эсенбаева Клара президенттик  стипендиянын ээси болду.

2022-жылы ............................

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 7-сентябрындагы №712/1 буйругунун (2020-жылдын 4-сентябрындагы №13-23 протоколу) негизинде Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде педагогика жана информациялык технологиялар факультетинин жогорку математика жана математиканы окутуунун технологиясы кафедрасында физика-математикалык билим берүү багыты  (профили: информатика, математика, физика) боюнча күндүзгү магистратура ачылды. Магистратуранын мөөнөтү эки жыл.        

2020-2021-окуу жылында магистратурага он магистрант, 2021-2022-окуу жылында он магистрант, 2022-2023-окуу жылында 17 магистрант кабыл алынган жана 10 магистрант бүтүрүүчү болушту. Учурда жалпысынан жыйырма жети магистрант билим алууда. Магистранттарга окутуунун заманбап технологияларын колдонуу менен беш илимдин доктору жана он үч илимдин кандидаты сабак беришет.

14.           Эл аралык мамилелер:

1.     Урал  Мамлекеттик Педагогикалык Университети (Россия, Урал)

2.     ЕвразиялыкУлуттук Университети, Л.Н.Гумилева (Казахстан, Астана)

3.     КазакУлуттук Университети Аль-Фараби  (Казахстан, Алма-Ата)

4.      Низами Педагогикалык Университети(Өзбекстан, Ташкент)

5.      Өзбек Улуттук УниверситетиУлугбека (Өзбекстан, Ташкент)