- Факультеттер
- Таш-Көмүр инженердик педагогикалык факультети
Таш-Көмүр инженердик педагогикалык факультети

Факультеттин деканы
Телефон:
772 233 443Email:
melisusupov@mail.ruТуулган күн:
April 01, 1980
Каттоо:
06.01.2024
Акыркы сапар:
2 недели назад
- Электроэнергетика жана техника кафедрасы
- Филология жана педагогика кафедрасы
- Табигый илимий дисциплиналар кафедрасы
- Экономика жана информатика кафедрасы
Факультет жөнүндө
Таш-Көмүр инженердик-педагогикалык факультети 1990-жылы Фрунзе политехникалык институтунун Майлуу-Суу окуу-консультациялык борборун (ОКБ) Таш-Көмүр шаарына өткөрүп берүү менен түзүлгөн (Лицензия AL №067). Факультеттин негиздөөчүсү жана биринчи деканы — техникалык илимдердин кандидаты, профессор Джумагулов Сагынбек Джумагулович болгон. 1993-жылы факультеттин деканы, техника илимдеринин кандидаты, доцент Шайлдаев Бусурманкул Анарбекович кызматына дайындалганга чейин бир жыл бою декандын милдетин физика-математика илимдеринин кандидаты Ызабеков Абдували Ызабекович аткарып келген. 1995-2021- ж. факультетти т.и.к., профессор Сооронбаев Манасбек Райшбекович жетектеген. 2022-2024- жылдар аралыгында декандык милдетти п.и.к.,доцент Субанов Б.А. аркалаган. Азыркы учурда декандын милдетин аткаруучу болуп э.и.к.,доцент Усупов М.У. дайындалды. Учурда профессордук-окутуучулук курам факультеттин материалдык-техникалык жана окуу-методикалык базасын түзүү жана чыңдоо боюнча көп иштерди жүргүзүп жатат.
