1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Тарых кафедрасы
  5. Тарыхый-этнографиялык музей
  6. Жаңылыктар

1 день назад

13

ТЕОРИЯДАН ПРАКТИКАГА: ТС-1-22 ТАЙПАСЫНЫН СТУДЕНТТЕРИ ПРАКТИКАСЫН ЖЫЙЫНТЫКТАШТЫ

20-ноябрда Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Тарых кафедрасында сырттан окуу бөлүмүнүн Тс-1-22 тайпасынын студенттери музей-архивдик практикасын аяктап, жыйынтыктоочу отчётторун тапшырышты.Отчёттук жыйынга кафедра башчысы Гүлнара Анарбаева, практика боюнча жооптуу жетекчи Нурия Жолдошева жана студенттердин практикадагы жетекчиси Исабек Ныязбек уулу катышты.Студенттер практика мезгилинде архивдик документтерди иреттөө, музей фондулары менен таанышуу жана экскурсия өткөрүү боюнча алган тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Кафедранын окутуучулар курамы студенттердин даярдыгына жана аткарган иштерине оң баа берип, алдыдагы мамлекеттик экзамендерге жана дипломдук иштерине ийгиликтерди каалашты.