1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт

Э.Уметов атындагы педагогикалык институт

Зияда Садыковна

фил.и.к., доц., Э.Уметов атындагы педагогикалык институттун директору

Телефон:

Туулган күн:

May 27, 1985

Каттоодон өтүү:

17.12.2023

Акыркы кириш:

2 года назад

Э. Уметов атындагы педагогикалык институттун тарыхы

Э. Уметов атындагы Педагогикалык институт Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин курамындагы түзүм болуп саналат. Э. Уметов атындагы Педагогикалык институт Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин «Педагогика» факультети жана «Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар» факультетинин негизинде түзүлгөн.

Э. Уметов атындагы Педагогикалык институттун 90 жылдан ашуун тарыхы бар. 1993-жылдын 14-майындагы №163/1 ректордун буйругунун негизинде жана ЖАМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен ЖАМУнун түзүмүндө алгачкы факультеттердин бири болуп, союздук республикаларга белгилүү А.С. Пушкин атындагы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын базасында инженердик-педагогикалык факультет түзүлгөн.

Факультеттин деканы болуп ф.-м.и.к., доцент Э. Уметов дайындалган. Ал университетте билим берүүнүн калыптанышына жана өнүгүшүнө зор салым кошкон.

Инженердик-педагогикалык факультетте т.и.д., Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, профессор Бекболотов Турсунбек Бекболотовичтин жетекчилиги алдында «Информатика жана эсептөө техникасы» кафедрасы түзүлүп, ЭЭМ жана программалоо адистиги боюнча студенттер кабыл алынган.

Жогорку квалификациялуу, тажрыйбалуу адистердин жетишсиздигине байланыштуу университетке Бишкек шаарынан техника илимдеринин кандидаты, доцент Усенов Кенешбек Жумабекович чакырылып, кафедра башчысы болуп дайындалган.

Аймактагы адистердин жетишсиздигин, материалдык-техникалык базаны жана кадрлардын квалификациясын эске алуу менен, Окумуштуулар кеңешинин чечими жана 24.01.2002-жылдагы №117 ректордун буйругу менен «Жаңы маалыматтык технологиялар» факультети түзүлгөн. Факультеттин деканы болуп техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кенешбек Жумабекович дайындалган.

Окуу корпусунда зымсыз интернет (WI-FI) орнотулуп, студенттер каалаган убакта интернет мүмкүнчүлүгүн акысыз жана чектөөсүз пайдалана алышат.

2013-жылдын 10.06.2013-жылдагы ЖАМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими жана №55 ректордун буйругу менен «Педагогика» жана «Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар» факультеттери бириктирилип, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын Жалал-Абад филиалы жоюлгандыгына байланыштуу факультет педагогика жана маалыматтык технологиялар факультети болуп өзгөртүлгөн. Факультеттин деканы болуп айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Аманкулова Талчакан Кайыпжановна дайындалган.

2016-жылдын май айында факультеттин деканы кызмат ордуна конкурс жарыяланып, профессордук-окутуучулук жамааттын көпчүлүк добушу менен Раев Замирбек Жолчуевич декан болуп шайланган.

2017-жылдын январь айында Раев Замирбек Жолчиевичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайтыш болгондугуна байланыштуу, 24.01.2017-жылдагы №1/22 ректордун буйругунун негизинде педагогика жана маалыматтык технологиялар факультетинин деканы болуп педагогика илимдеринин кандидаты Ажыкулов Сапарбек Мажитович дайындалган.

2018-жылдын май айында факультеттин деканы кызмат ордуна конкурс жарыяланып, профессордук-окутуучулук жамааттын көпчүлүк добушу менен ф.и.к., доцент Шамшиев Расул Кеңешович (№1/135, 29.05.2018-ж.) декан болуп шайланган.

ЖАМУнун Окумуштуулар кеңешинин 30-июнь 2022-жылдагы №181 буйругу менен педагогика жана маалыматтык технологиялар факультети Э. Уметов атындагы педагогикалык факультет болуп өзгөртүлгөн.

2022–2025-жылдары факультетти философия илимдеринин доктору, профессор Токоева Гулдана Самидиновна жетектеген.

2024-жылы ЖАМУнун Окумуштуулар кеңешинин жыйынында факультетке ЖАМУнун негиздөөчүлөрүнүн бири — Эгемберди Уметовдун ысымын ыйгаруу маселеси каралган. 2024-жылдан тартып факультет Э. Уметов атындагы педагогика факультети болуп аталып калган.

2024-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Жалал-Абад мамлекеттик университетине өзгөчө статус берилген. Ошого байланыштуу анын түзүмдүк бөлүмдөрү кайра уюштурулган.

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Окумуштуулар кеңешинин 30.06.2025-жылдагы №254 чечими менен, ЖАМУга өзгөчө статус берилишине жана жаңы штаттык башкарууну киргизүү, финансылык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында жүргүзүлгөн түзүмдүк өзгөрүүлөрдүн негизинде Э. Уметов атындагы педагогикалык факультет кайра түзүлүп, Э. Уметов атындагы Педагогикалык институт болуп өзгөртүлгөн.

Учурда Э. Уметов атындагы Педагогикалык институттун директору болуп Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун ректорунун буйругу менен фил.и.к., доцент Калыбекова Зияда Садыковна дайындалган.

Окуу процесси

Окуу процесси тиешелүү деңгээлде уюштурулат, анын сапатын жогорулатуу максатында ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт. Азыркы учурда Институт төмөнкү багыттар боюнча компетенттүү адистерди даярдайт:

550100 Табигый-илимий билим берүү (профилдери – биология, география, химия), 550700 Педагогика (профили – башталгыч билим берүү), 550400 Социалдык-экономикалык билим берүү (профили – тарых), 550200 Физика-математикалык билим берүү (профилдери – информатика, физика, математика), 532000 Дене тарбия (профилдери – дене тарбия жана аскерге чейинки даярдык, педагогикалык).

Институттун студенттеринин жана профессордук-окутуучулук курамынын жетишкендиктери

Азыркы учурда Институтта 545 студент билим алат, алардын 240ы бюджеттик негизде, 305и келишимдик негизде окушат.

Өз ишмердүүлүгүнүн мезгилинде факультет Кыргыз Республикасынын билим берүү стандарттарына ылайык 17000ден ашуун дипломдуу адистерди даярдап чыгарган. Алар өндүрүштө, административдик, билим берүү жана маданий тармактарда талап кылынган адистер болуп саналат. Студенттик практика аймактын жана шаардын эң кадыр-барктуу билим берүү мекемелеринде өтөт.

Э. Уметов атындагы педагогикалык институттун студенттери университеттин турмушунда өзгөчө орунду ээлешет. Алар туруктуу окуу жетишкендиктери жана илимий-изилдөө тармагындагы маанилүү ийгиликтери менен айырмаланышат. Бул институттун өсүп жаткан потенциалын жана академиялык коомчулуктун өнүгүшүнө кошкон салымын далилдейт.

Мисалы, “Тарых” багытынын Т-1-15 тайпасынын студенттери Астана шаарына барып, Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде IV семестрди ийгиликтүү аякташкан. Семестрдин жыйынтыгында алар дипломдор жана ыраазычылык каттар менен сыйланышкан.

ЖАМУда өткөрүлгөн факультет аралык сынакта Институттун студенттери байгелүү орундарды ээлеп, “Эң мыкты факультет” номинациясынын ээси болушкан. Мындан тышкары, факультет жана профессордук-окутуучулук курамы төмөнкү номинациялар боюнча дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышкан:

Эң мыкты кафедра: I орун – профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасы; • Эң мыкты илимий монография: I орун – башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасы; • Эң мыкты ийрим: I орун – “Эпсилон” ийрими, жетекчиси – жогорку математика жана математиканы окутуу технологиясы кафедрасынын окутуучусу Шарапов Сардарбек Тургунович.

Физика-математикалык багыттын математика профилинин студенттери онлайн режиминде өткөн эл аралык олимпиадага активдүү катышып, Урал педагогикалык университетинин I даражадагы дипломдоруна ээ болушкан.

2018–2022-жылдар аралыгында факультеттин студенттери университеттин турмушуна активдүү катышкандыгы жана мыкты окуусу үчүн Президенттик стипендияга татыктуу болушкан.

Алар: Усенов Адилет – 2017-жылы, Султанова Курманжан – 2018-жылы, Есенбаева Клара – 2019-жылы, Султанова Клара – 2020-жылы, Кашоджаева Барчиной – 2021-жылы, Амираева Бибигүл – 2022-жылы.

Тамчиева Айназик, Асанбай кызы Кенжегул -2025-2026-окуу жылында.

Э. Уметов атындагы Педагогикалык институттун профессордук-окутуучулук курамынын илимий-изилдөө ишмердүүлүгү

Профессордук-окутуучулук курам 93 окутуучудан турат, алардын ичинен штаттык — 93, илим докторлору — 6, илим кандидаттары — 20, улук окутуучулар — 43 жана стажёр-окутуучулар — 3.

Факультетте Кыргыз Республикасынын алдыңкы окумуштуулары жана педагогдору эмгектенет, алардын арасында КРнын мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаттары, билим берүүнүн эмгек сиңирген кызматкерлери, илим ишмерлери жана ойлоп табуучулар бар.

2018-жылы 25 монография, 82 илимий макала, 7 окуу китеби (алардын ичинен 4өө КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен), 2 ЭЭМ программасы жарыяланган, 3 патент, ошондой эле маалымат базалары, интегралдык микросхемалардын типологиялары жана автордук укуктарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү күбөлүктөрү алынган.

Институттун илимий-изилдөө багыттары

Педагогика • Психология • Тарых • Дене тарбия • Математика жана математиканы окутуунун көйгөйлөрү (жетекчиси — м.и.д., проф. К.С. Алыбаев) • Болон системасынын шартында квалификациялуу кадрларды даярдоону өнүктүрүү • Табигый-илимий билим берүү

Тарых кафедрасында илим кандидаты даражасын алуу үчүн 2 диссертациялык иш корголгон: Мырзабаева Нуржамал Салимовна жана Анарбекова Венера Эркинбековна.

Академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу максатында ПМТФ студенттери билимин өркүндөтүү үчүн өлкөбүздүн жогорку окуу жайларында — ОшМУ, ОшТУ, БГУда, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын жана Казакстан Республикасынын ЖОЖдорунда алты айлык жана бир жылдык курстарга катышышкан. Азыркы учурда Педагогикалык институттун жети студенти Өзбекстандын Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунда академиялык мобилдүүлүк боюнча билим алышууда.

Институттун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери “Афган согушунун ардагерлер күнү”, “Ата Мекенди коргоочулардын күнү”, “Эл аралык аялдар күнү”, “Карылар күнү”, “Балдарды коргоонун эл аралык күнү”, “Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнү” сыяктуу маанилүү даталарга арналган иш-чараларга активдүү катышат.

Сузак районунун Октябрь айылында жайгашкан “Балдар үйү” жана “Карылар жана ЛОВЗ үйү” социалдык стационардык мекемеси менен тыгыз байланыш түзүлгөн. Майрамдык иш-чаралар, концерттик программалар уюштурулуп, ар кандай белектер берилет, ишембиликтер өткөрүлүп, балдар жана карыялар дайыма зыярат кылынат.

Спорттук жетишкендиктер

Э. Уметов атындагы Педагогикалык институттун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери ЖАМУнун спорттук турмушунда да маанилүү орунду ээлешет.

Асанов Эсен, ДТ-1-15 тайпасынын студенти, Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болгон.

Абдурахманов Абдурахман, ДТк-1-16 тайпасынын студенти, КРнын бокс федерациясынын мүчөсү, Казакстан Республикасынын Караганда шаарында өткөн турнирде бокстун түрү боюнча I орунду ээлеген.

Сексенбаев Элдияр, ДТк-2-16 тайпасынын студенти, “Алыш” күрөшү боюнча эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү, бир нече жолку чемпион жана Кыргыз Республикасынын спорт чебери.

Тилебалдиев Кахраман, ДТк-1-16 тайпасынын студенти, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун арасында өткөн Универсиаданын II лигасында жеңил атлетика боюнча эки жолку чемпион болгон.

Анарбаев Касым, ДТ-1-19 тайпасынын студенти, 2022-жылы XXI Эл аралык Ысык-Көл спорттук оюндарында “Алыш” күрөшү боюнча чемпион болгон.

2025–2026-окуу жылында студенттик спартакиадада Институттун студенттери жана профессордук-окутуучулук курамы жакшы физикалык даярдыгы жана ынтымактуулугу менен командалык эсепте I орунду ээлешкен.

Кадрларды даярдоо боюнча маалымат

КодШифр Даярдоо багыттары, профилдери Квалификациялык деңгээл Окуу мөөнөтү Окуу формасы
550700 Педагогика, профили – башталгыч билим берүү Бакалавр 4 жыл Күндүзгү
550700 Педагогика, профили – мектепке чейинки билим берүү Бакалавр 4 жыл Күндүзгү
550200 Физика-математикалык билим берүү, профили – математика Бакалавр 4 жыл Күндүзгү
550200 Физика-математикалык билим берүү, профили – физика Бакалавр 4 жыл Күндүзгү
550200 Физика-математикалык билим берүү, профили – информатика Бакалавр 4 жыл Күндүзгү
550400 Социалдык-экономикалык билим берүү, профили – тарых Бакалавр 4 жыл Күндүзгү
532000 Дене тарбия, профили – педагогикалык Бакалавр 4 жыл Күндүзгү
532000 Дене тарбия, профили – аскерге чейинки даярдык жана дене тарбия Бакалавр 4 жыл Күндүзгү
550100 Табигый-илимий билим берүү, профили – биология Бакалавр 4 жыл Күндүзгү
550100 Табигый-илимий билим берүү, профили – география Бакалавр 4 жыл Күндүзгү
550100 Табигый-илимий билим берүү, профили – химия Бакалавр 4 жыл Күндүзгү

Магистратура: илимий-билим берүү потенциалы жана өнүгүү багыттары

2020–2021-окуу жылынан тартып Институт адистештирилген жогорку билим берүү программалары боюнча кадрларды даярдоону ишке ашырууда. Магистратуралык билим берүү траекториялары төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт:

550700 Педагогика, 550200 Физика-математикалык билим берүү, 550100 Табигый-илимий билим берүү, 532000 Дене тарбия, 550400 Социалдык-экономикалык билим берүү.

Азыркы учурда магистрдик программалардын тизмеси кеңейтилген жана Институттагы бардык профилдик багыттарды камтыйт.

Академиялык камсыздоо жана кадрдык потенциал

Магистратурадагы окуу процесси фундаменталдык билимдер менен алдыңкы билим берүү технологияларын интеграциялоого негизделген. Лекциялык курстарды жана практикалык сабактарды өткөрүүгө жогорку квалификациялуу профессордук-окутуучулук курам, анын ичинде илимдин докторлору жана кандидаттары тартылат.

Институттун ишмердүүлүгү илимий-педагогикалык чөйрөнү үзгүлтүксүз өркүндөтүүгө багытталган, бул келечектеги магистрлердин жогорку деңгээлдеги кесиптик компетенцияларын камсыз кылат.

Магистранттардын илимий-изилдөө ишмердүүлүгү

Өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыты болуп магистранттардын илимий-изилдөө иши (НИРМ) эсептелет. Институт студенттердин илимий жыйынтыктарын апробациялоо үчүн төмөнкү шарттарды түзөт:

эл аралык жана аймактык илимий-практикалык конференциялар; • методологиялык семинарлар жана талкуу аянтчалары (тегерек столдор); • профилдик илимий стажировкалар.

Иш берүүчүлөр менен өз ара аракеттенүү

Билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу жана программаларды эмгек рыногунун талаптарына шайкеш келтирүү максатында Институт стейкхолдерлер менен активдүү диалог жүргүзөт. Негизги билим берүү программаларынын мазмунун жаңылоо боюнча иш берүүчүлөр менен үзгүлтүксүз жолугушуулар жана консультациялар өткөрүлөт. Бул бүтүрүүчүлөрдүн практикага багытталгандыгын жана эмгек рыногунда талап кылынуусун кепилдейт.

Институттун түзүмү

Бакалаврлар менен магистранттарды илимий-билим берүү ишмердүүлүгү жана кесиптик даярдоо төмөнкү 6 профилдик кафедра аркылуу камсыздалат:

  • Математика жана математикалык моделдөө кафедрасы;
  • Педагогика, психология жана окутуу технологиялары кафедрасы;
  • Дене тарбия, спорт жана аскерге чейинки даярдык кафедрасы;
  • Физика жана информатика кафедрасы;
  • Тарых кафедрасы.

Материалдык-техникалык база

Институттун техникалык базасы төмөнкүлөрдөн турат:

35 окуу аудиториясы, 7 компьютердик класс, 4 интерактивдүү такта, 26 принтер, 5 проектор, 125 компьютер, 7 окуу-илимий лаборатория.

Бул база студенттердин дисциплиналарды терең өздөштүрүүсүн, ошондой эле Институттун окумуштууларынын жетекчилиги алдында фундаменталдык жана колдонмо илимий-изилдөө иштерин аткаруусун камсыз кылат.

Эл аралык кызматташтык

Россия Федерациясы, Новосибирск шаары — Россия Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмү; • Россия, Нижний Новгород шаары — Политехникалык университет; • Өзбекстан, Ташкент шаары — М. Улугбек атындагы Өзбек улуттук университети; • Россия Табият таануу академиясы; • Ташкент мамлекеттик университети; • Казакстан — Абай атындагы педагогикалык университет; • Тажикстан мамлекеттик педагогикалык университети; • Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети; • Россия — Урал мамлекеттик педагогикалык университети; • Казакстан — Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети.