1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Тарых кафедрасы

Тарых кафедрасы

Гулнора Абдуманоповна

Тарых кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент

Телефон:

559 632 204

Каттоо:

21.11.2023

Акыркы сапар:

8 месяцев назад

Тарых кафедрасы Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окуу, окуу-усулдук, илимий-изилдөөчүлүк жана студенттердин арасында окуудан тышкары иштерди жүргүзүүчү структуралык, окуу-усулдук жана илимий бөлүгү болуп саналат. 

Кафедранын тарыхы

Тарых кафедрасы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окуу, окуу-усулдук,илимий-изилдөөчүлүк жана студенттердин арасында окуудан тышкары иштерди жүргүзүүчү структуралык, окуу-усулдук жана илимий бөлүгү болуп саналат.  ЖАМУнун Окумуштуулар Кеңешинин 1996-жылдын 7-апрелиндеги токтомунун негизинде университетте тарых адистигин даярдоочу кафедра ачуу чечими кабыл алынып, Жалпы тарых кафедрасы уюштурулган жана кафедра башчылыгына тарых илимдеринин кандидаты, доцентК. Айдаркуловдайындалган. 

Окуу жараянындагы зарылдыкка жараша ЖАМУнун ректорунун 2005-жылдын 28-январындагы №14 буйругунун негизинде Жалпы тарых кафедрасынан Ата Мекен тарыхыкафедрасы бөлүнүп чыккан.  Жаңы уюшулган кафедранын башчылыгына ОшМУдан тарых илимдеринин кандидаты, доцент Э.Ж.Сулайманов которулуп келген.  ЖАМУнун Окумуштуулар Кеңешинин 2011-жылдын 12- мартындагы №7 чечиминин негизинде Жалпы тарых жанаАта Мекен тарыхыкафедралары бириктирилип, ректордун 2011-жылдын 12-мартындагы № 87 буйругуна ылайык Тарых кафедрасы болуп өзгөртүлүп түзүлгөн. Кафедра башчылыгына тарых илимдеринин кандидаты, доцент С.А. Смадияров дайындалган. 

 2011-жылдын 1-сентябрында кафедра башчылыгына т.и.к., доцент Э.А. Авазов дайындалган.  2016-жылын конкурстук негизде шайланып, 2022-жылдын август айына чейин жетектеп келген.

2022-жылдын 19-августунда Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректорунун буйругу менен (№349/1) кафедра башчылыгына тарых илимдеринин кандидаты Г.А.Анарбаева дайындалган. 2012-жылдан тарта Тарых кафедрасы 550 400 Социалдык-экономикалык билим берүү тарых профилин ишке ашырып келүүдө.

Кафедранын максаты: 550400 Социалдык-экономикалык билим беруу (профиль Тарых) багыты боюнча универсалдык  (жалпы илимий, интструменталдык, социалдык-инсандык жана жалпы маданий) кесиптик компетенциялары калыптанган, ѳзүнүн кесиптик чеберчилигин жана билимин  жогорулатуу жѳндѳмдүүлүктѳрүнѳ ээ коммуникативдүү, толерантуу, заманбап технологияларды билген адистерди даярдоо

Билим берүүчүлүк ишмердүүлүгү:

Азыркы учурда Тарых кафедрасы 550400 Социалдык-экономикалык билим берүү багытынын  тарых профили боюнча бакалаврларды даярдоону ишке ашырат. Жогорку кесиптик билим берүү мамлекеттик стандартынын  негизинде ( КРнын Билим берүү жана илим минтистрлигинин Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын бекитүү жөнүндөгү 2021-жылдын 21-сентябрындагы №1578/1 буйругу менен бекитилген) эмгек рыногунунун керектөөлөрүн  жана башка иш берүүчүлөрдүн  сунуштарын  эске алуу менен  билим берүүчүлүк максаты, окутууда күтүлүүчү натыйжаларын жана жана бүтүрүүчүнүн компетенттүүлүк моделин камтыган  550400 Социалдык-экономикалык билим берүү багытынын   негизги билим берүү  программасы (НББП) иштелип чыккан.

Кафедра төмөнкү дисциплиналарды окутууну камсыз кылат:

1.      Кыргызстандын тарыхы

2.      Алгачкы жамааттык коомдун тарыхы

3.      Тарых адистигине киришүү

4.      Кыргызстандын тарыхы (байыркы доор, орто кылым)

5.      Кыргызстандын тарыхы жаңы доор

6.      Кыргызстандын тарыхы соңку жаңы доор

7.      Бүткүл дүйнөнүн тарыхы: (Байыркы дүйнөнүн тарыхы, Орто кылымдар тарыхы)

8.      Мамлекеттин жана укуктун негиздери

9.      Риторика

10.  Этнология жана социалдык антропология

11.  Илимий изилдөө жүргүзүүнүн усулу

12.  Кыргызстан тарыхынын тарыхнаамасы

13.  Кыргызстан тарыхынын тарыхый булактары

14.  Адам жана коом

15.  Эл аралык мамилелердин тарыхы

16.  Батыш өлкөлөрүнүн соңку жаңы тарыхы

17.  Чыгыш өлкөлөрүнүн соңку жаңы тарыхы

18.  Батыш өлкөлөрүнүн жаңы тарыхы

19.  Чыгыш өлкөлөрүнүн жаңы тарыхы

20.  Борбордук Азиянын тарыхы

21.  Нумизматика жана хронология

22.  Кыргызстандын тарыхы боюнча атайын курс

23.  Социалдык-экономикалык билим берүүнүн окутуунун усулу (тарых)

24.  Архив таануу жана музей таануу

25.  Археология

26.  Россиянын тарыхы

27.  Дин таануу

28.  Түрк элдеринин тарыхы

29.  Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы

30.  Демография

31.  Кыргызстандын коомдук-экономикалык турмушундагы диндин ролу

Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы:

  Бүгүнкү күндө кафедранын курамына шаттык негизде 11 окутуучу иштеп келүүдө. Алардын ичинде:тарых илимдеринин кандидаты, доцент –4, т.и.к.,доцентин милдетин аткаруучу- 1,  улук окутуучу -2,   окутуучу – 2, ассистент окутуучу-1, лаборант окутуучу-1, музей кызматкери-1,. Илимий даражалуулардын саны- 5. Сапаттык көрсөткүч- 55,5 %. КРнын билим берүүсүнүн мыктылары- 7. Окуу жараяныныдагы окутуунун жыйынтыктарына жетүү үчүн кафедранын курамы жана квалификациялары коюлган талаптарга ылайык келет.

Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы

Кафедранын профессордук-окуутучулук курамынын портфолиосу:

Кафедранын окуу иштери

Даярдалуучу багытКафедра 550 400 Социалдык-экономикалык билим берүү багытында тарых профили боюнча кадрларды даярдайт.  Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы лицензиялоо жана акредитациялоо (аттестациялоо) боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан окуу ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө укук берилгенОкуу мѳѳнѳтү 4жыл (сырттан окуу формасы 5 жыл).

Окуу-усулдук, тарбиялык иштер, материалдык техникалык базасы 

550400 Социалдык-экономикалык билим берүү (профиль тарых) негизги билим берүүү программасы гуманитардык жана социалдык –экономикалык дисциплиналарды окутуу чөйрөсүндөгү интеграциялык өнүгүү менен байланышкан жаңы багыт болуп саналат. НББ программасын даярдоо бакалавр квалификациясын ыйгаруу менен күндүзгү жана сырттан окуу формасында 90 студент билим алып, ишке ашырылат. Бүтүрүүчү курста окугандардын саны күндүзгү бөлүмдө 15, сырткы бөлүмдө 21 студентти түзөт. Аны менен кафедра университеттин башка факультеттеринде Кыргызстандын тарыхы дисциплинасын окуутуну ишке ашырат.

Бүтүрүүчүлѳрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн чѳйрѳсү

-Билим берүү чѳйрѳсү

-Социалдык чѳйрѳ

-Илимий чѳйрѳ

Бүтүрүүчүлѳрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн түрлѳрү:

 -Педагогикалык

-Башкаруучулук-уюштуруучулук

-Кесиптик ѳнүгүү

Окуу процессин уюштуруу үчүн, 2 окуу аудитория, 1 спорт зал, 2 компьютердик каана, 1 музей каанасы пайдаланылат. Окуу практикаларын ѳткѳрүү үчүн Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад областынын билим берүү мекемелери, Жалал-Абад шаардык чөлкөм таануу музейи, Жалал-Абад областык архиви менен эки тараптуу келишимдер түзүлгѳн.

Иш берүүчүлѳр: Шаар, райондук билим берүү башкармалыктары, музей, архив мекемелери 

Бүтүрүүчүлѳрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн чѳйрѳсү

- Билим берүү чѳйрѳсү

- Социалдык чѳйрѳ

- Илимий чѳйрѳ

 Бүтүрүүчүлѳрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн түрлѳрү:

- Педагогикалык

 - Башкаруучулук-уюштуруучулук

- Кесиптик ѳнүгүү

(Кафедра мүчөлөрү жана студенттери конференцияларда, тегерек столдор жана семинарларда)

Кафедранын профессордук-окутуучулук курамыныны негизги окуу усулдук эмгектери:

Жыл сайын кафедрада окуу-усулдук комплекстерди жана программаларды жаңылоо жүргүзүлөт.  Аны менен бир катар дицсиплиналар боюнча окуу-усулдук колдонмолор даярдалат жана сабактарда активдүү колдонулат.

1. Сулайманов Э. Кыргызстан тарыхы. «Тарых» эмес адистиктер үчүн окуу-усулдук колдонмо, тесттик сынак суроолор. Кыргыз-орустилдеринде. Жалал-Абад, 2013.

2. Сулайманов Э., Бердыходжаев К., Ураимов Б., Эшкожоев Т. Орусия тарыхы. 1- к. «Тарых» адистигинде окуган студенттер учун окуу-усулдук колдонмо, тесттик сынак суроолор. Жалал-Абад, 2013.

3. Сулайманов Э., Бердыходжаев К., Ураимов Б., Эшкожоев Т. Орусия тарыхы. 2- к. «Тарых» адистигинде окуган студенттер учун окуу-усулдук колдонмо, тесттик сынак суроолор. Жалал-Абад, 2013.

4. Сулайманов Э. Тарых адистиги (бутуруучулор учун окуу-усулдук колдонмо.  Жалал-Абад, 2012.

5. Халматов К., Авазов Э. Ата Мекен тарыхы ЖОЖ окутуучулары жана студенттери үчүн окуу усулдук колдонмо-Жалал-Абад.2014.

6. Сулайманов Э., Сулайманова Э., Авазов Э., Халматов К. Ата Мекен тарыхы (Кыргызстан) (“Тарых” эмес адистиктер учун окуу-усулдук колдонмо, тесттиксынак-суроолор). – Жалал-Абад, 2016

7. Халматов К.А., АвазовЭ.А.Музей-архивдик практика. ОУК.; Адаптациялык-педагогикалык практика ОУК.; Кесиптик-базалык практика ОУК.; Кесиптик-профилдик практика ОУК.; Жалал-Абад- 2017

Илим изилдөө иштери

Университеттин илимий багытына ылайык кафедра»  Кыргызстандын социалдык-саясий жана маданий турмушунун тарыхы» аталышындагы жана демилгелүү темалар боюнча иш алып барат. Акыркы үч жылда 70 макала, 4 монография жана ондон ашуун окуу усулдук колдонмолор даярдалды. Кафедра борбордук жана аймактык ЖОЖдор менен чыгармачылык байланышта болуп келет. Кафедранын мүчөлөрү «Мурас» фондунун, Кыргыз Тарых Коому тарабынан уюштурулган конференцияларга активдүү катышып келүүдө . Кафедранын базасында конференциялар, төгөрөк столдор, семинарлар уюштурулат.

Негизги жарык көргөн эмгектер:

Монографии:

1. Айдаркулов К., Мырзабаева Н.С., Анарбекова В.Э. Кошок- инсандыэскерүү жанры. Жалал-Абад-2014.

2. Халматов К. А. Мырзакул болуш: илимий тарыхый очерк. Жалал-Абад, 2014.

3. Авазов Э.А. Анжыян көтөрүлүшү жана Чыйбылболуш, Жалал-Абад, 2014.

4. Авазов Э.А. Анжыян көтөрүлүшү Фергана өрөөнүндөгү азаттык күрөштөрүнүн тарыхынан, Ош, 2016.

5. Авазов Э.А. 1916-жылдагы Фергана өрөөнүндөгү көтөрүлүш. Жалал-Абад, 2017

6. Сулайманов Э.Ж., Чыныкеева Г.Э. Орусия тарыхы. Тарых адистигинде окуган студенттер учун лекциялар курсу. -  Жалал-Абад, 2021..

7. Сулайманов Э.Ж.,Молдомусаева А.,Сопукулова А. Кыргызстан: история и география, (на русском, английском языках) Kyrgyzstan: History and Geography. (жогорку окуу жайлардын жана чет өлкөлүк студенттер учун окуу-усулдук колдонмо, тесттик сынак суроолор. - Жалал-Абад, 2022.

8. Сулайманов Э.Ж.,Молдомусаева А., Анарбекова, В. Кыргызстан: тарыхжана география. (жогоркуокуужайлардынстуденттериучунокуу-усулдук колдонмо, тесттик сынак суроолор. (кыргыз, орус-тилдеринде). - Жалал-Абад, 2022.

9. Авазов Э.А. Адам жана коом Тарых адистигинде окуган студенттер учун окуу-усулдук колдонмо, тесттик сынак суроолор. Жалал-Абад, 2021.

Конференция, симпозиум жана семинарларга катышуу

1. Кокон хандыгынын  белгилүүү мамлекеттик ишмери жана аскер башчысы Алымкул Амир- Лашкербашынын (1831-18650 ж.ж.)өмүрү жана ишмердүүлүгү” аттуу  эл аралык конференция ( Узбекистан, АНМУ, 2018)

2. Анжыян көтөрүлүшү: Орус отор саясатына каршы азаттык кыймылдардын башталышы жана анын проблемалары” аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын(ОшМУ, 2018)

3. Алымкул Асан бий уулунун (1831-1865) өмүрүнө жана мамлекеттик ишмердигине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция(ЖАМУ, 2019)

4. «Улуу Жеңишке 75 жыл:   Улуу Ата мекендик согуштун тарыхый мааниси” Эл аралык илимий-практикалык онлайн конференция(ЖАМУ, 2019)

5. «РАДИ ЖИЗНИ НА ЗЕМЛЕ: 75-летие Победы советского народа в Великой Отечественной войне 1941-1945 гг.»Всероссийская научно-практическая  конференция г. на базе Шадринского государственного педагогического университета(2020).

 6. “Талас салгылашуусу жана анын тарыхый мааниси” эл аралык илимий-практикалык конференциясы (ТАЛМУ 2021-ж.)

7. XXXI МЕЖДУНАРОДНЫЙ НАУЧНЫЙ КОНГРЕСС ПО ИСТОЧНИКОВЕДЕНИЮ И ИСТОРИОГРАФИИ СТРАН АЗИИ И АФРИКИ (Санкт-Петербург 2021 г.)

8. “ЖусупАбдрахманов –Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүсү” республикалык онлайн илимий-тажрыйбалык конференция.(ТалМУ 2021-ж.)

9.“КыргызРеспубликасынынэгемендүүлүгүнүн 30 жыл: КЭЧЭЭ, БҮГҮН ЖАНА ЭРТЕҢ”республикалык илимий-практикалык конференция.(ТалМУ 2021-ж.)

10. «Проблемы и перспективы развития процесса глобализации-основа успешного формирования и развития единства общества» повещенной 60-летию д.э.н., профессора Омурзакова С.А. (МНУ им.К.Ш.Токтомаматова 2022 г.)

11.“КасымТыныстанов:мамлекетүүлүктүнжанаагартуунунбашаты”республикалыкилимий-практикалык конференция (Касым Тыныстанов атынд. Ысык-Көл мамлекеттик университети 2022-ж.)

12. “Фергана өрөөнүнүн тарыхы азыркы изилдөөлөрдө” эл аралык илимий-практикалык конференция (ОГПУ 2022-ж. )

13.«ТURK DUNYASI» SEMPOZYUMU «Международный симпозиум по тюркскому миру»(Турция Эрзинжан 2022-г.)

14. “НИМСИ-ИЛИМДИН АЧКЫЧЫ” IV-Эл аралык илимий-практикалык конференция. (НИМСИ Жалал-Абад 2022-ж. 30-ноябрь)

15. Актуальные проблемы Отечественной истории научно-практическая конференция.(МНУ им.К.Ш.Токтомаматова 2023 г.)

16. МНУ им.К.Ш.Токтомаматова “Ата-МекенТарыхынын актуалдуу маселелери” (Жалал-Абад ш. 2023-ж. 24-январь).

Кафедра мүчөлөрү  конференция, симпозиумдар жана семинарларда

Борборлор, кааналар, кабинеттер:  Кафедрада Тарыхый-этнографиялык музей уюштурулган. Музейге археологиялык, этнографиялык, нумизматикалык жана советтик, эгемендүүлүк мезгилиндеги  тарыхый экспонаттар коюлган. Бул материалдар Археология, Этнография, Музей таануу жана архив таануу, Тарыхый дисцилиналарга көмөкчү предметтер, Кыргызстандын Тарыхы дисциплинарларынан окутуучулар сабак учурунда көрсөтмө курал катары колдонушат. Жыл сайын Тарыхый-этнографиялык музей тарыхый эскпонаттар менен толукталып турат.

Кафедрага бекитилген окуу аудиторияларынын жана жумушчу кабинеттеринин аталышы

1.    2/301- кафедра башчынын кабинет  

2.    2/301-  “Кыргызстандын тарыхы” окуу аудиториясы 

3.    2/305-  “Дүйнө тарыхы” окуу аудиториясы 

4.    2/312-  “Археология” окуу аудиториясы 

5.    2/323- “Илимий изилдөөнүн усулу” илимий изилдөө лабораториясы 

Тарыхый-этнографиялык музейи:

Кафедранын жетишкендиктери

2017-2018- окуу жылынын жыйынтыктары боюнча ЖАМУда билим берүү программаларынын рейтинги боюнча сынакта II орунга жетишкен.  2019, 2020- жылдарга карата НААРдын баасында Кыргызстандагы окуу жайлардын  көз каранды эмес рейтингинде катары менен III орун камсыз кылынган. Ошол эле рейтингде доцент Э.А. Авазов илимий изилдөөчүдүк ишмердүүлүк боюнча ТОП 30га кирген.

<b>VII ЖОЖ дор аралык аймактык олимпиаданын
жеңүүчүлөрү 2018 -ж.Ош, ОГПИ</b>
VII ЖОЖ дор аралык аймактык олимпиаданын жеңүүчүлөрү 2018 -ж.Ош, ОГПИ

Кафедранын мүчөлөрү областтын жана республиканын коомдук турмушунда.

2020-жылдан баштап аптанын ар шейшемби күндөрү кафедранын тарых илимдеринин кандидиты, доцент Г.А. Анарабаева Жалал-Абад областтык телерадио компаниясынын “Тарыхтаржымалы” телеберүүсүндө Эгемендүү Кыргызстандын өнүгүү процессинде болуп жаткан тарыхый окуяларга жана фактыларга сереп салып сүлөйлөйт. Ошондой эле областтын жана республиканын коомчулугун маалымдоого кафедранын жалпы профессордук-окутуучулук курамы активдүү катышышып келүүдө.