1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Тарых кафедрасы
  5. Тарыхый-этнографиялык музей

Тарыхый-этнографиялык музей

Тарыхый-этнографиялык музей ЖАМУ

Биз жөнүндө

Университеттин тарыхый-этнографиялык музейи Жалал-Абад мамлекеттик университетинин структуралык бөлүмү болуп саналат. Мекеме университеттин ишмердүүлүгүнө байланыштуу тарыхый, маданий жана билим берүү баалуулуктарын чогултуу, сактоо, изилдөө жана коомчулука жайылтуу максатын көздөйт. Биздин музейде кыргыз элинин тарыхый- маданий эстеликтери чогултулуп, сакталат. Биздин коллекциялар изилдөөчүлөр жана окумуштуулар үчүн илимий база катары кызмат кылат.

Музейдин алгачкы башаты

 Музейдин башаты 1982-жылдын март айынан башталып, буга себеп СССРдин 60 жылдык юбилейи болгон. Алгач музей окуу жайдын тарыхчы мугалимдеринин демилгеси, студенттердин жардамы менен Жалал-Абад облусунун аймагынан, табылган тарыхый-маданий буюмдардын негизинде кабинет-музей болуп экинчи жата кананын биринчи этажына жайгаштырылган.

Музейдин түүзүүчүлөрү жана жетекчилери:

1982-1993жж. Батырбеков А.

1993-1998 жж. Нарматов К.

1998-2003 жж. Айдаркулов К.

2003-2007 жж. Анарбаева Г.

2008-2010 жж. Камбаралиев М.

2011-2023 жж. Бердиходжаев К.

2023-жылдын сетябрь айынын тартып Тайчиков К.

Музей өзүнүн өнүгүү таарыхында жайгашкан орду боюнча ар түрдүү кыйынчылыктарга туш болуп жети жерге көчүрүлдү. 2013-жылы ПМТФнын имаратына көчүрүлүп келди. Азыркы жайгашкан аянты 72 м².

Музейдин учурдагы абалы

Аянтынын тардыгына карабай музей жаны орундуктар, айнек стелаждар, стол, стулдар менен жабдылган. Жалпы музей жасалгалары университет тарыбынан каржыланып жасалып, экспонаттар замапбап дизайнерлик стилде жайгаштырылды. Бүгүнкү музей фондунда түрү боюнча катталган 167, дааналай 300 ашык экспонаттар бар. Эскпонат чогултуу мугалимдердин, студенттердин жана кызыгуучулар тарабынан учурдада улантылууда.

Музейдин максаттары

Музейдин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:

- университетке жана анын ишмердүүлүгүнө тиешелүү тарыхый жана маданий экспонаттарды чогултуу, каталогдоштуруу жана сактоо;

- Музейдин коллекцияларынын негизинде илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана билим берүү программаларын уюштуруу;

- студенттер, университеттин кызматкерлери жана коомчулук үчүн көргөзмөлөрдү, иш-чараларды жана маданий программаларды уюштуруу;

- университеттин маданий-тарыхый мурастары жөнүндө билимди популяризациялоо;

- башка музейлер, билим берүү мекемелери жана маданият уюмдары менен кызматташуу.

Учурда Жалал-Абад облусунда археологиялык табылгалар же маданий эстеликтер табылган учурда, жарандар кайрыла турган бир да мекеме жок. Ушуга байланыштуу биздин музейдин негизги максаттарынын бири жарандарды кабыл алуу мекемеси катары иш алып баруу болуп саналат.

Биздин жайгашкан жер

Жалал- Абад шаары. Байзакова №43., Э.Уметова  атындагы педагогика факультети.

Каттар жана өтүнүчтөр үчүн электрондук почта:

taichikovkanatbek @ mail . com

Музейдин иштөө убактысы:

Дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, 09.00дөн 17.00гө чейин

Дем алыш күнү: ишемби, жекшемби

Санитардык күн: Ар айдын акыркы жума күнү

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин тарыхый-этнографиялык музейинин каталогу

Учурда музейде археологиялык жана этнографиялык коллекциялар бар. Музейдин фондунда 300дөн ашык экспонат болсо, анын 46сы археологиялык табылгалар.

Археологиялык табылгалар Кыргызстандын таш доорунан башка бардык доорлорго таандык.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Тарых-этнографиялык музейиндеги керамикалык комплекстердин каталогу сандык код менен көрсөтүлгөн, өндүрүш ыкмаларына жараша үч категорияга бөлүнгөн карапа буюмдарынын тобун камтыйт. Бул категориялардын ичинде керамикалык буюмдар карапа жасоо чеберчилиги, идиштин түзүлүшу жана бышыруу ыкмасы сыяктуу мүнөздөмөлөрдүн негизинде классификацияланат. Керамикалык табылгалар Кыргызстан тарыхынын ар кайсы доорлоруна тандык.

Коло доору

Чуст маданияты :

Азык-түлүк сактоочу идиш. Кол менен чоподон жасалган карапа. (Биздин заманга чейинки XIV-XII)
Азык-түлүк сактоочу идиш. Кол менен чоподон жасалган карапа. (Биздин заманга чейинки XIV-XII)

Темир доору

Сакс керамикасы :

Кол менен чоподон жасалаган карапа идиш. (Б.з.ч. V-III) 
Кол менен чоподон жасалаган карапа идиш. (Б.з.ч. V-III) 

Байыркы доор

Кушан керамикасы:

Сак тибиндеги карапа идиш. Айланпа станокто жасалып, сырты кызыл ангоб менен боелуп чоподон жасалган карапа. (Б.з.ч II–б.з. IV) 
Сак тибиндеги карапа идиш. Айланпа станокто жасалып, сырты кызыл ангоб менен боелуп чоподон жасалган карапа. (Б.з.ч II–б.з. IV) 
Кумура. Кызыл ангоб менен боелгон орто өлчөмдөгү чоподон жасалган карапа. Карапа айланпа станок менен жасалып, сырты абдан жакшы жылмаланган. (Б.з.ч. II-IV б.з.)
Кумура. Кызыл ангоб менен боелгон орто өлчөмдөгү чоподон жасалган карапа. Карапа айланпа станок менен жасалып, сырты абдан жакшы жылмаланган. (Б.з.ч. II-IV б.з.)
Кумура (Графин). Идиш айланпа станокто жасалып кызыл ангоб менен боелгон. Идиштин өйдөнкү бөлүгүндө оюлуп чийилген орнаменттер бар. (Б.з. IV-VI)
Кумура (Графин). Идиш айланпа станокто жасалып кызыл ангоб менен боелгон. Идиштин өйдөнкү бөлүгүндө оюлуп чийилген орнаменттер бар. (Б.з. IV-VI)

Орто кылым

Кең-Көл керамикасы:

Орто
өлчөмдөгү кумура,
кызыл ангоб менен
боелуп, колго
чоподон
жасалган карапа идиш. (Б. з. II–IV)
Орто өлчөмдөгү кумура, кызыл ангоб менен боелуп, колго чоподон жасалган карапа идиш. (Б. з. II–IV)
Кумура. Кичине өлчөмдөгү чоподон жасалган карапа. (Б.з. II–IV)
Кумура. Кичине өлчөмдөгү чоподон жасалган карапа. (Б.з. II–IV)

Түрк керамикасы:

Кумура (Джабан),
орто өлчөмдөгү, колго чоподон жасалган карапа идиш. Карапанын сапаты жакшы эмес. (Б. з. IV-VI)
Кумура (Джабан), орто өлчөмдөгү, колго чоподон жасалган карапа идиш. Карапанын сапаты жакшы эмес. (Б. з. IV-VI)
Кумура (ДЖабан ). Орто өлчөмдөгү, колго чоподон жасалган карапа идиш. (Б.з. IV-VI)

Согдиан керамикасы :

Кумура (псевдобальзамарии). Жарым-жартылай ак ангобм менен боелгон.
Суусундуктарды жана суюктуктарды сактоочу чоподон жасалган карапа идиш.(Б.з. VIII)
Кумура (псевдобальзамарии). Жарым-жартылай ак ангобм менен боелгон. Суусундуктарды жана суюктуктарды сактоочу чоподон жасалган карапа идиш.(Б.з. VIII)

Караханид керамикасы:

Кумура. Айланпа станокто чоподон жасалган карапа идиш. (Б. з. XI-XIII)
Кумура. Айланпа станокто чоподон жасалган карапа идиш. (Б. з. XI-XIII)

Тимур керамикасы:

Кумура. Айланпа станокто жасалып, глазурланган карапа идиш. (Б. з. XIV–XV)
Кумура. Айланпа станокто жасалып, глазурланган карапа идиш. (Б. з. XIV–XV)
Кумура. Айланпа станокто чоподон жасалган карапа идиш. Идиштин мойну жана ич тарабы орнаменттелген. Үстүнөн жашыл түс менен боелуп, глазурланган. Эки тарабынан кулагы бар болуп, бирок сакталбай калган. Идиш өзүнүн абалын жакшы сактап калган. (Б.з. XIV–XV.)

Кумура  (Корчага). Айланпа станокто чоподон жасалган карапа идиш. Идиштин ийин жагында жарым-жартылай жылмаланган күрөң ангобдун издери көрүнөт. Идиштин мойнунун ылдыйкы бөлүгү зигзаг сымал сызыктар менен кооздолгон. Моюндун үстүнкү бөлүгү толкун түрүндөгү жабышкан чопо менен кооздолгон. Идиштин желекчеси түз жана кең тамагы бар. (Б. з. XIV–XV)

Этнографиялык экспонаттар

Көчмөн элдер өздөрүнүн байыркы тарыхында бир нече маанилүү себептерден улам жыгач идиштерди колдонууну туура көрүшкөн.

Жыгач идиштер жеңил болгондуктан, аларды жеңил жана оңой алып жүрүүгө болот. Мал багуу үчүн жайыт же убактылуу отурукташууга ылайыктуу жер издеп, көп учурда бир жерден экинчи жерге көчкөнгө көчмөндөр үчүн бул өтө маанилүү касиет болгон. Жыгач көчмөн элдер жашаган ар кандай климаттык зоналарда кеңири жеткиликтүү материал. Бул жергиликтүү ресурстардан идиш-аяк жасоонун жөнөкөйлүгүн жана ыңгайлуулугун камсыз кылган. Жыгач идиштерди колдонуу, керектөө принциптерине шайкеш келген.

Көчмөндөр экологиялык системага олуттуу зыян келтирбестен, керектелүүчү материалды курчап турган жаратылыштан оңой эле ала алышкан. Жыгачтан жасалган идиштер, жасоого татаал аспаптарды же технологияны талап кылган эмес. Мындан тышкары, зарыл болсо, оңдоо же жаңы буюмдарды жасоо жеңил болгон.

Ошентип, көчмөн элдер үчүн жыгач идиштерди колдонуу практикалык жана функционалдык тандоо болгон, алардын спецификалык муктаждыктарына жана тынымсыз кыймыл жашоо шартына жооп берген.

Кымыз, суюк тамак куюлуучу жигыч идиш. (Б.з. XX)
Кымыз, суюк тамак куюлуучу жигыч идиш. (Б.з. XX)
Шылк-этме. Муздак курал. (Б.з. XVIII-XIX)
Шылк-этме. Муздак курал. (Б.з. XVIII-XIX)
Кокон тыйындары. (Б.з. XIX)
Кокон тыйындары. (Б.з. XIX)