КВАЛИФИКАЦИЯ АЛДЫНДАГЫ ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
Медициналык колледждин дарылоо иши адистигинин ЛД – 1-20 тайпасы квалификация алдындагы практикасын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Конференцияга дарылоо иши ПЦКсынын окутуучулары, медициналык колледждин карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практика бөлүмүнүн жетекчиси А.Ж. Насиров жана КӨ жана ӨПУнун бөлүмүнүн инспектору Н.С. Жолдошалиева катышышты. Конференцияда студенттер илимий иштерин презентация жасашып, практика тууралуу ой-пикирлерин айтышты. Конференция суроо-жооптор менен коштолду.