1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Медициналык колледжи

Медициналык колледжи

Каттоо:

17.11.2023

Акыркы сапар:

1 год назад

Б.ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ  ЖАМУнун  МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН  КЫСКАЧА ТААРЫХЫ

·         Медициналык колледждин окуу иштери боюнча директордун орун басары;

·         Медициналык колледждин окуу-өндүрүштүк практика жана карьера боюнча жетекчиси;

·         Дарылоо иши ПЦКсы

·         Акушердик иш ПЦКсы

·         Фармация ПЦКсы

·         Медициналык айым иши ПЦКсы

·         Гуманитардык жана табигый математикалык дисциплиналар ПЦКсы

     Медициналык колледж ЖАМУнун окумуштуулар Кенешинин 2012-жылдын 21-майындагы чечиминин негизинде ректордун 2012-жылдын 25-майындагы N-126 буйругу менен мурдагы медициналык орто билим берүү бөлүмүнүн базасында түзүлгөн жана Уставы бекитилген.      ЖАМУнун бүгүнкү медициналык колледжи өз ишин 2011-2012-окуу жылынын 1-сентябрынан медициналык орто билим беруу бөлүмү катары баштаган.  2011- жылдан-2013 жылга чейин Омурзаков Жахангир Омурзакович жетектеген.    2013-2018жылга чейин х.и.к., доцент Адышева Азизбу Адышевна жетектеген.    2018-жылдын февраль айынан баштап азыркы кунгө чейин, б.и.к.,доцент, Эгембердиева Алтынай Дуйшоевна жетектеген, 2023-жылдын октябрь айынан бери Курстанбаев Актилек Мурзаевич жетектеп келүүдө.

       Медициналык колледждин Уставы Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан 2012-жылдын 21-июнунда каттоодон өткөн жана ГРЮ сериясы N° 123746-3303 күбөлүгүнүн негизинде ишмердүүлүгүн жүргүзгөн.         Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2019-жылдын 4-октябрында бекитилген. Университеттин Уставынын негизинде иш алып барат. Устав Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча Юстиция башкармалыгында №0037086 (2019-жылдын 4-октябрында , каттоо ноиери 43123-3303-М коду 2169080) каттоодон өткөн.

Медициналык колледжинин миссиясы: сапаттуу билим берүү жанаатаандаштыкка туруктуу, өз кесибине жөндөмдүү, орто билимдүү жогоркуквалификациялуу Кыргыз Республикасынын медициналык багыттындатыадистерди даярдоо.

Медициналык колледждин өнүгүү стратегиясы: эмгек рыногунунталабына ылайык саламаттык сактоо мекемелерине орто кесиптик билимге ээадистерди даярдоодосапаттуу жана жеткиликтүү билим берүүчү ортокесиптик өзгөчө билим берүү мекемесин уюштуруу.    Медициналык колледж окуу процессин жана тарбиялык иштерин жүргүзүүдө төмөндөгү мыйзамдардын жана токтомдордунун негизинде ишжүргүзөт.

     Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында билим, берүү жөнүндөгү» мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы N*53 «Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндөгү» мыйзамы,  Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 470  «Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндөгү» мыйзамы, Кыргыз Республикасьнын өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-сентябрындагы № 610 «Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүсүнүн адистиктеринин тизмесин жана адистиктерге окутуунун ченемдик мөөнөттөрүн бекитуу жөнүндөгү» токтомдор, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Уставы.

Уюштуруучу:Кыргыз Республикасынын билим министрлиги жана Б.Осмонов атындагы берүү Жалал-Абад жана илим мамлекеттик университети.

Менчиктин түрү:мамлекеттик        

Каржылоо: өзүн-өзү каржылоо.

Учурда медициналык колледж төмөнкү адистиктерди даярдайт

Адистиктин коду Адистиктин аталышы Квалификациясы Окуу мөөнөтү
1 060101 Дарылоо иши фельдшер 3 жыл 6 ай
2 060102 Акушердик иш акушер/акушерка 2 жыл 10 ай
3 060108 Фармация фармацевт 2 жыл 10 ай
4 060109 Медициналык айым иши Медайым 2 жыл  10 ай

Медициналык колледжди жөнгө салуучу орган болуп Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети саналат.                                                                                                   

 Окуунун түрү: күндүзгү

Материалдык-техникалык базасы.

Медициналык колледж Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин негизги окуу имараттарынын бири болуп саналат. Окуу корпусу клиникалык предметтер боюнча теориялык, семинардык, практикалык, лабораториялык сабактарды өтүүгө ылайыкташтырылып уюштурулган. 2005-жылы ишке киргизилген, жалпы аянты 4989,70 м түзүп лицензиялык, санитардык өрт коопсуздугу боюнча талаптарга толук жооп берет. Бул окуу имаратын пайдаланууга укуктук бардык техникалык документтер бар.

 Жалпы кабинеттердин саны: 65

- Администрация учун кабинеттер: 8

- Усулдук, конференциялык зал: 1

- Китепкана:1

- Абонемент: 1

- Медициналык пункт:1

 -Фитобар: 1

  -Аптека:1

Сабак өтүүчү аудиториялардын саны: 51

Анын ичинен:

- Лабораториялар: 6

- Лекциялык залдар: 4

- Практикалык сабак өтүүчү аудиториялар: 41

- Компьютердик класс: 2

-Улуттук оюндарды ойноочу аудитория: 2

- УЗИ канаасы: 1

-Медициналык тренажердук канаа: 5

-Стоматология тренажердук кабинет: 1

Окутуучулардын сапаттык курамы

Профессордук-окутуучулар курамы -47, анын ичинде 44 штаттык окутуучулар, 3  окутуучу айкальштыруучу. Штаттагы окутуучулар 92% ды түзөт.       47 окутуучу жогорку билимдүү, анын ичинен саламаттыкты сактоонун мыктысы -6; билим берүүнүн мыктысы - 12.    Окутуучулар квалификациясын  ЖАК ЦПО, Ош шаарында жана Бишкек шаарында КММАдан өтүп келишет.

Илим-изилдөө иштери боюнча:

2010-2023 окуу жылдарынын аралыгында 108 илимий макалаларды, 21 окуу куралын, 30 окуу-усулдук колдонмо жана 1 монография жарык керген. Медициналык колледждин окутуучулары 50дон ашык ар кандай илимий- практикалык конференцияларга катышкан.

Практикалык окутуу:    

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин студенттери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу боюнча клиникалык ооруканалардын базасында ЛПУ менен түзүлгөн атайын келишимдин негизинде жүргүзүлөт. (Жалал-Абад ОБО, ҮББМ, ГЦГСЭН, Аптека No4, ОсОО «Нур-стоматология», АО «Жалал-Абад стоматология», Сузак АО, УББМ, РЦГСЭН, Стоматологиялык жана аптекалык бирикмелер, Кок- Жангак ТО, ЦСМ, Базар-Коргон АО, УББМ, ЦГСЭН, Ноокен АО, УББМ, РЦГСЭН, стоматологиялык жана аптекалык бирикмелер, Кочкор-АтаАО, ҮББМ, Аксы АО, УББМ, РЦГСЭН, Ала-БукаАО, ҮББМ, Таш-Көмүр АО, Кара-Көл АО, Токтогул АО, УББМ, Өзгөн АО, ҮББМ, РЦГСЭН, Кара-Кулжа АО, ҮББМ).

     Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин башкы маселеси бул - тандалып алынган багыттар боюнча жогорку билимдүү адистерди даярдоо. Колледждин педагогикалык коллективинин окуу-тарбиялык эстетикалык жана рухий багытында тарбиялоосуна:

• Тандап алган кесибин сүйүү;

• Атуулдукка тарбялоо;

• Жеке өзүн рухий жактан өнүктүрүү.

Билим берүү  иш-аракеттерин толук камсыздоо үчүн тайпаларда шарттарды түзүү.Тандаган кесибин сүйүүгө тарбиялоо. Биринчи курстун студенттерин  эң алгачкы кадамы салт боюнча «Студенттерди кабыл алуу аземи» куратордук сааттан башталат.  Жыл сайын сентябрь-октябрь айларында медициналык колледждин администрациянын окулдору жана кураторлор колледждин традициясыжана тарыхы, эрежелери менен тааньштырып баарлашу жургузет. Кураторлор тандап алган кесиби женунде баарлашат. Жыл сайын колледжде үзгүлтүксүз "СПИД', "Кургак учук", "Сасык-тумоо","Коррупция","Өзүн-өзү өлтүрүү","Терроризм”, "Эл аралык достук" темаларынын алкагында иш-чаралар өткөрүлөт. Колледждин студенттери жыл сайын ден соолугу мүмкүнчүлүктөрү чектелген жана карылар үйүнө, балдар үйүнө барып материалдык жардамдарын беришет.Студенттерди атуулдукка тарбиялоонун милдеттери: мекенди сүйүүгө,коргоого тарбиялоо.Жыл сайын май айында "Жениш күнүнө" карата турдуу майрамдык кечелеруюштурулат.  

Студенттерди руханий-адеп-ахлактык жана эстетикалык тарбиялоо маселелери окуу жылында сабактардан сырткары куратордук сааттардажүргүзүлөт. Окуу жылынын башталышында студенттерге колледждинуставы, эрежелери, милдеттери ички тартиптери тааныштырылат.Колледждеги традициялык иш чаралар: "Студенттерди кабыл алуу аземи","Кыргыз тил күнү", "Медайымдар күнү", "Студенттер күнү","Сүйүшкөндөркүнү», «Жаны жылдык бал", "Жениш күнү", Интеллектуалдык оюн "Даанышман" ж.б.                                                                                    

Жыл сайын колледждин педагогикалык курамы университет уюштурганжайкы жана кышкы оюндарга үзгүлтүксүз активдүү катышышат. Шаардыкденгээлде өткөрүлгөн иш чараларга: дары-дармек колдонуу, СПИД жыныстык ооруларды алдын алуу ж. б.активдүү катышат. Социалдык- укуктук коргоо кабыл алуу буйругу менен башталат. Куратордук сааттарда: студенттер коомдук колдоо көрсөтүү (1-2 гр.майыптар, ата-энеси каза болгону, оор каржылык абалы), жөнүндөгү жобо менен тааныштырылат. Студенттер менен суроо-жооп түрүндөгү жолугушуулар өткөрүлөт. Медициналык колледжде окутуучулар жана студенттер арасында окуу-тарбия иштерин жакшыртуу боюнча иш алып барылат.    Бүгүнкү күнгө чейин, Кыргыз Республикасынын жана кошуна өлкөлөрдүн медициналык мекемелерде эмгектенип жаткан 1200 ашык адистерди бүтүрүп чыгарды.