- Колледждер
- Медициналык колледжи
- Дарылоо жана акушердикиш ПЦКсы
Дарылоо жана акушердикиш ПЦКсы
Дарылоо жана акушердикиш ПЦКсы
Телефон:
Email:
asulkanpr2024@mail.ruТуулган күн:
February 17, 1985
Каттоодон өтүү:
22.01.2024
Акыркы кириш:
1 месяц назад
Билим берүү ишмердүүлүгү
Учурда 060101 Дарылоо иш жана 060102 Акушердик иш билим берүү багытынын акушердик иш адистигин даярдайт. КРнын Билим берүү жана Илим министрлигинин 2015-жылдын 15-сентябрындагы № 1179/1 буйругу менен бекитилген. Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын (ЖКББ МББС) негизинде Акушердик иши адистиги боюнча негизги билим берүү программасы (НББП) иштелип чыкты. Аталган негизги билим берүү программасы (НББП) максаттарды, күтүлүүчү натыйжаларды, мазмунун, билим берүү процессин жүзөгө ашыруучу шарттары жана технологияларын, ушул багытта бүтүрүүчүнү даярдоонун сапатын баалоону жөнгө салат. Дарылоо жана акушердик иши адистиги боюнча негизги билим берүү программасынын (НББП) негизги максаты - тез өзгөрүлүп жаткан дүйнөдө туруктуу компетенттүүлүккө негизделген билим берүүнүн кесиптик маселелерин чече алган адисти даярдоо; НББПнын негизги документи катарында Бүтүрүүчүнүн компетенттик модели эсептелет.
Акушердик иши ПЦКсы төмөнкү дисциплиналарды окутууну камсыз кылат:
1. Акушерство жана гинекология
2. Үй-бүлөлүк медицина
3. Жашоо тиричилигинин коопсуздугу жана кыйроодогу медицина
4. Алгачкы аскердик медициналык даярдык
5. Үй-бүлөнү пландаштыруу жана репродуктивдүү ден соолукту коргоо
6. Педиатрия жугуштуу оорулар менен
7. Репродуктивдик ден соолукту коргоо жана үй-бүлөнү пландаштыруу
Дарылоо иши ПЦКсы төмөнкү дисциплиналарды окутууну камсыз кылат
1. Инфекциялык АИВ жугуштуу оорулар эпидемиологиясы жана фтизиатрия 1
2. Терапия гериатрия курсу менен 1,2
3. Основы лабораторной диагностики
4. Дерматовенерология
5. Тиш жана ооз көңдөйүнүн оорулары
6. Реабилитациянын негиздери (физиотерапия,дарылоо физкультурасы,массаж).
7. Реаниматологиянын негиздери
8. Терапия 1,2,3
9. Хирургия 1,2,3
10. Гериатрия
Окуу лабораториялары, кабинеттер.
Үй-бүлөлүк медицина каанасы (312)
Акушерство жана гинекология (311)
Алгачкы аскердик медициналык даярдык каанасы (307)
Педиатрия жугуштуу оорулар менен (314)
Акушерство жана гинекология тренажордук каанасы (205)
Терапия жана Хирургия (318)
Инфекциялык АИВ жугуштуу оорулар эпидемиологиясы жана фтизиатрия (316)
Тренажордук каанасы (206)
Невралогия каанасы (218)
Дарылоо жана акушердик иш ПЦКсындагы окутуучулар негизги предметтерден беришет. Бул ПЦКна Терапия,Хирургия,Реаниматологиянын негизднери , Инфекциялык АИВ жугуштуу оорулар эпидемиологиясы жана фтизиатрия, Акушерство жана гинекология, жаш балдардын инфекциялык оорулары ,үй-бүлөнү пландаштыруу, жашоо тиричилик коопсуздугу, ден соолукту коргоо жана үй-бүлөнү пландаштыруу, гинекология, педиатрия предметтери карайт.Дарылоо жана акушердик иш ПЦКсынын окутуучулары атайын дисциплиналар боюнча окуу-методикалык комплекстерди, силлабустарды иштеп чыгышкан. Мындан тышкары, ар бир окутуучу өзү иштеп чыккан көрсөтмө куралдарды колдонуу менен сабактарды өтөт. Окутуучулар окутуунун активдүү жана инновациялык ыкмаларын активдүү колдонушат, дисциплиналар боюнча слайд, дидактикалык көрсөтмө куралдарды колдонуу менен иштешет. Негизинен предметтин курсунун саясаты биринчи кезекте студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга жана өнүктүрүүгө багытталган. Айрыкча, студенттердин критикалык жана аналитикалык ой жүгүртүүсүн калыптандырууга көңүл бурулат.Окутуучулар жана студенттери колледждин жана университеттин илимий жана коомдук турмушуна активдүү катышууда. Ошондой эле бир нече жолу шаардык, облустук, сынактардын жеңүүчүлөрү болгон.
Окуу аудиториялары
Теориялык жана практикалык сабактарды өтүүдө 1 чоң лекциялык аудитория, практикалык сабактарды өтүүдө 8 окуу кабинеттери бар. Ошондой эле 2 тренажордук залы бар . атайын кабинеттке ультра үндөр менен изилдөөчү аппарат коюлган, клиникалык предметтерден сабак өтүүдө практика жүзүндо колдонушат. Окуу кабинеттери заманбап окуу материалдары менен жабдылган.2023-2024 окуу жылында колледждин китепканасы жаны окуу китептери менен толукталды.
Окутуучулук курам
Дарылоо жана акушердик иш ПЦКсында бүгүнкү күндө жалпы 16 окутуучу эмгектенет алардын ичинен 3 айкалыштыруучу
| № | Ф.А.А. | Кызматы | Телефон |
| 1 | Калымбетова Гулбурак Исраиловна | Окутуучу | 0706 27 55 83 |
| 2 | Примкулова Асылкан Осмоновна | Окутуучу, ПЦК жетекчиси | 0771 62 97 85 |
| 3 | Чолпонбаева Буайша Чолпонбаевна | Окутуучу | 0778 24 80 27 |
| 4 | Юсупова Айзада Таалайбековна | Окутуучу | 0553 08 89 08 |
| 5 | Исмаилова Айнагул Абдукахаровна | Окутуучу | 0707953008 |
| 6 | Тахирова Айгерим Тахировна | Окутуучу | 0778018409 |
| 7 | Максатбек кызы Мээрим | Окутуучу | 0500144699 |
| 8 | Мамасадыкова Айганыш Мамасадыковна | Окутуучу | 0770393918 |
| 9 | Каныбек уулу Алымбек | Окутуучу | 0551557795 |
| 10 | Максудбай уулу Сардорбек | Окутуучу | 0779787341 |
| 11 | Акматов Жумабек Тургунбаевич | Окутуучу | 0557066030 |
| 12 | Озгонова Тамара Турусбековна | Окутуучу | 0220153610 |
ОКУУ-УСУЛДУК ИШТЕР
ПЦКда азыркы учурда замандын талабына толук жооп берүүчү орто билимдүү медициналык адистерди даярдоо үчүн мамлекеттик стандарттагы илимдердин негизги багыттары окутулат.
Окуу планына ылайык тиешелүү предметтердин типтүү, жумушчу программалары, силлабустар түзүлүп талдоодон өтүүдө. Лекциялык жана практикалык сабактарды өткөрүү үчүн шарттар камсыз болгон 2 тренажордук зал, 2 компьютердик аудитория, 6 окуу кабинеттери, ультра үн менен изилдөо кабинети кызмат кылат. Окуу өндүрүшттүк практикалары үчүн Жалал-Абад областтык клиникас,Алима Ташиева атындагы төрөт үйү жана Сузак тереториялдык больницалар менен келишимдер түзүлгөн. Предметтерди өздөштүрүүдө жергиликтүү материалдарды пайдаланууга көп көңүл бурулат. ПЦКнын окутуунун модулдук системасына толук өтүшкөн. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында ар бир семестрде студенттерден 2 жолу модуль алынат. ПЦКнын окутуучулары тарабынан бир нече окуу китептери жана окуу усулдук колдонмолор иштелип чыгарылган. Окутуучулар өздөрүн теориялык окуу усулдук чеберчилигин өркүндөтүү үчүн түрдүү билимин өркүндөтүүчү курстарга катышып, сертификаттарга ээ болушкан. ПЦКда өз ара сабактарга катышуу аны талкуулоо кеңири практикаланат.
ИЛИМИЙ ИШТЕРИ
Медициналык колледжинин Дарылоо жана акушердик иш ПЦКсында бардыгы болуп 16 окутуучу эмгектенүүдө. ПЦК мүчөлөрү окуу программаларын, окуу куралдарын жана башка окуу усулдук, илимий аспектилердин иштелмелерин даярдоодо үзүрлүү эмгектенүүдө. Окутуучулар материалдык-техникалык базаны жакшыртып, модулдук-рейтингдик системаны пайдалануу менен, студенттердин өз алдынча иштерин уюштуруп, илимий изилдөө иштерин жетектөө менен иш алып барууда.
МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗА
Дарылоо жана акушердик иш ПЦКсына 2023-2024-окуу жылында университет тарабынан материалдык-техникалык базаны чыңдоо, студенттердин жеткиликтүү билим алуусун камсыздоо максатында окуу китептери, бир нече окуу каражаттары берилди.
Медициналык колледждин Акушердик иш адистигинин биз сыймыктанган бүтүрүүчүлөрү
Хамид кызы Нурзада АД-1-16 тайпасынын бүтүрүүчүсү, азыркы мезгилде Индиянын Дели шаарында жеке клиникада (Marengo Asia hospital) акушерка болуп эмгектенет.
ПЦКдагы ТАРБИЯЛЫК ИШТЕР
ПЦКнын тарбиялык иштери боюнча түзүлгөн планы жана кураторлордун иш планы ПЦКнын кенешмесинде талкууланып бекитилген. ПЦКнын курамында кураторлор өзүнө бөлүнгөн тайпалар менен активдүү иш алып барышат. Иш планда белгиленген иш-чаралар боюнча жолугушууларды уюштуруп турушат (ветерандар, врач- гинекологдор, ж.б.). Ошондой эле студенттер менен биргеликте ишембиликтерге катышат. Мындан сырткары колледж, университеттин денгээлинде уюштурулган коомдук, маданий, спорттук иш-чараларга үзгүлтүксүз катышат.
Студенттердин илимий- изилдөө иштери (СИИИ)
Дарылоо жана акушердик иш ПЦКсында “Дени сак эне - дени сак улут”жана “Я будущий фельдшер” кружоктору иштейт. Бекитилген графикке ылайык студенттер өз алдынча окутуучулар менен иштешет.