1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Медициналык колледжи
  4. Медициналык колледждин окуу-өндүрүштүк практика жана карьера боюнча жетекчиси

Медициналык колледждин окуу-өндүрүштүк практика жана карьера боюнча жетекчиси

Азат

Медициналык колледждин окуу-өндүрүштүк практика жана карьера боюнча жетекчиси

Телефон:

501 242 324

Туулган күн:

January 03, 1992

Каттоо:

29.02.2024

Акыркы сапар:

8 месяцев назад

КАРЬЕРА ЖАНА ОКУУ ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАНЫН МААЛЫМАТЫ

Карьера жана өндүрүштүк практика жетекчилигинде алгачкы көндүмдөрдү үйрөнүу, окуу-өндүрүштүк практика жана квалификация алдындагы практикалалар каралган. Практиткалардын түрлөрү боюнча практика жетекчилери жумушчу программа жол картасын иштеп чыгышкан. Практика учурунда жетекчилер практика базасында өтүлүүчү иш чараларды бекитилген график менен өтүшөт. Ар бир ПЦКда өңдүрүштүк тараптан окутуучулар эмгектенишет жана алар студенттер үчүн практиканын сапатуу өтүшүнө шарт түзүшөт. Жалпы медициналык колледжде        

                              Дарылоо иш  ПЦКсы боюнча

1.Алгачкы профессионалдык көндүмдөрдү калыптандыруудагы окуу-өндүрүштүк практика.

2. Акушердик инфекциялык бейтаптарга кам көрүү боюнча окуу-өндүрүштүк практика.

3. Терапия жана хирургиялык бейтаптаргы кам көрүү боюнча окуу-өндүрүштүк практика.

4. Терапия жана хирургиялык бейтаптаргы кам көрүү боюнча окуу-өндүрүштүк практика.

5. Фельдшер катары ыкчам жана кечиктирилгис жардам көрсөтүү боюнча окуу-өндүрүштүк практика.

6. Квалификация алдындагы практика.

7. Хирургиялык бейтаптарга кам көрүү боюнча окуу-өндүрүштүк практика.

8.Терапия жана  педиатриядагы  бейтаптаргы кам көрүү боюнча окуу-өндүрүштүк практика.

Акушердик иш  ПЦКсы боюнча

1.      Акушердик инфекциялык бейтаптарга кам көрүү боюнча окуу-өндүрүштүк практика.

2.      Адистик профили боюнча окуу-өндүрүштүк практика.

3.      Төрөт үйүндөгү ымыркайларга медайым катары кам көрүү боюнча кесиптик көндүмдөрдү калыптандыруудагы   окуу-өндүрүштүк практика.

4.      Диплом алдындагы практика

Медайымдык иш ПЦКсы

1.      Медайымдык иштин негиздери боюнча алгачкы кесиптик билгичтиктерин үйрөнүү боюнча окуу-өндүрүштүк практика.

2.      Медайымдык иштин негиздери боюнча алгачкы кесиптик билгичтиктерин үйрөнүү боюнча окуу-өндүрүштүк практика.

3.      Адистик профиль боюнча окуу-өндүрүштүк практика

4.      Диплом алдындагы практика

Фармация ПЦКсы

1.      Фармацефтикалык технологияга алгачкы кесиптик билгичтерин үйрөтүү практикасы.

2.      Адистик боюнча фармацефтикалык технологиядан окуу-өндүрүштүк практикасы

3.      Адистик боюнча фармацефтикалык технологиядан жана фармакогнозиядан  окуу-өндүрүштүк практикасы.

4.      Диплом алдындагы практика

Ар бир адистиктерде  окуу-өндүрүштүк практикалар бекитилген графикке ылайык өз убагында өткөрүлөт. Окуу практикасы колледждин имаратында, атайын бөлмөлөрдө, ошондой эле шаардын медициналык уюмдарында өткөрүлөт. Борбордук ооруканада медсестралык кабинети, төрөт үйүндө акушердик жана балдардын оорулары кабинети, балдар ооруканасында балдардын ооруларын комплекстүү башкаруу кабинети бар. Окуу программаларынын акыркы семестринде  жана мамлекеттик экзамендердин алдында кесиптик квалификация алдындагы практикалары өткөрүлдү. Практиканын жетекчилери практикага чейин жана практикадан кийин уюштурулуучу конференцияларды уюштурушат. Тиешелүү медициналык мекемелер менен практика өтүү үчүн келишимдер түзүлгөн. Ар бир практиканын бекитилген типтүү программасы бар жана ага ылайык практикалар өткөрүлдү. Өндүрүштүк практика жетекчилери менен тынымсыз байланыш түзүлөт. Жыйынтыктоочу конференциялар өткөрүлөт.

Практиканттар менен болгон кайтарым байланыш

- практика өтүүдөө ар бир студент берилген типтүү  программанын  негизинде берилген тапшырманы күндө күндөлүккө жазуу менен тапшырманын маанисине карата  сүрөттөрдүн жардамы менен  тапшырманы аткарып, видео жасап, айрым тапшырмаларды  видео форматында  жөнөтүшөт.

-типтүү  программанын негизинде студент-практикант ар бир бөлүм боюнча тапшырмага  видеоролик, слайд түрундө маалымат даярдап жетекчиси менен биргеликте иш алып барышат

-айрым тапшырмаларды аткарууда  өндүрүштөгү адистер менен  колледждеги жетекчилер  байланышып турушту,  (бөлүмдөгү практиканын жетекчилери ЖОКОБда иштегендигине байланыштуу  кайтарым байланыш түзүүдө көйгөй жаралган жок)

-студент практикада  практиканын түрүнө жараша  адис жетекчи менен байланышта иштеп, тапшырманы аткарып  ар күндүк жыйынтыкты   методист жетекчилер менен байланышта практика өтүштү.

- практикада өтүүдө  ар бир студент берилген типтүү  программанын  негизинде берилген тапшырманы күндө күндөлүккө жазып өндүрүштөгү жана колледждеги жетекчилердин көзөмөлүндө болушат

-практика  бүткөндөн кийин : маалымат, күндөлүк, сын пикир, мүнөздөмө, практиканын мазмуну боюнча слайд даярдашып жыйынтыктоочу конференцияга катышышты.

-студенттердин практика учурундагы алган билимдери, көндүмдөрү бааланат.

Өндүрүштүк базалар менен түзүлгөн келишимдер.

Дарылоо, акушердик жана медайым иши адистиктери үчүн Жалал-Абад облустук клиникалык оорканасы,       Сузак үй бүлөлүк дарыгерлер борбору,       Туштук аймактык жүрөк кан тамыр илимий хирургия борборлору менен келишимдер түзүлгөн. Өндүруштүк база тараптан башкы медайымдары студенттерди адистике жараша бөлүмдөргө бөлүшүп, практика учурунда толук көзөмөлдөрүнө алышат. Фармация адистиги үчүн Жалал-Абад облустук клиникалык оорканасынын даарыканасы, Сузак үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун даарыканасы жана бир нече жоопкерчилиги чектелген коомдор ( “Ноокен фарм №4”, “ Неман Фарм”, “ Сонун Фарм”, “ Эл Фарм”, “Лекарь”, “Фарм Эксперт”, “Эвролек”, “Тоскоол Ата” ж.б.)  менен келишимдер түзүлгөн.

         Өндурүштүк жетекчилер менен НКББПсын талкулоо  жана практика сапатын жогорулатуу максатында ар түрдүү маселелер боюнча тегерек столдор, конференциялар өткөрүлүп турат.  Өндурүштүк жетекчилер тараптан практикада  мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөткөн студенттерге мактоо баракчаларын тапшырышат.