- Колледждер
- Чет тилдер колледжи
Чет тилдер колледжи
Директор
Телефон:
Email:
baimyrzaeva_batma@mail.ruТуулган күн:
September 07, 1978
Каттоодон өтүү:
29.12.2023
Акыркы кириш:
1 месяц назад
Резюме:
Жүктөп алуу Резюме- Чет тилдер ПЦКсы
- Жалпы билим беруу ПЦКсы
- Чет-тилдер колледжинин мамлекеттик тил,социалдык иш жана тарбия иштери боюна директордун орун басары
- Окуу усулдук иштер боюнча инспектору.
- Өндүрүштүк практика боюнча орун басары
Колледж даярдаган адистиктер:
| № | Адистиктин коду | Адистиктин аталышы | Квалификация | Орто билим негизинде окуу мөөнөтү | Негизги билим негизинде окуу мөөнөтү |
| 1 | 050303 | Чет тили (англис тили) | Чет тили мугалими | 1 жыл 10 ай | 2 жыл 10 ай |
| 2 | 050303 | Чет тили (кытай тили) | Чет тили мугалими | 1 жыл 10 ай | 2 жыл 10 ай |
Окуу программасы толук аяктагандан кийин студенттер мамлекеттик үлгүдөгү орто кесиптик билим жөнүндөгү диплом алышат.
Кыскача тарыхы
2025-жылдын 30-июнундагы №254 буйруктун негизинде Ж.А.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-өндүрүштүк комплекси курамындагы Жалал-Абад педагогикалык колледжи экиге бөлүнгөн: педагогикалык колледж жана чет тилдер колледжи. Чет тилдер колледжинин директору болуп Баймырзаева Батма Масалбековна дайындалган. Колледж ЖАМУнун структуралык бөлүмү болуп саналат жана университеттин уставына ылайык билим берүү ишмердигин жүргүзөт.
Миссиясы
Ж.А.Осмонов атындагы ЖАГУнун миссиясы – республика, регион жана чет өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошо ала турган жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо. Ушул миссияга ылайык, чет тилдер колледжинин максаты – заманбап профессионалдык жана коммуникативдик компетенцияларга ээ, эл аралык билим берүү жана маданий мейкиндикте атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо.
Чет тилдер колледжи — инновациялык окутуу ыкмаларын ишке ашыруучу, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүчү жана тил даярдыгынын жогорку деңгээлин камсыз кылуучу алдыңкы билим берүү борбору.
Стратегиялык өнүгүүнүн максаттары
- Билим берүүнүн сапатын жана студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу.
- Окутуунун инновациялык технологияларын жана санариптик чөйрөнү киргизүү.
- Эл аралык кызматташтыкты жана академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү.
- Окутуучулардын кадрдык потенциалын өнүктүрүү.
- Материалдык-техникалык базаны чыңдоо.
- Тарбия ишин өркүндөтүү, студенттердин жарандык жана маданий компетенттүүлүгүн калыптандыруу.
Штаттык курамы
| № | Кызмат орду | Ставка | Иштин түрү | Эскертүү |
| 1 | Директор | 1.00 | контракт | Баймырзаева Батма Масалбековна |
| 2 | Мамлекеттик тил, социалдык жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары | 1.00 | контракт | Маткасымова Гулбарчын Полотбековна |
| 3 | Өндүрүштүк практика жана карьераны өнүктүрүү боюнча директордун орун басары | 1.00 | контракт | Абдыканова Гүлжан Кубанычбековна |
| 4 | Методикалык иштер боюнча инспектор | 1.00 | контракт | Абдрашева Умида |
| 5 | Инженер-программист | 1.00 | контракт | Сулайман |
| 6 | Лаборант | 1.00 | контракт | Абдиева Дилфуза |
| 7 | Иш кагаздарын жүргүзүүчү | 1.00 | бюджет | Алтынбек кызы Нурзада |
Аккредитация жөнүндө маалымат
“Билим Стандарт” көз карандысыз аккредитациялык агенттиги тарабынан төмөнкү билим берүү программалар аккредитацияланган
| 050303 Чет тили (англис тили) | Сертификат № VK200000343 (2025-жылдын 29-майына чейин). | Приказ № 020/2а от 29.05.2020гРегистр.. № 071 | 050303 Чет тили (Англис тили) |
| 050303 Чет тили (кытай тили) | Сертификат № VK210000157 (2026-жылдын 23-апрелине чейин). | Приказ №3а /2021 от 23.04.2011гРегистр.№ 113 | 050303 Чет тили (китай тили) |
| 050303 Чет тили (англис тили) | Сертификат № VK250000181 (2030-жылдын 16-апрелине чейин). | Приказ № 1/25 от 16.04.2025гРегистр.. № 292 | 050303 Чет тили (Англис тили) |