1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Чет-тилдер колледжинин мамлекеттик тил,социалдык иш жана тарбия иштери боюна директордун орун басары

Чет-тилдер колледжинин мамлекеттик тил,социалдык иш жана тарбия иштери боюна директордун орун басары

Телефон:

Туулган күн:

February 19, 1981

Каттоодон өтүү:

25.10.2025

Акыркы кириш:

4 месяца назад

        Колледждеги тарбия  ишинин максаты  студенттин гармониялуу индивидуалдуулугун, анын руханий, физикалык, кесиптик жактан өркүндөтүлүшүнө жана өзүн-өзү ишке ашыруусуна жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү, ошондой эле окуучулардын жеке өсүшү жана алардын коомго интеграцияланышы үчүн шарттарды түзүү болуп саналат, алар социалдык баалуулуктарга карата оң мамилени өнүктүрүүдө, жүрүм-турумунда тажрыйба алууда жана орто деңгээлдеги адистердин калыптанган универсалдуу компетенцияларын практикада колдонууда.

Колледждин педагогикалык жамааты өз ишин баарлашуунун эстетикалык маданиятын өрчүтүүгө, патриоттук багыттагы инсанды калыптандырууга, студенттердин чыгармачылык активдүүлүгүн стимулдаштырууга, студенттер менен мугалимдердин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, студенттердин жашоосунун маанилүү багыты катары эс алуу иш-аракеттерин бекемдөөгө жана сергек жашоого көмөктөшүүгө негиздейт.

Тарбия берүү. “Окуучуларды нравалык маданиятка,патриоттуулукка,кыргыз элинин каада-салттарын пайдаланып тарбия берүүгө жетишүү”

Тарбия иштеринин негизги багыттары:

 1.Адеп-ахлактык тарбия.

 2.Жарандык тарбия.

 3 Мекенчилдикке тарбиялоо.

 4. Жаратылышты сүйүүгө тарбиялоо.

.5. Көп маданияттуулукка тарбиялоо.

 6. Эстетикалык тарбиялоо.

7.Эмгекке тарбиялоо.

8. Тарбиялоо процессинде педагогдун ролу.

9. Баланы,өспүрүмдү,кыз баланы тарбиялоодо үй-бүлөнүн ролу.

Тарбиялык иштердин максаттарына төмөнкүлөр кирет::

-эстетикалык баарлашуу маданиятын өнүктүрүү;

-патриоттук багыттагы инсанды калыптандыруу;

-сергек жашоо образын жайылтуу;

-студенттердин чыгармачылык активдүүлүгүн стимулдаштыруу;

-студенттер менен окутуучулардын өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү;

-студенттердин жашоосунун маанилүү багыты катары эс алуу иш-аракеттерин бекемдөө.

                            Уңгужолдун негизги багыттары

                  1. Таалим-тарбия, илим, билим жана маданият

 Жарандардын нарк талабына ылайык таалим-тарбияга, заманбап илим-билимге, жогорку маданиятка ээ болуусу жана өнөр-кесип үйрөнүүсү үчүн үй-бүлө, коом жана мамлекет үчилтиги бирдей кам көрүүгө милдеттүү.

Токтоосуз колго алынуусу жана үзгүлтүксүз улантылуусу керек болгон милдеттер төмөнкүлөр:

- таалим-тарбия берүүдө улуттук нарк баалуулуктарына артыкчылык берилиши жана анын жаңы тажрыйбалар менен байытылышы;

- жаш муундарга билим берүүнүн методдорун гана эмес, анын максат, мазмун, өлчөм жана мөөнөттөрүнүн алыскы келечекти эске алуу менен кайра каралышы;

- билим берүүгө болгон даярдык менен билим алууга болгон даярдыкты бири-бирине дал келтирүү боюнча чаралардын иштелип чыгышы жана ырааттуу ишке ашырылышы;

- кесиптик билим берүү, жаштарга өнөр-кесип үйрөтүү жагынын жандандырылышы жана анын жаңы нукта тынымсыз өнүктүрүлүшү;

- Кыргыз Республикасынын билими жогору, көптү билген, ошону менен бирге кесипкөй, жаратман адистерге болгон муктаждыктарын жоюунун кечиктирилбей колго алынышы;

- илимдин өнүгүшү менен мамлекеттин өнүгүшүнүн бири-бири менен өтмө катар байланышта экендигин таануу - илим тармактары өнүкпөгөн мамлекеттин келечеги жок экендигин, келечеги жок мамлекетте илим тармактары өнүкпөй тургандыгын дайыма эске алуу;

- илимдин бардык тармактарында, инновациялык технологиянын акыркы ачылыштарын колдонууга жетишүү, ошону менен илимий ойдун дүйнөлүк кеңдиги менен бийиктигин өздөштүрүү;

- мамлекеттин коргонуу жана коопсуздук каражаттарын жаратуу, жаңылоо жана толуктоо иштерин өз өлкөбүздүн илимий-өндүрүштүк жана билим берүү негиздерине бекем орнотуу;

- Кыргыз Республикасында асманды, жерди, абаны, сууну, адамды жана коомду дүйнөлүк, заманбап илимий-методикалык негизде изилдөөнүн маанилүүлүгүн эске алып, аларды жолго коюунун ыкчам чараларын көрүү;

- илимий адистерди даярдоо, илимий изилдөөлөрдү уюштуруу жана аларды натыйжаландыруу милдетин аткарган илимий жана билим берүү мекемелеринин иштөө тартибин, методун жана мүмкүнчүлүктөрүн кайра карап, жаңы талаптарды жана таянымдарды киргизүү;

- маданият жана көркөм өнөр маселелеринин өтө татаал, көп түрдүү экендигин эске алып, аларды чечүү жүрүмүн мамлекеттик камкордук, жарандык демилге, коомдук көзөмөл айкалышында жолго коюу;

- көркөм адабият, сүрөт өнөрү, музыкалык чыгармачылык, театр жана кино тармактары боюнча керектүү мыйзам актыларын иштеп чыгуу жана аларды жүзөгө ашыруу;

- адабият ишмерлерин: акын, жазуучу, драматург, адабий сынчы ж.б. калемгерлерди орто жана жогорку кесиптик даярдыктан өткөрүү жагын мамлекеттин көзөмөлүнө жана камкордугуна алуу.