1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жалпы билим беруу ПЦКсы

Жалпы билим беруу ПЦКсы

Каттоодон өтүү:

25.10.2025

Акыркы кириш:

5 месяцев назад

Окуу программасы толук аяктагандан кийин студенттер мамлекеттик үлгүдөгү орто кесиптик билим жөнүндөгү диплом алышат.

Кыскача тарыхы

2025-жылдын 30-июнундагы №254 буйруктун негизинде Ж.А.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-өндүрүштүк комплекси курамындагы Жалал-Абад педагогикалык колледжи экиге бөлүнгөн: педагогикалык колледж жана чет тилдер колледжи. Чет тилдер колледжинин директору болуп Баймырзаева Батма Масалбековна дайындалган. Колледж ЖАМУнун структуралык бөлүмү болуп саналат жана университеттин уставына ылайык билим берүү ишмердигин жүргүзөт.

Миссиясы

Ж.А.Осмонов атындагы ЖАГУнун миссиясы – республика, регион жана чет өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошо ала турган жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо. Ушул миссияга ылайык, чет тилдер колледжинин максаты – заманбап профессионалдык жана коммуникативдик компетенцияларга ээ, эл аралык билим берүү жана маданий мейкиндикте атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо.

Чет тилдер колледжи — инновациялык окутуу ыкмаларын ишке ашыруучу, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүчү жана тил даярдыгынын жогорку деңгээлин камсыз кылуучу алдыңкы билим берүү борбору.

Стратегиялык өнүгүүнүн максаттары

  • Билим берүүнүн сапатын жана студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу.
  • Окутуунун инновациялык технологияларын жана санариптик чөйрөнү киргизүү.
  • Эл аралык кызматташтыкты жана академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү.
  • Окутуучулардын кадрдык потенциалын өнүктүрүү.
  • Материалдык-техникалык базаны чыңдоо.
  • Тарбия ишин өркүндөтүү, студенттердин жарандык жана маданий компетенттүүлүгүн калыптандыруу.