- Колледждер
- Жалал-Абад педагогикалык колледжи
- Чет тилдер ПЦКсы
Чет тилдер ПЦКсы
ПЦКнын башчысы
Телефон:
770 693 000Email:
baimyrzaeva_batma@mail.ruТуулган күн:
September 07, 1978
Каттоо:
29.12.2023
Акыркы сапар:
8 месяцев назад
Резюме:
Жүктөп алуу РезюмеДаярдаган адистиктери:
- 050303 Чет тили (Кытай тили)
- 050303 Чет тили (Англис тили)
Бүтүрүүчүнүн компетенциясы:
- Кесиптик милдеттерди эффективдүү аткарууда жана өнүгүүдө керектүү маалыматтарды колдонот, изденет;
- Кесиптик ишмердүүлүктө маалыматтык-коммуникативдик технологияларды колдонот;
- Тайпада иштейт, кесиптештер, жетекчилик, кардарлар менен натыйжалуу баарлаша алат.
Кесиптик компетенциялар:
- Окуп жаткан тилдин фонетикасын, грамматикасын жана лексикасын билет;
- Чет тилдеги сабактарды уюштурат жана өткөрөт;
- Чет тилин окутуунун максатын, милдеттин аныктайт, сабактарды пландаштырат;
- Кеп ишмердүүлүгүнүн 4 түрүн өздөштүрөт (сүйлөө, окуу, жазуу жана угуу);
- Чет тилинде монолог жана диалог жүргүзө алат;
- Чет тилинин сабактарын анализдейт;
- Чет тилин окутууда жаңы усулдарды жана технологияларды колдоно алат.
Чет тилдер ПЦКсынын окутуучу-профессордук курамы
№ | Аты-жөнү | Окутуу курстары боюнча окуу планынын (программасынын) сабактарынын аталышы | Билими (кайсы жожду бүткөн, адистиги жана квалификациясы, билими жөнүндө документтин реквизиттери) | Адистиги боюнча иш стажы | Иштөө шарты (штат/айкалыштыруу), эмгек китепчесинин номери |
1 | Абдуллаева Перизат Уламкадыровна | Чет тили Теориялык фонетика | Жогорку, БГУ, 2013-ж., чет тили мугалими СD №130104451 | 9 | Штаттык |
2 | Абдыканова Гульжан Кубанычбековна | Теориялык фонетика Үйдө окуу | Жогорку, ЖАМУ, 2004-ж., чет тили мугалими СD №040166030 | 16 | Штаттык э.к Д №0755824 |
3 | Алымжан кызы Нурита | Чет тили | Жогорку, ЖАМУ, 2006-ж., чет тили мугалими СD №060088140 | 15 | Штаттык |
4 | Баймырзаева Батма Масалбековна | Негизги чет тили Теориялык грамматика | Жогорку, ЖАМУ, 2002-ж., чет тили мугалими ЕВ №00533 | 23 | Штаттык. э.к АТ № 0755926 |
5 | Бакирова Аида Эркиналыевна | Чет тили Теориялык грамматика | Жогорку, ЖАМУ, 2006-ж., чет тили мугалими СD №060088131 | 16 | Штаттык |
6 | Залимбекова Жазгул Абдыжапаровна | Чет тили | Жогорку, ЖАМУ, 2004-ж., чет тили мугалими СD №040166077 | 19 | Штаттык э.к. НТ№ 0091109 |
7 | Женалиева Замира Аралбековна | Негизги чет тили Башталгыч класстарда чет тилин окутуунун усулу | Жогорку, ЖАМУ, 2004-ж., чет тили мугалими СD №051047414АГУПКР 2013, СЕ 130003853 | Магистр 18 | Штаттык |
8 | Кадырбек кызы Элиза | Чет тили | Жогорку, ЖАМУ, 2004-ж., чет тили мугалими СD№120172880 | 11 | Штаттык |
9 | Малабекова Сонунгул Кадыркуловна | Негизги чет тили Теориялык грамматика Сүйлөө кебиндеги англис тилин окутуунун инновациялык усулдары | Жогорку, ЖАМУ, 2004-ж., чет тили мугалими СD№040166166 | 16 | Штаттык э.к № 1019613 |
10 | Маткасымова Гулбарчин Полотбековна | Чет тили Көркөм которуу | Жогорку, ЖАМУ, 2004-ж., чет тили мугалими МВ №19347 | 19 | Штаттык |
11 | Момунова Чынара Шукуралиевна | Чет тили Теориялык грамматика | Жогорку, КГУ, 2011-ж., чет тили мугалими СD №110186180 | 12 | Штаттык |
12 | Мурзалиева Мунара Камчыбековна | Чет тили | Жогорку, ЖАМУ, 2012-ж., чет тили мугалими СD №120172791 | 11 | Штаттык |
13 | Сопукулова Айкокул Абдрахмановна | Стилистиканын негиздери жана лексикология Негизги чет тили | Жогорку, ЖАМУ, 2004-ж., чет тили мугалими СD №040166228 | 18 | Айкалыштыруучу |
14 | Сыдыкова Жумагул Сапаралиевна | Чет тили Теориялык фонетика | Жогорку, ЖАМУ, 2011-ж., чет тили мугалими СD №110227381 | 11 | Штаттык э.к № 1126154 |
15 | Ташматова Назира Анарбековна | Негизги чет тили Башталгыч класстарда чет тилин окутуунун усулу | Жогорку, ЖАМУ, 2002-ж., чет тили мугалими ЕВ №00548 | Магистр 20 | Штаттык э.к ЕВ №00548 |
16 | Шаабаева Элнура Булдуровна | Чет тили Теориялык фонетика | Жогорку, ЖАМУ, 2008-ж., чет тили мугалими УВ№170001163 | 13 | Штаттык |
17 | Эргешова Нурайым Абдираимовна | Чет тили | Жогорку, ЖАМУ, 2006-ж., чет тили мугалими ЕВ №060088777 | 17 | Штаттык э.к № 26908581 |
18 | Шукурова Айтурган Жыргалбековна | Чет тили Основы стилистики | Жогорку, ЖАМУ, 2021-ж., чет тили мугалими УВ №170001163 | Штаттык | |
19 | Кулушова Айнагул Алибаевна | Чет тили Письменная речь | Жогорку, ЖАМУ, 2016-ж., чет тили мугалими УБ №160068795; АПБиО, 2019ж. УМ№190212746 | 3 | Штаттык |
20 | Кубатбек кызы Элзада | Чет тили Страноведение | Жогорку, ЖАМУ, 2018-ж., чет тили мугалими ШБ №180106445 | 3 | Штаттык |
050303 Чет тили адистиги Башталгыч класстарда чет тили мугалими квалификациясын алат
Бул кесиптин өзгөчөлүгү
- Орто мектептерде башталгыч класстарда чет тили (англис тили, кытай тили) мугалимиболуп иштейт;
- Балдар бакчасында чет тилин үйрөтүү
- Кенже мектеп жашындагы балдарды чет тилин үйрөтүү (репетиторство);
- Мектеп программасын өздөштүрө албаган балдарга чет тилинен кошумча сабак берүүчү.
Абитуриенттердин ээсине:
Бизди тандооңуздун 5 себеби:
- Башталгыч класстарда чет тили мугалимдеринин жетишпегендиктен чет тили адистиги ар дайыма талаптуу.
- Кыска мөөнөттө чет тили мугалими кесибине ээ болосуз жана жумушка тез жайгашасыз.
- Окутуунун акыркы үлгүлөрү жана инновациялык технологиялар бизден башталат!
- Сапаттуу адис болууга ЖАКта толук мүмкүнчүлүк бар, материалдык техникалык базасы талапка жооп берет ошондой эле жагымдуу чөйрө дайыма Силерди курчайт!
- Айлык акылары жогору!
Жалал-Абад колледжинде Чет тили адистигинин талабы эң жогору, жыл сайын 60-70 студент окуу жайды ийгиликтүү аяктап дипломго ээ болот. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин башкы имаратында жайгашкан “Америка ордосунда” чет мамлекеттен келген волонтерлор тарабынан семинарлар, тегерек столдор уюштурулуп турат. Окуу жайга абитуриенттер бюджеттик жана контракттык негизде кабыл алынат.
Жалал-Абад колледжинин башталгыч класстарда чет тили мугалими кесибинин бүтүрүүчүлөрүнүн ой пикирлери.
Мисиралиева Жылдыз Спасибо за данное вами образование, что вы поверили в нас, обучили, научили всему, что я знаю сейчас. Благодаря вам, я работаю в одном из лучших школ города Жалал-Абад , а именно в школе-гимназии №1, где я уже работаю на протяжении 6 лет. Все те методы обучения и преподавания, которым вы нас обучили приносят лучшие плоды в моей работе. Вы лучший колледж с лучшими преподавателями!!! №1 М.Бабкина атындагы гимназия мектеби, чет тили мугалими
Исмаилов Фарахидин Мен Исмаилов Фарахидин, 2013-жылы Жалал-Абад колледжинин чет тили адистигин бүтүргөм. Туркия, Африка, Эфиопия жана азыркы учурда Тайванда чет тили мугалими болуп иштеп келе жатамын. Менин чет мамлекетте иштеп калуумдун бирден бир себепкери деп, англис тилинен сабак берген окутуучуларым деп айта аламын. Себеби Жалал-Абад колледжинде күчтүү, заманбап адистер иштешет, мага чет тилин терең үйрөткөн үчүн, окутуучуларыма ыраазычылык билдирем!!! Тайвань, чет тили мугалими
Сыргабаева Бактыгул Мен Сыргабаева Бактыгуль, 2014-жылы Жалал-Абад колледжинин чет тили адистигин бутургөм. Мен азыркы учурда чет тили мугалими болуп эмгектенип, балдарга тарбия жана чет тили (англи тили) сабагынан билим берип кележатамын. Ушул кесипти тандап, Жалал Абад колледжин бутургөнум учун абдан сыймыктанам. Себеби колледждин жогорку билимдуу, эн тажрыйбалуу мугалимдерден билим алып окуганым учун чексиз сыймыктанам. Мен, мугалимдерге терен ыраазычылык билдиремин жана чексиз ийгиликтерди каалаймын! № 5 Б.Осмонов атындагы гимназия мектеби, чет тили мугалими
Турсунбаева Бегимай Садабаевна Мен Турсунбаева Бегимай, 2013-жылы Жалал-Абад колледжинин чет тили адистигин бүтүргөм. Ошол жылдан тартып, Жалал-Абад шаарынын № 13 орто мектебинде иштеп жатам. Бизге терен билим берген Жалал-Абад колледжинин чет тили адистигинин окутуучуларына, ыраазычылык билдиргим келет. Алар бизге өз билимин берген үчүн турмушта өз ордубузду таап, бир кесиптин ээси болуп жатабыз!!! №13 орто мектебинин чет тили мугалими
Насирдинова Манзура Шукурбековна Мен Насирдинова Манзура, Жалал-Абад колледжинин чет тили адистигин 2013-жылы бүтүргөнмүн. Азыркы күндө Ноокен районунун Шайдан айылынын №4 Абдыразак Сатаров атындагы орто мектебинде чет тили мугалими болуп иштеп жатам. Ушул кызмат ордубузду тапкан үчүн Жалал-Абад колледжинин чет тили адистигинин окутуучуларына ыраазычылык билдиргим келет!!! Жалал-Абад областы, Ноокен району, Шайдан айылы, №4 Абдыразак Сатаров атындагы жалпы билим берүү орто мектеби, чет тили мугалими
Алтынбай кызы Элиза Мен Алтынбай кызы Элиза 2013-жылы Жалал-Абад колледжинин чет тили адистигин аяктап, азыркы учурда Кочкор-Ата шаарында «Наристе» бала бакчасында чет тили мугалими болуп иштеп жатам. Балдар менен иштеген аябай кызыктуу, мен аларга англис тилин үйрөтөмүн. Жалал-Абад колледжинин чет тили окутуучуларыма терең ыраазычылык билдиргим келет!!! Балдар биздин келечегибиз!!! Кочкор-Ата шаары «Наристе» бала бакчасы, чет тили мугалими
Чет тили адистигине келиниз – мыкты билим алыныз!
Урматтууталапкер!
Биз сиздерге кесип тандоодо жардам беребиз.
Ошондуктан биз сиздерге кесип тууралуу туура багыт бермекчибиз.
Окуу жайдын дареги:
Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад Мамлекеттик университети
Жалал-Абад шаары, Түмөнбай Байзаков проспектиси №57
Жалал-Абад колледжи
Жалал-Абад шаары, Токтогул көчөсү №16/1
факс: (03722) 5-03-33, тел.: (03722) 5-59-68, +996 772 453 696
Email: rector@jagu.kg, barisa08@mail.ru; сайт: jagu.edu.kg
Зарыл болгон документтер:
• Абитуриенттин арызы;
• Орто билими жөнүндө аттестат;
• Толук эмес орто билими жөнүндө күбөлүк;
• 3х4 өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт;
• 086/У формасындагы мед.тактама;
• Паспорттун көчүрмөсү, паспорт алууга жашы жете электерге туулгандыгы
тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
• Аскердик билети же ыйгарылган (приписной) күбөлүгү.