1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Орус филология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

53

Кафедранын комплекстүү отчёту: жыйынтыктар, жетишкендиктер жана келечектеги пландар

Филология институтунда кафедра жамаатынын өткөн мезгил ичинде аткарган иштери тууралуу комплекстүү отчётун берген кезектеги жыйыны болуп өттү. Иш-аракеттердин жыйынтыктарына институттун директору Ч. А. Асылбекова катышты.

Жыйынга кафедра башчысы А. А. Жусупова жана жалпы профессордук-окутуучулук курам катышты. Жетекчиликке төмөнкү негизги багыттар боюнча кеңири отчёттор берилди:

  • окуу-усулдук иштер;
  • илимий-усулдук иштер;
  • окуу жана өндүрүштүк практикалардын өткөрүлүшүнүн жыйынтыктары;
  • студенттик ийримдердин ишмердүүлүгү;
  • тарбиялык иштердин натыйжалары.

Сунушталган материалдарды талкуулоонун жана ар тараптуу талдоонун жыйынтыгында кафедранын иши «канааттандыраарлык» деген баага татыды.

Жамааттын кесиптик жетишкендиктери кесиптештердин жеке эмгегин таануу менен да өзгөчөлөндү: дирекциянын кароосуна Д. Т. Айылчиеванын талапкерлиги «Мыкты окутуучу» наамына көрсөтүлдү.

Кафедранын жамаатын отчётторду ийгиликтүү коргошу менен куттуктайбыз жана илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!