Биздин практиканттардын кезектеги ийгилиги!
3-курстун студенттери Сатымкулова Айжамал жана Байыш кызы Айжылдыз Манас шаарындагы С. Давлетов атындагы №14 орто мектебинин администрациясынан мыкты сунуштама каттарды алышты. Мектеп жетекчилиги алардын даярдык деңгээлин, максатка умтулуусун, заманбап окутуу ыкмаларын колдоно билүүсүн жана ар бир окуучуга жеке мамиле таба алгандыгын өзгөчө белгиледи. Мектеп биздин студенттерди келечекте мугалим катары иштөөгө расмий түрдө сунуштайт!