Биздин студенттердин педагогикалык чеберчилигине жогорку баа!
Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун 4-курсунун студенттери Нарузуллаева Жайрона жана Бахтиярова Бегайым Манас шаарындагы С. Давлетов атындагы №14 орто мектебинин жетекчилигинен жеке сунуштама каттарды алышты. Мектеп администрациясы алардын практикалык ишмердүүлүгүн «эң жакшы» деген баа менен белгилеп, сабактардын так түзүмүн, окуучулардын кызыгуусун, педагогикалык маданиятын жана предметти терең билгендигин өзгөчө баалады. Мектеп жаш адистерди келечекте мугалимдик кесипти улантууга расмий түрдө сунуштайт!