Манас шаарынын С. Давлетов атындагы №14 орто мектебинен ыраазычылык кат
Мектептин администрациясы жана педагогикалык жамааты кесиптик-профилдик практиканы уюштуруудагы жемиштүү кызматташтыгы үчүн Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин орус филологиясы кафедрасына ыраазычылык билдирет. Расмий катта «Филологиялык билим берүү» багыты боюнча 4-курстун студенттери Бахтиярова Бегайым жана Нарузуллаева Жайронанын теориялык даярдыгынын жогорку деңгээли, жоопкерчилиги жана окутууга болгон чыгармачылык мамилеси өзгөчө баса белгиленген.